Ишембилик өткөрүлүп, арыктар тазаланууда
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусунда, үч айлык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш чарасынын алкагында, Ноокат районунун аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишембилик өткөрүлүп, жол боюнда дарактарды актоо, иретке келтирүү жана жазгы сугат мезгилине даярдык көрүү максатында ички чарбалык арыктарды, алыштарды чабуу жана тазалоо жумуштары аткарылууда.
Ошондой эле Ош-Исфана авто жолунун боюна Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтү тарабынан 150 даана Ноокат шаар мэриясы тарабынан 300 даана көчөттөр отургузулду.
Жалпы Ноокат районунун тургундарын өздөрүнө тиешелүү аймактарды тазалап, дарактарды актап, ички арыктарды азыртадан чаап, тазалоо иштерин алып барууга чакырабыз.