Ички арыктар тазаланууда
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусунда, жазгы сугат мезгилине даярдык көрүү максатында, Ноокат районунун аймагындагы чарба аралык каналдар, ички чарбалык арыктарды, алыштарды жана айыл аймактарды аралап өткөн каналдарды калыбына келтирүү, ремонттоо жана тазалоо жумуштары кызуу жүрүүдө.
Аба ырайынын туруксуздугунан улам токтоп турган жумуштар бүгүн кайрадан башталып, Көк-Жар жана Он-Эки-Бел айыл аймактарында ички чарба аралык арыктарды жана алыштарды тазалоо, кысып калган дарактарды алуу иштери аткарылууда.
Сууну үнөмдүү пайдалануу максатында жалпы Ноокат районунун суу пайдалануучуларын ички арыктарды азыртадан чаап, тазалоо иштерин алып барууга чакырабыз.