Келдибек Каримов атындагы орто мектебинен 1 бүтүрүүчү жана инновациялык “Көк-
Жар” гимназия билим берүү комплексинен 2 бүтүрүүчү ээ болду.
Бир адамдан бир китеп – коомду китеп окууга кызыктыруунун негизги булагы
26-ноябрда Ноокат районундагы мектеп мугалимдери, окуучулары жана мектеп
китепканачылары үчүн “Өзгөрүүнү өзүңдөн башта” аталышта методикалык семинар
болуп өттү. "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун демилгеси менен уюштурулган бул иш
чара А. Парпиев атындагы гимназиянан башталып, анда билим берүү мекемесинин буга
чейинки иш –чараларынын жыйынтыгы менен тааныштырылды. , Андан соң Ноокат
райондук билим берүү бөлүмүндө Китепканачылар менен улантылып, анда методикалык
көрсөтмөлөр берилди. Семинарга Бир адамдан бир китеп долбоорунун жетекчиси Эрлан
Смайыл уулу жана долбоордун Ноокат районундагы координатору Мустапакул уулу
Нурбек баштаган долбоордун өкүлдөрү катышып, анда долбоордун район аймагындагы
жетишкен ийгиликтер, балдар арасындагы китеп окууга болгон кызуулар, алдыдагы
максаттар тууралуу пикир алмашты.
“Менин мекеним Кыргызстан”
2021-жылдын 18-декабрында Ноокат районунда “Менин мекеним Кыргызстан”
аталышында облустук сынак болуп өттү. Анда Ноокат районундагы К. Бобулов атындагы
Баргы, Ноокат райондук көркөм сүрөт мектебинде, Н. Крупская атындагы орто
мектебинде, Ноокат билимканасы жата-лицейинде, М. Гапаров атындагы жөндөмдүу
балдардын жатак-гимназиясында болуп, ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр
Жапаров тарабынан жарыяланган “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене
тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын
Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З. Жамалдиновдун буйругунун
негизинде уюштурулуп, ал Ноокат районунун аймагындагы билим берүү мекемелеринде
окуучуларга инсандык –руханий билимин өнүктүрүү, ата-мекенге болгон патриоттук
тарбия жана кыргыз элинин улуттук маданиятын билим берүүнүн азыркы усулдары менен
интеграциялоонун натыйжаларын облус аймагында жайылтуу максатында уюштурулду.
Семинарга Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун
басары Жаныкулов Данияр баштаган Ош облусундагы райондук администрациялардын
башчыларынын орун басарлары, Ош облустук билим берүү институтунун директору Г.
Мамаева баштаган облустагы райондордун райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн,
райондук балдардын чыгармачыл борборлорунун башчылары катышты.