Ноокат районунун аймагындагы саламаттык сактоо тармагындагы аткарылган жумуштар

 

           Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борборунда 2 амбулатордук диагностикалык бөлүмдөрү, 27 үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, 54 фельдшердик-акушердик пункттары, 1 мед. пункт, 1 стоматологиялык эмкана жана 22 тез жардам пункттары иштейт. Бардык дарыгерлердин саны 258, анын ичинен үй-бүлөлүк дарыгер сертификатын алган дарыгерлер- 77, 56 ар кандай кууш кесиптеги дарыгерлер. Орто медицина кызматкерлер баары -999, анын ичинен үй-бүлөлүк медайым сертификатын алгандар-206, фельдшерлер 91, акушерлер 52, лаборанттар 39.  Врачтар менен камсыз болушу 10 мин элге 3,6 түзөт. Облус боюнча  дарыгерлер менен камсыз кылуу 10 000 кишиге алганда 19,7. Врачтардын квалификациялык категориясы боюнча:  33  жогорку, 12 биринчи, 6 экинчи категориядагы врачтар, орто мед. кызматкерлер арасында категориясы  жогорку-47,  биринчи-12, экинчи  категорияда-7 кызматкерлер эмгектенет.

            Кыргыз Республикасынын эмгек синирген  дарыгери -3, “Саламаттык сактоонун мыктысы” төш белгиси менен 62 мед.кызматкерлери сыйланышкан. 2021-жылдын 9 айында  21 дарыгер, 104 орто медициналык кызматкерлер  медицинанын орчундуу маселелери боюнча атайын окуудан  Ош жана Бишкек шаарларында, окуп келишти. 8 дарыгер конференция жана семинар тренингдерге катышты. Оорукана  605 койкага ылайыкташтырылган, түзүмүндө  20 клиникалык, 8 параклиникалык жана 6 айылдык бөлүмдөр бар. 

               Райондогу медициналык мекемелеринин материалдык-техникалык  базасын  чыңдоодо 2021-жылы чоңдор жугуштуу ооруулар бөлүмү 2 млн 600 сомго капиталдык ремонттон өткөрүлүп,  COVID-19 илдети менен ооругандар жаткырылып дарыланды. Физкабинеттин имараты  капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жугуштуу ооруулар бөлүмүндө иштеген медицина кызматкерлери жатып, эс алуучу жай болуп иштетилүүдө. Мындан сырткары көз ооруулар жана кулак-мурун оорууларын дарылоо имараты 2,5 млн сомдук  капиталдык ремонттон өткөрүлүп , 40 резервдик койка катары пайдаланууга даяр болду.  Терапия бөлүмүнүн имаратында  Бүткүл  дүйнөлүк Азияны өнүктүрүү Банкы тарабынан  5млн 600 миң сомдук капиталдык ремонт иштери жүргүзүлдү. Көк-Жар айыл аймагындагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу анын ордуна жаңы 100 койкага ылайыкташтырылган имараттын курулуш иштери башталды. Анын курулушу үчүн республикалык бюджеттен 204 043 832 сом акча каражаты ажыратылган. Сынакта жеңип чыккан “Дельта-Лот” жоопкерчилиги чектелген коому менен 153 317 577 сомго келишим түзүлүп, учурда курулуш иштери улантылууда. Алашан, Айбек, Чеч-Төбө, Байыш, Беш-Коргон, Жатан, Камал-Ата ФАПтарынын, №12-13, №14-15, №9, №8, №21, №24 жана №2- ҮДТлардын жылытуу системалары оңдолуп-түздөлдү.  №3 ҮДТдагы, Алашан ФАПындагы көмүр сактоочу кампанын  имараты курулуп бүткөрүлдү. Атамерек айылында жайгашкан неврология бөлүмүндө жана Кулатов а/о  жайгашкан Жал айылдык бөлүмдөрүндөгү  көмүр менен жылытылуучу отканалары утурумдук оңдоодон өткөзүлдү. Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган мезгилде кошумча  оорукананын өзүндө автоматтык түрдө иштей турган 50 кВаттык 1даана  генератор, бензинде иштей тураган автономдуу 30 кВаттык 2 даана, 11 кВаттык 3даана, айылдык бөлүмдөрдө 5 кваттык 4 даана генераторлор алынып берилген.  Кошумча дагы 8 генератор алынып, баары болуп 24 генератор даярОписание: Описание: 269736090_1063105201198125_8865075881447967428_n (1)Описание: Описание: 269789855_1063105284531450_3281563889954261965_nОписание: Описание: 269785458_1063105331198112_3591199211986287696_n

         Санариптештирүү.

 

  2016-жылдан баштап аймактык ооруканада электрондук  башкаруу системасына өтүү башталган.  Бейтаптарды ыкчам тез каттоо, бейтап баяндарын (история болезнь) ишенимдуу сактоо жана дарыгерлерге ынгайлуулук жаратуу жана дайыма жетекчилик тарабынан бейтаптардын абалын көзөмөлдөө  максатында  «1С-МЕДИЦИНА» маалыматтык базалык программасы ишке киргизилди. Бейтап баяны, изилдөөлөрдүн корутундулары жана башка медициналык документтер, отчеттук-учеттук иш кагаздары  электрондук түрдө жүргүзүлүүдө.  Бөлүмдөр арасында да электрондук байланыштар жүргүзүлөт. Учурда бардык бөлүмдөрдөгү бейтаптарды жетекчи дарыгерлер персоналдык компьютерден же кол планшеттерден көзөмөлдөй алышат. Амбулаториялык көрүнүүгө келген жарандарга  электрондук кезек номерлери берилет. Азыркы күндө оорукана 250 000 сомдук сервер,  500 000 сомдук интернет сети,  17 000 сомдук микротик,  1327000 сомдук 130 компьютер,  472 000 сомдук 80 принтер, 200000сомдук ноутбук, 295000сомдук планшет, 93000сомдук монитор, 155,6сомдук телевизорлор  менен камсыз болду.   Бардык бөлүмдөргө, анын ичинде айылдык бөлүмдөргө  чейин жогорку ылдамдыктагы интернет байланыштары орнотулуп бүттү.  Байланыштарды тез ылдамдыкта берүү  үчүн 154,0 миң  сомго атайын (микротик, кабелдер) кошумча  сатып алынып,  орнотулду. Аймактык оорукананын компютердик  программалык жабдылыштарын камсыздоо учун 529,0 миң сомдук кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүлгөн.   Бул кызматтарга дарыгерлердин  1С программасында планшеттерде, кол телефондо да  иштөөсүн уюштуруу, бухгалтерия бөлүмүн  «1С-Бухгалтерия»  программасынын   кошумча жабдылышы ,  принтерлерди заправкалоо ж.б. кызмат көрсөтүүлөр киргизилген.   Оорукананын санариптик рентген кабинетине 2 компьютер коюлуп, дарыгерлерге рентген фото сүрөттөрү  ыкчам интернет байланышы аркылуу берилүүдө. 2016-жылдан баштап ооруканага  Швецариялык проекти тарабынан колдоо көрсөтүлүп,  телемедицина  системасы  киргизилген. Жуманын ар шаршемби  күнүндө   КММКДж АЖИ (Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институту )  лекторлору тарабынан дарыгерлер үчүн ар  профилдеги телелекциялар окулуп турат.  Андан тышкары бир айда эки жолу Женева менен оор, татаал  оорулар телеконсультация болуп турат.  2019-жылдан баштап  Ош областтар аралык балдар клиникалык ооруканасы жана Ош областтар аралык клиникалык ооруканасы менен да телебайланыш түзүлүп, онлайн-консультация  киргизилген.           

Проекттер менен иштөө.

ЖДПБ  бир нече жылдан бери  проекттер менен ийгиликтүү кызматташып келет. Атап айтсак, ЮНИСЕФ тарабынан телемедицина киргизилди, төрөт бөлүмүндө талапка ылайык капиталдык ремонт жана реконструкция жасалды. Энеликти жана балдарды коргоо боюнча бир нече жолу тренинг сабактары өткөрүлдү. JAICA проекти тарабынан энеликти коргоо боюнча клиникалык протоколдор  менен камсыз кылынды. Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган  ЖНК (ФОР) проекти менен иш алып барылып, 1 млн сомдук бактериологиялык лаборатория  капиталдык ремонт жана реконструкция жүргүзүлдү. Арабдардын кайрымдуулук  фонду тарабынан  №2 ҮДТ, №17 ҮДТ жана №8 ҮДТнын, №3 ҮДТнун, Таш-Коргон  ҮДТнун , Жар-Коргон ФАПынын жаңы заманбап имараттары  курулуп,  ишке берилди. Саркынды сууларды залалсыздандыруу курулмасынын долбоору түзүлүп, Чехословакия өлкөсүнүн колдоосунда 2022-жылы курулушу башталат. Австралиялык профессор Ник тарабынан саргайып кеткен ымыркайларды дарылоо үчүн  13 фототерапия аппараты берилди.

Ноокат районунун жеке ишкерлери тарабынан  5 санитардык автоунаа менен камсыз кылынды.

КР Президенти С. Жапаров тарабынан энеликти жана балалыкты коргоо боюнча иш алып баруууга заманбап акыркы үлгүдөгү реаномобиль автоунаасы берилди. Описание: Описание: 270326706_1068549950653650_8184028145453133469_n

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, АДКлар, коомдук уюмдар, жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруулардын алдын алууда  “Барын”, ”Медигос” амбулаторияларынын ден соолукту чыңдоо кааналарынын кызматкерлери тиешелүү дарыгерлери, райондук ооруулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору  менен биргеликте мекеме-ишканаларга, калк арасына чыгып, кырдаалга жараша жугуштуу ооруулардын алдын алуу боюнча түрдүү темаларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатат.       ФАП жана  ҮДТ  тейлеген  аймакта  жашаган   калк  арасында,  анын  ичинде  төрөт  жашындагы  аялдардын  жана  балдардын  арасында  басымдуу  болгон   оорууларга  (аз  кандуулук,  бөйрөк  оорусу)   профилактикалык  иштерди  (туура  тамактануу,  кош  бойлуулардагы  аз  кандууларды  дарылоо, йоддолгон туз колдонуу)  жана кош  бойлуу  аялдарга кооптуу  белгилерди түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлүп, социалдык  жактан  опурталдуу  болгон  калк  катмарынын  контрацептивдик  каражаттарга   муктаж  болгондору  биринчи  кезекте  камсыздандырылып,  ай сайын сабактар семинарлар, жумалыктар өткөрүлүп жатат.                                          Описание: Описание: 261903085_1050731419102170_2486360255759622304_nОписание: Описание: 262392979_1050731575768821_1777726526574865175_n                                    Саламаттык сактоо тармагында кабыл алынган мамлекеттик программаларды ишке ашырууда бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 2021-жылдын 24-ноябрында ”Медигос”,  амбулатордук- диагностикалык бөлүмүнүн базасында “Сенин укугуң, сенин милдетиң, сенин жоопкерчилигиң!”- аттуу  областтар аралык семинар өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  Д.Т.Жаныкуловдун катышуусунда  өткөрүлүп, Алай, Өзгөн, Кара-Суу, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык тармакты тейлеген адистери катышты.  АИВ (ВИЧ Спид) илдетине каршы күрөшүүдө  жана Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн “2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруудагы аракеттер“эң жакшы” деп табылды.

Описание: Описание: 39633416-ce73-439c-9d99-bef07f1e4904

Кыргыз Республикасынын “Жугуштуу оорууларга каршы эмдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде алдын  ала эмдөө календары менен жугуштуу он эки ооруга каршы он бир түрдүү вакциналар менен эмдөөлөр жүргүзүлүп келет. Пландуу эмдөө иштери ЖДПБунун 2 амбулаториялык поликлиникасы, 21 ҮДТ, 54 ФАП, 8 төрөт бөлүмдөрү тарабынан жасалат. Вакциналар муздак чынжырчасынын эрежелерин так сактоо менен бардык эмдөө пункттарына атайын адистештирилген муздаткычтарда сакталат. Республикалык иммунология борборунан келген билдирүүнүн негизинде 2021-жылдын апрель-май айларында (шал оорусуна каршы),ИПВ вакцинасын алуу үчүн эмдөө компаниясы жүргүзүлүп, 2016-жылдын 01-апрелинен 2018-жылдын 15-февралына чейин туулган балдардан 7000 бала эмделди.Райондо план боюнча 12460 бала эмдөөгө тийиштүү болсо, анын 12200 бала эмдөө алып, 97,9 пайызга аткарылды.

           

  COVID-19  вирустук инфекциясы боюнча  COVID-19 илдети катталгандан бери  район боюнча бул инфекция аныкталып катталганы 1072 жаран  катталган. Районго жалпы Кытайдын «Синофарм» компаниясынан 111312 доза жана Россиядан «Спутник V» вакцинасынан 2150 доза, Казакстан Республикасынан QAZ Vac 1000 доза жана чет мамлекеттик сертификат алган вакциналардан Астра Зенека, П.Файзер, Модерна вакциналары  келип райондун калкын эмдөө иштери эки этап менен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле сасык тумоо оорусуна каршы эмделүүчү “Гриппол плюс” вакцинасы 4000 доза келген. Жалпы 159090 доз вакцина келип, биринчи жана экинчи доза вакцина алып, базага киргизилген жарандардын саны 141546.

Пандемия мезгилинде оор ооруларга негизги жардам болгон-суюк  кычкылтек менен дарылоо республикада биринчилерден болуп киргизилди. Ооруканага 4,5 млн сомдук борборлоштурулган кычыкылтек системасы курулуп, 2 тонналык 3 резервуар,       8 тонналык 1 резервуар, 75 кычкылтек баллондору менен жана   8 имаратка 160 түйун киргизилип, бейтаптардын кычкылтек менен камсыз болуусу жолго коюлду.

Ковид илдети менен ооруган бейтаптарга республика боюнча биринчилерден болуп дем алдыруучу маска аркылуу Бипап аппаратын кеңири колдонуу менен эффективдүү дарылоонун негизинде оорунун кабылдоосун, каза болуу учурун азайтууга жетишти.  ИВЛ  жана  БИПАП аппараттарын зордогон (принудителный) жана жогорку ылдамдыктагы режимде масканын жардамы кычкылтек менен  минутасына  50-70 литрге чейин берилип,  өпкөсү  80-90%  чейин  жабыркаган көптөгөн бейтаптарды  оор абалдан чыгарууга жана айыктырууга жетиштик.Ковид оорусунун оор турү менен келген бейтаптарга мурда ковид  менен ооруган адамдын плазмасын куюу ыкмасын колдонуу менен оор абалдан чыгарып, каза болуу учурунун азайышына жетишти. 

 

Суюк кычкылтек менен дарылоо