Жыл мугалими-2022
Ноокат районундагы “Жыл мугалими-2022” кароо сынагынын женүүчүлөрү сыйлоо салтанаты уюштурулду.
Салтанаттуу иш- чарага Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Д.Иманалиев, мектептердин окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, алдынкы мугалимдер катышышты.
Билим берүү тармагындагы, педагогикалык ишмердүүлүгүндөгү мыкты ийгиликтерге жетишип, “Жыл мугалими-2022” кароо- сынагынын райондук турунда женүүчү болгон мугалимдер Р.Худжамов орто мектебинин информатика мугалими Маккамбаев Максатбек, Нойгут орто мектебинин башталгыч класс мугалими Сайдиллаева Айнура, К.Надиров атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Гамбарова Чолпонай Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары жана райондук билим берүү бөлүмүнүн баалуу белектери менен сыйланышты.
Ошондой эле ар түрдүү номинцияларга ээ болгон 13 мугалим Ноокат районук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты. Салтанаттын жүрүшүндө кароо сынактын женүүчүлөрүнүн сабактарынан презентациялары коюлду.