Калкты социалдык жактан коргоо Ноокат райондук Эмгек жана социалдык
өнүгүү башкармалыгы тарабынан
2021-жылдын ичинде райондогу ар түрдүү категориядагы жардамга
муктаж 17 838 үй-бүлөдөгү жарандарга
525 478 906,54 мин сом социалдык төлөмдөрдү (аз камсыз
болгон үй-бүлөргө жѳлѳкпул, акчалай компенсация жеке ассисент, сөөк коюуга, кош бойлуулук, президенттик өмүрлүк стипендия)
төлөп беришкен. Ноокат району боюнча кожолук саны 48058,
калктын саны 304290 адамды түзѳт. Анын ичинен 17 жашка чейинки
балдардын саны 113 356 бала. Ноокат районунун 2021-жыл 31-декабрына карата
9386 үй-бүлөдөгү 31 191 бала “Үй-бүлѳгө кѳмѳк” жөлөкпулун
алат. Бул жалпы кожолуктун 19,5% ал эми балдардын санына карата
27,5% түзѳт. Аларга керектелүүчү бир айлык суммасы (банк кызматы
ичинде) 25 376,2 мин сом. Ал эми социалдык жѳлѳкпул 2843
үй-бүлѳгѳ, анын ичинен 2 846 балага чегерилген, бир айлык керектелүүчү
суммасы 14794,4 мин сомду түзѳт. Ноокат районунун аймагындагы айыл
аймактарда калкты жакырчылыктан чыгаруу боюнча. 2021-жылдын 31-декабрына карата
район боюнча 22012 үй бүлөгө социалдык паспорт толтурулуп,
жакырчылыктын дэңгээли район боюнча 34,2 % ды
түзүп, 2020-жылга караганда 4,7 %
га кыскарган. |