Райондук маданият бөлүмү

 

Маданият жаатында  ишти өнүктүрүнүн  укуктук, экономикалык, социалдык жана уюштуруучулук негиздерин аныктап, чыгармачылыктын эркиндигин  камсыз кылуу, маданият жаатындагы кесиптик жана ышкыбоздук ишти өнүктүрүү жана колдоо максатында маданий баалуулуктарды түзүү, жайылтуу, сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салуу үчүн  Кыргыз Республикасынын  “Маданият жөнүндөгү”, “Материалдык эмес маданий мурасы” жөнүндөгү Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин ”Инсандын руханий- адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”  №1 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн “Балдарды өнүктүрүү борборлору” жөнүндө №598 токтому  ж.б. нормативдик актылардын негизинде иштер  алынып барылат. Районубуздун калкын маданий жактан тейлөөнү жакшыртуу, жашоо маданияттын жогорулатуу, улуттук каада салттарыбызды сактоо жана өнүктүрүү, исскуствонун  жана маданияттын жашообуздагы деңгээлин көтөрүү, жаш муундардын инсандык сапаттарын калыптандыруу, руханий жактан азыктандыруу максатында Ноокат районунун аймагында бүгүнкү күндө  1 райондук, 13 айылдык маданият үйлөрү, 5 айылдык клубдар, 1 райондук борбордук китепкана жана анын  32 айылдык  филиалдары, 5 балдар искусство мектептери жана  4 музей элге кызмат кылууда. Азыркы күндө маданият тармагында жалпысы болуп 176 кызматкер; алардын ичинен 82 жогорку, 54 атайын орто, 15 орто билимдүү жана, 25 тех. кызматкерлер эмгектенет. Мындан сырткары ар бир айыл аймакта жалпы 13 “Шайыр апалар” топтору түзүлгөн.

Төөлөс айыл өкмөтүндөгү «Уркуянын урпактары» элдик фольклордук-этнографиялык тобу (жет. З.Нуркамилова), Т. Кулатов айыл аймагындагы Ж. Амираев атындагы айылдык маданият үйүнүн алдындагы “Т.Кулатов айымдары”  “Шайыр апалар” тобу (жет. Эргешов Т.), “Кыргыз-Ата айымдары” тобу (жет. Ниматова Б.) райондук, облустук, республикалык деңгээлде өткөрүлгөн   улуттук салттуу музыка-бий, кол өнөрчүлүк боюнча  кароо- сынактарга активдүү катышып, байгелүү орундарды камсыздап, райондун намысын коргоп келе жатат.

Каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын  жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктарды сактоо, жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, маданияттуулукка сергек жашоого чакыруу жана тарбиялоо багытындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ”Инсандын руханий- адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”  №1 Жарлыгын аткарууда  ушул жылдын   март  айында райондук малекеттик администрациясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,  маданият кызматкерлери менен биргеликте 45 жашка чейинки үй-бүлөлөр  арасында «Атам, апам жана мен-дени сак үй-бүлөбүз” аттуу райондук кароо-сынак уюштурулуп  өткөрүлүп, Кара-Таш, Кыргыз-Ата, Н. Исанов, Көк-Жар, Жаңы-Ноокат, Т.Кулатов, Кеңеш айыл өкмөттөрү жана Ноокат шаардык мэриясы байгелүү орундарды камсыздап, баалуу белектер, Ардак грамота жана акчалай сыйланды.

Улуттар аралык маданий өнүгүүнү колдоо, өсүп келе жаткан жаш муундарды мекенге, элге болгон сүйүүсүн арттыруу, руханий жактан өнүктүрүү  максатында НРМАнын резевдик фондунан 120 миң сом каралып, куурчак театры уюштурулуп, учурда куурчактар менен камсыздалып, “Ынтымактуу достор” аттуу спектакль даярдалып, 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата бет ачаары болуп, балдарга тартууланды,аким Д.Иманалиев тушоосун кести.          Райондук маданият үйүндө жалпысы 18 штаттык бирдиктин, 15и негизги болуп эсептелинет. Анда 1 жогорку билимдүү, 15 атайын орто, билимдүү адистер эмгектенишет. Камчыбекова У. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер наамын Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун колунан алып келди.

 

 

31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата райондук майрамдык салтанат райондук маданият үйүнүн алдында аянтта жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Майрамдык салтанатка районубуздун жетекчилери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана жалпы Ноокат районунун калкы катышышты

 

23-сентябрь күнү «Мамлекеттик тил-достуктун тиреги» аттуу адабий-музыкалык кече райондук китепкананын кызматкерлери менен биргеликте уюштурулуп өткөрүлдү. Бул иш-чарага бардык маданият кызматкерлери,  райондук китепкананын алдында уюштурулган «Ак тилек» поэзия сүйүүчүлөр клубунун мүчөлөрү катышышты. Райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан «Тил булбулу» аттуу композиция тартууланды. 1-октябрь-Эл аралык карылар күнүнө карата жолугушуу кече өткөрүлүп, концерттик программа тартууланды.  “Адамдын өзү карыса да, сөзү карыбайт” аттуу  сахналык көрүнүш көрсөтүлдү.

         “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө” карата маданий иш-чарага жетекчилер, айыл аксакалдары, жаштар катышышты.         

 3-декабрь майыптар күнү “Кыргызстан” кафесинде 100 (бир жүз) балага майрамдык концерт тартууланды .           

 4-декабрь- “Манас күнүнө” карата “Манас-кыргыз элинин мурасы” аттуу манасчылар менен жолугушуу  өткөрүлдү. Иш-чарага  эл арасынан чыккан манасчылыкка кызыккан манасчылар катышышты жана жаш манасчылар арасында сынак өтикөрүлүп, жеңүүчүлөргө “Манас” китеби белекке берилди.

            12-декабрь-“Улуттук адабият күнүнө” карата эл арасынан чыккан акын-жазуучулар менен жолугушуу уюштурулуп,  «Ак тилек» поэзия сүйүүчүлөр  ийриминин мүчөлөрү катышышты. Райондук маданият  үйүнүн  кызматкерлери тарабынан  Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата  анын “Биринчи мугалим” аттуу чыгармасынан үзундү коюлду.

 

 

Маданият үйлөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоодо Ынтымак айыл аймагындагы  маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 160 миң сом каралып, тендерден 137 миң сомго утуп алып оңдоп түзөтүлдү.   

 

Райондук жана айылдык китепканалар.  

     Райондун аймагында мекенчилдикке тарбиялоодо, жаштарды искусствого, маданиятка, китеп окууга тартуу, улуттар аралык маданий өнүгүүнү колдоо жана ынтымактуулукту бекемдөө, жаш муундардын руханий байлыгын байытууда китеп менен тейлөө ишине райондук китепкана жана 32 айылдык китепкана филиалдары кызмат көрсөтүүдө.  Райондук жана айылдык китепканалардын жалпы китеп фонду  334250 нү түзөт.

 Райондук китепкана “Юсаид” жана “Ага-Хан”  фонддору менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып, райондук китепканага Юсаид тарабынан 467300 сомдук, же болбосо 3390 даана китеп, ал эми Н. Исанов атындагы айыл өкмөтү тарабынан 1695 сомдук, ЮСАИД тарабынан №2 Кожоке филиал (Шаимкулова Саадатхан) 1600 даана, Т.Кулатов айыл аймагындагы №25 филиал китепканага  (Кудайбердиева Урмат) “Бир адамдан бир китеп долбоору менен 500 даана китеп, Төөлөс айыл өкмөтү тарабынан №19 филиалга (Раева Жазгүл) 25 китеп, демөөрчүлөрдөн 67 китеп, №31 Герейт-Шорон (Ураимова Жазгүл) Ага-Хан фондунан 700 китеп, Көк-Бел айыл өкмөтү 12000сомдук  (50 китеп), №1 Көк-Бел филиал (Токтомамат кызы Дамира) MEPCG CORPS 75 китеп  Т.Кулатов атындагы    айыл өкмөтү 1200 сомдук (2 китеп), Ынтымак айыл өкмөтү  15660 сомдук (159 китеп) китептер берилген. 2021-жылы китепканалардын китеп фондун жаңы адабият менен толуктоодо 816 китептер алынды, суммасы – 221008 (эки жүз жыйырма бир миң сегиз) сом.

                              Демөөрчүлөрдүн – 32 китеп (7080 сомдук)
                              Китеп палатасы – 570 китеп (153940 сом)
                              Ош облустук китепкана – 214 китеп (59988) сом

       
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Балдарды өнүктүрүү борборлору жөнүндө №598 токтомун ишке ашыруу багытында райондук маданият бөлүмү тарабынан атайын каана бөлүнүп, райондук китепкананын балдар  бөлүмүндө «Балдарды өнүктүрүү  борбору» ачылып, ишке киргизилди. Бул багытта ЮНИСЕФ тарабынан уюштурулган 3-5-жашка чейинки балдарды эрте өнүктүрүү  долбоорунун алкагында 3 күндүк окууга атайын адистер (райондук китепкананын балдар бөлүмүнүн башчысы Алиева Н., Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылдык №2 китепкана филиалынын башчысы  Шайымкулова С.   окууга катышышып, сертификат алып келишти. Райондук китепкананын балдар бөлүмүндө  ачылган атайын каанага маданият бөлүмү  тарабынан 15000 сом акча каражаты жана керектүү эмеректер менен камсыздалып,  каана толук жабдылып, ишке киргизилди. Азыркы күндө райондук китепкананын балдар бөлүмүндө  3-5-жашка чейинки 21 бала каттоого алынды.                                                                        Райондук китепканада “ Карт тарыхын, каада-салтын сактаган, кыргыз эли уюткулуу улуу журт» деп аталган темада иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө райондук борбордук китепкананын тейлөө бөлүмүндө  уюшулган «Ак тилек» адабий ийриминин акындары «Мекеним көз карегим» деген теманын алдында Ата Мекен, Кыргызстан, кыргыз эли жана эгемендүүлүк жөнүндөгү ырларынан көркөм  окушту.

 

9-сентябрь-комуз күнүнө карата райондук китепканада «Комуз – бабалардан калган мурас» китеп көргөзмө, «Комуз аспабы – кыргыздын улуу мурасы» буклеттер чыгарылды. Төөлөс айыл аймагына караштуу филиал №20 Айтамга айылдык китепканада «Комуз кыргыз маданиятынын жылдызы» деген темада майрамдык кече, №19 айылдык китепканада «Комуз сынды – ыр жок, Көңүл сынды – сыр жок» деген темада иш чара өткөрүлдү. 23 – сентябрь  мамлекеттик  тил күнүнө карата «Улут наркы – улуу тил» деген темада тил майрамы өткөрүлдү. «Мамлекет тагдыры – мамлекеттик тилинде» аттуу жалпы китепкана кызматкерлери тарабынан китеп көргөзмө уюштурулду. Иш – чарага кыргыз тилинин улуулугун даңазалаган буклеттер, адабияттар, жол көрсөткүчтөр менен бирге нукура кыргыздын улуттук каада – салтын чагылдырган уз – чеберлердин кол өнөрчүлүк буюмдары, кыргыздын көрүнүктүү ишмерлери, тилчи – окумуштуулары жөнүндө маалыматтар коюлду. 1-октябрь-«Карыялар күнүнө» карата райондук жана айылдык китепканаларда бир топ иш-чаралар уюштурулду. Т. Кулатов филиал №25 ,  Найман филиал №18, Кашкалдак филиал №12 айылдык китепканаларында «Карынын сөзүн капка сал», «Улуу жашты барктайлы, агарган чачты сыйлайлы» аттуу жолугушуу кечелер, Исанов филиал №2, Шаңкол филиал №40, Кыргыз-Ата филиал №7 айылдык китепканаларда  «Карысы бардын ырысы бар» аттуу китеп көргөзмөлөрү, Ынтымак  филиал №24, Чечме-Сай филиал  №34, Кызыл-Теит филиал№14, Көк-Бел филиал №1, Нойгут филиал №9, Төөлөс филиал №19 айылдык китепканаларында «1-октябрь-Эл аралык карыялар күнү» аттуу китепканалык бурчтар чыгарылды.

7-ноябрь-Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Тескей-Кожоке филиал №2, Т.Зулпуев филиал №10 айылдык китепканаларында жана райондук китепканада «Тарыхый мурастар» аттуу китеп көргөзмөлөр чыгарылды. 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө» карата райондук жана жер-жерлердеги айылдык китепканаларда «Мыйзамга жат көрүнүштөрдүн  алдын- алуу жалпыбыздын милдетибиз» аттуу баяндамалар,  китепканалык бурчтар чыгарылды.

4-декабрь- «Манас күнүнө» карата «Манасым менин мурасым» аттуу китеп көргөзмөлөр бардык китепканаларда чыгарылды.

12-декабрь- «Улуттук адабият күнүнө» карата «Китепкана-акыл казынасы» аттуу китеп көргөзмөлөр ,  «Канча кылым өтсө дагы, өчпөс жылдыз, замандын залкар уулу –Чыңгыз» аттуу адабий эскерүү кечелери өткөрүлдү.

Ноокат райондук тарых музейи жана айылдагы музейлер.

        Райондун аймагында азыркы мезгилде 4 музей болуп, анын 3ү айыл аймактарында жайгашкан. Ноокат районунун тарых музейи 1977-жылы  октябрь айында түптөлгөн. 1980-жылдан бери Ош Сулайман-Тоо улуттук тарыхый улуттук археологиялык музей комплексинин бөлүмү катары каржыланып келсе, 2020-жылдын июнь айынан баштап министрлик менен макулдашылып, жол-жоболоштурулуп Ноокат райондук тарых музейи болуп райондун өзүндө калтырылды.  Музейде  Ноокат районунун эл-жеринен топтолгон тарыхый экспонаттар, райондон чыккан чыгаан инсандардын тарых-таржымалы, колдонгон буюмдары, өздүк документтери сакталат.
Музейде райондун басып өткөн тарыхындагы жетишкен ийгиликтерин, Ноокаттан чыккан чыгаан инсандардын, бүгүнкү  күндөгү абалын чагылдырган көргөзмөлөр коюлган. Экспозициялык фонддо 1000ге жакын тарыхый фото-сүрөт документтер, архиологиялык жана этнографиялык буюм-теримдер сакталууда.

Советтик Армиянын Ооган согушунан чыгарылгандыгынын 32 жылдыгына карата  “Эрдиктер эскирбейт” аттуу, алгачкы агартуучу, лексикограф Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына, Мамлекеттик туу, Ак калпак күндөрүнө карата көргөзмөлөр чыгарылды. Ооган ардагерлери менен мектеп окуучуларынын “Эрдиктер эскирбейт” аттуу жолугушуу кечеси өткөрүлдү. Райондук тарых музейинде  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн  30 жылдыгына карата кол өнөрчүлүк  боюнча  жана тарыхый документтерден түзүлгөн фото-документтик көргөзмөлөр уюштурулуп  чыгарылды.

 

 

 “Төөлөс айыл аймагындагы У.Салиева атындагы мемориалдык музей комплексинин музей фондунда колхоздоштуруу мезгилине жана У.Салиева колхозунун чарбалык экономикалык өнүгүүсүнө тиешелүү 1500дөн ашуун фото-сүрөт, документ буюмдары бар. 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндөгү  “Россия” атындагы  тарых музейи мурдагы Россия колхозунун тарыхын чагылдырып, 1980-жылы уюштурулган. Музейде 2000ге жакын тарыхый экспонаттар бар. 2000-жылдан баштап Ош Сулайман-Тоо улуттук тарыхый  археологиялык музей комплексинин бөлүмү катары каржыланып келе жатат.  Бирок бүгүнкү күндө эки кабатуу имаратта ремонт иштери аягына чыгарылбай турат.

 Коомдук жана мамлекеттик ишмер Т.Кулатовдун мемориалдык музейи 1998-жылы анын 90 жылдык мааракесине карата айыл өкмөтүнүн эски имаратында түптөлгөн.  2015-жылы жергиликтүү бюджеттен 4 млн. 600 миң сомго музейдин жаңы имараты курулуп, декабрь айында пайдаланууга берилген. Учурда Т.Кулатовдун музей фондунда 1000ге  жакын экспонаттар, фото-сүрөттөр, буюмдары сакталуу.

 

Музыкалык мектептер.

Ноокат районунун аймагында учурда  5 балдар искусство мектептери бар. Анда 65 мугалим эмгектенип, 394 окуучу билим алат.

Ноокат районунун маданият үйүндө жайгашкан Б.Абдраимов атындагы балдар музыкалык мектеби 1972-жылы комуз, аккордеон мектеби болуп ачылган. Азыркы мезгилде 90  бала окуп, аларга 19 мугалим комуз, кыяк, баян, аккордеон, фортепиано, гитара үйлөнмө аспаптар жана бий боюнча үйрөтүшсө, Көк-Жар айыл аймагындагы  музыкалык мектебинде  80 окуучуга, 10 мугалим музыкалык билим берүүдө. 8 мугалимдин иш жүктөмү 36 сааттан берилген. Ал эми Төөлөс айыл аймагындагы музыкалык мектепте 56 окуучуга 11 мугалим сабак берет. Т.Зулпуев атындагы  БИМде 11 мугалим сабак берет.

      “Мен Кыргызстандыкмын” аттуу республикалык кароо-сынакка Ноокат жана Т. Жамалов атындагы балдар искусство мектептеринин окуучулары катышышып, райондук турда 5 окуучу облустук турга жолдомо алышты. Алар комуз, кыяк жана вокал классынын окуучулары. Ноокат балдар искусство мектебинин комуз классынын мугалими Жумабаева Айнура жетектеген окуучулар ЭлТР телеберүүсүнөн өз өнөрлөрүн тартуулап келишти. Т.Жамалов балдар искусство мектебинде 20-март күнү мурдагы балдар музыкалык мектебинин директору, эл агартуунун отличниги Т. Жаанбаеванын жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өткөрүлдү. Жылдык, айлык иш-пландар түзүлгөн. Мектептерде жаңы окуу жылына карата иш пландар түзүлүп, окуу процесси өз нугунда жүргүзүлүп жатат..

    9-сентябрь-”Комуз күнүнө” карата балдар искусство мектептеринде окуучулар арасында комузчулардын кароо-сынагы өткөрүлдү.   23-сентябрь-“Мамлекеттик тил күнүнө” карата “Салттуу музыка” жумалыгы өткөрүлдү.

              Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Төөлөсс балдар искусство мектебине 1 флейта(18900 сомдук) , Т. Зулпуев балдар искусство мектебине 1 комуз (25000 сомдук) берилди.