Жолугушуу
Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Д.Иманалиев “Good Neighbors” уюмунун жетекчиси Хванг Сун Чжэ менен жолушугуу өткөрдү.
Жолугушуунун негизги максаты айылдын негизги инфраструктурасын колдоо аркылуу жагымдуу социалдык-экономикалык чөйрөну түзүү, айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тышкы рынокко чыгууну жакшыртуу аркылуу үй чарбаларынын кирешелерин жогорулатуу, мамлекеттик органдардын институционалдык потенциалын жогорулатуу аркылуу айыл аймагын өнүктүрүү.
Учурда бул долбоор Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак, Көтөрмө жана Борко айылдарында кыска мөөнөттүү балдар бакчаларын ачуу, тренинг семинарларды өткөрүү багытында иштер алынып барылууда.
Мындан ары да бул долбоор менен кызматташып иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр болду.