Жазгы сугатка даярдык көрүү
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусунда, жазгы сугат мезгилине азыртадан даярдыктарды көрүү максатында, Ноокат районунун аймагындагы чарба аралык, ички чарбалык каналдарды, алыштарды жана айыл аймактарды аралап өткөн каналдарды калыбына келтирүү, ремонттоо жана тазалоо жумуштары кызуу жүрүүдө.
Чарба аралык Катта-Көтөрмө, Базар-2, Күнгөй каналдарды тазалоо жумуштары Ноокат райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан, ал эми ички арыктарды жана алыштарды тазалоо, кысып калган дарактарды алуу иштери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылууда.
Жалпы Ноокат районунун суу пайдалануучуларын ички арыктарды азыртадан чаап, тазалоо иштерин алып барууга чакырабыз.