Жаңы бала бакча пайдаланууга берилди
Ноокат районунун Найман айыл аймагындагы Улуу-Тоо айылында 20 орундуу “Улуу-Тоо” балдар бакчасынын имараты пайдаланууга берилип ачылуу аземи болуп өттү.
Балдар бакчасы Корея өлкөсүнүн KOICA эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Ноокат райондук өнүктүрүү фондунун жана Найман айыл өкмөтүнүн каржылоосунда салынды. Улуу-Тоо балдар бакчасы 20 орунга ылайыкташып, жалпысынан долбоордук сметасы 3,5 млн сомду түздү.
Ачылуу аземине Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, айыл тургундары жана аксакалдары катышты.
Ачылуу аземинде бала бакчанын бүткөрүлүшүнө салым кошкон жергиликтүү тургундарга, айыл өкмөт башчысына, KOICA Корея Эл аралык кызматташтык агентигинин директору Чжун мырзага, ошондой эле донордун жетекчиси Ли мырзага ыраазычылык каттары тапшырылды.