Президенттин Жарлыгын аткарууга алуу
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” N54 Жарлыгын ишке ашыруу максатында жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга райондук укук коргоо органдарынын башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, айылдык кенештин төрагалары, ардагерлер кенешинин төрагалары, аялдар кенешинин төрайымдары, аксакалдар соттору, имам хатиб, имамдар, жаштар комитеттеринин өкүлдөрү жана тургундар катышты.
Президенттин Жарлыгы боюнча кеңири маалымат берилип, жер-жерлерде түшүндүрү иштерин жүргүзүү керектиги айтылып, жергиликтүү кенештерде каралып, сунуштарды райондук комиссияга берүү тапшырылды. Жыйынтыгында ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча бирдиктүү жобо иштелип чыгып, жалпыга бирдей жайылтылары белгиленди.