Урматтуу асылзат айымдар!
Сиздерди жаз майрамы 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Сиздер өз мээримиңиздер менен жашоону көркүнө чыгарып, үйгө кут, өмүргө кубаныч алып келесиздер. Сиздердин энелик сезимиңиздер, келечек муунга арналган чексиз сүйүүңүздөр жашоонун улуу көчүн улап келет. Сиздер бүгүн өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөсүнө жигердүү катышып жатасыздар.
Аялдар – жашообуздун ыйык коломтосу. Үй-бүлө түйшүгүн көтөрүп, коломтосунун отун өчүрбөй, ишин да чоң жоопкерчилик менен аткарган аялзаты дайыма жакындарынын бактысы үчүн күрөшөт. Балдарына өмүрүн арнап, алардын татыктуу инсан болуп калынтанышында көп эмгек жумшайт.
Коомубуздун ынтымагына жана биримдигине сиздердин кошкон салымыңыздар баа жеткис. Айрыкча, азыр эже-карындаштарыбыз билим берүү, медицина, экономика, айыл-чарба сыяктуу бардык тармактарда жигердүүлүк менен ийгилик жаратып, Кыргызстандын келечегине керектүү болгон бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет. Биз алардын жарандык жигердүүлүгүнө жогору баа берип, акылмандыкты, аруулукту жана мээримдүүлүктү туу туткан улуулугуна таазим этебиз.
Сиздердин кажыбас кайратыңыздар, турмуштук активдүү позицияңыздар бизди ар дайым бийик максаттарга, зор жоопкерчиликке багыттап турат.
Кымбаттуу апалар жана эже-карындаштар!
Сиздерди дагы бир ирет майрамыңыздар менен куттуктайм! Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр жана бакыт тилейм! Жаз күнүндөй жаркын маанайда, үй-бүлөңүздөрдүн куту болуп аман жүрүңүздөр! Ишиңиздерде ийгиликтер көп болсун!
Иманалиев Данир Белекович