8-Март Аялдардын Эл аралык күнү белгиленди
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусунда 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата салтанаттуу майрам болуп өттү .
Салтанатка райондун аймагындагы ар тармакта көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенген алдынкы аялдар, жергиликтү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.
Салтанаттын катышуучулары Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Салтанаттын жүрүшүндө райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыр белектери тартууланды .