Кросс өткөрүлдү
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы жана Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн уюштуруусунда Жандама айылынын тургундары Мустафокулов Абдулазиз, Хожимаматов Махаматкоси демөөрчүлүгү менен жаштар арасында кросс өткөрүлдү.
Кросс 3 тур менен өттү.
1-тур 5-класстан 8-классга чейинки окуучулар арасында, 1 км аралыка;
2-тур 8-класстан 11-класска чейинки окуучулар арасында, 1км аралыка;
3-тур 11-класстан жогору 30 жашка чейинки каалоочу жаштар арасында 5 км аралыка өткөрүлдү.
Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Рузалиев өзүнүн катышуусунда мелдештин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды жана грамоталарды тапшырды.