Көңүлдүү старттар
Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынын уюштуруусу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Желегинин кабыл алынганынын 30 жылдыгына жана 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” №313 Жарлыгын аткарууда “Дени сактын-руху сергек” комплекстүү иш - чаралардын алкагында “Көңүлдүү старттар” аталышындагы райондук спорттук мелдеш старт алды.
Спорттук мелдеш мекеме-ишканаларда эмгектенген жана ишкер айымдар арасында бекитилген графиктин негизинде тайпалар арасында өткөрүлүп, жеңүүчүлөр финалдык турда беттешишет.
Биринчи тайпадагы Ноокат ЖДПБунун аймактык ооруканасынын, “Барын” амбулатордук -диагностикалык бөлүмүнүн жана стомоталогиялык поликлиникасынын командаларынын арасында өткөрүлүп, 30 упайга ээ болгон Ноокат аймактык ооруканасынын командасы биринчи орунду камсыздап ,финалдык беттешүүгө жолдомо алды. Кезекте “Медигос” амбулатордук -диагностикалык бөлүмүнүн, ОАА жана МСЭКбунун, райондук маданият бөлүмүнүн командалары беттешет.