Ишкерлерге семинар өткөрүлдү
Ишкерлерге семинар өткөрүлдү
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында райондун аймагындагы ишкерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында инвестиция тартуу боюнча иштеген адистерге жана кызыккан тараптарга семинар өткөрүлдү.
Семинарды Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) адистери катышып, “Аймактарды экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында түшүндүрүп беришти.
Мамлекеттик жеке кызматташуу программасы аркылуу туризмге, айыл чарбасына, экономиканын башка тармактарына инвестициялоо жана каржылоо боюнча маалыматтар кенири берилди.