“Санарип аймак” автоматташтырылган тутумунда «Жакыр үй-бүлөлөрдүн электрондук социалдык паспорту»
2022-жылдын 25-февралында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусунда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин “Санарип аймак” автоматташтырылган тутумунда «Жакыр үй-бүлөлөрдүн электрондук социалдык паспорту» модулун толтуруу боюнча окуу-семинар өткөрүлдү. Окуу-семинарга айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары, социалдык кызматкерлер жана райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты