Коронавирус илдетин алдын алуу
Коронавирус илдетин алдын алуу Бүгүн Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында “Коронавирус илдетинин алдын алуу, райондогу бул илдетке каршы эмдөөнүн абалы” жөнүндө жыйын өткөрүлдү. Жыйынга райондун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын орун басарлары, дин кызматкерлери, эт саткан касапчылар жана жүргүнчүлөрдү ташып кызмат көрсөткөн айдоочулар катышты. Жыйындын жүрүшүндө жаны омикрон штаммы боюнча кенири маалыматтар берилди. Жаны омикрон штаммы боюнча суроолорго саламаттык сактоонун райондогу координатору А.Марипов, ОАА жана МСЭКБ башкы дарыгери Н.Орозалиев, райондун имам хатиби М.Касымов жана райондук ветериария жана фитосанитария башкармалыгынын башчысы Э.Кааров жооп беришти. Жаны штамдын таркалышына жол бербөө, ар ким өз тармагына туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана учурда жүрүп жаткан эмдөөнү алуу тапшырмалары берилди. Учурдан пайдаланып Ноокат районунун тургундарын баарын өзүнүздөрдүн жана жакындарыңыздардын ден соолугуна кайдыгер карабай, эмдөө алууга чакырабыз