Эл менен жолугушуу уланууда!
Бүгүн 2022-жылдын 22 -февралында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.Иманалиев райондогу укук коргоо органдары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте айыл- аймактагы эл менен жолугушууларды улантууда.
Бүгүн "Көк-Жар" айыл өкмөтүндө, "Найман" айыл өкмөтүндө жана "Бел" айыл өкмөтүндө жолугушуулар өткөрүлдү.
Аталган айыл өкмөт башчылары 2021-жылда социалдык-экономикалык тармак боюнча аткарылган иштерди жана 2022-жылга карата коюлган милдеттери жөнүндө маалыматтарды беришти.
Андан соң айыл ичиндеги, таза суу маселеси, электр энергия менен камсыздоо, социалдык жактан көмөк көрсөтүү, турак жайга жер тилке берүү, жол жана ар түрдүү маселелер көтөрүлдү. Юридикалык кеңештер берилип, жеңилдетилген насыя, жазгы талаа иштерине мамлекетибиз тараптан көрүлүп жаткан иш аракеттер, үрөн маселеси боюнча маалымат берилип, көптөгөн көйгөйлөр эл жана жетекчилер менен бирдикте чечилди.
Катышкан жарандарга Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын атынан ыраазычылык билдиребиз.