Урматтуу мекендештер!
Баардыгыңыздарды Мекен коргоочуларынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети жана ыйык парзы.
Бүгүнкү жаркын майрам өлкөбүздүн бардык муундарынын башын бириктирип, бабаларыбыздын жакшы салттарын улап келет. Ушул күнү биз санжыралуу тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазылып, жүрөгүбүздө терең сакталып келген ата-бабаларыбыздын эрдиктерине терең таазим этебиз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, жана согушка катышкан баатырларга сый-урмат көрсөтөбүз. Өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган каармандарыбызды урматтайбыз.
Аскер кызматы дайыма мамлекеттин тиреги жана ата-бабаларыбыздын мыкты салттарын улап кетүүнүн жакшы көрүнүшү болуп келген.
Уюткулуу элибиздин биримдиги, ынтымагы жана мекенчилдиги, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгы ар кандай тышкы коркунучтарга каршы туруп, жарандарыбыздын жаратман эмгегин жана өлкөбүздүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактайт деп ишенебиз.
Дагы бир ирет эрдиктин, каармандыктын жана мекенчилдиктин майрамы менен куттуктайм!
Баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бейпил жашоо каалайм!»
Иманалиев Данир Белекович.