Каналды тазалоо жумуштары уланууда
Жазгы сугат мезгилине азыртадан даярдыктарды көрүү максатында, Ноокат районунун аймагындагы чарба аралык, ички чарбалык каналдарды, алыштарды жана айыл аймактарды аралап өткөн каналдарды тазалоо жумуштары кызуу жүрүүдө. Тазалоо жумуштары Ноокат райондук суу чарба башкармалыгы менен биргеликте Бел айыл аймагындагы Күнгөй каналын тазалоо жана кысып калган дарактарды алуу иштери аткарылууда. Жалпы Ноокат районунун суу пайдалануучуларын ички арыктарды азыртадан чаап, тазалоо иштерин алып барууга чакырабыз