Жылкыларды идентификациялоо жумуштары жүрүүдө
Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Мыйзамын аткаруу максатында, Ноокат районунун аймагында жылкыларды индентификациядан өткөрүү жумуштары кызуу жүрүп жатат.
Айыл өкмөт башчыларына, ветеринардык кызматкерлерге жылкыларды идентификациядан өткөрүү боюнча практикалык семинарлар өткөрүлгөн.
Андыктан Ноокат районунун тургундарын жылкыларды идентификациядан өткөрүүгө активтүү катышууга чакырабыз.