Эл менен жолугушуу
Бүгүн 2022-жылдын 21-февралында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.Иманалиев райондогу укук коргоо органдары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте айыл аймактарындагы эл менен жолугушууларды өткөрүүнү баштады.
Бүгүн Ынтымак айыл өкмөтундө жана Он-Эки-Бел айыл өкмөтүндө жолугушуулар өткөрүлүп кызуу талкууланды.
Аталган айыл өкмөт башчылары 2021-жылда социалдык-экономикалык тармак боюнча аткарылган иштерди жана 2022-жылга карата коюлган милдеттери жөнүндө маалыматтарды беришти.
Сиздердин айыл аймагыныздарда чечилбеген көйгөй же суроо, сунуштар болсо графике ылайык, келип катышсаңыздар болот.