М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ VI - 1

21.01.2022

Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын  2021-жылдын ичинде аткарган  иштерин бекитүү жөнүндө.

2.

№ VI-2

21.01.2022

"Найман айыл өкмөтүнүн  2020-жылдагы айылдык бюджетин  аткарылышы, 2022 жылга жергиликтүү  бюджети жана 2023-2024-жылдарга  бюджеттин болжолун бекитүү  жөнүндө"

3.

№ VI-3

21.01.2022

Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин 2022-жылдын 1-январына  калган калдык акчасын бөлүштүрүү  жөнүндө

4.

№ VI-4

21.01.2022

Найман айыл аймагынын 2018-2022- жылдарга карата социалдык-экономикалык  өнүгүү стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү  киргизүү жана бекитүү жөнүндө

5.

№ VI-5

21.01.2022

Найман айыл өкмөтүнүн Жаны Конуш  көчөсүндөгү бош жаткан жерди муниципалдык  менчикке ажыратып берүү жөнүндө

6.

№ VI-6

21.01.2022

Найман айылдык Кеңешинин 2022-жылга  иш планын бекитүү жөнүнд

7.

№ VI-7

21.01.2022

"Найман" балдар бакчасына он орундуу ажааткана  куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө.

8.

№ VI-8

21.01.2022

Найман айыл өкмөтүнүн Жаштык көчөсүнүн тургуну Параманова Топчуга  жашап жаткан турак жайын жеке менчигине  мыйзамдаштырып берүү жөнүндө

9.

№ VI-9

21.01.2022

"Найман" балдар бакчасына ажааткана  куруу үчүн өздүк салым ажыратуу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

№ VI - 1

21.01.2022

 

Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын  2021-жылдын ичинде аткарган  иштерин бекитүү жөнүндө.

 Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын ичинде аткарган иштери боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап , Найман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын ичинде аткарган иштери боюнча берген маалыматы канааттандырарлык деп табылсын(тиркеме тиркелет).

2.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Сатар уулу                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

№ VI-2

21.01.2022

 

"Найман айыл өкмөтүнүн  2020-жылдагы айылдык бюджетин  аткарылышы, 2022 жылга жергиликтүү  бюджети жана 2023-2024-жылдарга  бюджеттин болжолун бекитүү  жөнүндө"

 Найман айыл өкмөтүнүн 2020-жылга Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2022-жылга каралган айыл өкмөтүнүн бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолун бекитүү жөнундөгү маселени Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын, Найман айылдык кеңешинин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк " боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү " Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Найман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2022-жылга Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 4607,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.         2022-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

-Ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгү 2022-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга ) каржылануусу белгиленсин.

3.         Найман айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

-Кирешенин болжолу 2023-жылга 4689,4 миң сомго (Республикалык бюджеттен алынуучу грантт 630,0 миң сом менен ) жана 2024-жылга 4748,4 сомго (республикалык бюджеттен алынуучу грантт 630,0 миң сом менен ) белгиленсин.

 -Найман айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын,аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

4.         Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

5.         Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу ) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.

6.         Айыл өкмөттүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:

-           Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде,эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

-           Ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;

-           Киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого.

7.         2022-жылда айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн пландарынын ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.

8.         Айыл өкмөттүн аймагындагы мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо ,алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу,сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

9.         Найман айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 7647,7 миң сом,чыгаша бөлүгү 6154,4 миң сомго аткарылгандыгы 4,5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

10.       Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык кеңешинин "Экономика,бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Сатар уулу                 

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

№ VI-3

21.01.2022

 

Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин 2022-жылдын 1-январына  калган калдык акчасын бөлүштүрүү  жөнүндө

 Найман айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинен 2022-жылдын 1-январына калган 985,7 миң сом калдык акчаны бөлүштүрүү максатында Найман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2022-жылдын 1-январына калган 985,7 мин сом жана атайын каражатта 129,6 мин сом калдык акчасы төмөнкү бөлүмдөргө бөлүнсүн:

 Бюджет боюнча:

-           Башкаруу аппаратына (701) - 90,2 мин сом

-           Жарандык Коргонуу (702) - 50,0 мин сом

-           Экономикалык маселелер (704) - 157,6 мин сом

-           ЖКХ бөлүмүнө (706) - 228,9 миң сом

-           Маданият бөлүмү (708) - 5,0 мин сом

-           Билим берүү бөлүмүнө (709) - 375,0 мин сом

-           Социалдык коргоо бөлүмүнө (710) - 79,0 миң сом

Атайын каражат боюнча:

-           Билим берүү бөлүмү (709) - 129,6 мин сом

 

2.         Бөлүнгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Абдуллажан кызына милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык кеңешинин "Экономика,бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Сатар уулу                 

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

№ VI-4

21.01.2022

 

Найман айыл аймагынын 2018-2022- жылдарга карата социалдык-экономикалык  өнүгүү стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү  киргизүү жана бекитүү жөнүндө

Найман айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегия планына өзгөртүүлөр киргизүү жана бекитүү боюнча айылдык кенештин кезектеги V сессиясында угузулду жана Найман айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Найман айыл аймагынын 2018-2022-жылга социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүүлөр киргизилсин(тиркеме тиркелет).

2.         Бекитилген токтом мыйзамдын негизинде аткарылсын.

3.         Токтомдун аткарылышы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жүктөлсүн.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Сатар уулу                 

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

№ VI-5

21.01.2022

 

Найман айыл өкмөтүнүн Жаны Конуш  көчөсүндөгү бош жаткан жерди муниципалдык  менчикке ажыратып берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана алар менен иш жүргүзүү жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык Найман айыл өкмөтүнүн аймагында муниципалдык менчиктеги жер аянттарын каттоодон өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 7,13,27,32,44 беренелерин эске алып, Найман айылдык кенеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Найман айыл өкмөтүнүн Жаны Конуш көчөсүндөгү бош жаткан 1,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке ажыратып берүү жагы Найман айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин .

2.         Жер аянтын ажыратып берип,документтерин тактоо иштери айыл өкмөттүн жер адисине милдеттендирилсин.

3.         Каралган жердин тиешелүү документтерин бүтүрүп берүү жагы Ноокат районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинен суралсын.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кенешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

           

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Сатар уулу                 

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

№ VI-6

21.01.2022

 

Найман айылдык Кеңешинин 2022-жылга  иш планын бекитүү жөнүнд

 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар " жөнүндөгү "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери "жөнүндөгү белгиленген айылдык Кеңештин компетенциясынын негизинде айылдык Кеңештин иш планы түзүлүп,бекитилсин.

 Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Найман айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Найман айылдык Кеңешинин 2022-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.

2.         Ушул иш пландын негизинде иш алып баруу айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин торагасынын орун басары М.Жигитали уулуна жүктөлсүн.

 

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Сатар уулу                 

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

№ VI-7

21.01.2022

 

"Найман" балдар бакчасына он орундуу ажааткана  куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө.

Найман айылдык Кенешинин 2022-жылдын 21-январындагы №VI сессиясынын отурумунда "Найман" эки кабаттуу балдар бакчасына 10 орундуу ажааткана куруу үчүн каралган маселени талкуулап, Найман айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         "Найман" эки кабаттуу балдар бакчасынын түштүк -батыш тарабындагы 80,0 ч.м жер аянтына 10 орундуу ажааткана куруу үчүн жер тилкеси ажыратып берилсин.

2.         Каралган жерди документтештирип, тиешелүү иштерди мыйзам чегинде алып баруу жагы "Найман" балдар бакчасынын жетекчиси К.Курбаналиевага милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кенешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Сатар уулу                 

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

№ VI-8

21.01.2022

 

Найман айыл өкмөтүнүн Жаштык көчөсүнүн тургуну Параманова Топчуга  жашап жаткан турак жайын жеке менчигине  мыйзамдаштырып берүү жөнүндө

Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылынын тургуну Параманова Топчунун жашап турган жайын жана ага тиешелүү жер аянтын жеке менчигине бекитип берүү боюнча жазган арызын карап чыгып, Найман айыл өкмөтүнүн чарбалык китебинин №2- китебинин 51-бетинде 3 бөлмөдөн турган короо сарайы менен катталгандыгынын негизинде ,жашагандыгы боюнча Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 2022 -жылдын 15-февралындагы № 668 сандуу мамлекеттик архивдик маалыматтардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-44-беренесине таянып,Найман айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Найман айыл өкмөтүнүн жаштык көчөсүнүн тургуну Параманова Топчунун арызы канааттандырылсын.

2.         Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылынын Жаштык көчөсүнүн тургуну Параманова Топчуга Найман айылындагы Жаштык көчөсүндө жашап жаткан 465м? турак жайы жана жер аянтында жашагандыгы боюнча мамлекеттик архивдик маалыматтардын негизинде жеке менчигине мыйзамдаштырылып берилсин.

3.         Жер аянтына токтом чыгарып,мыйзамдаштырып берүу жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага милдеттендирилсин.

4.         Каралган жерди документтештирип ,каттап берүү жагы Ноокат райондук "Кадастр"мамлекеттик мекемесинен суралсын.

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кенешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Сатар уулу                 

 

 

Назад

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

№ VI-9

21.01.2022

 

"Найман" балдар бакчасына ажааткана  куруу үчүн өздүк салым ажыратуу жөнүндө

"Найман" балдар бакчасына долбоордун негизинде ажааткана куруу үчүн өздүк салым ажыратуу максатында:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         "Найман" балдар бакчасына ажааткана курууга айыл өкмөттүн бюджетинен өздүк салым катары акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.         Ажааткана куруу үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 46,0(кырк алты мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

3.         Акча каражатын бөлүп берүү жана финансылык документтерин мыйзамдуу даярдоо жагы айыл өкмөттүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмунүн башчысына милдеттендирилсин.

4.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ш.Сапаровага жүтөлсүн.

 

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Сатар уулу                 

 

 

Назад