Найман айылдык кеңешинин

                                 VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын

                                           VI - 1 токтомуна  тиркеме

 

Найман айыл өкмөт башчысынын 2021-жылы аткарган иштери боюнча маалыматы:

 

Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу

      Жаз айларынын келиши менен Найман айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-мартында № 50 буйругу иштелип, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун 3 айлыгы жарыяланып, иш-чаралардын планы түзүлүп, анын негизинде иштер алып барылды. Көчө комитеттеринин жардамында ар апта сайын  ишембиликтер өткөрүлүп, айылдын айлана-чөйрөсү, каналдардын ичи тазаланды.Көчөлөрдө актап, сырдоо иштери  жылдагыдай жүргүзүлдү.

Найман айыл өкмөтү боюнча жыл ичинде  45  тонна, жалпы суммасы 26 700 сомдук  таштандылар ташылып чыгылды.

 

            Найман айыл өкмөтүндө Улуу Тоо айылындагы  50 га кайрак жерлер толугу менен 2019-жылы ижарага берилип,  2021-жылда жазгы буудай, арпа себилип, мурдагы жылдарга салыштырмалуу  түшүм  бир кыйла төмөн болду,  анткени жыл сайын жерге бир түрдүү эле эгиндер эгилип, жерге азыктарды аз берилгендигине байланыштуу түшүм жылдан-жылга төмөн болууда.

 

  Найман айыл өкмөтүндө 2021-жыл ичинде жалпы малдардын саны 310, койлор 786, жылкы 26, тооктор 768 болуп катталды.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 28-январындагы  “Ноокат районунун аймагындагы жылкыларды идентификациялоо жөнүндөгү ” № 28-б  буйругунун негизинде Найман айыл өкмөтүндө 2021-жылдын  1-февралында № 15  буйругу  иштелип чыгып, жыл ичинде бул багытта иштер толугу менен алып барылууда.Азыркы убакта 42% идентификация жумуштары бүткөрүлдү.

 Найман айыл өкмөтүндөгү бардык малдар идентификациялоодон өткөрүлүп (биркалар тагылып) каттоого киргизилген.  Азыркы учурда да  биркалоо иштери убагында жүргүзүлүп жатат. Жаныбарлардан жугуучу ар кандай оорулардын алдын алуу иштери убагында жүргүзүлөт жана дейди ит-мышыктарды атып жок кылуу иштери да өз убагында жүргүзүлөт, айыл өкмөттө малдардан жана ит-мышыктардан  жугуучу ооруулар 2021-жыл ичинде бир да катталган эмес.

 

            Найман айыл өкмөтүндө жарандардын турак үй жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча элге түшүндүрүү иштери айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө. 2021-жыл ичинде 406 кожолуктан  44 турак үй гана камсыздандырылган, бул 10% гана түзүп калды. Азыркы учурда да элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.Көпчүлүк турак үйлөрдүн документтери жоктугуна же мамлекеттик каттоодо жок болгонуна байланыштуу камсыздандыруу жумуштарын жүргүзүү кыйындык туудурууда.

          Найман айыл өкмөтүндө Ноокат РИИБнын 2 аймактык тескөөчүсү иш алып барат. Тескөөчүлөр тейлеген аймакта 2021-жыл ичинде 1 жашы жете элек өспүрүм арасында кылмыш факты менен катталган. Бул боюнча убагында иштер алып барылды, азыркы учурда да көзөмөлдөнүп жатат. Кылмыштуулуктун, диний экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери калк арасында тынбай жүргүзүлүп жатат. Найман айыл өкмөтүнүн бардык жумуштарын аткарууда Ноокат РИИБ дайыма жардам көрсөтүп келүүдө.

Билим берүү тармагы

Найман айыл өкмөтүндө иштеп жаткан «Найман» балдар бакчасында 2021-жылда жалпы  7 тарбиячы,7 жардамчы тарбиячы, 2 музыка мугалими, 1 повар,1 медайым  жана 20 техникалык кызматкерлер эмгектенип, 168  бала тарбияланып, ар бир баланын тамактанышына  бюджеттин эсебинен  10 сомдон ажыратылып, 170,0 мин сом акча каражаты бир жылына ажыратылып берилип, иштетилди. Ал эми бир жыл ичинде  балдар бакчасына долбоор даярдатууга 60,0 мин сом, көмүр менен камсыздоого 60,0 мин, электр энергиясы үчүн 144,7 мин, атайын каражаттар 1050,0 мин, интернет байланышы үчүн жылына 18,0 мин сом, балдар бакчасына керектелүүчү санитардык гигиеналык 42,4 мин сом, балдар бакчасынын кире беришинин шыйпыр, потологунун бөлүгүн алмаштыруу үчүн 36,9 мин сом, бочка алууга 60,0 мин сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, аткарылды. Ошондой эле Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Д.Иманалиевдин колдоосу менен 6 тонна цемент берилди.

2021-жылы “Найман” эки этаждуу балдар бакчасынын эшик, терезелерин жана  полун капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча мамлекеттик дем берүүчү грантка долбоор жазылып, жалпы суммасы 2 694 969 сомго жумуштар аткарылып, бүткөрүлдү. Анын ичинде өздүк салым жергиликтүү бюджеттен 600,0 мин сом,  ата-энелердин фондунан 22,0 мин сом  жана мамлекеттен 2077,9 мин сом  акча каражаты ажыратылып берилип, жумуштар аткарылды. Балдар бакчасында ар кандай майрамдар жогорку денгээлде өткөрүлүп, ата энелерге балдар тарабынан майрамдык маанайлар тартууланып келүүдө. Жыл сайын жаз айларында ишембиликтер өткөрүлүп, көрктөндүрүү жумуштары жүргүзүлүп келет. 

Ошондой Улуу Тоо айылына Корея Эл Аралык Агенттигинин  “KOICA”долбоорунун негизинде жалпы суммасы 3500,0 мин сомдук 20 орундуу балдар бакчасы курулуп, жакында ачылуу алдында турат. “KOICA”долбоору 1742,5 мин сом акча каражаты менен каржылап, ал эми айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 260,0 мин сом материалды алууга, 80,0 мин сом айланасын тосууга, 100,0 мин сом акча каражаты ажааткана курууга, 25,8 мин сом кавролин алууга акча каражаты ажыратылып, аткарылды. Ноокат райондук өнүктүрүү фондунан  Улуу Тоо балдар бакчасына ички эмеректерди алуу үчүн 238,0 мин сом акча каражаты ажыратылып, азыркы учурда которуу алдында турат. Ошондой эле Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Д.Иманалиевдин колдоосу менен 2 тонна цемент берилип, балдар бакчасынын алды стяжкаланды.

       «Найман» орто мектебинде 2021-жылда  35 мугалим, 14 техникалык кызматкерлер эмгектенет жана 606 окуучу билим алган. “Найман” орто мектебинин үстүртөн ремонту үчүн 2021-жылда  100,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилип, ремонт иштери жүргүзүлдү. Ал эми мектепке жергиликтүү бюджеттен электр энергиясы үчүн  281,3 мин сом, мугалимдерди колдоо максатында коммуналдык чыгымдарга 8,5 мин сом акча каражаты ажыратылып берилип, толугу менен иштетилди.

 Мектепте 1-4-класстарга  2014-жылдан бери ысык тамак берилип келүүдө.

Мектеп окуучулардын предметтик олимпиадасында  2020-2021- окуу жылында зонадан 3 окуучу 1 орунду алып, районго өтүп, бирок облустук олимпиадага өтүшкөн эмес.

     Жалпы Республикалык тестирлөөгө 2019-2020-окуу жылда 15 бүтүрүүчүдөн 7 окуучу тестирлөөөгө катышып, босого балл 110,8 болуп, мектептин орточо баллдык көрсөткүчү 112,7 балл болгон , ал эми эн жогоркусу  172 балл болгон, ал эми  2020-2021-окуу жылында 10 бүтүрүүчүдөн 7 окуучу катышкан.  Босого бал 110 болсо,  мектептин орточо баллы  94,5 болуп,  ал эми эн жогорку балл   112 гана  болуп,  жылдан жылга төмөндөө байкалууда. “Найман” орто мектебинин 2018-2019- окуу жылында билим сапаты 45%, 2019-2020- окуу жылында билим сапаты 44%, 2020-2021-жыл ичиндеги билим сапаты 46% түзүп, мында  жылдан жылга бир аз эле өсүү ыргагы бар. Былтыркы жылы  11-классты 10 жана 9-классты 32, жалпы 42 бүтүрүүчү мектепти аяктаган. Алардын ичинен 6  бүтүрүүчү жогорку окуу жайларда жана 14 техникалык окуу жайларда студент болуп окуп жатышат.

 “Кылмыштуулуктун жана балдар арасындагы суициддин алдын алуу” темасында , “СПИД- коркунучтуу дарт” темаларында   окуучулар,, участкалык милиция  жана айыл өкмөт кызматкерлери менен биргеликте  жалпы жыйын өткөрүлүп,окуучуларга жогорку деңгээлде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, ар түрдүү конкурстар айыл өкмөтүнүн каржылоосу менен өткөрүлдү.   

   Найман айыл аймагына караштуу Улуу Тоо айылында  “Улуу Тоо» толук эмес орто мектеби бар.Анда 10 мугалим, 7  техникалык кызматкер эмгектенип, 44 окуучу билим алат.  “Улуу Тоо” толук эмес орто мектебинин  2018-2019-окуу жылындагы билим сапаты  41,5 % , 2019-2020-окуу жылында билим сапаты 48,3%, 2020-2021- окуу жыл ичиндеги билим сапаты 47% түзүп, мында  жылдан жылга өсүү ыргагынын азайганы байкалууда. Былтыркы жылы  9-классты 3 окуучу  аяктап, кесиптик лицейлерде окуп жатышат. Бул мектепте да ВППООН уюмунун долбоорлорунун негизинде жана ата-энелердин колдоосунда 1-4-класстарга  2014-жылдан бери ысык тамак берилип келүүдө.

Мектепке бир жыл ичинде  электр энергиясы үчүн  45,5 мин сом,   мектептин жылытуу системасын курууга 208,0  мин сом, мугалимдерди колдоо максатында коммуналдык чыгымдарга 3,0 мин сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилип, аткарылды.

 

Маданият тармагы

Айылдык китепканада 1 китепканачы эмгектенип кызматкеринин айлык акысына 105,5 мин сом бир жылына ажыратылып, ал эми 20,1 мин сом сапар чыгымдарына, 3,5 мин сом кенсе жана чарба буюмдарына ажыратылып берилип , жыл ичинде иштетилди.Айылдык китепкананын китеп фондунда 15,0 мин даана китеп бар, китеп фондун  кыргызча китептер менен толуктоо максатында  жумуштар алып барылууда.

             Найман айыл өкмөтүндө бир  маданият үйү  бар, анда 2 маданият кызматкерлери  жана 2 техникалык кызматкерлер эмгектенет.Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен маданият үйүнүн кызматкерлеринин айлык акысына бир жылына 323,9 мин сом акча каражаты ажыратылган, ал эми майрамдарды өткөрүүгө 72,0 мин сом, 9,8 мин сом  кенсе жана чарба буюмдарын алууга, 4,2 мин сом сапар чыгымдарына жана ичин жасалгалоо иштерине 49,8 мин сом  бөлүнүп берилип, толугу менен иштетилген. Маданият үйү 2020-жылы мамлекеттик дем берүүчү гранттын эсебинен 1500,0 мин сомго капиталдык ремонттон толугу менен өткөрүлдү. Жыл ичинде ар бир майрамдарга ар кандай маданий иш-чаралар жогорку денгээлде өткөрүлүп келүүдө. 2021-жыл  ичинде элдин маданий эс алуусу үчүн майрамдар өткөрүлүп, элге жакшы маанай тартууланды.

 

Спорт тармагы

            Айыл аймактагы жаштар жана аялдар арасында ар кандай майрамдарда мелдештер өткөрүлүп, белектер берилип келүүдө. Ошондой эле жаштарыбыз  спорттун  бокс түрлөрү боюнча зоналык жана райондук мелдештерден алдынкы орундарды алып, грамота жана медалдар менен сыйланууга жетишүүдө. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10,0 мин сом акча каражаты  белектер үчүн ажыратылып берилип, тапшырылууда. Айыл аймактагы спортту өнүктүрүү боюнча иштер колго алынууда.

 

Саламаттыкты сактоо тармагы

    Найман айыл өкмөтүндө бир УБДТ № 18 жана бир ФАП бар, врач жок,  2 орто медициналык , 2 кенже медкызматкерлер эмгектенишет. №18 УБДТда врач, акушер-гинеколог  жетишпейт. 

Найман айыл аймагында  кургак учук оорусун алдын алуу иш чаралары түзүлгөн, комплекстүү иш-пландын незинде жүргүзүлүүдө. Азыркы күндө 3 кургак учук менен ооруган адам катталган.

 “COVID- 19”  оорусунун алдын алуу боюнча элдердин арасында түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз алып барылууда. Найман айыл өкмөтү боюнча берилген вакциналардын 1- турунда жалпы 450 доза келип, 100% элдерге берилген. 2-турда  450 доза келип бул да толугу менен берилген. 3- турда 300 доза келип, баары берилип бүткөрүлдү.

Найман айыл өкмөтүнүн Улуу Тоо айылынын жолдоруна шагал төшөөгө 56,0 мин сом ажыратылып, тендер өткөрүлүп, бирок акча каражаты которулбай калган. 2022-жылда акча каражаты которулуп берилип, айылдын ички жолдору ондолуу алдында турат. 

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин тапшырмасы жана колдоосу менен элди арзан көмүр менен камсыз кылуу үчүн Өзгөн районунан 3 сомдук көмүр алынып келинип, элге сатылды.

Найман айылындагы кичи спорт аянтчасын ондоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 60,0 мин сом, Батыш көчөсүн жарыктандырууга 62,0 мин сом, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майыптарга 100,0  мин сом акча каражатын бөлүнүп берилип, жумуштар аткарылды.

             Найман айыл өкмөтүндөгү  көйгөйлүү маселелердин  бири таза суу маселеси. Элди таза суу менен “Найман-таза-суу” СООППВсы камсыздап келет. Таза сууну жакшыртуу боюнча  жыл сайын долбоорлор менен иштешип келе жатабыз.

Найман айыл өкмөтүндө сугат жер аянттары жок болгондуктан,сугат суу берилбейт, ал эми  айыл аймактагы жашоочулар үйлөрүнүн алдындагы жер аянттарын крандан чыккан ичүүчү таза суу менен сугарып келишет.Ошондуктан ,жай мезгилинде айылдагы четки көчөлөргө суу жетпей, көйгөй жаралып келет. 2021-жылы суу тартыштыгын жоюу максатында айылыбыздан чыккан чыгаан уулдарыбыздын бири Айтиев Руслан  “Ас-Салам”  жана “Ас-Сафа” коомдук уюмдарын тартуу менен, алардын  жардамында Жаштык көчөсүндөгү 1 скважинаны жана Найман айылына кире беришиндеги бир чон  скважинаны ишке киргизүүгө жардам берди. Скважиналарды ондоо жана суу түтүктөрүн тартууга жалпы суммасы 3000,0 мин сом акча каражаты иштелген. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 112,0 мин сом акча каражаты ажыратылып, суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлдү.

            Ал эми Найман айыл өкмөтүнүн Улуу Тоо айылын таза суу менен  ОсОО «Чай Таш» ишканасы камсыз кылып келет.Суу Абшыр сай дарыясынан 27 км алыстыктан келгендиктен,суу көйгөйү аябай чон. Анткени суу түтүктөрү Көк Жар айыл аймагынын жер аянтарынан өтүп, элдер каалаган жеринен сууга тешип уланып элге сууну жеткирүү кыйындык жаратып келет. Ошондо  Найман айылында элди таза суу менен камсыздоо 80% жана Улуу Тоо  айылында 50 % ды түзөт.

Найман айыл өкмөтүндөгү таза суу долбоорлоруна  тартылган жумушсуздарга ВППООН уюмунун долбоорлорунун негизинде ун жана май берилди. Найман айыл өкмөтү боюнча 65  үй-бүлөгө 3 каптан ун жана 15литрден май берилди.

            Найман айыл өкмөтүндө инвестиция тартуу боюнча ар кандай уюмдар менен иштешип, долбоорлордун негизинде инфраструктураны жакшыртуу жумуштары аткарылууда.

2022-жылга айыл өкмөтүнүн иш-чаралардын планы  иштелип чыгылууда жана аткарууга алынат. 2022-жылда  негизги карала турган  көйгөйлөр:

- «Улуу Тоо» балдар бакчасын ачуу;

-таза суу көйгөйү боюнча СООППВнын мүчөлөрү менен тыгыз иш алып баруу;

-«Найман» орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү;

-«Улуу Тоо» толук эмес орто мектебинин жылытуу системасын жанылоону толугу менен бүткөрүү;

-паркты калыбына келтирүүнү колго алуу;

-ички жолдорго ондоо;

-Улуу Тоо айылына курулуп жаткан кичи тигүү цехин куруп бүткөрүүнү

колго алалы деп турабыз.

 

 

Көнүл бурганыныздар үчүн рахмат!