Описание: Описание: Kyrgyzstan Gerb

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасы

 

 

 

Ош облусу, Ноокат  району

 

Найман айыл аймагынын

2018-2022 жылдарга

СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНүГүү ПЛАНЫ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Киришүү

Кыргызстанда акыркы жылдары мамлекеттик башкаруу, салык салуу, коомдук коопсуздук тармагында, калктын жашоо сапатын жана жыргалчылыгын жакшыртууга багытталган бир катар реформалар журуп жатат. Алардын жыйынтыгы катары бир топ жетишкендиктер болду, бирок буга карабастан , бугунку куну олуттуу проблемалар айыл аймактарында дале чечилбей келүүдө, мисалы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты: мектепке чейинки  жана мектептеги билим алуу мүмкүнчүлүгү, медициналык кызматтардын шарттары жана чектелгендиги; коомчулук үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындыктын жоктугу; экономикалык өнүгүүнүн туруксуздугу жана алсыздыгы; калктын жашоо-турмуш деңгээли төмөндүгү; жакырчылык денгээлинин айыл жерлеринде жана бийик тоолуу аймактарда жогору болуусу;    инфраструктуранын жана жашоо шарттарынын начардыгы.

Айыл аймактарында жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн максатуу багытталган, конкреттүү жана реалдуу иш аракеттерди камтыган стратегиялык программа иштеп чыгуу жана иш жүзүнө  ашыруу зарыл.

Айыл аймагын өнүктүрүүдө туруктуу абалга чыгуу үчүн бардык, адамдык, жаратылыш, финансылык жана башка бардык резервдерди жана ресурстарды мобилизациялоо жана туура пайдалануу зарыл. Туруктуу өнүктүрүүнүн модели өз алдынча өнүктүрүүдөгү системалуулукка, комплекстүүлүккө жана теңдештикке карай умтулууну максаттайт. Туруктуу өнүктүрүүгө өтүү адам баалуулуктарын жана жаратылыш ресурстарын акыл-эстүү пайдалануунун призмасы аркылуу экономикалык өсүштү кароону сунуштайт.

Бул максатка жетүү үчүн, жергиликтүү жана мамлекеттик бюджеттин, тышкы жана ички инвесторлордун, жергиликтүү калктын, ишкерлердин каражаттарын, ресурстарын аймактын экономикасына активдүү тартуу талап кылынат. Калктын ишмердүүлүгүнөнүктүрүүгө ар тараптуу шарттар түзүлөт, колдоолор жүргүзүлөт.

Россия Федерациясынын өкмөтү тарабынан каржыланып жана БУУОП тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү»  программасынын негизинде, Найман айыл аймагынын социалдык экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү, жашоо денгээлин жогорулатуу максатында Стратегиялык Өнүгүү Планы иштелип чыгылды. Бул Стратегиялык Өнүгүү Планы, эксперттер тобу айыл аймагынын Жергиликтүү Өнүгүү комитетеринин мүчөлөрү менен биргеликте, Туруктуу өнүгүүнун максаттарына таянып, 2018-2022 жылдардын мезгилине КР региондук саясатынын концепциясы  жана “Өкмөттүн 2018-2022-жылдардагы программасын” жетекчиликке алуу менен, айыл аймагынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн анализдеп, жергиликтүү калктын жана адистердин пикирлерин эске алып, терең талдоо аркылуу иштелип чыгылды. 

Бул айыл аймактын Стратегиялык Өнүгүү Планы орто мөөнөттүү жана 2017-2020-жылдарды гана камтыйт. Алыскы мөөнөттөгү Стратегиялык максат катары “Калктын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртуу, экономикалык жана социалдык туруктуу өнүгүүнү  камсыз кылуу” болуп белгиленген.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

I-БӨЛүМ

Найман  айыл аймагы жөнүндө кыскача маалымат

1.1 Түзүлүүсү  жана административдик-аймактык бөлүнүүсү:

 

Найман айыл өкмөтү 1965-жылдын май айында “Найман” айылдык комитетинин базасында түзүлгөн. Найман  айылдык аймагы (кийин АА) 2 калктуу конуштан туруп, бирөө официалдуу статуска ээ.Экинчи айыл жакында статус алды Жогорку Кенеште үчүнчү окуудан өттү . Найман АА чыгыш жан түндүк тарабынан Көк Жар АА, батыш тарабынан Он Эки Бел АА жана Төөлөс АА менен чектешет.

 

1.2 Аймагы:

 

·       Жалпы аянты                                                           - 1360га.                                                       

·       Деңиз деңгээлинен бийиктиги                   - 1200 м.        

·       Район борборуна чейинки аралык             - 26 км.          

·       Облус борборуна чейинки аралык            - 70 км            .

·       Аэропортко чейинки аралык                      - 75 км.

·       Темир жолго чейинки аралык                    - 30 км.          

 

1.3 Географиялык-клитматтык шарттары:

Климаты жайында ысык жана кургак, температура +300С тан жогору болот.  Кыш мезгили узак мөөнөткө созулуп, суук келип, каар оор түшөт. Кышкысын температура -20С чейин төмөндөйт. Жазгы суук көбүнчө март айынын акырына чейин уланат. Күзгү суук ноябрь айынан башталат.

1.5  Калктын демографиялык көрсөткүчү

Калктын этникалык курамы: кыргыздар-90 %, орустар,  өзбектер, ж.б. -10 %. Жумушка жарактуу калкты негизги түзүүчүлөр жаштар.

Жалпы айыл аймактын калкынын 20% жергиликтүү муниципалдык жана мамлекеттик мекемелерде, жана жакынкы айыл аймактарда эмгектенишет. Мындан сырткары  жергиликтүү калктын 30-35% үй жумуштары менен алек, ал эми калган 45-50% жергиликтүү тургундар башка шаарларда жана башка өлкөлөрдө эмгектенишет.

 

 

II-БӨЛүМ

 

УЧУРДАГЫ КЫРДААЛДЫ ЖАЛПЫ БАЛОО

Регионалдык дүң продукциянын структурасы жана динамикасы

 

Айыл аймактын эмгекке жарамдуу калкы 1453 адамды, же жалпы калктын санынын 50 % түзөт. Айыл өкмөтүнүн регионалдык дүң продукциясы 2016-жылы 153,3 миң сомду түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 100,5 %, ал эми 2014-жылга салыштырмалуу 101,2 %га өстү. 2017-жылы ичинде 207,0 мин сомдук регионалдык продукция өндүрүү, же болбосо 2016-жылдын денгээлине салыштырмалу 102,3% түзүү күтүлүүдө .Тактап айтканда, айыл аймактын регионалдык дүң продукциясынын өсүү темпи өткөн 2014-2016 жылдар ичинде, жыл сайын  0,1% дан 4,5 %га чейин стабилдуу өсүп жаткандыгы  байкалат.

2016-жылдагы регоналдык дүң продукциясынын  үлүшүнүн 40%  - айыл чарба тармагы түзүп, 400 мин сомдук продукция, 60 % - өнөр жайы түзүп, 20,2 млн сомдук товардык продукция өндүрүлдү, ал эми 2,2% - капиталдык салым  (10,1 млн сом), 1,2 % - калкка кызмат көрсөтүү (5,2 млн сом) түздү. Акыркы үч жылда  (2014-2016 жылдар) регионалдык дүң продукциянын структурасында айыл чарба тармагы 0,9 %га, өнөр жай тармагы 1,6%га, капиталдык салым 5,0 %га үлүштөрүн  жогорулаткан болсо, калкка кызмат көрсөтүү тармагы 0,7%га төмөндөткөн.

 

Айыл чарба тармагы

 

Найман айыл аймагында жалпы калкы талаачылык тармагында негизинен жүгөрү, буудай, жашылча, картошка жана көп жылдык чөп эгүү менен алектенсе,  мал чарба тармагында ири мүйүздүү малдарды, кой-эчки жана жылкы өстүрүшөт.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Найман айыл өкмөтүнүн айыл чарба тармагынын 40%ын, же болбосо 330 мин. сомун - талаачылык, 60%ын, же болбосо  670 мин. сомун - мал чарбачылыгы түзөт.

2018-жылга айыл чарба тармагынын талаачылыгында айдоо жердин эгүү структурасын анализдесек, жалпы айдоо аянтты 58 гектарын, же болбосо 98% дан өcүмдүктөрү түзөт. Анын ичинен: 8 гектары, же 2 %- жүгөрү; 50 гектары, же 98 % - кылкандуу дан эгилген. 

   Мал чарба тармагында 2018-жылы  2017-жылга салыштырмалуу эт өндүрүү 0,5 тоннага, сүт- 0,8 тоннага жана жумуртка –  500  даанага көп өндүрүлгөн. 2017-жылга карата Найман айыл өкмөтү боюнча кара мал-275 даана, кой, эчкилер-895 даана,жылкылар -25 даана, канаттуулар -1156 дана ж.б

Айыл аймагында жер ресурстарын пайдалануу абалы жана келечеги

Найман  айыл аймагы түзүлгөндөн баштап эле өнөр жай багытында шаар тибиндеги поселок болуп түзүлгөн. Союз таркаганга чейин Найман посекалык округундагы элдердин жетекчиликтин жер ресурстары менен эч кандай кызыкчылыктары болгон эмес. Ошондуктан, айыл аймактын балансында турган айыл чарба ж.б жерлери жокко эсе, жада калса жакынкы айыл аймактары менен чек ара жер аянттарын карашкан эмес, жоюлуу алдында турат деп ойлошкон. Рудник “Улуу Тоо” сымап комбинаты жоюлганда болгону 50 га кайракы айдоо жери комбинаттын ээси Т.Абдурасуловадан өткөрүлүп берилген.  Ал эми, чөп чабык жана көп жылдык чөп 986 га аянттары  бөлүнүп берилген . Найман айыл аймагында үлүш жерлер берилбегендиктен адамдар күнүмдүк тиричиликтен кыйналып тышкы миграциянын өсүүсүнө алып келүүдө.  

Найман айыл аймагы жергиликтүү бюджетин көтөрүү, дотациядан чыгуу аракетинде 2014-жылдан баштап, жакынкы айыл аймактар менен чек араларын  “Кыргызгипрозем” ишканасы менен тактап бүткөрүлдү, буйруса 2018-жылга жер аянттарыбыз; тактап айтканда, сугат жерлер 8 га дан 100 га чейин, кайракы жерлер 50 га дан 118 га чейин, жайыт жер 230 га дан 418 га чейин кеңейүү алдында турат.

Ал эми азыркы күндөгү 58 га болгон жер аянттарынан дыйкандар жылдан - жылга аз киреше алууда. Мындан сырткары, дыйкандардын аз киреше алуусуна орчундуу себептердин бири:

·       Өндүрүүчүлөр сапатуу сорттогу үрөндөр, минералдык жер семирткичтер жана күйүүчү майлоочу майлар менен начар жана кымбат баада камсыздалууда;

·       Аймакта айыл чарба техникалары эскиргендиги, Дан жыйноочу комбайндардын жоктугу.

Найман  айыл аймагында кайра бөлүштүрүү жер фондусунда (КБФ) жалпы болуп – 58 га айдоо, анын ичинен  кайракы айдоосу – 50га жер бар. Кайра бөлүштүрүү фонддун жерлери пайдалануу конкурстук негизде ижарага берилет. Конкурс ижара мөөнөтү бүткөндө, кайрадан өткөрүлөт. Конкурстан уткан жаран менен келишим түзүлүп, пайдалануу мөөнөтү 3 жылга берилет.

Конкурстан уткан жарандарга КБФ жеринен 50 га ижарага берилген,  Жалпы болуп ижара акысы 25,0 миң сомду түзүп, орточо 1 га жердин ижара акысы 500 сомду түзгөн. Бир жылга 1 га жердин ижара акысы 500 сомго чейин.

 

Айыл аймагында 230 га жайыт жер бар. Анын ичинен 30 гектар жакынкы жайыт, калктуу  конуштарга жакын жайгашкандыктан, пайдалануу эрежелери сакталбай, начарлап, кунарсызданып кеткен. Жайытты жакшыртуу жана чөптөрдүн өсүүсүн камсыздоого жайыт комитетинин каражаты жетпейт. Ошондуктан,  мал башын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк начар. Узактагы жайыттар жалпысы болуп 200 гектарды түзөт.

Айылдык жайыт комитети 2015-жылы түзүлүп, жайыт төлөмдөрү буга чейин топтолгон эмес, 2017-жылга гана 3200 акча каражаты топтолуп, банкка төгүлдү.

Жайыттарды пайдалануудагы көйгөйлөр:

·       Алыскы жайыт боюнча 200 га жерди, Көк Жар айыл аймагы менен чек араны тактоо;

·       Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануу талаптагыдай эмес.

Өнөр жай тармагы жана жеке ишкердүүлүк.

Өнөр жай тармагы учурда 1 – АБЗ (асфальт) заводу жана ЖБИ заводу курулуп, 2017-жылдан баштап ишке берилди. Ал эми отко чыдамдуу кыштарды чыгаруучу “Огнеупор” ишканасы кардарлардын жоктугунан иштебей токтоп турат.

Ал эми жеке ишкердүүлүктүн түрлөрүнөн 1- мебель чыгаруучу цех, 1 мончо жана 5 дүкөн элге кызмат көрсөтөт. 

Тармактагы көйгөйлүү маселелер:

·       Инвесторлорго толук камдуу шарттын жоктугу;

·       Айыл чарба продукцияларды кайра иштетүүчү чакан жана орто өндүрүштүк жабдууларды сатып алууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу;

·       Көмүскө  өндүрүштөрдүн  бардыгы (сымап жана алтын);

·       Ишкердүүлүктү алып кетүү жөндөмдүүлүктүн төмөндүгү;

·       Инвестициялык долбоорлордун аздыгы;

Ошондой эле, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү боюнча тоок чарба, күнөсканаларды, күн батереясын орнотуу, жаны соода туйунун куруу, кичи кайра иштетүүчү цехти кенейтүү жана башка кошумча цехтерди куруу зарылчылыгы өсүүдө.

Курулуш тармагы

Айыл аймакта негизги социалдык обөектилер 1969-1975-жылдары курулган. Айыл өкмөт статусун 1996-жылы алгандан бери эч кандай курулуш иштери жүрүзүлгөн эмес. 2017-2018-жылдарга Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин, өнөктөштөрдүн, элдин салымынын эсебинен билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы, айылдардын инфра түзүмдөрүн өнүктүрүү зарылчылдыгы бар.

Жол жана транспорт  тармагы

Айыл аймактын балансында  узундугу 16 км км ички жолдор бар. Анын ичинен асфальтанганы 6 км, 10 км жер кыртышындагы жана шагыл жолдор. Учурда, баардык ички жолдор капиталдык жана учурдагы оңдоолорду талап кылат.  Айыл Өкмөтүнүн бюджетинин ички жолдорду тийиштүү деңгээлде кармап турууга, оңдоого  каражаты  жетишпейт.

Райондун жана областын борборлору, башка райондор менен айыл аймактын ортосунда автоунаа каттамдары туруктуу. Орточо эсепте, каттоодо турган жеңил авто унаалар беш кожолукка бирден туура келет. Негизги элге кыйынчылык жараткан жагдай болуп ички жолдордун абалынын начардыгы, каттоодон өтпөгөн автоунаалардын бардыгы жана калкты автоунаа менен тейлөөчү жергиликтүү фирмалардын жоктугу болуп саналат.

Билим берүү тармагы

Найман айылаймагында 2 орто билим берүү мектеби жергиликтүү жарандарга кызмат көрсөтүп келет.

“Найман” орто мектеби – 1975-жылы курулган, абалы орто. Мектеп 400 орундуу, спортзалы бар. Мектепте 402 окуучу билим алып , 36 мугалим жана 12 тех .кызматкер эмгектенет. Мектеп курулгандан бери бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес, жакынкы жылдары ремонттоо планы иштелүүдө. Мектепте окуучулардын коопсудугу үчүн видео козомол орнотулган. Мектептеги 1-4-класстын окуучулары ВППООН долбоорунун негизинде ыссык тамак менен камсыздалган.2018-жылы “Найман” орто мектебинин 2 кабинетинин айнек терезелери заманбап пластик айнек терезелерге алмаштырылды.Окуучулардын коопсуздугу үчүн видеокозомол орноутлган жана мектеп интернет байланышы менен камсыз болгон.

Азыркы күндө мектептин көйгөйлөрү:

-       Мектептин терезелеринин эскилиги жетип, мектепте кыш айларында жылуулук сакталбай келет;

-       Мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджетен акча бөлүү мүмкүнчүлүгү жок;

-       Мектеп инвентарларынын эскилиги жетип азыркы күндө окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайсыз абал жаралууда;

“Улуу Тоо” толук эмес орто мектеби – 1969-жылы курулган, абалы өтө начар болчу.  Мектеп 60 орундуу, 56 окуучу билим алып, 9 мугалим жана 3 тех.кызматкер эмгектенет. 2018-жылы мектеп стим.гранттын эсебинен капиталдык ремонттон откорулду.Мектептеги 1-4-класстын окуучулары ВППООН долбоорунун негизинде ысык тамак менен камсыздалган. Мектепте окуучулардын коопсудугу үчүн видео козомол орнотулган.Мектептин көйгөйлөрү:

-       Мектептин жылытуу системасын жаныдан куруу койгойу

“Найман”  балдар бакчасы – 1969-жылы курулган, абалы – начар. Бала бакча 75 орундуу болуп, 200 бала тарбияланууда. Бала бакчада  тарбиячы,  жардамчы тарбиячы жана 5 тех.кызматкерлер эмгектенет.Балдар бакчасы эки имаратка бөлүнүп иш алып барышат. Эки кабаттуу имараты капиталдык ремонтту талап кылат. Бул имаратка жылытуу системасы толугу менен коюлган. Бакчага видеокөзөмөл орнотулган. Интернет байланышы бар.Кол жуугучтар ПРООН дун жардамында орнотулган.

Көйгөлөр:

·       Бала бакчанын имараты эски жана кичине  болгондуктан, капиталдык ремонтту талап кылган чоң 160 орундуу бала бакчанын имараты бар, ошону капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча долбоорлор жылда  жазылат, бирок өтпөй келет.

·       Эмеректер эски;

·       Санитардык гигиеналык абал начар;

 

Ичүүчү суу.

Айыл аймакта жергиликтүү калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча 2014-жылдан бери “Найман-Таза-Суу” СООППВсы кызмат көрсөтүп келет. Ал эми 2014-жылга чейин ОсОО “Чай-Таш” ишканасы таза суу менен камсыздап келген.

Жергиликтүү жарандарды таза суу менен камсыздоо азыркы күндө Абшыр-Сай дарыясынан 26 км аралыктагы суу түтүктөрүн пайдалануу менен ишке ашырылат. Бирок бул системага Көк-Жар айыл аймагын аралап өтүп, бардык айылдары туташкан. Ушул койгойду чечүү максатында ПРООН уюумунун жардамында айыл өкмөттө 2 скважина тазаланып,1 резервуар ондолуп, Найман айыл аймагына таза суу 80% камсыз болду.

Көйгөйлөр:

·       Резервуарга чейинки уланып алган суу тутукторун кыркыып,тазалоо;

·       Ар бир уйго суу эсептегичтерин орнотуу

Саламаттыкты сактоо.

Найман айыл аймагы боюнча 1969-жылы курулган үБДТ №18 жана 2009-жылы АРИС программасынын жардамы менен 1 ФАП курулган. Медициналык мекемелерде 10 кызматкер эмгектенип жергиликтүү жарандарга медициналык кызмат көрсөтөт. Бул медициналык мекемелер райондук “МЕДИГОС” борборунун балансында турат.

Көйгөйлөр:

·       1969-жылы курулган үБДТ №18 имараты эскирип капиталдык ремонтту талап кылынат;

·       Көпчүлүк жарандардын сурануусу боюнча үБДТ №18 имартынын жанындагы имаратты амбулатордук медициналык мекеме ылайыктап оңдоо зарылчылыгы бар;

·        Медициналык мекемелердин эмеректеринин эскилиги жеткен .

Айыл аймактын социалдык инфраструктурасы

Маданий чөйрө: Айыл аймакта 1969-жылы 200 орундуу маданият үйү курулган жана азыркы кезде 5 кызматкер эмгектенет. Маданият үйү негизинен майрамдык кечелер, айылдык чогулуштар, мектеп окуучулары үчүн иш-чаралар жана башка жыйындар өткөрүлүп турулат.

Көйгөйлөр:

·       Маданият үйү курулган жылдан бери ремонт иштери жүргүзүлгөн эмес;

·       СТИМ.гранттын эсебинен капиталдык ремонттон откоруу.

·       Эмеректеринин эскилиги жеткен;

Тейлөө үйү. Айыл аймакта 1967-жылы курулган тейлөө үйү 2004-жылга чейин, жергиликтүү жарандарга бут кийим оңдоо, тигүүчү цех жана чачтарач кызматтарын көрсөтүп келген. 2004-жылдан кийин имараттын абалынын начардыгынан кызмат көрсөтүү токтоп турат. Азыркы күндө имаратты толугу менен ремонттоо үчүн акча каражаты жетишпейт.

Эс алуу жайлары. 1967-жылдары айыл аймактын борборунда 1 га жер аянтында эс алуучу бак (парк) уюштурулган. Бул эс алуучу бактын айланасын 2015-16-жылдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен тосмолору жаңыдан тосулду. Бирок бактын ичинде эс алууга эч кандай шарт жок. Айыл окмот кызматкерлери 2015-жылдан бери долбоорлор менен эл аралык уюмдарга кайрылуу жасап, бирок эч кандай жыйынтык чыкпай келет.

Таштанды таштоочу жай. 1969-жылы Найман ПГТсы курулгандан бери атайын таштанды таштоочу жай курулган. Азыркы күндө бул жайды пайдалануу бир гана айыл аймактын тургундары эмес, коңшу Көк-Жар жана Он-Эки-Бел айыл аймактын тургундары уруксаты жок, өз таштандыларын таштап кетишет. Бул кырдаал жергиликтүү тургундардын нараазычылыгын күндөн күнгө күчөтүп келет. Айыл өкмөтү тарабынан бул кырдаалды жөнгө салуу иш-чаралары аткаруу пландаштырылган, бирок каражаттын негизинде иш жүзүнө ашпай келет, башкача айтканда таштанды таштоочу жайдын айланасын тосмолосо жана таштандыларды эрежеге ылайыктуу төгүү процессин колго алуу. Бул иш-чараларды аткаруу менен айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бир жагынан жергиликтүү тургундардын нараазычылыгын токтотмок, жана ошондой эле коңшу айыл өкмөттөр менен келишимдин негизинде таштанды төктүрүп жергиликтүү бюджетке да кошумча киреше болмок.

Гендердик саясат.

 

Айыл өкмөтүнүн аппаратында 11 кызматкердин арасында 4 аял киши эмгектенишет, ал эми жергиликтүү кеңештин курамына 7 аял учурда депутат. Айыл аймагынын мамлекеттик мекемелеринин жетекчилери, 1 мектеп директорлору, 1 балдар бакчаларынын башчылары, 1 саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери да аялдар. Жогоруда көрсөтүлгөн мекемелердин кызматкерлеринин 60% аялдар түзөт. Мындан сырткары  Айылдык Ден соолук Комитети иштеп баарысында аялдар эмгектенишет. Аялдар негизинен үйдө балдарын карашат жана огороддогу жер менен алектенишет.

 

СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТ:

Найман айылдык аймагында 2018-2020-жылдары айыл чарба жерлерин жана жайыттарды агротехникалык эрежеге ылайык пайдалануу, сугат сууну үнөмдөө менен, өндүрүлгөн продукциянын сапатын жана көлөмүн 12%га жогорулатуу жана жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө шарттарды түзүү менен жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу.

 

 

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ ѲНүГүү БАГЫТТАРЫ:

·       Айыл чарбасынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн жогорулатуу жана сапатын жакшыртуу;

·       Жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыздоо;

·       Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу

МИЛДЕТТЕР

Артыкчылык ѳнүгүү багыты:  Айыл чарбасынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн жогорулатуу жана сапатын жакшыртуу;

Милдеттер №1:

1.     Айыл аймагындагы иштетилбеген ыңгайсыз жерлерге көп жылдык бак тигип, мөмө-жемиш өндүрүү аркылуу жергиликтүү жарандардын үй-бүлөлүк кирешесин жогорулатуу;

Иш-чаралар;

a.     2019-жылы Найман айылындагы өздөштүрүлбөй жаткан 10 га жерди тамчылатып суугаруу системасын колдонуу менен түшүм берүүчү бакка айландыруу;

b.     2019-жылы биоорганикалык жер семирткичтерди даярдоо боюнча жергиликтүү дыйкандардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында окууларды өткөрүү;

c.     2019-жылы сугат суу менен камсыздоону жогорулатуу максатында жамгыр суусун топтоочу жайларды куруу (дождевальная система орошения); 

d.     2019-жылы Найман суу сактагычынын чыгыш тарабындагы 10 га жер аянтына мисте багын уюштуруу;

e.     2019-2020-жылдары өздөштүрүлбөй жаткан 40 га жерди тамчылатып суугаруу системасын колдонуу менен түшүм берүүчү бакка айландыруу;

f.      Дыйкандарды сапатуу жана жогорку сорттогу үрөн менен камсыздоо, Ош областындагы үрөнчүлүк чарбалар менен келишим түзүүнү уюштуруу.

Милдет №2:

1.     Айыл аймактагы малдын асылдуулугун артыруу менен мал чарбасынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн жогорулатуунун негизинде жергиликтуу жарандардын үй-бүлөлүк  кирешесин 10% жогорулатуу.

 

Иш-чаралар:

a.     2019-жылы Найман суу сактагычынан мал жайытка өтүүчү участогуна көпүрө салуу жана жайытка чейинки жолдорду оңдоо;

b.     2019-жылы Улуу Тоо айылында малдын асылдуулугун жогорулатуу үчүн ветсервис ачуу жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо;

c.      2019-жылы малды дарылоо максатында “Жуут” жайын куруу жана пайдаланууга берүү;

Артыкчылык ѳнүгүү багыты:  Жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыздоо;

Милдеттер: Чакан жана орто бизнес чөйрөсүнө инвесторлорду тартуу жана өнүктүрүү, жергиликтүү жумушсуз жарандардын санын 10% кыскартуу;  

Иш-чаралар:

1.     2019-2022-жылы Гүл өстүрүүчү күнөскана куруу;

2.     2019-2022-жылы алма, өрүк жана шабдалы мөмөлөрүнөн  айына  1000 литр көлөмдөгү шире чыгаруучу кичи завод ачуу;

3.     2019-2022-жылы Сүттү кайра иштетүүчү цех ачуу; 5000000 сом

4.     2019-2022-жылы орус жана англис тилин терең окутуу боюнча жеке менчик башталгыч мектеп ачуу; 250000 сом

5.     2019-2022-жылы Жергиликтүү жарандарга кызмат көрсөтүүчү “тейлөө үйүн” (мончо, чачтарачкана, өтүкчү, тигүүчү ж.б.); 

6.     2019-2022-жылы Найман айылында кондитердик цех ачуу (аялдарды жумуш орундары менен камсыз кылууга комок корсотуу максатында); (чакан кафе ачуу)

7.     2019-2022-жылы Найман айылында балык чарбасын уюштуруу;

8.     Найман айылындагы иштетилбей жаткан жерлерге жузум багын уюштуруу

9.     2020-2022-жылы помидор жана бадыраң өстүрүүчү күнөскана куруу;

10.  2020-2022-жылы Найман көлүндө туристерге кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртуу;

11.  2020-2022-жылы тери жана жүндү кайра иштетүүчү цех ачуу; 7000000 сом

Артыкчылык ѳнүгүү багыты:  Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу

Милдеттер:

1.     Айыл аймагындагы жергиликтүү калк жана коноктор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү калктын катышуусун активдештирүү;

Иш-чаралар

1.     2019-2022-жылы Найман айылынын борборундагы эс алуучу парктын жанындагы 300м тратуарды оңдоо;

2.     2019-2022-жылы Айыл аймак боюнча коммуналдык чарба уюштуруу

3.     2019-2022-жылы таштанды таштоочу 5 га жерди тосмолоо;

4.     2019-2022-жылы Айыл аймактын борборундагы эс алуучу паркты калыбына келтирүү (парктын ичине тратуар-жол куруу, отургучтарды орнотуу, дарактарды отургузуу ж.б); 

5.     2019-2022-жылы Эс алуучу паркка балдар үчүн аянтча куруу;

6.     2019-2022-жылы Найман айылындагы Маданият үйүндө жергиликтүү жаштар, аялдар жана балдар үчүн;

                                               i.     Компьютер курстары;

                                             ii.     Тил үйрөтүүчү курстары;

                                           iii.     Шахмат жана шашки;

                                            iv.     Бий жана музыкалдык аспаптарда ойноо курстары;

                                             v.     фитнес клуб ачуу;

 

2.     Найман айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринде шарттарды түзүү аркылуу мектеп жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу;

Иш-чаралар:

a.     2019-22-жылы “Солнышко” 160 орундуу балдар бакчасын толук ремоттон өткөрүү;

b.     2019-2022-жылы Найман орто мектебинин терезелерин пластик айнектерге алмаштыруу;

c.     2019-2021-жылы Улуу Тоо толук эмес орто мектебинин жылытуу системасын жаңыдан куруу;

d.     2019-2022-жылы “Найман” 60 орундуу балдар бакчасын майып балдар үчүн реабилитациялык борборуна айландыруу;

e.      

3.     Жергиликтүү калктын 75% таза ичүүчү суу менен камсыздоо менен айыл аймактагы санитардык-гигиеналык абалды жакшыртуу

Иш-чаралар:

a.     2018-20-жылы Найман айылында 150 метр кубтук резервуарга бактериоцидтик жабдууну орнотуу;

b.     2019-2021-жылы Найман айылындагы Ынтымак жана Жаштык көчөлөрүнө 500 метр суу түтүктөрүн жаңыдан орнотуу;

c.     2019-2022-жылы Найман айылынын Батыш көчөсүндөгү 1 км суу түтүктөрүн жаңыдан орнотуу жана скважинасын ишке киргизүү;

d.     2020-жылы Найман айылында 500 метр кубтук резервуарды реконструкциялоо;

e.     2020-2021жылы Найман айылындагы Жаштык көчөсүндөгү 1 скважинаны жана Ленин көчөсүндөгү 1 скважинаны ишке киргизүү;

Туруктуу Өнүгүү Стратегиялык Планын иш жүзүндө ашыруунун негизиндеги кутуулучу натыйжалары:

Ø  Айыл чарбасына ынгайсыз болгон бош, иштелбей жаткан жер аянттары иштетүүгө берилет,айыл аймактын кирешесинин көтөрүлүшүнө шарт түзүлөт, элдер иш менен камсыз болот.

Ø  Жумуш орду көбөйүп миграциянын саны азаят.

Ø  Айыл аймактын инфраструктурасы өнүгөт, эски имараттар калыбына келет, айыл аймактагы окуучулардын заманбап имараттарда, заманбап инвентарларды пайдалануу менен билим алуусуна шарт түзүлөт.

Ø  Найман айыл аймактагы  мектепке чейинки балдар 100 пайыз бала бакча менен камсыздалат.

Ø  Айыл аймак 90 пайыз таза суу менен камсыз болот.

Ø  Айыл аймактын айлана -чөйрөсү тазаланат,санитардык жактан тазаланат жана элдердин ден соолугунун чын болушуна шарт түзүлөт.

Ø  Айыл аймактын элдеринин бош убактысында маданий жактан  эс алуусуна шарт түзүлөт

РЕСУРСТАРДЫ БААЛОО

 

Каржылоо планы ар кандай булактардан камсыз кылынат. Жергиликтүү бюджет маанилүү каржылоо булагы болуп саналат, ошондой эле каржылоонун башка маанилүү булагы болуп эл аралык долбоорлор жана жергиликтүү дыйкандардын жана бизнес-коомчулуктун  каражаттары  саналат.

МОНИТОРИНГ жана БААЛОО

 

Стратегиялык Планын ишке ашыруусу үзгүлтүксүз мониторингдин, макулдашылган индикаторлордун негизинде жүзөгө ашырылат.

Мониторинг   Көрсөткүчтөрдүн Матрицасындагы белгиленген  жыйынтыктары менен иш жузундогу көрсөткүчтөрдү салыштыруу аркылуу жана айырмачылыктардын себебин аныктоо  менен жүзөгө ашырылат.

Мониторинг жүргүзүү жана баа берүүнун натыйжалары жергиликтүү кенештин жыйналыштарында каралып, бардык кызыкдар тараптардын жана топтордун катышуусун камтыйт.

 

 

 

 

СТРАТЕГИЯЛЫК ДОКУМЕНТТИН ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

 

 

п.п

Милдеттер

Иш-Чаралар

Мөөнөтү

Күтүүлүчү натыйжа

Жооптуу аткаруучулар

 

1

        2

3

4

5

6

 

Артыкчылык ѳнүгүү багыты:     Айыл чарбасынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн жогорулатуу жана сапатын жакшыртуу

 

1

Айыл аймактын аймагында иштетилбеген ыңгайсыз жерлерди бакчылыкты өнүктүрүү аркылуу жергиликтүү жарандардын үй-бүлөлүк кирешесин жогорулатуу

1.1.Найман айылындагы өздөштүрүлбөй жаткан 10 га жерди тамчылатып суугаруу системасын колдонуу менен түшүм берүүчү бакка айландыруу;

2019-22-жылы

-      Айыл чарбасына ынгайсыз жер аянты иштетүүгө берилет, киреше салыгы көтөрүлөт, жарандар жумуш менен камсыз болот

 

Жер адиси

Эл аралык уюмдар

1.2.Биоорганикалык жер семирткичтерди даярдоо боюнча адистердин жардамы жергиликтүү дыйкандардын билим деңгээлин жогорулатуу;

2019-2022-жылы

-       Аз жер аянтынан көп түшүм алуу жана жер иштетүүнүн туура пайдалануу боюнча элдин билим денгээли көтөрүлөт

Эл аралык уюмдар

1.3.Сугат суунун көлөмүн жогорулатуу максатында жамгыр суусун топтоочу жайларды куруу (дождевальная система орошения); 

2019-22-жылы

-сугат суунун көлөмү жогорулайт, бош жаткан жер аянттары өздөштүрүлөт, жумушсуздар иш менен камсыздалат, миграциянын саны бир аз азаят жана жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Аппарат кызматкерлери, жалпы эл

Эл аралык уюмдар

1.4.Найман суу сактагычынын чыгыш тарабындагы 10 га жер аянтына мисте багын уюштуруу;

2019-22-жылы

Жердин дегредациясы азаят, бош жаткан жер аянттары өздөштүрүлөт, эл жумуш менен камсыздалат жана жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Эл аралык уюмдар

Жайыт комитети

1.5.Өздөштүрүлбөй жаткан 40 га жерди тамчылатып суугаруу системасын колдонуу менен түшүм берүүчү бакка айландыруу;

2019-2022-жылдары

-бош жаткан жер аянттары өздөштүрүлөт, жумушсуздар иш менен камсыздалат, миграциянын саны бир аз азаят жана жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жер адиси

Эл аралык уюмдар, донорлор

2

Айыл аймактагы малдын асылдуулугун артыруу менен мал чарбасынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн жогорулатуу аркылуу жергиликтуу жарандардын үй-бүлөлүк 10% кирешесин көтөрүү

2.1. Найман суу сактагычынан мал жайытка өтүүчү участогуна көпүрө салуу жана жайытка чейинки жолдорду оңдоо;

2019-2022-жылы

-      Малдарды жайытка айдоо жолдору жакшырат, суу сактагычтын айланасындагы пансионаттарда эс алуучулардын саны көбөйөт, жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жайыт комитети,жер адиси

Эл аралык уюмдар

2.2. Улуу Тоо айылында малдын асылдуулугун жогорулатуу үчүн ветсервис ачуу жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо;

2019-2022-жылы

-       Малдын асылдуулугу артат, ар кандай вет. оорулардын алдын алуу жакшырат,элдин акча дарамети жогорулайт.

Вет адиси,

Эл аралык уюмдар

2.3. Малды дарылоо максатында жуунтуучу жайды куруу жана пайдаланууга берүү;

2019-22-жылы

-         ар кандай вет. оорулардын алдын алуу жакшырат, элдин акча дарамети жогорулайт.

Вет адиси,

Эл аралык уюмдар

Артыкчылык ѳнүгүү багыты:    Жергиликтүү жарандарды жумуш орду менен камсыздандыруу

 

1

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү менен жергиликтүү жумушсуз жарандардын санын 10% кыскартуу

1.1.Гүл өстүрүүчү күнөскана куруу;

2019-2022-жылы

-       Эл жумуш менен камсыздалат, азык-түлүк продукциясы көбөйөт, жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жеке ишкерлер,  донолор

1.2.Алма, өрүк жана шабдалы мөмөлөрүнөн айына 1000 литр көлөмдөгү шире чыгаруучу кичи завод ачуу;

2019-2022-жылы

-       Эл жумуш менен камсыздалат, азык-түлүк продукциясы көбөйөт, жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жеке ишкерлер, донорлор

Айыл өкмөтү

1.3. Сүттү кайра иштетүүчү цех ачуу;

2019-2022-жылы

-       Эл жумуш менен камсыздалат, азык-түлүк продукциясы көбөйөт, жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жеке ишкерлер, донорлор

Айыл өкмөтү

1.4. Орус жана англис тилин терең окутуу боюнча жеке менчик башталгыч мектеп ачуу

2019-22-жылы

-       5 адам жумуш менен камсыз болот (мугалимдер)

Айыл өкмөтү

1.5. Жергиликтүү жарандарга кызмат көрсөтүүчү “тейлөө үйүн” (мончо, чачтарачкана, өтүкчү, тигүүчү ж.б.);

 2019-2022-жылы

-       6 адам жумуш менен камсыз болот

Жеке ишкерлер, донорлор

Айыл өкмөтү

1.6.Найман айылында балык чарбасын уюштуруу;

2019-2022-жылы

-       Эл жумуш менен камсыздалат,  жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жеке ишкерлер, донорлор

Айыл өкмөтү

1.7. Найман айылында кондитердик цех ачуу;

2019-2022-жылы

-       Эл жумуш менен камсыздалат, азык-түлүк продукциясы көбөйөт, жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жеке ишкерлер, донорлор

Айыл өкмөтү

1.8.Помидор жана бадыран өстрүүчү күнөскана куруу;

2020-жылы

-       Эл жумуш менен камсыздалат, азык-түлүк продукциясы көбөйөт, жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жеке ишкерлер, донорлор

Айыл өкмөтү

1.9.Найман көлүндө туристерге кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртуу;

2019-2020-жылы

-       Эл жумуш менен камсыздалат, туризм өнүгөт, жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жеке ишкерлер, донорлор

Айыл өкмөтү

1.10.      тери жана жүндү кайра иштетүүчү цех ачуу;

2020-2022-жылы

-       жаштарга жумуш орун пайда болот, жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жеке ишкерлер, донорлор

Айыл өкмөтү

 

 

 

Артыкчылык ѳнүгүү багыты: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу

 

1

Айыл аймагындагы жергиликтүү калк жана коноктор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү калктын катышуусун активдештирүү

1.1.Найман айылынын борборундагы эс алуучу парктын жанындагы 300м тратуарды оңдоо;

2018-2022-жылы

-      Элдин дем алуусуна шарт түзүлөт, айыл аймактын инфраструктурасы жакшырат, жол кырсыктарынын алдын алуу камсыздалат

Жергилктүү бюджет/ айыл өкмөтү

1.2.Найман айылында жайгашкан №18 УДТнын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү

2019-2022-жыл

-      Элдин ден соолугун чындоодо шар түзүлөт

Айыл өкмөтү, донорлор тарабынан

1.3.№18 УДТнын имаратынын айнек терезелерин заманбап пластикке алмаштыруу

2020-2021-жыл

-      Элдин ден соолугун чындоодо шар түзүлөт

-      Жылуулук сакталат

Айыл өкмөтү

 

 

1.4.Таштанды таштоочу 5 га жерди тосмолоо;

2019-2022-жылы

-      Айыл аймакта санитардык-гигиеналык абал жакшырат, элдин ден соолугуна зыян келбөөсүнө шарт түзүлөт

Айыл өкмөтү

донорлор

1.5.Айыл аймактын борборундагы эс алуучу паркты калыбына келтирүү (парктын ичине тратуар-жол куруу, отургучтарды орнотуу, дарактарды отургузуу ж.б); 

2019-2022-жылы

-      Элдин дем алуусуна шарт түзүлөт, айыл аймактын инфраструктурасы жакшырат,

Айыл өкмөтү

донорлор

1.6.Найман айылындагы паркты калыбына келтирүү;

 

 

2019-2022-жылы

 

-      Айылдын инфраструктурасы онолот,

-      Жаш балдардын ойноосуна кам көрүлөт,

Донорлор

Айыл өкмөтү

 

2

Найман айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринде шарттарды түзүү аркылуу мектеп жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу

2.1. “Солнышко” 160 орундуу балдар бакчасын толук ремоттон өткөрүү;

2019-2022-жылы

-      Мектепке чейинки балдардын бала бакчасына баруусуна толук шарт түзүлөт

Донорлор

Айыл өкмөтү

“Найман” (“Солнышко”) балдар бакчасына  10 орундуу ажааткана куруу

2019-2022жылы

 балдардын бала бакчасына баруусуна толук шарт түзүлөт

Донорлор, өнүктүрүү фонду,айыл өкмөтү

Улуу Тоо айылына 20-25 орундуу балдар бакчасын куруу

2019-22-жылы

-      Балдардын билим сапаты жакшырат

-      Ата-энелерге жакшы шарт тузулот.

Донорлор

Айыл окмоту

Айыл тургундары

Улуу Тоо айылындагы балдар бакчасына ички жасалгаларын жана эмеректерди алуу

2021-жыл ичинде

-      Мектепке чейинки балдардын бала бакчасына баруусуна толук шарт түзүлөт

Айыл өкмөтү,

Донорлор тарабынан

Улуу Тоо айылына кичи тигүүчү цех куруу жана аны бүткөрүп ишке берүү

2021-2022

-      Айыл тургундары жумуш менен камсыз болот

Айыл өкмөтү

донорлор

 

2.3. Улуу Тоо толук эмес орто мектебинин жылытуу системасын жаңыдан куруу;

2019-2021-жылы

-      Кышындасы мектеп жылуу болот, окуучулар жана мугалимдер аз ооруйт, билим берүү үзгүлтүккө учурабайт

Донорлор

Айыл өкмөтү

2.4. “Найман” 60 орундуу балдар бакчасын майып балдар үчүн реабилитациялык борборуна айландыруу;

2019-2022-жылы

-      Майып балдарды окууга тартуу жакшырат, ден соолугуна кам көрүлөт,

Донорлор

Айыл өкмөтү

 

“Найман” эки этаждуу 160 орундуу балдар бакчасын толук ремонттон өткөрүү

2019-2022-жыл

-       

Донорлор ,айыл өкмөтү

3

Жергиликтүү калктын 75% таза ичүүчү суу менен камсыздоо менен айыл аймактагы санитардык-гигиеналык абалды жакшыртуу

3.1. Найман айылынын Батыш көчөсүндөгү суу түтүктөрүн жаңыдан орнотуу жана скважинасын ишке киргизүү;

2019-21-жылы

-      Элдин таза суу менен камсыз болуусу  жакшырат, санитардык-гигиеналык абал жакшырат, элдин ден соолугуна кам көрүлөт

Донорлор

Айыл өкмөтү

СООППВ “Найман –таза суу

3.2. 500 метр кубтук резервуарды реконструкциялоо;

2020-жылы

-      Элдин таза суу менен камсыз болуусу  жакшырат, санитардык-гигиеналык абал жакшырат, элдин ден соолугуна кам көрүлөт

Донорлор

Айыл өкмөтү

СООППВ “Найман –таза суу

3.3.айыл аймактагы иштебей турган  2 скважинаны ишке киргизүү;

2020-жылы

-      Элдин таза суу менен камсыз болуусу  жакшырат, санитардык-гигиеналык абал жакшырат, элдин ден соолугуна кам көрүлөт

Донорлор

Айыл өкмөтү

СООППВ “Найман –таза суу