М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№21-1

31.10.2020

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн   башчысынын 2020-жылдын 9 айында  аткарган иштеринин отчету жөнүндө

2.

№21-2

31.10.2020

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  бюджетинин               

киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2020-жылдын 

9 айындагы аткарылышы боюнча ФЭБ

бөлүмүнүн башчысынын отчету жөнүндө

3.

№21-3

31.10.2020

   Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча  2019-жылдын  21-декабрындагы  № 17-2 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

4.

№21-4

31.10.2020

"Кыргыз-Ата булагы" муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылып жаткан иштердин отчету жөнүндө

5.

№21-5

31.10.2020

"Кыргыз-Ата булагы"муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген  ичүүчү  суунун тарифин бекитүү жөнүндө

6.

№21-6

31.10.2020

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана  мекеме-ишканалардын протоколдорун  бекитүү тууралуу 

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

№21-1

31.10.2020

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн   башчысынын 2020-жылдын 9 айында  аткарган иштеринин отчету жөнүндө

    Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндөгү маселениайылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп,  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына  жана  31-беренесинин 2 жана 6-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча берилген отчету канааттандырарлык деп табылсын (тиркелет).

2.            Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планында көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

3.            Кыргыз-Ата айыл аймагындагы эгин талаасына жайылган жылкыларды жана башка мал жандыктарын камоону колго алуу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн бузуулар боюнча комиссиясына  милдеттендирилсин.

4.             Кыргыз-Ата айыл аймагындагы таштандыларды ташып чыгуу боюнча "Тазалык" ишканасын ачууга кеткен чыгымдарды 2021-жылдын бюджетине киргизүү айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

5.             Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин  социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү комиссиясына жана мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

№21-2

31.10.2020

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  бюджетинин               

киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2020-жылдын 

9 айындагы аткарылышы боюнча ФЭБ

бөлүмүнүн башчысынын отчету жөнүндө

  Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2020-жылдын 9 айында аткарылышы боюнча ФЭБ башчысынын отчетун угуп,  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктына, "Кыргыз Республикасынын Бюджет кодекси" кодексинин117- беренесине таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүнбюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 2020-жылдын 9 айында аткарылган иштери жакшы деп табылсын (тиркелет).

2.            Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн өз убагында  толтурулушу жана чыгаша бөлүгүнүн максаттуу пайдаланышы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

№21-3

31.10.2020

 

   Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча  2019-жылдын  21-декабрындагы  № 17-2 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

     Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын  жергиликтүү бюджетинин  аткарылышын анализдеп, аталган меселени Кыргыз-Ата айылдык кенешинин "Бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Бюджет Кодексинин" 115-беренесине  ылайык  Кыргыз Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетиндеги маданият жана спорт тармагына бөлүнгөн 600,0 миң сом акча каражаты коронавирус илдетине байланыштуу иштетилбей калгандыгы № 1 тиркемеге ылайык белгиленсин.

2.         Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетиндеги маданият жана спорт тармагына бөлүнгөн 600,0 миң сом акча каражаты коронавирус илдетине байланыштуу иштетилбей калгандыктан төмөнкү беренелерге өзгөртүлүүсү   бекитилсин.

-708-25 бөлүмүнүн 2215 беренесинен 200,0 миң сом, Көтөрмө айылынын                         К. Каримбердиев көчөсүнүн тротуарына шагал төгүү үчүн 706 бөлүмдүн 3111 беренесине жылдырылсын;

 -708-62 бөлүмүнүн 2215-беренесинен 400,0 миң сом: 704 бөлүмүнүн 3112 беренесине- 200,0 миң сом таажы вирусу менен күрөшүү үчүн койка алууга, 709 бөлүмүнүн 2215 беренесине-100,0 миң сом сапаттуу интернет менен камсыз кылууга, 3111 беренесине -50,0 миң сом Курак Тектир орто мектебинин чатырын ондоого, 706 бөлүмдүн 3111 беренесине 50,0 миң сом столба алуу үчүн жылдырылсын.

3.         Киреше бөлүгү боюнча киреше салыгына 743,0 миң сом кошулсун. Ыктыярдуу  патенттен 20,0 миң сом, милдеттүү патенттен 123,0 миң сом, лицензияны кармоо үчүн акыдан 600,0 миң сом, атайын эсептик счеттон 1320,0 миң сом кемитилсин.

  4.   Жергиликтүү бюджеттин маданият жана спорт тармагына бөлүнгөн 600,0 миң сом акча каражаты коронавирус илдетине байланыштуу иштетилбей калган   акча каражатын сметага ылайык өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү   жана каржылоо жагы айыл өкмөттүн башчысы  Б.Мариповго,  ФЭБ башчысы Р.Коконбаевге милдеттендирилсин.

   5.     Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

№21-4

31.10.2020

 

"Кыргыз-Ата булагы" муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылып жаткан иштердин отчету жөнүндө

   Күн тартибиндеги "Кыргыз-Ата булагы" муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылып жаткан иштердин отчету  жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өзалдынчабашкаруу жөнүндө"мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына  жана  31-беренесинин 2-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         "Кыргыз-Ата булагы" муниципалдык ишканасы тарабынан 2020-жылдын  9 айында аткарган иштеринин отчету канааттандырарлык  деп табылсын (тиркелет).

2.         "Кыргыз-Ата булагы" муниципалдык ишканасынын бюджетин көтөрүү  максатында  тиешелүү иш-чараларды өткөрүү "Кыргыз-Ата булагы" муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.

3.             Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясынатапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

№21-5

31.10.2020

 

"Кыргыз-Ата булагы"муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген  ичүүчү  суунун тарифин бекитүү жөнүндө

   Күн тартибиндеги "Кыргыз-Ата булагы" муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген  ичүүчү суунун тарифин бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынчабашкаруу жөнүндө"мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына  жана  31-беренесинин 2-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         "Кыргыз-Ата булагы" муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген  ичүүчү суунун тарифи бекитилсин (тиркелет).

2.         "Кыргыз-Ата булагы" муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген  ичүүчү суунун тарифинин негизинде иш алып баруу "Кыргыз-Ата булагы" ишканасына  милдеттендирилсин.

3.              Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №5

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

№21-6

31.10.2020

 

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана  мекеме-ишканалардын протоколдорун  бекитүү тууралуу 

     Кыргыз Республикасынын "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары" мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз-Ата айыл аймагындагы  участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорун  айылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.           Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдору бекитилсин.

 

2.           Токтом Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

3.           Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип, этика, дин иштери, үрп-адаттар, каада-салттар жана үй-бүлөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №6

 

Назад