Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин

                                                                                    2020-жылдын 31-октябрындагы № 21-1

                                                                                    токтомуна тиркеме

 

Кыргыз-Ата айыл  өкмөтүнүн  2020-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери

  Урматтуу  төрага, урматтуу депутаттар  жана сессиянын катышуучулары !

   2020-жыл Кыргызстанда "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы"деп жарыялангандыгына байланыштуу бул багытта айыл өкмөтүбүздө алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, ар тараптуу иш чаралар түзүлүп,  көптөгөн иштер аткарылууда.

Республикабызда COVID-19 вирусунун жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирге карабастанбиздин  айыл  аймагыбыздагы социалдык жана башка маселелерди чечүүдөгү алдыга койгон  иш-пландарыбыз ишке ашууда. Атап айтканда:

  Айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджети   2020-жылдын 9 айында  бекитилгени  11635,1 миң сом болуп, 9 айында аткарылганы 11162,9 миң сомду түзүп 472,2 миң сомго кем аткарылып,      96,4  % түздү. Анын ичинен  2020-жылдын 9 айында салык жыйноодо  берилген план 4229,0 миң сом болсо, аткарылганы 3939,0 миң сом же болбосо94,5 % га  аткарылды. Салык жыйноонун толбой калуу себеби COVID-19 вирусунун жайылышынан улам карантин жарыялоого байланыштуу айрым салык түрлөрү толбой калды, атап айтканда ыктыярдуу патент, милдеттүү патент жана лицензия кармоо үчүн акылар карантин мезгилинде жылдын аягына жылдырылган, 2020-жылдын аягына чейин толот.Салыктын айылдар боюнча 9 ай ичинде аткарылышы тууралуу таблица түрүндө сиздерге берилди.

Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүндө  2020-жылдын 9 айында   социалдык  тармактагы аткарылган иштери

   Билим  берүү.

Айыл  аймагындагы жалпы  билим берүүчү мектептерде  2019-2020-окуу жылында 301 мугалим 3355  окуучуга билим-тарбия беришти. Алардын ичинен  309 окуучу 9-классты, 182  окуучу 11-классты бүтүрүштү.

Окуу жылынын  жыйынтыгы  менен  А.Парпиев  атындагы  мектеп-гимназиясынын  бүтүрүүчүсү  Байжигитова  Айгүл  “Алтын тамга”  өзгөчөлөнгөн  артыкчылыктуу  аттестатына  ээ болду. ЖРТнын   жыйынтыгы  менен  А.Парпиев  атындагы  мектеп-гимназиясынын  бүтүрүүчүсү  Топчубаева  Айзат  226  балл  алып, КРнын Президентинин  колунан  “Алтын  сертификат”  алууга  жетишти. А.Топчубаевага        

    Кыргыз-Ата  айыл  өкмөтү  тарабынан  5000 (беш  миң)  сом  материалдык  колдоо  көрсөтүлдү.

     2019-2020-окуу жылынын  жыйынтыгы  менен, “Балдарды  колдоо”  жылынын  алкагында    16  мыкты  окуучу  айыл өкмөтүнүн  Ардак Грамотасы  жана  баалуу  белектери   менен  сыйланышты     Акыркы  коңгуроо жана  бүтүрүүчүлөрдүн  аттестаттарын  тапшыруу  салтанаттары   мыйзам  чегинде  өткөрүлдү.

      Жалпы  билим  берүүчү  8  мектеп  республикалык  бюджеттин  жана  айыл  өкмөтүнүн  каржылоосу  менен  сапаттуу  ремонттолуп, жаңы  окуу  жылына  карата  окуучуларды  кабыл  алууга  даяр  болду.

    2020-2021-окуу  жылында  368 бала  1-класска  мектепке  барып  окуп  жатышат. Калган  окуучулар  учурдагы кырдаалга  байланыштуу  онлайн  түрүндө  окушууда.    

 

 

    Балдар бакчалары.

     Кыргыз-Ата айыл аймагындагы  8  балдар бакчасында  118   кызматкер эмгектенип,  550  бала тарбияланууда.

     Борко айылында К.Коконбаева  атындагы  90 , Көтөрмө айылында “Көтөрмө-Нур” 60 , “Мераж-Нуру” 60 ,   Кыргыз-Ата айылында “Жылдызча-Нур” 90 ,  Эрнис Маманов  атындагы  60,     Ак-Булак айылында “Кызгалдак-Ак-Булак”  90 ,  “Бөпөмай” 50 , “Акылай-Куту”   50 орундуу  балдар бакчалары  иштеп жатат.

     “Жылдызча-Нур” бала бакчасынын   кошумча  имаратынын  курулушу  бүтүп, катуу жана жумшак мебелдери калды. “Мектепке чейинки билим берүү” мыйзамына ылайык, жалпы балдар бакчаларындагы аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жана  жарым жетим  26 бала 50%,  10 бала 100%  төлөө взносунан бошотулган.

 

    Аялуу  катмар

     Айыл  аймагында  2020-жылы  13  жалгыз  бой  кары-картаңдар каттоого алынган. 604  адамденсоолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгена.и. 15адамДЦП, 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген124 бала  бар.

9 адам ВИЧ-СПИД илдетине, 22 адам кургак учук илдетине чалдыккандар. 2020-жыл үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсызболгонжарандарга    300,0 миң  сом  каралса, 9 айда  154  адамга  230,0 миң сом жардамберилди. 9  айда Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан  5 адамга кресло-коляска берилди жана анын жол киреси үчүн айыл өкмөтү  1800  сом төлөп берди.                                                                                                                     

Аз камсыз болгон колдоого муктаж,  майып 47  үй-бүлөгө айыл өкмөтүнүн

жергиликтүү  бюджетинин резервдик фондунан 127,0  миң сомдук материалдык колдоо көрсөтүлдү. 

   Жалпысы 201 адамга 357000 сом жардам катары берилди.

 

  Саламаттык сактоо тармагы

Айыл  аймагындагы “Кызыр-Ата” айылдык ооруканасындагы (20 койкагаэсептелген) төрөт үйү, № 10 23, 26-үй-бүлөлүк дарыгерлер топторундагы 5 дарыгер, 55 орто жана 27 кенже медкызматкерлер  элге стационардык жана амбулатордук кызмат көрсөтүп жатат.

        Саламаттык  сактоо  кызматкерлеринин  кесиптик күнүнө карата  12  кызматкер айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы  менен      сыйланышты, №10,23,26-/ДТнын, айылдык  оорукананын   жамааттарына  60000 (алтымиң) сом   берилди.       

   Кыргыз-Ата айыл  өкмөтүнүн  маданият, спорт жана туризм тармагында аткарылган иштери  боюнча:

         2020-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жаштар, спорт жана маданият иштери боюнча бөлүмүнүн жылдык аткарыла турган иш планы түзүлүп бекитилди. Аталган жылдын башында Көтөрмө айылындагы Тажибай атындагы орто мектебинин жогорку классынын окуучулары менен кылмыштуулукту алдын алуу жана адеп-ахлак, жүрүш-туруш боюнча жыйын өткөрүлүп, жыйынга мечит имамдары жана Адеп башаты диний уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Борко айылындагы Каримов атындагы орто мектебинин окуучулары арасында  2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасын ишке ашыруу максатында “Дени сак улут- өнүккөн өлкө” аттуу спорттук иш-чара өткөрүлүп, жыйынтыгында шамдагай жаштарга айыл өкмөт тарабынан дипломдор жана футбол тобу тапшырылды.  Ал эми Ак-Булак айылындагы Токторов атындагы орто мектебинде жогорку класстын окуучуларын ата-энелери менен биргеликте коомдо анча мынча байкалып жаткан рекетчиликке каршы жыйын өткөрүлүп, жыйынга айылдагы мечит имамдары жана аймактык тескөөчүлөр катышып талкуу иштери жүргүзүлдү.“Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата, 23-февраль “Ата-Мекенди коргоо” күнүнө арналып, аймагыбыздагы билим берүү мекмелериндеги окуучулар арасында “Кыргыз-Ата Мырзасы 2020” аттуу аскердик патриоттук кароо-сынак жогорку денгээде болуп өттү. Сынакка 8 (сегиз) билим берүү мекмесинен бирден эркек окуучу катышты.

   21-февраль” Бүткүл дүйнөлүк эл аралык тил күнүнө” карата биздин айыл айиүмагыбыздагы айыл жаштары жана мектеп окуучулары менен биргеликте салтанат болуп өттү. Салтанатта жалпы катышуучулар тарабынан даярдалган концерт коюлду.

         Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  Көтөрмө айылында «Биз кылмыштуулукка, үй булөлук зордук зомбулукка,  диний экстремизмге, коррупцияга,эрте турмушка чыгууга жана СУИЦИДке каршыбыз» аттуу  акциялык жүрүш болуп өттү.

     Акциялык жүрүшкө айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринин 9-10-11-классынын окуучулары, класс жетекчилер, соцпедагогдор, тарбиялык иштер боюнча директорлордун орун басарлары катышышты.

Айыл өкмөтүнөн маданият кызматкерлери, китепканачылар, аялдар кенешинин төрайымы Т. Садирова, айыл аймактык тескөөчүлөр  МУУ кызматкерлери милициянын кенже лейтенанты Улан Токторов,Максат Абдыкааров, милициянын лейтенанты Манас Кочканов, ЖИИнин тескөөчүсү милициянын капитаны Жаныбек Кудайбердиевдер активдүү катышышса, райондук мекеме-ишканалардан да өкулдөр келишти.

       Кыргыз-Ата айыл аймагында Улуу Жениш майрамы жыл сайын өткөрүлөт. Быйылкы жылы Улуу Жеништин 75 жылдыгы белгиленүү аракети бар болчу,   бирок тилекке каршы 2020-жылдын 6- мартынан баштап дүйнөдө болуп жаткан КОВИД-19 илдети болгонуна байланыштуу айыл аймагыбызда эч кандай маданий иш-чаралар өткөрүү иши токтотулгандыгына байланыштуу майрамдык иш-чаралар токтотулду.           

 Туризм боюнча айта кетсек, Кыргыз-Ата айыл аймагында келе турган  туристер жана эс алуучулар үчүн,  жаратылышы кооз, абасы таза, суусу тунук, жайлоосу кенен Кара-Кой эс алуу жайы жайгашкан. Кара-Кой эс алуу жайында атайын конокторго арналып 50дөн ашуун боз үйлөр тигилип, атайын тейлөөчүлөр жогорку денгээлде тейлешти. Кара-Кой эс алуу жайына кеткен негизги авто жолу айыл өкмөтүнүн балансына кирбейт,  тегиздөө жана түздөө жумуштары аткарылды, 500 метр жолго асфальт төшөлдү.

Кыргыз-Ата айылдык аймагынын мекеме ишканаларын жана калкын  2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы

     Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 2020-жылдын 5-июнунда № 129-буйрук иштелип чыгып, анда кышка даярдык көрүү боюнча 9 кишиден штаб курамы түзүлгөн. Социалдык обьектилерге керектелүүчү электр энергиясы 1041,9 миң квт жана 173,5 т көмүр отуну боюнча лимит бөлүнүп берилген. Анын ичинен БК 147,5 тонна, БР 26 тонна тендерге жарыя берилип ОсОО “Нур-Ата” 707825 сомго утуп бүгүнкү күндө ар бир мектеп, балдар бакчасына көмүрлөрү түшүрүлүп берилди. Мисалы: А.Парпиев атындагы мектеп гимназиясына көмүр түшө элек.  Чоң-Кыштоо башталгыч мектебине 10 т, Борко лицейи 15 т, Жылдызча-Нур балдар бакчасы 5 т, Курак-Тектир орто мектебине 15 т,  С.Токторов атындагы орто мектебине 30 т, Мэраж-Нуру балдар бакчасына түшө элек, К.Коконбаева балдар бакчасына түшө элек, Кызгалдак-Ак-Булак балдар бакчасына 15 т, Көтөрмө-Нур балдар бакчасына 10т, Бөпөмай балдар бакчасына  10 т, Акылай-Куту  балдар бакчасына 10 т, Эрнис Маманов балдар бакчасына түшө элек. Штаб мүчөлөрү тарабынан айыл аймагындагы жалпы социалдык обьектилер текшерилип, күз-кыш айларына карата зарыл болгон запастык бөлүктөр 430,000 сомго эсептелип сатып алуу порталына жарыяланды. Жеке ишкер Меңдибаев Маматазиз запастык бөлүктөрдү   379 500 сомго утуп,запастык бөлүктөр алынып соцобьектилерге орнотулду. Айылдарда калкты көмүр менен камсыз кылууда 2825 тонна керектелет.  Бүгүнкү күнгө 35% көмүр алышты  Көтөрмө, Ак-Булак, Кыргыз-Ата , Борко айылдарында жеке ишкерлер менчик КамАЗ дары менен элге көмүрдү үйлөрүнө керегине жараша жеткирет. Көмүрдүн баасы бүгүнкү   күндө 6 сом. Айыл өкмөттүн  2020-жылдын 2-октябрындагы № 178-буйругу иштелип электр линияларына тийген бак- дарактарды кыркып тазалоо иштери айыл башчыларга жана мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилди. Кышка даярдык боюнча айыл өкмөттө штабдын 6 жолу отуруму өткөрүлүп протоколдор түзүлдү.

Аксакалдар  сотунун   аткарган иштери тууралуу

  Бардыгы  27 иш  каралды:

/й-бүлөлүк жаңжалдар  3, анын ичинен 2 үй-бүлө жарашылды. Ажырашуу маселелери-1, жер маселеси боюнча 7 арыз өз убагында  чечилди. Жолдорду кеңейтүү маселелери-3, акча маселелери боюнча – 1, салык маселелери боюнча-1.  Бардык кароого келген маселелер 27 арыз-даттануу каралды.

  Кылмыштуулук

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, райондук мамлекеттик администрациясынан келип түшкөн токтом-буйруктарды   жана башка иш кагаздарын  аткаруу менен Кыргыз-Ата айыл аймагында укук тартибин чыңдоо  жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча атайын түзүлгөн иш пландын негизинде иш-аракеттер  жүргүзүлүп жатат. 

      2020-жылдын 9 айында  айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан:  

- уурулук  – 10 факт, а.и ачылганы- 

9 факт.

- үй-бүлөлүк жаңжалдар-                   12 факт;

- майда бейбаштык –                           3 факт;

- документтерди жасалмалоо  жок;

- мыйзамсыз дарактарды кыюу-        1 факт ачылды.

      Ал эми коомдук жайда   коомдук тартипти  бузгандыгы үчүн 20  атуулга бузуулар боюнча протокол  түзүлгөн. 

    Кылмыштуулуктун алдын алуу  жана ага бөгөт коюу максатында жарандардын өздүгүн тактоо жана аларды таанып билүү үчүн  700  кожолук текшерилген, ЖӨИ  инспектору тарабынан мектептерде 500 ирет  лекция-семинарлар өткөрүлгөн.

   Айыл аймагында жайгашкан эгин талааларында жүргөн мал жандыктары, айрыкча жылкылар тууралуу айтып өтсөм, 2019-жылдан тартып бузуулар боюнча мыйзам иштей баштады, эгин талааларындагы жерлерди жана эгиндерин тепсеген жарандар арыз менен кайрылса жаңы мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартабыз, мал ээсине айып пул салынат.

 Кыргыз-Ата айыл аймагындагы «Кызыр-Ата» СПАсынын 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча 

«Кызыр-Ата»  СПАсынын карамагында 1546 га сугарылуучу жер аянты бар. 17,5км узундуктагы ички каналдар карайт. СПА нын жылдык бюджети  1млн236 мин сомду түзөт. Сугат сууну пайдалангандыгы үчүн дыйкан, фермерлер 1га аянтка 800 сом төлөшөт.

2020-жылдын 9 айында төмөндөкүдөй жумуштар аткарылды. Жайкы сугат суу сезону мезгилине чейин техниканын жардамы менен «Шамай» каналы 1500 м, «Кайырма» каналы 1000 м, «Чыканак» каналы 500 м, «Сөгөт» каналы 300 метр  жана башка ички каналдар 1800 м  баары 3300 метр канал-арыктар чабылып тазаланды. күйүүчү-майлоочу майга 72260 сом жумшалды. Ошонумененбирге эле каналдарга 8 даанасуубөлүштүрүүчү курулма (щить с затвором) орнотулду. Өткөнжылы да 20 даанаорнотулган. Жалпыбаасы 64мин сомду түздү. Шамай, Токмок-Булакселканаларынремонттооо үчүн 3,5т цемент, арматура, байлоочузым, транспорттукчыгымдарболуп 70 мин сом акчаичкиканалдардыремонттоо үчүништетилди, Бюджеттенбөлүнгөн 347мин сом толукаткарылды,Соц.фонд, салык,сатуудан түшкөнсалыктантөлөнүүчү суммалардыубагындатөлөптурабыз. РСЧБна 161800сом акчанытолуктөгүп бүттүк , бүгүнкү күнгөкарызыбызжок. Бүткүл дүйнөлүк банктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Тамак-аш жана айыл чарба өндүрүшүн  жакшыртуу» долбоору аркылуу МТЗ-82,1 маркасындагы «Беларусь» тракторунун базасында эксковатор-бульдозер июль айында 2500000 сомго  50%-50%  менен, 1млн250 мин сому 7 жылдык мөөнөттөлөнүп  берүү шарты менен алынып келинип азыркы күндө элге кызмат кылууда  2020-жыл эсебинен  92 мин сом  кредит төлөндү.

  КОВИД-19илдети боюнча токтолуп өтсөм:

Айыл өкмөтүндө ушул мезгилге чейин элибизди бул ооруудан  сактоо боюнча өтө жооптуу мезгил болуп,көп иштер аткарылды. Айыл аймагындагы   азык-түлүк сатуучу дүкөндөр үзгүлтүксүз иштеп, калкты тейлеп жатышты. 

   Жарандарды обсервацияга  жаткыруу үчүн айыл аймагында 68 орун даярдалып коюлду, 2 тез жардам 10 жеңил автоунаа саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеп жатышты.  Айыл аймагындагы ар бир айылдын чек араларында посттор уюштурулду жана Шивели ашуусундагы постко Ноокат РИИБ не кат менен кайрылып, кошумча күч чакыртылды, айылдардан түзүлгөн дружинниктер нөөмөттө турушту.

   Айыл аймагындагы бардык айылдардын көчөлөрү, мекеме-ишкана имараттары, мечиттер айыл өкмөттүн, айылдык кеңештин депутаттарынын жана демилгелүү топтордун аракети менен  4 жолудан дезинфекцияланды, элге мобилдүү радио менен үйдөн чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп  жатты.

       Бардык айылдарга көчөлөргө жооптуу көчө комитеттери түзүлүп, байланыш жана ватсап номерлери менен группалар ачылды. Айыл аймагындагы  аптекаларга дары-дармек алып келүү үчүн атайын уруксаты бар транспорт уюштурулду. Медицина кызматкерлерин ишке алып баруу үчүн микроавтобус чыгарылды. Ош шаарынын, Ош облусунун, Ноокат жана Кара-Суу райондору боюнча комендатурасынын 2020-жылдын 28-мартындагы буюрмасына негиз азык-түлүктүн бардык түрлөрүн, курулуш материалдарын, айыл-чарба продукцияларын, дары-дармек, медициналык каражаттарды, күйүүчү-майлоочу каражаттарын ташыган транспортторго айыл өкмөтүнүн түзүлгөн  штабы тарабынан маршруттук лист жана комендатура тарабынан пропуска алынып, тоскоолдуксуз өтүүгө уруксат берилип жатты. 

  Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын протоколдук тапшырмаларын аткарууга алынып, сырттан келген мигранттар боюнча Ноокат РМА штабка жана саламаттыкты сактоо мекемелерине кабар берилип турулду, гуманитардык жардамга муктаж үй-бүлөлөр боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп, келген гуманитардык жардамдар айыл өкмөт жана депутаттар тарабынан түзүлгөн комиссия менен өз дарегине жеткирилип турулду. Өндүрүш ишканалары ишке түшүрүлүп, салык төлөө жана жыйноо иштери туура жолго коюлду.

   Айылдарда ашкана жана базарларды ачууга уруксат берилбеди, тажияларга адам көп келишине жол бербөө  айыл башчылар тарабынан көзөмөлдөнүп турулду.

Республикабызда COVID-19 вирусунун жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштууКыргыз-Ата айыл өкмөтүнө 2020-жылдын март-октябрь  айларында келген жардамдар

Кайдан жана кимден келди

Аталышы

Өлчөө бирдиги

Саны

Канча адамга берилди

Эскертүү

1

Матрезервден

ун

кап

644

644

Март-июнь

2

Матрезервден

ун

кап

64

64

июль

3

Өзбекстан Республикасынан

ун

кап

100

100

август

4

Бишкектеги Кыргыз-Аталык ишкерлерден

ун

кап

500

500

Март-июнь

5

Т. Зулпукаровдон

ун

кап

62

62

Март-июнь

6

И. Матраимовдон

ун

кап

22

22

Март-июнь

7

Мамлекеттен бөлүнгөн акча (215200 сом)

азык-түлүк

пакет

269

269

Март-июнь

8

А. Сулаймановдон

беткап

даана

500

500

Март-июнь

9

Т. Каримовдон

азык-түлүк

пакет

100

100

Март-июнь

10

А. Пазыловдон

антисептик

литр

100

-

А.о, ГСВ, ФАП тарга

11

Кызыл Жарым Ай коомунан

азык-түлүк

пакет

20

20

Март-июнь

12

Кыргыз-Ата Ынтымагы фондунан:

спецодежда

даана

100

-

ГСВ,ФАП,тезжардам постторго

 

 

Резобувь

даана

50

-

ГСВ,ФАП,тезжардам постторго

 

 

очки

даана

20

20

ГСВ,ФАП,тезжардам постторго

 

 

перчатки

даана

800

-

ГСВ,ФАП,тезжардам постторго

 

 

тепловизор

даана

5

-

ГСВ,тезжардам

 

 

башкийим

даана

400

-

ГСВ,ФАП,тезжардам

 

 

беткап

даана

800

-

ГСВ

 

 

антисептик

литр

20

-

ГСВ,ФАП

 

 

пульверизатор

даана

48

-

ГСВ,ФАП,тезжардам постторго

13

АРИС тарабынан

медтоварлар

комплект

6

-

ГСВ,ФАП тарга

14

«Кыргыз унаасы» курулуш компаниясынан

штатив

даана

10

-

ГСВ,ФАП, Кыргыз-Ата ТБ, төрөт үйү

15

MEGACOM уюлдук компаниясынан

азык-түлүк

пакет

17

17

-

16

USAID Америка элинен

азык-түлүк

пакет

20

20

-

17

“Асанабиль” кайрымдуулук фонду

азык-түлүк

пакет

6

6

-

 

Кыргыз-Ата айылынын тургундары-өнөр адамдары Апсаламов Кочкорбай, Осмонова Айжаркын, Осмонова Айганыш

 комбинзон6 респиратор

 кычкылтек концентратору

 маска

 

даана

даана

 

 

даана

даана

 

 

 

 

12

16

 

 

2

120

 

 

 

 

-

-

 

 

-

-

Кыргыз-Ата ТБ

Тез жардам бөлүмү

№ 26 ГСВ

 

Кыргыз-Ата айылынын 1991-жылкы  балдары

Тепловизор

Чепчик 

ЭКГ аппараты

Тараза детский 

Ингаляция аппараты

Маска

Респиратор

 

даана

1

100

 

1

 

1

 

1

15

15

-

 

№ 26 ГСВ

 

Матиев Акунали

 эт

кг

150

75

-

 

Жолдошов Талантбек

Азык-түлүк

пакет

200

200

-

 

 

Бардыгы

х

х

х

2439 адам

 

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 9 айында ар түрдүү тармактар аркылуу тартылган инвестициялар жана аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат

 

Айылдын аталышы

 

Долбоордун аталышы

Сырткы

 А/ө

сумма

миң сом

Респ.

 

  Жамаат

миң сом

 

 Жеке            ишкер

 миң сом

Жалпы

сумма

 миң сом

Жумуш    орду

Өндүрүштүн кубатттуулугу жана башка маалыматтар

Факт. аткарылганы

 

 

Сумма

миң сом

Ким тарабынан

Сумма

миң сом

Ким тараб.

 

Айыл өкмөт боюнча.

Кожолуктарга таза суу эсептегичтерин орнотуу

 

 

 

500,0

 

-

 

-

 

100,0

 

-

 

600,0

 

-

Жыл ичинде

392 счетчик коюлат

227 счетчик орнотулду  калган 165 счетчик жыл аягына чейин орнотулат

Айыл өкмөт боюнча

Кыргыз-Ата кичи ГЭС ине жогорку чыңалуудагы линия тартууга 90 темир-бетон мамыча алуу

-

-

-

-

-

-

700,0

700,0

-

 

90 темир-бетон мамыча Кыргыз-Ата кичи ГЭС ине келди

 

 

Айыл өкмөт боюча

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун  2- компонентинин алкагында үй чарба санитардык абалын жакшыртуу максатында сырткы жана ички ажатканаларды куруу

 

 

 

 

 

 

 

6000,0

 

 

 

 

 

 

Д.Б.

АРИС

 

 

 

 

 

 

-

 

 

 

 

 

 

-

 

 

 

 

 

 

-

 

 

 

 

 

 

1500,0

 

 

 

 

 

 

-

 

 

 

 

 

 

7500,0

 

 

 

 

 

 

-

2020-жыл ичинде

600 даана курулат

2019-жылы 30 даана, 2020-жылдын 9 айында 131араң курулду,

2021-жылга кат менен кайрылып, дагы курууга   уруксат алдык.

 

 

 

 

 

 

 

 

Айыл өкмөт боюча.

Таза суу б-ча  кошумча аткарылуучу иштер:

 Борко, Көтөрмө айылынын насосун алмаштырып, суу топтолуучу 50 м3 кампаларды жасап койуу

 

 

 

 

 

6070,0

 

 

 

 

Д.Б.

АРИС

 

 

 

 

-

 

 

 

 

-

 

 

 

 

-

 

 

 

 

-

 

 

 

 

-

 

 

 

 

6070,0

 

Борко

Көтөрмө айылдарында суу бирдей берилет

Эки суу кампасы бүткөрүлдү, суу кампага насостор алмаштырылганда уланат.

 

Кыргыз-Ата

“Жылдызча-Нур” балдар бакч.

 

-

 

-

 

300,0

 

2500,0

 

Стим грант

 

50,0

 

-

 

2850,0

 

6

Өспүрүмдөр үчүн шарт тузүлөт

2 млн 850 миң сомдук иштер аткарылды,  катуу жана жумшак мебелдери калды

Кыргыз-Ата

Ж. Жээнбаев көчөсүнө шагал төгүп тегиздөө

-

-

50,0

-

-

50,0

-

100,0

-

Жөө жүргүнчүлөргө шарт түзүлөт

Ноябрь айында төгүлөт

Кыргыз-Ата

Көчөлөргө шагал төшөп тегиздөө

 

 

-

 

 

-

 

 

320,0

 

 

-

 

 

-

 

 

270,0

 

 

-

 

 

590,0

 

 

-

2,5 км көчөгө шагал төгүлуп тегиздөө

590 миң сомдук шагал төшөлүп тегизделди

 

Кыргыз-Ата

Жаңы конуштарга темир бетон мамычаларын орнотуу, аба чубалгыларын тартуу

 

 

-

 

 

-

 

 

137,0

 

 

 

 

115,0

 

 

 

252,0

 

 

-

14 Т.Б. мамыча орнотулду 1100 метр аба чубалгы алынып келинди

252,0  миң сомдук иштер аткарылды

 

Ак-Булак

 

Токмок-Булак селканасынан суу өткөрүү

 

 

-

 

 

-

 

 

20,0

 

 

-

 

 

-

 

СПА. Кызыр-Ата 36,0

 

 

-

 

 

56,0

 

24 метр суу өткөрүүчү латок курулду

56,0 миң сомдук иштер аткарылды

Ак-Булак

Т. Аттокуров атындагы көчөгө арыкка бетон куюу

-

-

130

 

 

 

 

130

 

318 метр арыкка латок жасалат

Ноябрь айында бүткөрүлөт

Ак-Булак

Көчөлөргө суу өтүүчү а/ц трубаларды коюу.

6 даана

 

 

-

 

 

-

 

 

68,0

 

 

-

 

 

-

 

 

15,0

 

 

-

 

 

83,0

 

 

-

Трубалар жыл аягына чейин алынат

Ноябрь айында бүткөрүлөт

Ак-Булак

Жаңы конуштарга темир бетон мамычаларды орнотуу, аба чубалгыларын тартуу

 

 

-

 

 

-

 

 

255,0

 

 

 

 

 

 

47,0

 

 

 

 

 

302,0

 

18 даана Т.Б. мамыча алынды

302 миң сомдук иштер аткарылды

Ак-Булак

“Кызгалдак-Ак-Булак” балдар бакчасына очоккана куруу

 

 

-

 

 

-

 

 

90,0

 

 

-

 

 

-

 

 

-

 

 

-

 

 

90,0

 

Очоккана курулуп шарт жакшырат

Очоккана курулуп жатат

Ак-Булак

К. Маматалиев атындагы көчөнү жарыктандыруу

-

-

200,0

-

-

-

-

200,0

 

28 даана прожектор коюлат

28 даана прожектор орнотулду

Көтөрмө

К. Бабакулов атындагы көчөгө таза суу киргизүү

 

 

-

 

 

-

 

 

87,3

 

 

-

 

 

-

 

 

40,0

 

 

 

 

 

127,3

 

 

-

400 метр суу түтүгү тартылды

127 миң сомдук иштер аткарылды

Көтөрмө

Жеке ишкер соода борборун түзүү

 

 

-

 

 

-

 

 

 

 

-

 

 

-

 

 

-

 

 

-

 

 

1200,0

 

 

1200,0

 

 

4

Эки кабаттуу магазин салынат

700,0 миң сомдук иштер аткарылды, курулуш иштери жүрүп жатат

Көтөрмө

Жеке ишкер тарабынан курулуш материал сатуучу магазинин иштетүү

 

 

-

 

 

-

 

 

 

-

 

 

-

 

 

-

 

 

-

 

 

600,0

 

 

600,0

 

 

2

 

Элге шарт түзүлдү

600,0 сомдук иштер аткарылып, магазин ишке берилди

Көтөрмө

Финка банк аялдама куруу

 

 

-

 

 

-

 

 

 

-

 

 

200,0

 

Финка

банк

 

 

 

-

 

 

-

 

 

200,0

 

 

-

3х7 метр аялдама ишке берилди

 

 

200,0 миң сомдук иш аткарылды

Көтөрмө

К. Каримбердиев ат. көчөгө тротуарга шагал төгүп тегиздөө

-

-

91,5

 

 

 

 

91,5

 

2 км тротуарга шагал төгүлөт,элге шарт түзүлөт

Ноябрь айында бүткөрүлөт

Борко

У. Нематов атындагы көчөсүн асфальттоо

 

 

-

 

 

-

 

 

-

 

 

6000,0

 

 

Мин

Транс.

 

 

-

 

 

-

 

 

6000,0

 

 

-

1010 метр асфальт төшөлдү

 

 

6 млн сомго бүткөрүлдү

Борко

Жолдорго суу өтүүчү труба коюу

 

 

18,0

 

 

 

 

18,0

 

3 даана труба коюлат

Ноябрь айында бүткөрүлөт

Борко

Т. Атабаева атындагы көчөгө шагал төгүп тегиздөө

 

 

-

 

 

-

 

 

35,0

 

 

-

 

 

-

 

 

40,0

 

 

-

 

 

75,0

 

 

 

 

1,5 км жол оңдолот

1,5 км жол ондолду

Борко

А. Бодоев, Достук көч. тротуарга шагал төгүп тегиздөө

 

 

57,0

 

 

45,0

 

102,0

 

1 км шагал төгүлөт

 Ноябрь айында бүткөрүлөт

Борко

К. Сулайманов, Ж. Турков, Н. Бекташов атындагы көчөлөргө Т/Б мамычаларын орнотуу 33 даана, аба чубалгыларын тартуу 5500 метр

 

 

 

 

 

 

150,0

 

 

 

137,0

 

 

 

ААК “Ошэлектро”

 

 

 

 

 

 

 

287,0

 

 

 

 

Элге шарт тузүлөт

33 даана Т/Б мамыча, 5500 метр зым  тартылды

Борко

К. Каримов атындагы мектептин имаратын бүтүрүү

75000,0

Араб өнүктүрүү фонду

300,0

-

-

-

-

75300,0

20

2 кабаттуу 375 орундуу мектеп бүткөрүлөт

1 кабаттын дубалы бүткөрүлдү

 

Кара-Кой

Кара-Кой жолуна асфальт төшөө

 

 

 

3000,0

Минтранс

 

 

3000,0

 

500 метр асфальт төшөлөт

500 метр асфальтталды

Кара-Кой

Кара-Кой жолуна шагал төгүү, грейдер менен тегиздөө

 

 

50,0

 

 

 

10,0

60,0

 

Жол жакшырат

Курак-Тектирге чейин грейдер салынды

Кара-Кой

Кара-Кой айылынын участкаларына 25 даана темир-бетон мамыча орнотуу, аба чубалгыларын тартуу

 

 

150,0

 

 

 

 

150,0

 

Элге шарт түзүлөт

Ноябрь айында орнотулат

Бардыгы

                 х

87070,0

  х

2252,3

8837,0

  х

2213,0

2500,0

103733,8

32

      х

35620,0

Тартылган инвестиция

Сырткы инвестиция                                      -  87070,0

Айыл өкмөтүнун бюджетинен                     -  3008,8

Республикалык бюджеттен                          -  8837,0

Жамааттан                                                      - 2308,0

Жеке ишкерлерден                                        - 2510,0

 

Бардыгы                                                         - 103733,8 м.с    анын ичинен факт. аткарылганы  - 35620,0 м.с

 

 

   Кыргыз-Ата айыл

өкмөтүнүн жооптуу катчысы                                                                  Ж. Нурматов