М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 11-1

18.05.2022

Т.Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу "Кулуштан"орто мектебинин эски имараттын бузуп, материалдарын акционго коюу жөнүндө

2.

№ 11 - 2

18.05.2022

Т.Кулатов айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө ,маркумду жерге коюуда жана эскерүү үрп - адаттарда ашыкча ысырапкерчиликтерге жол бербөө максатында иштелип чыккан жобону жана комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө

3.

№ 11 - 3

18.05.2022

Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү Абшыр - Ата , Баглан айылдарында селден жабыр тарткан жерлер жөнүндө

4.

№ 11 - 4

18.05.2022

Т.Кулатов айыл аймагындагы үДТ.16 рентгендин тарифин бекитүү жөнүндө.

5.

№ 11 - 5

18.05.2022

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо - Арык айылынын тургуну Ж.Эргешовдун арызын кароо жөнүндө

6.

№ 11 - 6

18.05.2022

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кызыл- Булак айылынын "Сарыбай" жамаатынын арызын кароо жөнүндө

7.

№ 11 - 7

18.05.2022

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо - Арык айылында жайгашкан жаңы конуштарынын ички жолдоруна ат ыйгаруу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 11-1

18.05.2022

 

Т.Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу "Кулуштан"орто мектебинин эски имараттын бузуп, материалдарын акционго коюу жөнүндө

Т.Кулатов айыл өкмөтүнө карашатуу"Кулуштан" орто мектебинин эски имараттын бузуп, материалдарын акционго коюу жөнүндөгү маселени Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгышып, Т. Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу "Кулуштан" орто мектебинин эски имараттын бузууга жана материалдарын акционго коюуга макулдук берилсин.

 

2.         Токтом менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Көчкөновго жүктөлсүн.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин транспорт , курулуш жана өнөр - жай кайра иштетүү жана энергетика боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Ажибаев                   

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 11 - 2

18.05.2022

 

Т.Кулатов айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө ,маркумду жерге коюуда жана эскерүү үрп - адаттарда ашыкча ысырапкерчиликтерге жол бербөө максатында иштелип чыккан жобону жана комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө

Т.Кулатов айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө, маркумду жерге коюуда жана эскерүү үрп - адаттарда ашыкча ысырапкерчиликтерге жол бербөө максатында иштелип чыккан жобону жана комиссия курамын бекитип берүү жөнүндөгү маселени Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгышып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдагы 24-февраль №54 жарлыгына негиз, Т. Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө, маркумду жерге коюуда жана эскерүү үрп - адаттарда ашыкча ысырапкерчиликтерге жол бербөө максатында иштелип чыккан жобо №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№ 1 тиркеме төрт барактан турат)

 

2.         Т.Кулатов айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө, маркумду жерге коюуда жана эскерүү үрп - адаттарда ашыкча ысырапкерчиликтерге жол бербөө үчүн комиссия курамы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№2 тиркеме бир барактан турат)

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Ажибаев                   

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 11 - 3

18.05.2022

 

Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү Абшыр - Ата , Баглан айылдарында селден жабыр тарткан жерлер жөнүндө

Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү Абшыр - Ата , Баглан айылдарында селден жабыр тарткан жерлер жөнүндөгү билдирүү менен Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т. Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү Абшыр - Ата , Баглан айылындагы селден жабыр тарткан жерлерге тез арада айыл өкмөтү тарабынан мониторинг жүргүзүлсүн.

 

2.         Т.Кулатов айыл аймагындагы селден жабыр тарткан жерлерге жана курулуш иштери боюнча түзүлгөн комиссия курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3.         Токтомго ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Көчкөновго тапшырылсын .

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Ажибаев                   

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 11 - 4

18.05.2022

 

Т.Кулатов айыл аймагындагы үДТ.16 рентгендин тарифин бекитүү жөнүндө.

 Т.Кулатов айыл аймагындагы үДТ.16 рентгендин тарифин бекитүү жөнүндө Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин депутаттары билдирүү менен таанышып жана талкуулап чыгышып, Т. Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Кулатов айыл аймагындагы үДТ.16 рентгендин төмөндөгүдөй наркта тарифи бекитилсин .

             *  Чоң пленка 220 сом

             *   Кичине пленка 120сом

             *   Кагаз 100сом

             *  Сырттан келегндерге чоң пленка 600сом

             *  Кичине пленка 400сом

             *   Кагаз 100сом

 

2. Төмөндө көрсөтүлгөн акчаларды жыйноо жагы үДТ.16 нын улуу медайымы М.Сабировага милдеттендирилсин.

 

3. Токтомго ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Көчкөновго жүктөлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына жана айылдык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Ажибаев                    

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 11 - 5

18.05.2022

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо - Арык айылынын тургуну Ж.Эргешовдун арызын кароо жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо - Арык айылынын тургуну Эргешов Жоробектин Абшыр-Ата айылынын "Уч-Терек" участогунда жайыт жеринен 0.21га жер аянтынын багытын өзгөртүп,он беш жылдык мөөнөткө мыйзамдаштырып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясынын 2022-жылдын 19-апрель № 11-2 протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 беренелерине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын тургуну Ж.Эргешов Абшыр-Ата айылынын "Уч-Терек" бөлүмүнөн жайыт жеринен 0.21га жер аянтына балык чарбасын (форель) уюштуруп, багытын өзгөртүп,он беш жылдык мөөнөткө келишимдин негизинде пайдаланууга макулдук берилсин.

2. Кожо-Арык айылынын тургуну Эргешов Жоробек менен келишим түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Көчкөновго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү жана мыйзамдуулук,мандат,укук,дин иштери жана депутаттардын этикасы боюнча комиссияларына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Ажибаев                   

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 11 - 6

18.05.2022

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кызыл- Булак айылынын "Сарыбай" жамаатынын арызын кароо жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кызыл - Булак айылынын "Сарыбай"жамаатына курулуш куруу үчүн жайыт жеринен 0,50га жер аянтын мыйзамдаштырып берүү жөнүндөгү маселени Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясы таанышып жана талкуулап чыгышып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 беренелерине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылынын "Сарыбай жамаатына Кызыл -Булак айылынын түштүк - чыгыш тарабынан жайыт жеринен 0,50га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер"категориясынан "Өнөр жайдын , транспорттун ,байланыштын жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга макулдук берилсин.

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылынын "Сарыбай жамаатына Кызыл -Булак айылынын түштүк - чыгыш тарабынан жайыт жеринен 0,50га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер"категориясынан "Өнөр жайдын , транспорттун ,байланыштын жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү жана мыйзамдуулук,мандат,укук,дин иштери жана депутаттардын этикасы боюнча комиссияларына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Ажибаев                   

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 11 - 7

18.05.2022

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо - Арык айылында жайгашкан жаңы конуштарынын ички жолдоруна ат ыйгаруу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо - Арык айылында жайгашкан жаңы конуштарынын ички жолдоруна ат ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйындын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 1 жана 2022-жылдын 16-майындагы №2 протоколдорун угуп жана талкуулап , Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылында жайгашкан жаңы конуштарынын ички жолдоруна ат ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйындын протоколдору колдоого алынсын.

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо -Арык айылынын "Кубаттын оюу" бөлүмүндө жайгашкан жаңы конушунун ички жолдорун "Кубаттын оюу", ал эми "Маширап - Сай" бөлүмүндө жайгашкан жаңы конушунун ички жолдоруна "Маширап - Сай"деген аттар коюлсун.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,мандат,укук,дин иштери жана депутаттардын этикасы боюнча комиссияларына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Ажибаев                   

 

 

Назад