Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин

                                                                         № 11-2 токтомуна № 1 тиркеме

 

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында  үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобо.

 

1.Жалпы жоболор

2.үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби.

3. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби.

4.үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

4.1.Жергиликтүү комиссия

4.2.Райондук комиссия

4.3.Жергиликтүү жамаатык комиссия

5.Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.

1.Жалпы жоболор

1.1.Бул Жобо “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамаатын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.

1.2. Жобонун максаты: айыл аймагында коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, этностук ырым-жырымдарды өткөрүүдө убарагерчиликке, сөөк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкерчиликке, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн  күндөлүк турмушта жайлышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.

2.үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

2.1.үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той,тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) той, куда тосуу, кыз узатуу, юблейлик жаштарды белгилөө, кичи жана чоң ажы сапарынан келгенде учурашуу маараке салтанаттары кирет.

2.2. үй-бүлөлүк салтанаттар айылдарда калыптанып  калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

2.3.үйлөнүү той өз ыктыярлары менен эки тараптан (кудалар) эсебинен 200 адамга чейинки “Банкеттик кече” же конок  тосуу менен  “Салттуу той” формасында өткөрүлөт жана ысрапкерчиликке жол берилбейт. үйлөнүү тоюнда ири бир баш бодо мал же бир жылкы союуга уруксат берилет. Бирок, ашыкча сый дасторкондорду уюштурууга тыюу салынат. Меймандарга себет тартылбайт,тойго да себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.

2.4. Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан  бардык иш-чараларда                            (каада-салттарда) эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптын туугандарына, конокторуна, сый кийимдерди жана идиш аяктарды берүүгө тыюу салынат. Кыз жигитке жана алардын ата-энесине гана сый кийимдерди белектерди берүүгө уруксат берилет. Кыздын калыңы, кызга сеп берүү эки жаштын ата-энесинин макулдашуусу менен жүргүзүлөт.Бирок кыздын калыңы максимум 150миң сомго чейин , 4 союш , 100кг (2 таңгак) пахтадан ашырылбайт. Кызга сеп берүүдө ашыкча жууркан-төшөк берилбейт (6 көрпө,6 төшөк, 10 жакандөз, 8 жуп жаздык) турмуш-тиричиликке керектүү зарыл буюмдар гана берилет.

2.5. Тойдон кийинки салттык отко кирүү, келин көрдү, төркүлөтүү, бешик той сыяктуу кечелер өз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлөсүнүн арасында 12 ден ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт. Ашыкча ысырапкерчиликке жол берилбейт.

2.6. Кыз узатууда 10-15тен ашык түрдүү кийим кече берүүгө, ар майрам сайын күйөө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.

2.7. Кыз тарапка бата той алып барганда 12 адам, күйөө жолдоштор 10 дон ашпоосу керек.

2.8. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына никени мамлекеттик катоодон өткөрүү салтанатында 3 төн ашуун транспортту колдонууга тыюу салынат.

2.9. Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюууга тыюу салынат. Расмий молдолорго гана он сегизге чыккан ЖААК бөлүмүнө нике күбөлүгүн алууга арыз менен кайрылган эки жашка нике кыюууга уруксат берилет.

2.10. Кыз узатуу  той ашыкча ысырапкерчиликке жол бербей туугандары жана  айылын чакыруу менен өткөрүлөт.

2.11. Кичи жана чоң ажы сапарынан келгенде учурашуу элдик жалпы тойго айландырбай чакырылгандардын жана жакын туугандарынын гана катышуусунда ашыкча чыгымсыз өткөрүлөт. Себет көтөрүп келүү, нан-пакет, белектер, жайнамаз, жоолук, тесбе, топу калпак, материалдар берилбейт, таркатылбайт.

2.12. Сүннөт той бир күндө жакын туугандарынын арасында эки жашар музоо же бир майда жандык союп өткөрүлөт. Сүннөткө отургузулган балага майда кымбат эмес белектерди берсе болот. Конок берүүгө, бир күн мурда куда сыйлоого чек коюлат.

2.13. Юблейлик жаштарды белгилөө жакын туугандар арасында ашыкча чыгымдарсыз                          үй-бүлөлүк майрам катары белгилөөгө уруксат берилет.

 3. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

3.1. Маркумду эскерүү ырым-жырымдары айылдарда  калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген четөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

3.2. Маркум чыккан (азалуу)  үйдө алгачкы үч күн ичиндеги эч кандай жандык союулбайт, алыстан келген конокторго гана  кошуналардын үйүндө элдин жардамы менен бир жолу чай берилет.

3.3. Сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырамына ири бодо мал, жылкы союуга тыюу салынат.

3.4. Маркумга атап үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык, айттыгын белгилөөгө жана дасторкон даярдоого, союш жетелеп барып, чай ичирди кылууга тыюу салынат.

3.5. Сөөк коюуда жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө (баш кийим, чепкен, көйнөк) маркум өткөн жерде кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып, жыртып таратып берүүгө, майда барат буюмдарды (чыны, табак, дасторкон, самын, жип, чачык, бет аарчы, чай, акча) таратууга тыюу салынат.

3.6. Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе болгондуктан тыюу салынат.

3.7. Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын  бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша, карыз албастан бир жолу кайрымдуулук иретинде (ихсан) куран окутууга уруксат берилет.

4. үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары.

Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанатттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга айыл өкмөтүнүн башчысы жана жергиликтүү комиссия  кирет.

     Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет

     4.1. Жергиликтүү комиссия

4.1.1.Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө жана айыл аймагында түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, айылдык тескөөчүлөр, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюумдарынын, аксакалдар сотунун диний уюмдардын өкүлдөрү кирет, Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.

4.1.2.Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду эскерүү ырым-жырым өткөрүп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, сөөк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониториг жана көзөмөл жүргүзөт. Жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга катоо жүргүзөт (же акт түзүлөт). Ал  тууралуу комиссиянын отурумунда  маселени карайт, жобону бузган адамдарга карата тийиштүү чаралар көрүлөт. Жергиликтүү комиссиялардын чечимин кабыл алууну татаалдаткан жагдайлар келип чыккан учурда чара көрүү үчүн райондук комиссияга сунушталат.

5. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын,  ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик  жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айыл жазаларын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.

 

        Айылдык кеңештин жооптуу катчысы:                                      Таштемир к Ж.

 

                                                                        Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин

                                                                         № 11-2 токтомуна № 2 тиркеме

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө маркумду жерге коюуда жана эскерүү үрп-адаттарында өзүнүн мүнкүнчүлүгүнө жараша ири акча каражаттарын жумшабастан, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө үчүн  комиссия курамын бекитип берүү боюнча комиссиясынын  курамы.

 

1.     Комиссиянын төрагасы: Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Бойдонов.

2.     Комиссиянын мүчөлөрү: Соц-адис К.Кадыров

3.     Абшыр-Ата айылынын айыл башчысы Д.Атакожоев

4.     Кожо-Арык айылынын айыл башчысы Ж.Эралиев

5.     Ак-Терек  айылынын айыл башчысы Ө.Чодонова

6.     Ак-Чал айылынын айыл башчысы А.Закиров

7.     Арык-Тейит айылынын айыл башчысы А.Эргешов

8.     Кызыл-Булак, Баглан  айылдарынын айыл башчысы С.Асанбеков

9.     Кулуштан айылынын айыл башчысы Ж.Жунусов

10.  Айылдык кенештин депутаты М.Шамшиева

11.  Айылдык кенештин депутаты Ж.Салиева

12.  Айылдык кенештин депутаты М.Мурзамамитова

13.  Айылдык кенештин депутаты Н.Эргешова

14.  Айылдык кенештин депутаты Өктөм кызы Айжамал

15.  Айылдык кенештин депутаты Н.Паизова

16.  Айыл аймагынын башкы имам А.Матраимов 

17.  Аксакалдар соту К.Камчыбеков

 

 

 

 

 

       Айылдык кеңештин жооптуу катчысы:                                      Таштемир к Ж.