М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№34-1

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитип  берүү жөнүндө

2.

№34-2

28.12.2020

Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Бузуулар боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

3.

№ 34-3

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жеңилдик  берилген физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгы, таштанды салыгы, автоунаа ээлеринен алынуучу кыймылдуу мүлк салыгын бекитип берүү жөнүндө

4.

№ 34-4

28.12.2020

Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Ак-Чал  айылындагы "Ак-Ниет" бала бакчасына Мекеме  түзүү жөнүндө

5.

№ 34-5

28.12.2020

"Абшыр таза суу" ИСКАКБ  Айыл банктан лизинг негизинде техника сатып алууга макулдук берүү жөнүндө

6.

№ 34-6

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын тургуну  Эшматова Рахаттын  арызын кароо жөнүндө

7.

№ 34-7

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан  айылындагы Баглан  орто мектебинин филиалынын курулушуна акча каражатын бөлүү жөнүндө

8.

№ 34-8

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык  айылындагы жаныдан курула турган балдар бакчасынын курулушуна акча каражат бөлүү жөнүндө

9.

№ 34-9

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык  айылындагы жаныдан курулуп жаткан амбулаториянын курулушуна акча каражат бөлүү жөнүндө

10.

№ 34-10

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштан  айылынын негизги жолуна асфальт төшөө үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө

11.

№ 34-11

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын

Т.Кулатов атындагы мемориалдык музейин Уставын бекитүү жөнүндө

12.

№ 34-12

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  социалдык- экономикалык өнүгүү программасын 2018-2025-жылдарга  карата стратегиялык планын  бекитүү жөнүндө.

13.

№ 34-13

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы Ж.Амираев атындагы маданият үйүнүн Уставын бекитүү жөнүндө

14.

№ 34-14

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы А.Жунусов атындагы спорт комплексинин Уставын бекитүү жөнүндө

15.

№ 34-15

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин 6 чакырылышынын 2019-жылдын 26-декабрындагы кезектеги 24-сессиясынын  №24-6 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү   жөнүндө

16.

№ 34-16

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак  айылынын негизги жолундагы көпүрөөнүн жөө жүргүнчүлөр үчүн кошумча көпүрөө куруу үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө

17.

№ 34-17

28.12.2020

Т.КулатоватындагыайылдыкКенешининVчакырылышынын 2014-жылдын 5-мартындагы  кезектеги 12- сессиясынын № 12-9 токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүүжөнүндө

18.

№ 34-18

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатынын,  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүп жаткан 100 % кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфракструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып берүү жөнүндө

19.

№ 34-19

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы мекеме ишканалардын электр энергия, таза сууга болгон коммуналдык төлөмдөрүнө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

20.

№ 34-20

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчалардын кызматкерлерине күнүмдүк жана транспорт чыгымдарына 200 000 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

21.

№ 34-21

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин мугалимдерине күнүмдүк жана транспорт чыгымдарына 200 000 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

22.

№ 34-22

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы спорт комплексинин курама командаларына жана спортсмендерине мелдештерге катышуу үчүн күнүмдүк жана транспорт чыгымдарына 200 000 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

23.

№ 34-23

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Т.Имарова атындагы маданият үйүнүн Уставын бекитүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№34-1

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитип  берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагыайыл өкмөтүнүн 2020-жылга  жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2021-жылга каралган жергиликтүү бюджетин жана 2022-2023-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын  2021-жылга республикалык бюджети  жана 2022-2023-жылдарга болжолу   жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүүайылдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Т.Кулатов атындагыайылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын  27-статьясынын 5 пунктуна  ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетин,  2022-2023-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитип  берүү жөнүндө депутаттар таанышып жана талкуулап чыгышып, Т. Кулатов атындагы айылдык Кенешинин  сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         2021-жылга Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 75 109,500 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.         2021-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

3.         Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2021-жылга түшкөн кирешелердин  чегинде,ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,соц.фондко чегерүү,тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

4.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

5.         Кирешелеринин болжолу 2022-жылга 72098,7 мин сомго  жана 2023-жылга 72992,3 мин сомго  белгиленсин.

6.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

7.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын айылдык бюджетинин аткарылыш  № 4 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

8.         Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

9.         Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

10.       Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу;

11.       -ушул токтомдун 1 беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

12.       -ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде  экиден ашпаган тактоолорду жүргүзүүгө,

13.       - киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

14.       2021-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кенешке ыгарылсын.

15.       Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максатуу,сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

16.       Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                   

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№34-2

28.12.2020

Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Бузуулар боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнөкараштуужергиликтүүөзалдынчабашкарууиштерибоюнчамамлекеттикагенттигинин  2018-жылдын   17-октябрындагы"КыргызРеспубликасынынжергиликтүүөзалдынчаоргандарынынбузууларжөнүндөиштердикарообоюнчакомиссиялар тууралуу   Жобону  бекитүүжөнүндө"Агенттиктин№ 01-18 / - 126  буйругунжетекчиликкеалуу максатындаТ. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Бузуулар боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө Т. Кулатов атындагы айылдык Кенештин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т. Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Бузуулар боюнча комиссиясынын курамына тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин, иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №2

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-3

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жеңилдик  берилген физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгы, таштанды салыгы, автоунаа ээлеринен алынуучу кыймылдуу мүлк салыгын бекитип берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ага  салыкчысы Н.Жолдошбаевдин билдирүүсүнө негиз Кыргыз Республикасынын 27.06.2009-жылдын  № 255, 10.02.2010-жылдын  № 25, 25.06.2012-жылдын № 123, Кыргыз  Республикасынны 16.04.2010-жылдын №51, 22.12.2011-жылдын  №248, 09.08.2012-жылдын №158, 22.02.2013-жылдын № 28, 18.05.2012-жылдын №55-мыйзамдарына негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу 945 га жер аянты,  жашаган кожолуктар саны 3511,  2020-жылга тамарка  салыгы боюнча 2300 кожолуктарга 345,0га жер аянтына  жеңилдик берилсин.

2.Калган 1211 кожолуктардын 580,0га жер аянтынан тамарка  салык өндүрүлсүн №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.1238 кожолук пенсионерлерге жер аянты 185,7га жеңилдик берилсин№1 тиркемеге ылайык.

4.1013көп  балалуу үй бүлөөлөрдүн жер аянты 151,855га жеңилдик берилсин №1 тиркемеге ылайык.

            5.  19 Афганистанда кызмат кылгандардын жер аянты 2,85га жеңилдик берилсин №1 тиркемеге ылайык.

6.  164 кожолук I-II-топтогу майыптардын жер аянты 24,6 га. жеңилдик берилсин  тиркемеге ылайык.

7.3511 кожолуктан 100 сомдон 351100 сом  таштанды салыгы өндүрүлсүн №2 тиркемеге ылайык.

8. Транспорт салыгы боюнча жалпы 1581оор жана жеңил автоунааларынан 1360 000 миң сом салык өндүрүлсүн. № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

9.Тамарка салыгы жана таштанды салыгы боюнча салыктын өз убагында  төгүлүшү тамарка жана кожолук башчыларынын ээлерине милдеттендирилсин жана айыл өкмөтү жоопкерчилигинен четтетилсин.

10.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №3

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-4

28.12.2020

Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Ак-Чал  айылындагы "Ак-Ниет" бала бакчасына Мекеме  түзүү жөнүндө

 Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Ак-Чал айылындагы "Ак-Ниет" бала бакчасына Мекеме түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы Н.Мадимаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндөгү 2017-жылдын 18-августундагы №495 токтомуна негиз, курулуш иштери аяктап калгандыгына байланыштуу  депутаттар таанышып жана талкуулап чыгышып, Т. Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         "Ак-Ниет" бала бакчасы Мекеме болуп ачылууга  макулдук берилсин.

2.         "Ак-Ниет" бала бакча Мекемесинин Уставын Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин, иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-5

28.12.2020

"Абшыр таза суу" ИСКАКБ  Айыл банктан лизинг негизинде техника сатып алууга макулдук берүү жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн "Абшыр таза суу" ИСКАКБ Айыл банктан лизинг негизинде техника сатып алууга макулдук берүү жөнүндөКыргызРеспубликасынын2016-жылдын 16-майындагы №59Бюджеттиккодексинин 29-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3 бөлүмчөсүнөтаянып, Т.КулатоватындагыайылдыкКеңешининсессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн "Абшыр таза суу" ИСКАКБ Айыл банктан лизинг негизинде техника сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 850 000(сегиз жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.         Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу  Жанибек уулу Анарбекке  жүктөлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-6

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын тургуну  Эшматова Рахаттын  арызын кароо жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык  айылынын тургуну  Эшматова Рахаттын арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери  жөнүндө" Мыйзамына негиз, жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп берүү үчүн Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын тургуну Эшматова Рахатка, Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери  жөнүндө" Мыйзамына негиз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 20 000 (жыйырма мин сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров менен финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Жанибек уулу Анарбекке  жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин "экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"   боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                   

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-7

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан  айылындагы Баглан  орто мектебинин филиалынын курулушуна акча каражатын бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Баглан  орто мектебинин филиалын  куруу  жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  2011-жылдын  15-июлундагы  №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Баглан  орто мектебинин филиалын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1000,0 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.         Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчынын убактылуу милдетин аткаруучу Жанибек уулу Анарбекке  милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

8

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-8

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык  айылындагы жаныдан курула турган балдар бакчасынын курулушуна акча каражат бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы жаныдан курула турган балдар бакчасын куруу  жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  2011-жылдын  15-июлундагы  №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы жаныдан курула турган балдар бакчасын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 4000,0 (төрт миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.         Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчынын убактылуу милдетин аткаруучу Жанибек уулу Анарбекке  милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

9

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-9

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык  айылындагы жаныдан курулуп жаткан амбулаториянын курулушуна акча каражат бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы жаныдан курулуп жаткан амбулаторияны куруу  жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  2011-жылдын  15-июлундагы  №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы жаныдан курулуп жаткан амбулаторияны куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 5000,0 (беш миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.         Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчынын убактылуу милдетин аткаруучу Жанибек уулу Анарбекке милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

10

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-10

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштан  айылынын негизги жолуна асфальт төшөө үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштанайылынын негизги көчөсүнө асфальт төшөө жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  2011-жылдын  15-июлундагы  №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 18-беренсинин 6-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштанайылынын негизги жолуна асфальт төшөө үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 5000,0 (беш миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.         Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчынын убактылуу милдетин аткаруучу Жанибек уулу Анарбекке милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

11

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-11

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын

Т.Кулатов атындагы мемориалдык музейин Уставын бекитүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын Т.Кулатов атындагы мемориалдык музейинин Уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүүчектелгенштаттарынбекитүүжөнүндөгү 2017-жылдын 18-августундагы№ 495, жана Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы №429 Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө токтомунанегиз, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы Т.Кулатов атындагы мемориалдык Музейинин Уставы бекитилсин.

2.         Башкы сактоочу кызмат ордунун эмгек акысы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.

3.         Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчынын милдетин аткаруучу  Жанибек уулу Анарбекке милдеттендирилсин.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №4

Назад

12

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-12

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  социалдык- экономикалык өнүгүү программасын 2018-2025-жылдарга  карата стратегиялык планын  бекитүү жөнүндө.

           Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  башчысынын  орун басары  Д.Көчкөновдун  билдирүүсүн негизинде түзүлгөн 2018-2025-жылдарга  карата социалдык -экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун угуп жана талкуулап Т.Кулатов атындагы  айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  2018-2025-жылдарга  карата түзүлгөн стратегиялык иш-чара  социалдык -экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  2018-2025-жылдарга  карата түзүлгөн стратегиялык иш-чара социалдык -экономикалык өнүгүү программасына Кереге-Таш, Ак-Терек, Абшыр-Ата айылындарына балдар бакчаларын куруу киргизилсин.

3.         Ушул токтомдукөзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                   

ТИРКЕМЕ №5

Назад

13

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-13

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы Ж.Амираев атындагы маданият үйүнүн Уставын бекитүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы Ж. Амираев атындагы маданият үйүнүн Уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы №429 Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө токтомуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы Ж. Амираев атындагы маданият үйүнүн Уставы бекитилсин.

2.         Ж.Амираев атындагы маданият үйүнүн кызматкерлеринин эмгек акыларын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.

2.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №6

Назад

14

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-14

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы А.Жунусов атындагы спорт комплексинин Уставын бекитүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы А.Жунусов атындагы спорт комплексинин Уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы №429 Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө токтомуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы

А. Жунусов атындагы спорт комплексинин Уставы бекитилсин.

2.         А. Жунусов атындагы спорт комплексинин кызматкерлеринин эмгек

Акылары айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №7

Назад

15

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-15

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин 6 чакырылышынын 2019-жылдын 26-декабрындагы кезектеги 24-сессиясынын  №24-6 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү   жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы Сейдали Мойдунов атындагы спорт майданынын чыгыш тарабына спорттук комплекс куруу жөнүндөгү  билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  2011-жылдын  15-июлундагы  №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 18-беренсинин 10-бөлүмүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы Сейдали Мойдунов атындагы спорт майданынын чыгыш тарабына спорттук комплекс куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10 000,0 миң сом (он миллион)  акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.         Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчынын убактылуу милдетин аткаруучу Жанибек уулу Анарбекке милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

16

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-16

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак  айылынын негизги жолундагы көпүрөөнүн жөө жүргүнчүлөр үчүн кошумча көпүрөө куруу үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын негизги жолундагы көпүрөөнүн жөө жүргүнчүлөр үчүн кошумча көпүрөө куруу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  2011-жылдын  15-июлундагы  №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 18-беренсинин 6-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштан айылынын негизги жолундагы көпүрөөнүн жөө жүргүнчүлөр үчүн кошумча көпүрөө куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.         Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчынын убактылуу милдетин аткаруучу Жанибек уулу Анарбекке милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

17

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-17

28.12.2020

Т.КулатоватындагыайылдыкКенешининVчакырылышынын 2014-жылдын 5-мартындагы  кезектеги 12- сессиясынын № 12-9 токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүүжөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешиин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Муратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 13, 32-беренелерине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин  сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.КулатоватындагыайылдыкКенешининVчакырылышынын 2014-жылдын 5-мартындагы  кезектеги 12- сессиясынын № 12-9 токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмтүнө караштуу айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (АЧЖФ) жерлеринин атуулдарга жеке менчик турак жай салуу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жери категориясына"  көп жылдык кайрак айдоо аянтарынан №136 контурунан 15,70 га №159 контурунан 19,10 га, №448 контурунан 15,50 га, №5242 контурунан 3,88 га, № 5245 контурунан 4,36 га, №6623 контурунан 14,10 га, №6649 контурунан 13,40 га, №6625 контурунан 5,0 га, №6648 контурунан 4,90 га, №6627 контурунан 4,90 га, №6647 контурунан 3,50 га, № 6637 контурунан 2,0 га жалпы 106,34 га кайрак айдоо жер аянтарын "Калктуу конуштар жерлери" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

3.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба мамлекеттик фондусундагы 106,34 га кайрак айдоо аянттарын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштар жерлери" категориясына которуп (трансформациялоо)  берүү үчүн иш кагаздарын толуктап, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин айыл чарба,  жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо  боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №8

Назад

18

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-18

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатынын,  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүп жаткан 100 % кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфракструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Рустамовдун билдирүүсүндө  жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатынын,  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүп жаткан 100 % кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфракструктурасын өнүктүрүү үчүн кайтарып берүү жөнүндө айтылган сөздөрүн угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатынын,  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүп жаткан 100 % кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфракструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып берүүгө макулдук берилсин.

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатынын 100 % кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфракструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып, жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына тапшырылсын.

3.         Бөлүнүп берилген акча каражатын максатуу иштетүү жагын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Рустамовго милдеттендирилсин.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

19

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-19

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы мекеме ишканалардын электр энергия, таза сууга болгон коммуналдык төлөмдөрүнө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын Н.Мадимаровдун Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме ишканалардын электр энергияга, таза сууга болгон коммуналдык төлөмдөрүнө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 18-беренесинин таянып,Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы мекеме ишканалардын электр энергия, таза сууга болгон коммуналдык төлөмдөрүнө акча каражатын бөлүп  берүүгө макулдук берилсин.

2.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы мекеме ишканалардын электр энергия, болгон коммуналдык төлөмдөрүнө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме ишканалардын таза сууга болгон коммуналдык төлөмдөрүнө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №9

Назад

20

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-20

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчалардын кызматкерлерине күнүмдүк жана транспорт чыгымдарына 200 000 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын Н.Мадимаровдун Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчалардын кызматкерлерине күнүмдүк жана транспорт чыгымдарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 10-беренесинин 7-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчалардын кызматкерлерине күнүмдүк жана транспорт чыгымдарына 200 000 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

21

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-21

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин мугалимдерине күнүмдүк жана транспорт чыгымдарына 200 000 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын Н.Мадимаровдун Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин мугалимдерине күнүмдүк жана транспорт чыгымдарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 10-беренесинин 7-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин мугалимдерине күнүмдүк жана транспорт чыгымдарына 200 000 сом  акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

22

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-22

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы спорт комплексинин курама командаларына жана спортсмендерине мелдештерге катышуу үчүн күнүмдүк жана транспорт чыгымдарына 200 000 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын Н.Мадимаровдун Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы спорт комплексинин курама командаларына жана спортсмендерине мелдештерге катышуу үчүн күнүмдүк жана транспорт чыгымдарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 18-беренесинин 21-пунктуна таянып,Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы спорт комплексинин курама командаларына жана спортсмендерине мелдештерге катышуу үчүн күнүмдүк жана транспорт чыгымдарына 200 000 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

23

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№ 34-23

28.12.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Т.Имарова атындагы маданият үйүнүн Уставын бекитүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Т.Имарова атындагы маданият үйүнүн Уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы №429 Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө токтомуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Т.Имарова атындагы маданият үйүнүн Уставы бекитилсин.

2.         Т.Имарова атындагы маданият үйүнүн кызматкерлеринин эмгек акыларын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.

ТИРКЕМЕ №10

Назад