М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

25.12.2017

Көк-Жар айылөкмөтүнүн 2018-жылга

карата бюджетин жана 2019-2020-жылдарга

карата бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө.

2.

2

25.12.2017

Көк-Жар айыл аймагындагы БАП

(Биргелешкен Аракеттер  Пландын) 

 тарабынан  аныкталган көйгөйлөр,

айыл  өкмөтүнүн  2018-2019-жылдар 

үчүн түзүлгөн социалдык -экономикалык

 өнүгүүсүнүн  планына киргизүү, 

биргелешкен  мониторинг  жана  балоо

курамын  жана  демилгечи  топтун  курамын

 бекитүү  жөнүндө.

3.

3

25.12.2017

 Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык

 өнүгүүсүнүн 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык  планын  бекитүү жөнүндө.

4.

4

25.12.2017

  2018-жылга карата айыл өкмөтүнүн

 жарандарынын тамарка салыгына

 жеңилдиктерди берүү жана

 коэфиценттерди белгилөө жөнүндө.

5.

5

25.12.2017

Көк-Жар  айыл  өкмөтү  менен

Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар

 бирикмесинин  ортосунда   түзүлгөн 

 келишим жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин 6 чакырылышынын кезектеги 10 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

10-1

25.12.2017

 

Көк-Жар айылөкмөтүнүн 2018-жылга

карата бюджетин жана 2019-2020-жылдарга

карата бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө.

 

 

Көк-Жар айылөкмөтүнүн 2018-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү  Кыргыз Республикасынын 2018-жылга  Республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоору  тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин  экономика жана бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.   Кыргыз Республикасынын  " Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар  жөнүндөгү" мыйзамынын 27-статьясынын 4-пунктуна жана 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык депутаттардын  Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   2018-жылга Көк-Жар айыл өкмөтүнүн  айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары      22 706 300 (жыйырма эки миллион жети жүз  алты миң үч жүз)  сом   өлчөмүндө  бекитилсин.

 

2.    2018-жылга айылдык бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык  аныкталсын.

-Айылдык  бюджеттин чыгаша  бөлүгү  2018-жылга түшкөн кирешелердин  жана

гранттардын  чегинде ошону менен  бирге биринчи кезекте каралган беренелер боюнча  (эмгек акы, соц фондго чегерүү, тамак-аш жана комуналдык кызматтарга ) каржылануусу белгиленсин.

 

3.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга айылдык бюджетинин  болжолунун негизги көрсөткүчтөрү  № 2,3 тиркемеге ылайык  колдоого алынсын.

- Кирешенин болжолу 2019-жылга     23 011 400(жыйырма үч млн он бир миң төрт жүз)  сомго (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар   4 549,0(төрт млн беш жүз кырк тогуз миң) сом менен жана 2019-жылга   23 135 500(жыйырма үч млн бир жүз  отуз беш миң беш жүз)   сом  гранттар   4 549,0(төрт млн беш жүз кырк тогуз миң) сом менен  белгиленсин.

 

-Көк-Жар айыл өкмөтүнүн  2019-2020-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды  ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

 

4.  Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген омчомунан ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык буюжеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

5. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын  каражаттарын  чыгымдоого  тыюу салынсын.

 

6. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары  (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын  "Кыргыз республикасынын 2018-жылга республикасынын бюджетинин 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү" мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайызы   республикалык бюджетке алынып  коюлары эскертилсин.

 

7. 2018-жылдын  1-январына карата айылдык бюджет боюнча жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча мин сом суммасында  белгиленсин

.

8. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:

-Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын  чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше  бөлүгүнөн  азайтууга алып   келбесе ушул  токтомдун  тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

-ченемдик укуктук  актыларды өзгөртүүсүнүн негизинде  жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө:

-киреше бөлүгүнөн  белгиленген  пландан ашыкча тушкон каражаттын эсебинен  чыгаша  бөлүгүнүн  өлчөмүн көбөйтүү  жагын  кароого:

 

9. 2017-жылга айылдык  бюджеттин киреше  бөлүгүнүн пландарыынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке  ыйгарылсын.

 

10. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын  финансылык -экономикалык  негиздерин  чыңдоо,  алардын  финансылык  мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдалануусун  камсыз кылуу жагы   айыл  өкмөтүнүн жана ФЭБнүн  башчысы    тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.  

       

 

 

 

 

Көк-Жар айылдык кенешини  төрагасы 

 

 Н.Туманов                   

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин 6 чакырылышынын кезектеги 10 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

10-2

25.12.2017

 

Көк-Жар айыл аймагындагы БАП

(Биргелешкен Аракеттер  Пландын) 

 тарабынан  аныкталган көйгөйлөр,

айыл  өкмөтүнүн  2018-2019-жылдар 

үчүн түзүлгөн социалдык -экономикалык

 өнүгүүсүнүн  планына киргизүү, 

биргелешкен  мониторинг  жана  балоо

курамын  жана  демилгечи  топтун  курамын

 бекитүү  жөнүндө.

Көк-Жар айыл аймагындагы БАП (Биргелешкен Аракеттер  Пландын)  тарабынан  аныкталган көйгөйлөр, айыл  өкмөтүнүн  2018-2019-жылдар  үчүн түзүлгөн

социалдык -экономикалык өнүгүүсүнүн  планына киргизүү,  биргелешкен  мониторинг  жана  балоо  курамын  жана  демилгечи  топтун  курамын  бекитүү  жөнүндөгү  билдирүүнү  угуп  жана  талкуулап,  айылдык  кеңештин  депутаттары  Кыргыз Республикасынын  өз  алдынча  башкаруусунун  "Пландоо"  жалпы  жоболорунун  III-бөлүмүнө  негиз

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Көк-Жар айыл аймагындагы БАП (Биргелешкен Аракеттер  Пландын)  тарабынан  аныкталган көйгөйлөр, айыл  өкмөтүнүн  2018-2019-жылдар  үчүн түзүлгөн социалдык -экономикалык өнүгүүсүнүн  планына киргизүүгө макулдук  берилсин.

 

2.         БАПты  сапаттуу аткаруу максатында  биргелешкен мониторинг  жана  балоо  тобунун  курамы  жана демилгечи  топтордун  курамы  бекитилсин (Тиркеме №1, Тиркеме №2)

 

 

3.         Бул БАП  (Биргелешкен Аракеттер  Пландын)  тарабынан аныкталган  көйгөйлөрдүн   үстүнөн  максаттуу  иш  алып  баруу  жагы   координаторлор 

 Т. Пирматов  менен   Г. Тойчубаевага  тапшырылсын.

 

 

     4.    Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы   айыл  өкмөтүнө  тапшырылсын.

 

Көк-Жар айылдык кенешини  төрагасы 

 

 Н.Туманов                    

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин 6 чакырылышынын кезектеги 10 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

10-3

25.12.2017

 

 Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык

 өнүгүүсүнүн 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык  планын  бекитүү жөнүндө.

 Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык   өнүгүүсүнүн 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык  планына  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү өткөрүлгөн коомдук угууларда айтылган ой-пикир сунуштарды угуп жана талкуулап, " Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар  жөнүндөгү" III "Пландоо" бөлүмүнө  ылайык депутаттардын  Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык   өнүгүүсүнүн 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык  планы  жактырылсын.

 

2.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык   өнүгүүсүнүн 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык   планы    бекитилсин.

 

 

3.         Ушул кабыл алынган  пландарга ылайык иш алып баруу жагы  Көк-Жар айыл  өкмөтунө тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык кенешини  төрагасы 

 

 Н.Туманов                   

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин 6 чакырылышынын кезектеги 10 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

10-4

25.12.2017

 

  2018-жылга карата айыл өкмөтүнүн

 жарандарынын тамарка салыгына

 жеңилдиктерди берүү жана

 коэфиценттерди белгилөө жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 324-беренесинин 1,2,3- бөлүмчөлөрүнө ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-жар айыл өкмөтүнүн  аймагында 2018-жылга карата жер (айыл чарба багытындагы  эмес жер салыгы) жана мүлк  (1,2,3-топтогу)салыгына  салыктарды алуу төмөнкү коэфиценттер менен киргизилсин.

-Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгына 1,2 жана мүлк  салыгына 1,0 коэфицент:

-Таштанды төлөмү ар бир түтүнгө 75 (жетимиш беш) сомдон болуп  белгиленсин.

-Айыл өкмоттүн аймагындагы иштеп жаткан ишканаларда иштеген ар бир адам үчүн бир жылда бир жолу төлөнүүчү  таштанды төлөмү  киргизилсин жана анын  өлчөмү ар бир адам үчүн 100(бир жүз) сом болуп  белгиленсин.

 

2. Тамарка салыгына 1306 кожолукка жеңилдик берилсин   (пенсионерлер көп балалуу, ВОВ катышуучулары,  ДРА, Баткен, ЧАЭС майыптар).

 

3. Жогорудагы салыктардын план боюнча мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн  башчысы  А  Мукумбаевге  милдеттендирилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын  Көк-Жар айылдык кеңешинин бюджет, соода,  ишкердүүлүк боюнча түзүлгөн туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык кенешини  төрагасы 

 

 Н.Туманов                   

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин 6 чакырылышынын кезектеги 10 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

10-5

25.12.2017

 

Көк-Жар  айыл  өкмөтү  менен

Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар

 бирикмесинин  ортосунда   түзүлгөн 

 келишим жөнүндө.

Көк-Жар  айыл  өкмөтү  менен  Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  ортосунда  келишим   түзүүгө   макулдук  берүү   максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдарына негиз,  Көк-Жар айылдык  кеңеши  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.                  Көк-Жар  айыл  өкмөтү  менен  Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  ортосунда  келишим   түзүүгө   макулдук  берилсин.

 

2.         Көк-Жар  айыл  өкмөтү  менен  Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  ортосунда  келишим   түзүлсүн.

 

 

3.         Токтомдун  аткарылышын   көзөмөлдөө  депутаттардын  Көк-Жар  айылдык кеңешинин  мыйзамдуулук,   билим  берүү,  саламаттыкты  сактоо   жана   ишкердүүлүк   боюнча  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

 

Көк-Жар айылдык кенешини  төрагасы 

 

 Н.Туманов                   

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад