М А З М У Н У |
|||
№ п/п |
Токтом № |
Токтом датасы |
Кыска мазмуну |
1. |
№22-1 |
19.02.2020 |
Он Эки Бел айыл аймагындагы билим берүү
мекемелерин интернет желеси менен камсыз |
2. |
№22-2 |
19.02.2020 |
Кыргыз
Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана
Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн,
2019-жылдын 30-декабрындагы 01-080/0179 сандуу жазма буйругу жөнүндө |
|
|
|
|
1 |
||||
|
||||
|
||||
Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Он
Эки Бел айылы |
19.02.2020 |
|||
|
Он Эки Бел айыл
аймагындагы билим берүү мекемелерин интернет желеси менен камсыз кылуу жөнүндөгү
маселе |
|||
Күн тартибиндеги айыл аймагындагы
мектептерди жана бала бакчаларды интернет желеси менен камсыздоо боюнча айыл өкмөтүнүн
финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Парманованын
маалыматын айылдык кеңешинин депутаттары угуп чыгышып төмөнкүдөй |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1.Он Эки Бел айыл аймагындагы бардык
мектептер, бала бакчалар 2020-жыл ичинде интернет байланышы менен камсыз
кылынсын. 2.Интернет байланышы үчүн бөлүнүп
берилген каражатты өз убагында камсыз кылып которуп берүү
айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Пармановага тапшырылсын. 3.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айылдык кенешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк
боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн. |
||||
Он-Эки бел айылдык
төрагасы |
|
Д.Кантов |
||
|
|
|||
|
||||
2 |
||||
|
||||
|
||||
Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Он
Эки Бел айылы |
19.02.2020 |
|||
|
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош,
Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн,
2019-жылдын 30-декабрындагы 01-080/0179 сандуу жазма буйругу жөнүндө |
|||
Кыргыз
Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана
Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн,
2019-жылдын 30-декабрындагы 01-080/0179 сандуу жазма буйругунда айыл өкмөтүнүн
2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги
бюджетинин аткарылышында кетирилген кемчилдиктерге баа берүү жана
чара көрүү Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын
31-беренесинин 1-пунктуна ылайык: |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө
палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн
тарабынан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январынан
тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө
жана аткарылышына жүргүзүлгөн
аудиттин жыйынтыгы эске алынсын. 2.Айыл өкмөтүнүн
бюджеттик каражаттарын пайдаланууда, каржы-экономикалык бөлүмүнүн
адистери тарабынан максатсыз чыгымдарга жол бергендиги белгиленсин жана
кемчилдиктерди жоюуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан иш-чаралар көрүлсүн.
3.Айыл өкмөтүнүн
бюджеттик мекемелеринде электр энергиясын пайдаланууда лимиттен ашыкча
сарптоону бюджеттик мекеме-ишканалардын жетекчилерине талапка ылайык жүргүзүү,
айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн
башчысына эскертилсин. 4.Токтомду
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин
экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу
комиссиясынын курамына жүктөлсүн. |
||||
Он-Эки бел айылдык
төрагасы |
|
Д.Кантов |
||
|
||||
|
||||