Он Эки Бел айылдык Кенешинин
6- чакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясынын ТОКТОМУ № 23-1 16-
март 2020- жыл
Он Эки Бел айылы
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2020- жылдын 20- февралындагы “CASA 1000
долбоорунун ишке ашыруу жөнүндө ” № 105 токтомуну
талаптарынын негизинде жана Ош жогорку чыналуудагы электр тармактары
ишканасынын 2020- жылдын 26- февралындагы
№ 13-3/169 катынын талаптарын ишке ашыруу туралуу. Кыргыз Республикасынын 2016-
жылдын 15- июлундагы № 114 Мыйзамы менен ратификацияланган “CASA 1000 долбоорунун” алкагында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2020- жылдын 20- февралындагы “CASA 1000
долбоорунун ишке ашыруу жөнүндө ” № 105 токтомуну
талаптарынын негизинде жана Ош жогорку чыналуудагы электр тармактары
ишканасынын 2020- жылдын 26- февралындагы
№ 13-3/169 катынын талаптарын ишке ашыруу максатында “CASA 1000” долбоорунун
алкагында Кыргыз Республикасына
таандык “Датка- Сугд” ЖЧ 500 кВ электр линиясы Он Эки Бел айыл аймагынын
административдик аймагы аркылуу өтүүчү жалпысы
4047,21 метр жер аянты аркылуу өтөрү
(анын ичинде 12 даана электр аба чубалгыларынын тирөөчтөрүн
орнотуу үчүн 4412 м2 жер аянтына орнотулары)
долбоорлощтурулгандыгын карап чыгып,
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 25- беренелеринин негизинде
Он Эки Бел айылдык Кенешинин 6- чакырылышынын кезектеги 23- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
өтүүчү
жалпысы 4047,21 метр жер аянты, электр
чубалгыларынын тирөөчтөрү орнотулуучу жалпы 4412
м2 анын ичинен : кайрак айдоо 722м2, жайыт жери
3690 м2 жер аянттарынын категориялары айыл- чарба жерлер
категориясынан, онөр – жай транспорт, байланыш жана башк жерлер катергориясына которууга
макулдук берилсин.
“CASA 1000”
долбоорунун электр аба чубалгыларынын тирөөчтөрү
ээлеген үлуштүк жер аянттарын которуу боюнча жер ээлерине
компенсацияларды төлөп берүү жагы (жайыт жер
аянттарынан тышкары) жогорку тиешелүү органдарга сунушталсын.
“CASA 1000”
долбоорунун электр аба чубалгылары өтүүчү аралык
сакталуучу жайы 85 метр аралыкта мажбурлаган сервитут сакталсын.
Он Эки Бел айылдык кенешинин
төрагасы:
Д. Кантов. |