М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№27-1

10.01.2020

Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин депутаттынын мандатынан  мөөнөтүнөн  мурда бошотуу жөнүндө

2.

№27-2

10.01.2020

Кашкалдак айылындагы  №575- контурундагы бак категориясындагы 6га жерди жарандарга 0,04 сотыхтан  үй салуу үчүн  жер ажыратып  берүү жөнүндө

3.

№27-3

10.01.2020

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  кызыл сызыкка туура келген бак, дарактарды  алуу  жана тратуарларды ачуу жөнүндө

4.

№27-4

10.01.2020

"2020-жылга билим берүү мекемелеринин ар түрдүү керектөөлөрүнө жараша бөлүнгөн акча каражаты жөнүндө"

5.

№27-5

10.01.2020

"Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылга айылдык бюджети жана 2021-2022-жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө"

6.

№27-6

10.01.2020

Т.Зулпуев атындагы айылдык  өкмөтү 2019-жылдын бюджетинде жана  атайын эсебинен калган  калдык акчаны 2020-жылдын  жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөр  киргизүү жөнүндө

7.

№27-7

10.01.2020

Чүчүк, Кашкалдак айылдарына акча каражатын   ажыратып берүү жөнүндө

8.

№27-8

10.01.2020

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнү  Ташкороо,Чүчүк

Калдай,  Атамерек, Өсөр айылдарына суу кампасын

курууга  акча  каражатын ажыратып берүү жөнүндө

9.

№27-9

10.01.2020

Т.Зулпуев атындагы айыл  аймагындагы

 селканаларды  тазалоо жана  Баткен коогаланынын     катышуучуларына  акча каражатын бөлүп берүү максатында

10.

№27-10

10.01.2020

Жатан айылындагы көпүрөгө акча каражатын бөлүп берүүжөнүндө

11.

№27-11

10.01.2020

Жатан, Атамерек,Баарын айылындарына орнотулган трансформаторго акча  каражатын бөлүү жөнүндө

12.

№27-12

10.01.2020

Т.Зулпуев  айыл  өкмөтүнүн Камал-Ата айылына 2020-жылда  аткарыла  турган иштерине  акча   каражаттынан  ажыратып берүү  жөнүндө

14.

№27-14

10.01.2020

Т. Зулпуев  атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык  экономикалык өнүгүү программасына киргизилген  Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынын  Атамерек  айылындагы маданияи үйүнүн  чатырын капиталдык ремонттоо жана  имараттын териториясын  тосмо тосууга каражатын ажыратуу жөнүндө

15.

№27-15

10.01.2020

Т.Зулпуев  айыл  өкмөтүнө караштуу Тарых музейине  2020-жылы ондоп  түзөө иштерине   акча   каражаттынан ажыратып  берүү  жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№27-1

10.01.2020

Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин депутаттынын мандатынан  мөөнөтүнөн  мурда бошотуу жөнүндө

          Т.Зулпуев  атындагы  айылдык  кенешинин депутатын мөөнөтүнөн   мурда бошотуу  жөнүндө Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши.  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Т.Зулпуев  атындагы  айылдык кенешинин  депутаты  Абдураимова Анарканды мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда  бошотулсун.

2.  Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясына депутаттык мандатын кароо жагы тапшырылсын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

К. Мурзаматов                

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№27-2

10.01.2020

Кашкалдак айылындагы  №575- контурундагы бак категориясындагы 6га жерди жарандарга 0,04 сотыхтан  үй салуу үчүн  жер ажыратып  берүү жөнүндө

          Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Кашкалдак айылындагы  № 575-контурундагы  бак категориясындагы 6 га жер аянтын  калктуу  конуштун категориясына которулгандыктан, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып, Т. Зулпуев атындагы айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Кашкалдак айылындагы №578-контурундагы  6 га жер аянтына турак-жай куруу үчүн, тамаркага  муктаж адамдарга бериле турган жер  участкасы 0,04 га (төрт сотых)деп белгиленсин.

2. Ушул токтомдун жетекчиликке жана аткарууга алууну айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр  жай, экология  маселелери  боюнча комиссиясына  тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

К. Мурзаматов                

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№27-3

10.01.2020

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  кызыл сызыкка туура келген бак, дарактарды  алуу  жана тратуарларды ачуу жөнүндө

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  кызыл сызыкка туура келген, тратуарларды ачуу, жана сугат суу кетүүчү  арык каналдарды тазалоодо тоскоолдук жаратып жатканбак-дарактарды кыйып, тазалоо максатында Т. Зулпуев атындагы айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашкалдак айылындагы Ботоев Э. көчөсү жана   Жийде арык каналынын боюндагы  кызыл сызыкка туура келген  бак дарактарды тазалоо.

2.  Өсөр, Калдай, Атамерек айылдарындагы Мырза - Арык каналын боюндагы бак-дарактарды кыюу.

3. Атамерек айылындагы Байымбетов, К. Рысбаев  көчөлөрүнө таза суу киргизүү максатында тооскоолдук жараткан бак - дарактарды алуу.

4. Бам каналынын боюндагы бак дарактарды тазалоо.

5. Ак-Чабуу, /ч-Бай, Жатан айылдарындагы /ч-Бай каналынын жээгиндеги тооскоол болгон бак-дарактарды кыюу.

6. Айбек А. Шарипбаев көчөсүнүн боюндагы кызыл сызыкка туура келген бак-дарактарды тратуар ачуу максатында тазалоо.

7. Караке айылындагы боюндагы кызыл сызыкка туура келген бак-дарактарды тратуар ачуу максатында тазалоо

2.Ушул токтомдун  аткарылышын 2020-жылдын 1-чейрегинде  аткарууну  айыл  өкмөтүнүн айыл  башчыларына  милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр  жай, экология  маселелери  боюнча комиссиясына  тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

К. Мурзаматов                

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№27-4

10.01.2020

"2020-жылга билим берүү мекемелеринин ар түрдүү керектөөлөрүнө жараша бөлүнгөн акча каражаты жөнүндө"

           Т. Зулпуев атындагы айыл  өкмөтүнүн билим берүү мекемелерине 2020-жылга бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын ар түрдүү багытта керектөөлөрүнө жараша бөлүү  максатында Т. Зулпуев  айылдык айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Т. Зулпуев  атындагы айыл өкмөтүндөгү төмөнкү мектептерине:

Уч-Бай орто мектеби   -  200 000 (эки жүз мин)  

К. Бобулов атындагы орто мектеби     -  200 000 (эки жүз мин)   

Ибрагим уулу Ысмайыл  атындагы  о.м.-200 000 (эки жүз мин)  

Калдай орто мектебине      -  200 000 (эки жүз мин)  

Б. Атишов  атындагы орто мектеби  -  700 000 (жети жүз мин)

С. Зулпуев атындагы  орто мектебине  - 200 000 (эки жүз мин)  

Б. Абдиев  атындагы  орто  мектебине - 200 000 (эки жүз мин)  

Кара - Кой  башталгыч мектебине      -   200 000 (эки жүз мин)   

                                                                       Бардыгы: 2,100000

2.  Т. Зулпуев атындагы  айыл  өкмөтүнүн  төмөнкү балдар бакчаларына:

          "Айбек-Нуру" балдар бакчасына    -   350 000 (үч жүз элүү мин)

          "Наристе - Ак-Марал"  балдар бакчасына  - 150 00 (жүз элүү  мин)

          "Алтын - Бешик" балдар бакча санаториясына - 100 000 (жүз мин)

          "/мүт - Нуру" балдар бакчасына          -   220 000 (эки жүз жыйырма мин)

          "Бал- Кыял" балдар бакчасына              - 150 000 (жүз элүү мин)

          "Дилмүрөк" балдар бакчасына               -  208 000 (эки жүз сегиз мин)

          "Жатан -Нуру" балдар бакчасына         - 200 000 (эки жүз мин)

                                                                                  Бардыгы: 1,250000

ар түрдүү керектөөлөрүнө акча каражаты бөлүнсүн.

3. Бөлүнгөн акча каражатын которуу айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго жана ФЭБ башчы  Алимжан уулу Нуралиге милдеттендирилсин.

4.  Бул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев атындагы  айылдык кенешинин "экономика, бюджети, соода жана ишкердүү  боюнча  туруктуу  комиссиясына" тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

К. Мурзаматов                

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№27-5

10.01.2020

"Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылга айылдык бюджети жана 2021-2022-жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө"

            Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2020-жылга каралган айылдык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга  республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү" мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор депутаттардын Т. Зулпуев айылдык кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101-мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2 жана 4-пунктуна таянып Т. Зулпуев атындагы айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылга Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 22051,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.                                                      Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2020-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц фондго чегерүү, тамак аш, социалдык жардамдарга  жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

2. Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү колдоого алынсын.                                                                       Кирешенин болжолу 2021-жылга 22742,8 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6566,3 мин сом менен) жана 2022-жылга 23074,3 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6458,8  мин сом менен) белгиленсин. Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

3. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнүн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.

4.   Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:

-          Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

-          Ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;

-          Киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша  бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

5. 2020-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү айылдык Кенештин сессиясында каралсын.

6.  Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы жана финансы-экомикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

7. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т. Зулпуев айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

К. Мурзаматов                

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№27-6

10.01.2020

Т.Зулпуев атындагы айылдык  өкмөтү 2019-жылдын бюджетинде жана  атайын эсебинен калган  калдык акчаны 2020-жылдын  жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөр  киргизүү жөнүндө

    Т.Зулпуев  атындагы  айылдык  өкмөтүнүн  2019-жылдын  бюджетинин аткарылышы  106,2% түзүп, 2019-жылдын  аягында айыл  өкмөтүнүн  бюджеттик  каражатында 1338,3 мин сом, айыл  өкмөтүнүн  атайын  эсебиндеги  491,9 мин сом, калдык  акча каражатын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин  сметасына  өзгөртүүлөр  киргизүү  жөнүндөгү  айылдык өкмөтүнүн   маселесин  карап  чыгып  жана талкуулап, Т.Зулпуев  атындагы  айылдык  кенеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Т.Зулпуев атындагы  айылдык  өкмөтүнүн 2020-жылдын  бюджетинин сметасына  кошумча  2019-жылдан калган бюджеттик   каражаттан 1338,3 мин  сомго  жана атайын эсептеги калган  калдык 491,9 мин сом акча каражаты  кошулсун.

2. Бюджеттик каражаттарында калган  калдык төмөнкү  раздел  боюнча  бекитилсин: Разд 704 ст. 2215-783,6; Раздел 706. ст.3112-380,0 мин сом; Разд 70921 - ст. 2231-174,7 мин сом

3. Айыл   өкмөтүнүн атайын  эсебиндеги  калган  калдык  ПРООН  уюму  тарабынан долбоорлорго  каржыланган;  Разд 706 ПРООН - ст 2221-93,4 мин сом; Р-708 ст. 2221-162,3 мин сом; Р-709 ст. 2221-15,7 мин сом;  Р-709 ст. 2222 -220,5 мин сом.

4. Каралган акча каражатты максаттуу пайдалануу жана өзгөртүүлөрдү жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго жана Финансы  экономикалык  бөлүмүнүн башчысы  Алимжан  уулу Нуралибекке тапшырылсын.

5. Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык  кенешинин  бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

К. Мурзаматов                

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№27-7

10.01.2020

Чүчүк, Кашкалдак айылдарына акча каражатын   ажыратып берүү жөнүндө

     Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Кашкалдак, Чүчүк айылдарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында акча каражатын ажыратып  берүү  максатында Т. Зулпуев атындагы  айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Кашкалдак, Чүчүк айылдарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 200000 (эки жүз минден ) акча каражаты  бөлүп берилсин.

2.  Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Кашкалдак, Чүчүк айылдарына бөлүнгөн акча каражатын туура пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысы С. Мурзакулов милдеттендирилсин.

3.  Бул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев атындагы  айылдык кенешинин "экономика, бюджети, соода жана ишкердүүлүк  боюнча  туруктуу  комиссиясына" тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

К. Мурзаматов                

Назад

8

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№27-8

10.01.2020

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнү  Ташкороо,Чүчүк

Калдай,  Атамерек, Өсөр айылдарына суу кампасын

курууга  акча  каражатын ажыратып берүү жөнүндө

     Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Ташкороо, Чүчүк, Калдай, Атамерек, Өсөр  айылдарына  таза суу жеткирүү  үчүн суу кампасын  куруу   максатында.   Т. Зулпуев атындагы  айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Ташкороо, Чүчүк, Калдай, Атамерек, Өсөр  айылдарына таза суу жеткирүү үчүн суу  кампасын куруу  максатында  1400000 (бир миллион төрт жүз) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.  Таш Короо айылына таза суу кампасын курууга   акча каражатын бөлүп берүү жагы  айыл өкмөт башчысы С. Мурзакулов милдеттендирилсин.

3.  Бул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев атындагы  айылдык кенешинин "экономика, бюджети, соода жана ишкердүүлүк  боюнча  туруктуу  комиссиясына" тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

К. Мурзаматов                

Назад

9

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№27-9

10.01.2020

Т.Зулпуев атындагы айыл  аймагындагы

 селканаларды  тазалоо жана  Баткен коогаланынын     катышуучуларына  акча каражатын бөлүп берүү максатында

    Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Калдай, Өсөр, /чбай айылдарындагы   селканаларды   тазалоо жана Баткен коогаланынын катышычууларына акча  каражатын ажыратып берүү  максатында.  Т. Зулпуев атындагы  айылдык кенеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Калдай, Өсөр , /ч-Бай айылдарындагы селканаларды тазалоо үчүн айыл өкмөтүнөн 220000 (эки жүз жыйырма) сом жана Баткен коогаланынын катышуучуларына 30000 (отуз мин) акча каржаты бөлүнүп берилсин.

2.  Ушул айылдарга  акча каражатын бөлүп берүү жагы  айыл өкмөт башчысы С. Мурзакулов милдеттендирилсин.

3.  Бул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев атындагы  айылдык кенешинин "экономика, бюджети, соода жана ишкердүүлүк  боюнча  туруктуу  комиссиясына" тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

К. Мурзаматов                 

Назад

10

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№27-10

10.01.2020

Жатан айылындагы көпүрөгө акча каражатын бөлүп берүүжөнүндө

    Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн  Жатан  айылына көпүрө курууга калдык  акчадан акча каражатын  ажыратып  берүү  максатында   Т. Зулпуев атындагы  айылдык кенеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн  Жатан  айылына көпүрө куруу  учун калдык акчадан 380 000 (үч жүз сексен мин)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.  Ушул айылга  акча каражатын бөлүп берүү жагы  айыл өкмөт башчысы С. Мурзакулов милдеттендирилсин.

3.  Бул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев атындагы  айылдык кенешинин "экономика, бюджети, соода жана ишкердүүлүк  боюнча  туруктуу  комиссиясына" тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

К. Мурзаматов                

Назад

11

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№27-11

10.01.2020

Жатан, Атамерек,Баарын айылындарына орнотулган трансформаторго акча  каражатын бөлүү жөнүндө

     Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн  Жатан, Атамерек,Баарын  айылдарына  орнотулган трансформаторго акча каражатын  бөлүү  максатында   Т.Зулпуев атындагы  айылдык кенеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн  Жатан, Атамерек, Баарын   айылдарына орнотулган трансформаторго 1 млн. (бир миллион т) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.  Ушул айылга  акча каражатын бөлүп берүү жагы  айыл өкмөт башчысы

С. Мурзакулов милдеттендирилсин.

3.Бул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев атындагы  айылдык кенешинин "экономика, бюджети, соода жана ишкердүүлүк  боюнча  туруктуу  комиссиясына" тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

К. Мурзаматов                

Назад

12

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№27-12

10.01.2020

Т.Зулпуев  айыл  өкмөтүнүн Камал-Ата айылына 2020-жылда  аткарыла  турган иштерине  акча   каражаттынан  ажыратып берүү  жөнүндө

       Т.Зулпуев  айыл  өкмөтүнүн  Камал-Ата  айылынын  2020- жылда  аткарыла  турган иштерине   акча  каражатынан  бөлүп  берүү  максатында Т.Зулпуев  атындагы айылдык  кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Т.Зулпуев  айыл өкмөтүнүн  Камал-Ата айылына 2020-жылда  аткарыла  турган  иштерине акча  каражатынан  600000 (алты жүз мин) сом акча каражаты  ажыратып  берилсин.

2.  Ушул айылга  акча каражатын бөлүп берүү жагы  айыл өкмөт башчысы

С. Мурзакулов милдеттендирилсин.

3.Бул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев атындагы  айылдык кенешинин "экономика, бюджети, соода жана ишкердүүлүк  боюнча  туруктуу  комиссиясына" тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

К. Мурзаматов                

Назад

14

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№27-14

10.01.2020

Т. Зулпуев  атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык  экономикалык өнүгүү программасына киргизилген  Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынын  Атамерек  айылындагы маданияи үйүнүн  чатырын капиталдык ремонттоо жана  имараттын териториясын  тосмо тосууга каражатын ажыратуу жөнүндө

         Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн  2018-2020-жылдарга социалдык  экономикалык өнүгүү программасына  киргизилген  Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынын  Атамерек  айылындагы  маданияи үйүнүн  чатырын капиталдык ремонттоо жана  имараттын териториясын  тосмо тосууга каражатын ажыратуу максатында  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин  1-пунктуна негиз Т. Зулпуев  атындагы айылдык  кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынын  Атамерек  айылындагы  маданияи үйүнүн  чатырын капиталдык ремонттоо жана  имараттын териториясын  тосмо тосууга даяр  долбоорго мамлекеттик  мамлекеттик  үлүштүк  дем берүүчү гранттын  эсебинен  каржылоо  үчүн  жергиликтүү бюджеттин эсебинен  өздүк  салымга  608679 (алты жүз сегиз мин алты жүз жетимиш  тогуз) сом акча каражаты ажыратылсын.

2. Тиешелүү  иш кагаздарын документтерин  даярдоо  Т. Зулпуев  атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык кенештин бюджет, экономика жана инвестиция  тартуу  боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

К. Мурзаматов                

Назад

15

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№27-15

10.01.2020

Т.Зулпуев  айыл  өкмөтүнө караштуу Тарых музейине  2020-жылы ондоп  түзөө иштерине   акча   каражаттынан ажыратып  берүү  жөнүндө

 Т.Зулпуев  айыл  өкмөтүнө караштуу тарых  музейине  2020- жылы  ондоп түзөө иштерине  акча  каражатынан  бөлүп  берүү  максатында Т.Зулпуев  атындагы айылдык  кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Т.Зулпуев  айыл өкмөтүнө караштуу тарых музейине 2020-жылда  аткарыла  турган  иштерине акча  каражатынан  517000 (беш жүз он жети мин) сом акча каражаты  ажыратып  берилсин.

2.  Ушул  акча каражатын бөлүп берүү жагы  айыл өкмөт башчысы