Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
 
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХVIII сессиясынын  
 
№
 
18/01  ТОКТОМУ 
 
Ынтымак айылы        23.01.2023-жыл. 
 
Айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылдын 1-
январынан тартып мүлк салыгын киргизүү 
жөнүндө  
 
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-
жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө маселени карап жана 
талкуулап чыгып
 
Ынтымак айылдык кеңеши 
 
     
Т о к т о м   к ы л а  т 
 
1.
 
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз 
Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 
3-беренесинин 2-пунктуна негиз, Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-
жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.  
 
2.
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк 
салыгынын аткарылышын мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы   Ынтымак 
айыл өкмөтүнүн башчысы К. Салановко милдеттендирилсин. 
 
3.
 
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин 
бюджет, экономикалык саясат, салык жана финансы  боюнча туруктуу 
комиссиясына тапшырылсын. 
 
 
 
 
Төрага:       Р. Исамов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:        
 
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХVIII сессиясынын  
 
№
 
18/02  ТОКТОМУ 
 
Ынтымак айылы        23.01.2023-жыл. 
 
2023-жылдын 16-январындагы Ынтымак айылдык кеңешинин жер, суу 
жана электр энергия, жолдор боюнча туруктуу  комиссиясынын “2022-
жылдын 22-декабрындагы №11 сандуу  “Стандарт Цемент” ЖЧК 
ишканасынын сураныч катына негиз Ынтымак айылдык кеңешинин (6-
чакырылыш) кезектеги XXIX сессиясынын №1 токтомуна өзгөртүүлөрдү 
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү”  №1 протоколун кароо 
тууралуу 
 
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги 2023-жылдын 16-январындагы 
Ынтымак айылдык кеңешинин жер, суу жана электр энергия, жолдор боюнча туруктуу  
комиссиясынын “2022-жылдын 22-декабрындагы №11 сандуу  “Стандарт Цемент” ЖЧК 
ишканасынын сураныч катына негиз Ынтымак айылдык кеңешинин (6-чакырылыш) 
кезектеги XXIX сессиясынын №1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 
жөнүндөгү”  №1 протоколун кароо тууралуу
 
маселени карап жана талкуулап чыгып
 
Ынтымак айылдык кеңеши
 
 
     
Т о к т о м   к ы л а  т 
 
1.
 
2023-жылдын 16-январындагы Ынтымак айылдык кеңешинин жер, суу жана 
электр энергия, жолдор боюнча туруктуу  комиссиясынын “2022-жылдын 22-
декабрындагы №11 сандуу  “Стандарт Цемент” ЖЧК ишканасынын сураныч 
катына негиз Ынтымак айылдык кеңешинин (6-чакырылыш) кезектеги XXIX 
сессиясынын №1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 
жөнүндөгү”  №1 протоколу жактырылсын. 
2.
 
Ынтымак айылдык кеңешинин (6-чакырылыш) кезектеги XXIX сессиясынын №1 
токтомунун 4-пунктуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен 
жүйөөлүү себептерге негиз токтомду 2 (эки) жылдык мөөнөткө узартууга 
макулдук берилсин. 
3.
 
“Стандарт Цемент” ЖЧК ишканасы тарабынан жүйөөлүү себептер келтирилсе 
келишим мөөнөтү каралат. 
4.
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык-маданий объектилерин 
өнүктүрүү материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана инфраструктураны 
жакшыртуу боюнча “Стандарт Цемент” ЖЧК ишканасы менен ар бир жыл сайын 
келишим жана мемарандум түзүү жагы  Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы 
К.Салановко милдеттендирилсин. 
5.
 
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин жер, 
суу жана электр энергия, жолдор боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 
 
 
 
Төрага       Р. Исамов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
 
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХVIII сессиясынын  
 
№
 
18/03  ТОКТОМУ 
 
Ынтымак айылы        23.01.2023-жыл. 
 
2023-жылдын 18-январындагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн турак-
жай куруу жана жеке тамаркаларга жер аянтын ажыратып берүү  
боюнча комиссиясынын “Үсөнова Айымбүбүнүн төрт бөлүккө 
бөлүнгөн жеке менчигинде турган тамеки сарай менен эски 
колбаса цехтин жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндөгү” №2 
протоколун кароо тууралуу  
 
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги 2023-жылдын 18-январындагы Ынтымак 
айыл өкмөтүнүн турак жай куруу жана жеке тамаркаларга жер аянтын ажыратып берүү  
боюнча комиссиясынын “Үсөнова Айымбүбүнүн төрт бөлүккө бөлүнгөн жеке менчигинде 
турган тамеки сарай менен эски колбаса цехтин жер аянтынын багытын өзгөртүү 
жөнүндөгү” №2 протоколун кароо тууралуу
 
маселени карап жана талкуулап, Ынтымак 
айылдык кеңеши
 
 
     
Т о к т о м   к ы л а  т 
 
1.
 
2023-жылдын 18-январындагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн турак жай куруу жана 
жеке тамаркаларга жер аянтын ажыратып берүү  боюнча комиссиясынын “Үсөнова 
Айымбүбүнүн төрт бөлүккө бөлүнгөн жеке менчигинде турган тамеки сарай менен 
эски колбаса цехтин жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндөгү” №2 протоколу 
жактырылсын. 
 
2.
 
Үсөнова Айымбүбүнүн төрт бөлүккө бөлүнгөн жеке менчигинде турган тамеки 
сарай менен эски колбаса цехтин жер аянтынын багытын
 
өзгөртүүгө макулдук 
берилсин. 
 
3.
 
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин жер, суу 
жана электр энергия, жолдор боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 
 
 
 
Төрага:       Р. Исамов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
 
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХVIII сессиясынын  
 
№
 
18/04  ТОКТОМУ 
 
Ынтымак айылы        23.01.2023-жыл. 
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 
бюджетинин аткарылышы, 2023-жылга 
бюджети жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин 
божомолун бекитүү жөнүндө 
 
 
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-
жылдын бюджетинин аткарылышы, 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга 
бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга 
республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз 
Республикасынын Мыйзамдын негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү айылдык 
мекеме ишканалардын жетекчилеринин жана депутаттардын катышуусунда Ынтымак 
айылдык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы” боюнча туруктуу комиссиясы 
тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча 
башкаруу жөнүндөгү” №101 Мыйзамынын 31-статьясынын 2-пунктунун 2-пунктчасына 
жана  Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык Ынтымак 
айылдык кеңеши  
 
     
Т о к т о м   к ы л а  т 
 
1.
 
2023-жылга Ынтымак айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана 
чыгашалары 21 527,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. 
 
2.
 
2023-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары 
боюнча багыттар 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.  
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2023-жылга түшкөн кирешелердин жана 
гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер 
боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) 
каржылануусу белгиленсин. 
 
3.
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун 
негизги көрсөткүчтөрү 2-3-тиркемеге ылайык колдоого алынсын. 
Кирешенин болжолу 2024-жылга 23362,2 миң сомго (республикалык бюджеттен 
алынуучу гранттар 10772,0 миң сом менен) жана 2025-жылга 24095,2 миң сомго 
республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 10772,0 миң сом менен белгиленсин.  
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга айылдык бюджеттин негизги 
көрсөткүчтөрүнүн болжолу  жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде 
кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет. 
 
4.
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Барчын-А” балдар бакчасына 25 баладан турган ортоңку 
тайпа кошулгандыгына байланыштуу 2023-жыл ичинде атайын каражат эсебине

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: 738,0 миң сом акча каражатын көбөйтүп берүү жагы Ноокат райондук финансы 
бөлүмүнөн суралсын.  
 
5.
 
Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнүн ашыкча бөлүгү 
толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын. 
 
6.
 
Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын региналдык бөлүмдөрүнөн 
тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу 
салынсын.  
 
7.
 
Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы 
аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын “Кыргыз 
Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети 2024-2025-жылдарга 
болжолу жөнүндөгү” Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул 
каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин. 
 
8.
 
Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу: 
-
 
Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул 
айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун 
тиркемелерине өзгөртүүлөр киргизүгө; 
-
 
Ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду 
жүргүзүүгө; 
-
 
Киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен 
чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөцтүү жагын кароо; 
 
9.
 
Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык экономикалык 
негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, 
сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы 
экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын. 
 
10.
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү 
калдык менен кошулуп 15969,1  миң сомго, чыгаша бөлүгү 13676,8 миң сомго, же 
кирешенин чыгашадан 2292,3 миң сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы 4-5-
тиркемеге ылайык бекитилсин. 
 
11.
 
2023-жылга Ынтымак айыл өкмөтүнүн электр энергиясынын лимити 300000 (үч жүз  
миң) квт болуп №6 тиркемеге негиз бекитилсин.  
 
12.
 
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Ынтымак айылдык 
кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясына 
тапшырылсын. 
 
 
 
 
Төрага      Р. Исамов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Ынтымак айылдык кеңешинин 
2023-жылдын 23-январындагы   
№18/04
 токтомуна №1-тиркеме
 
                                                   
            Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга айылдык бюджети 
 
№ Аталышы Сумма 
 
1 Салык агенти төлөгөн киреше салыгы 5244,0
 
2 Бирдиктүү салык деклорациясы боюнча киреше салыгы 
 
3 Чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык 
 
4 Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык 
 
5 Ыктыярдуу негиздеги патенттөө салык 191,0
 
6 Ишкердик иш аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз 
мүлк салыгы 
40,7
 
7 Жеке адамдардын транспорт каражатына салык 645,0
 
8 Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы 231,3
 
9 Айыл чарба багытындагы жер салыгы 
 
10 Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 1038,0
 
11 Сатуудан түшкөн салык  
 
12 Роялти 35,0
 
13 Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө 900,0
 
14 Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы 12,0
 
15 Жайыт ижарасы үчүн акы 342,2
 
16 Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы 250,0
 
17 Таштанды төлөмү 150,0
 
18 Мамлекеттик алымдар 
 
19 Атайын каражаттар 1656,0
 
20 Административдик салым 
 
21 Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана 
күтүүгө чегерүүлөр 
20,0
 
22 Толуктоочу грант 10772,0
 
23 
Кирешелердин жыйынтыгы 21527,2
 
24 Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр 9734,7
 
25 Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 195
 
26 Коргонуу 100
 
27 Айыл чарбасы 2315
 
28 Коммуналдык чарба 2102,6
 
29 Маданият 1518,7
 
30 Билим берүү 5461,2
 
31 Социалдык коргоо 100
 
32 Чыгашалар жыйынтыгы 21527,2
 
 
 
 
Жооптуу катчы      Г. Балтабаева

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Ынтымак айылдык кеңешинин 
2023-жылдын 23-январындагы   
№18/04
 токтомуна №2-тиркеме
 
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга айылдык бюджети 
 
 
№ Аталышы Сумма 
 
1 Салык агенти төлөгөн киреше салыгы 7079,0
 
2 Бирдиктүү салык деклорациясы боюнча киреше салыгы   
3 Чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык   
4 Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык   
5 Ыктыярдуу негиздеги патенттөө салык 191,0
 
6 Ишкердик иш аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз 
мүлк салыгы 40,7
 
7 Жеке адамдардын транспорт каражатына салык 645,0
 
8 Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы 231,3
 
9 Айыл чарба багытындагы жер салыгы   
10 Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 1038,0
 
11 Сатуудан түшкөн салык    
12 Роялти 35,0
 
13 Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө 900,0
 
14 Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы 12,0
 
15 Жайыт ижарасы үчүн акы 342,2
 
16 Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы 250,0
 
17 Таштанды төлөмү 150,0
 
18 Мамлекеттик алымдар   
19 Атайын каражаттар 1656,0
 
20 Административдик салым   
21 Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана 
күтүүгө чегерүүлөр 20,0
 
22 Толуктоочу грант 10772,0
 
23 
Кирешелердин жыйынтыгы 23362,2
 
24 Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр 9958
 
25 Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 233,6
 
26 Коргонуу 200
 
27 Айыл чарбасы 2345
 
28 Коммуналдык чарба 2205,4
 
29 Маданият 2280
 
30 Билим берүү 5940,2
 
31 Социалдык коргоо 200
 
32 Чыгашалар жыйынтыгы 23362,2
 
 
 
Жооптуу катчы      Г. Балтабаева

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Ынтымак айылдык кеңешинин 
2023-жылдын 23-январындагы   
№18/04
 токтомуна №3-тиркеме
 
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга айылдык бюджети 
 
 
№ Аталышы Сумма 
 
1 Салык агенти төлөгөн киреше салыгы 7412,0
 
2 Бирдиктүү салык деклорациясы боюнча киреше салыгы   
3 Чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык   
4 Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык   
5 Ыктыярдуу негиздеги патенттөө салык 191,0
 
6 Ишкердик иш аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз 
мүлк салыгы 40,7
 
7 Жеке адамдардын транспорт каражатына салык 645,0
 
8 Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы 231,3
 
9 Айыл чарба багытындагы жер салыгы 400,0
 
10 Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 1038,0
 
11 Сатуудан түшкөн салык    
12 Роялти 35,0
 
13 Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө 900,0
 
14 Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы 12,0
 
15 Жайыт ижарасы үчүн акы 342,2
 
16 Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы 250,0
 
17 Таштанды төлөмү 150,0
 
18 Мамлекеттик алымдар   
19 Атайын каражаттар 1656,0
 
20 Административдик салым   
21 Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана 
күтүүгө чегерүүлөр 20,0
 
22 Толуктоочу грант 10772,0
 
23 
Кирешелердин жыйынтыгы 24095,2
 
24 Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр 9985,3
 
25 Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 240,9
 
26 Коргонуу 200
 
27 Айыл чарбасы 2376,2
 
28 Коммуналдык чарба 2396,1
 
29 Маданият 2390
 
30 Билим берүү 6306,7
 
31 Социалдык коргоо 200
 
32 Чыгашалар жыйынтыгы 24095,2
 
 
 
Жооптуу катчы      Г. Балтабаева

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Ынтымак айылдык кеңешинин 
2023-жылдын 23-январындагы   
№18/04
 токтомуна №4-тиркеме
 
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн  бюджетинин киреше булагынын 2021-жылдын аткарылышы 
 
 
2021-жыл 
  
  
Бекитилген 
план 
Такталган 
план 
Аткарылышы % 
Салык агенти төлөгөн киреше 
салыгы 
1877,0 2596,4 3177,5 122,4 
Бирдиктуу салык декларациясы 
боюнча киреше салыгы 
10,0 10,0 15,9 159,0 
Чакан ишкердиктин 
субьектилери учун бирдиктүү 
салык 
        
Милдеттүү патенттөө 
негизиндеги салык 
    3,3   
Ыктыярдуу негиздеги патенттөө 
салыгы 
191,0 191,0 269,6 141,2 
Ишкердик иш аракет жургузуу 
үчүн колдонулган кыймылсыз 
мүлк салыгы 
30,7 30,7 53,5 174,3 
3- топтогу ишкердик иши үчүн 
пайдаланылган кыймылсыз 
мүлккө салык 
    0,1   
Юридикалык жактардын 
транспорттук каражаттарына 
мүлк салык 
    0,2   
Жеке адамдардын транспорт 
каражатына салык 
645,0 645,0 679,9 105,4 
Физикалык тараптардан 
алынуучу жер салыгы 
231,3 231,3 240,2 103,8 
Айыл чарба багытындагы жер 
салыгы 
400,0 400,0 318,5 79,6 
Айыл чарба багытындагы эмес 
жер салыгы 
788,0 788,0 1138,7 144,5 
Сатуудан тушкон салык        
Роялти 75,0 25,0 22,7 90,8 
Жогоруда 
классификацияланбаган дагы 
башка металл эместер 
        
Кен байлыктарды казуу үчүн 
лицензия кармоо үчүн акы 
төлөө 
900,0 330,6 872,1 263,8 
Калктуу пунктардагы 12,0 12,0 10,0 83,3

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: жерлерден алынуучу акы 
Жайыт ижарасы учун акы 342,2 342,2 243,9 71,3 
Кайра болүштүрүү фондунун 
ижара акысы 
250,0 250,0 200,2 80,1 
Таштанды төлөмү 150,0 150,0 138,1 92,1 
Мамлекеттик алымдар         
Атайын каражаттар 1080,0 1080 990,0 91,7 
Жергиликтүү маанидеги 
инфраструктураны өнүктүрүүгө 
жана күтүүгө чегерүүлөр 
120 20   0,0 
Административтик салым         
Активтер жана милдеттемелер         
Бардыгы: 7102,2 7102,2 8374,4 
117,9 
Максаттуу грант   291,2 291,2 100,0 
Толуктоочу грант 5011,2 5011,2 5011,2 100,0 
учурдагы жардам         
инфраст.ондоо         
Доп. бюджеттен алынган 
каражат 
  
      
анын ичинен: 
  
      
Эмгек акыны кобой. алынган 
каражат  
        
Мектептердин кезектеги 
ремонтуна 
        
Коммуналдык кызматтар. 
карыздарына 
        
          
КР окмотунун резервдик 
фондунан 
        
Жыл башындагы калдык   3564,5 3564,5 100,0 
Жалпысы: 12113,4 12404,6 13676,8 2292,3 
 
 
Жооптуу катчы        Г. Балтабаева 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Ынтымак айылдык кеңешинин

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: 2023-жылдын 23-январындагы   
№18/04
 токтомуна №5-тиркеме
 
       
      Ынтымак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин чыгаша булагынын 
      2021-жылдын аткарылышы 
 
Аталышы 
Бекитилген 
план
 
Такталган 
план
 
Аткарылышы 
(кассалык 
чыгаша)
 
Айырмасы 
   
 
 
 
 
 
Бекитилген 
план
 
Такталган 
план
 
Башкаруу 
аппараты 
4824,4
 
5330,4
 
4448,7
 
-375,7
 
-881,7
 
Резервдик фонд 121,1
 
121,1
 
121,1
 
0
 
0
 
Коргонуу 200,0
 
400,0
 
211,3
 
11,3
 
-188,7
 
Коомдук тартипти 
сактоо 
 
 
 
 
 
 
0
 
0
 
Экономикалык 
маселелер 
1481,1
 
2197,3
 
1856,4
 
375,3
 
-340,9
 
Коммуналдык 
чарба 
312,0
 
2056,8
 
1805,2
 
1493,2
 
-251,6
 
Маданият  786,3
 
1033,3
 
834,4
 
48,1
 
-198,9
 
Билим берүү 4288,5
 
4700,2
 
4094,9
 
-193,6
 
-605,3
 
Соц.коргоо 100,0
 
130,0
 
130,0
 
30
 
0
 
Активдер  
 
 
 
 
 
0
 
0
 
Атайын 
каражаттар  
 
 
 
 
 
 
0
 
0
 
Жалпысы: 12113,4
 
15969,1
 
13502
 
1388,6
 
-2467,1
 
 
 
Жооптуу катчы       Г. Балтабаева 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Ынтымак айылдык кеңешинин

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: 2023-жылдын 23-январындагы   
№18/04
 токтомуна №6-тиркеме
 
 
 
Ынтымак айыл аймагындагы мекемелерге 2023-жылга электр энергиясына  
чыгымдардын эсеби 
 
№
 
Аталышы 
Жылдык 
керектоо 
анын ичинен кварталдар 
1 2 3 4 
    
Лим 
квт 
сом 
мин 
сом
 
Лим 
квт 
сом 
мин 
сом 
Ли
м 
квт 
сом 
мин 
сом 
Лим 
квт 
сом 
мин 
сом 
Лим 
квт 
сом 
мин 
сом 
1
 
Т.Кулатов ат.о.м. 
 
107,0
 
407,7
 
39,00
 
148,
6
 
17,0
 
64,8
 
11,0
 
41,9
 
40,0
 
152,
4
 
2
 
Беш-Буркан о.м. 30,0
 
114,3
 
12,00
 
45,7
 
4,5
 
17,1
 
2,5
 
9,5
 
11,0
 
41,9
 
3
 
Арык-Бою о.м. 30,0
 
114,3
 
10,00
 
38,1
 
7,0
 
26,7
 
4,0
 
15,2
 
9,0
 
34,3
 
4
 
Каримберди  
толук эмес о.м 4,0
 
15,2
 
1,3
 
5,0
 
0,8
 
3,0
 
0,4
 
1,5
 
1,5
 
5,7
 
  Бардыгы: 171,0
 
651,5
 
62,3
 
237,
4
 
29,3
 
111,
6
 
17,9
 
68,2
 
61,5
 
234,
3
 
                        
1
 
Тоо гүлдөрү б.б 20,0
 
76,2
 
6,0
 
22,8
 
5,0
 
19,0
 
3,0
 
11,4
 
6,0
 
22,9
 
2
 
Салиха Нур б.б 20,0
 
76,2
 
6,0
 
22,8
 
5,0
 
19,0
 
3,0
 
11,4
 
6,0
 
22,9
 
3
 
Бейиш Нуру б.б 20,0
 
76,2
 
6,0
 
22,8
 
5,0
 
19,0
 
3,0
 
11,4
 
6,0
 
22,9
 
4
 
Барчын-А б.б 20,0
 
76,2
 
6,0
 
22,8
 
5,0
 
19,0
 
3,0
 
11,4
 
6,0
 
22,9
 
  Бардыгы: 80,0
 
304,8
 
24,0
 
91,2
 
20,0
 
76,0
 
12,0
 
45,6
 
24,0
 
91,4
 
                        
1
 
Жарыктандырууг
а 28,0
 
106,4
 
8,0
 
30,5
 
6,0
 
22,8
 
6,0
 
22,8
 
8,0
 
30,5
 
                        
1
 
Маданият үйү 1,0
 
3,81
 
0,3
 
1,14
 
0,2
 
0,76
 
0,2
 
0,8
 
0,3
 
1,1
 
                        
1
 
Айыл өкмөт 
канторасы 20,0
 
76,2
 
6,0
 
22,8
 
5,0
 
19,0
 
3,0
 
11,4
 
6,0
 
22,9
 
                        
  Баары: 300,0
 
1142,
7
 
100,6
 
383,
0
 
60,5
 
230,
2
 
39,1
 
148,
8
 
99,8
 
380,
2
 
 
Жооптуу катчы      Г. Балтабаева

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
 
 
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХVIII сессиясынын  
 
№
 
18/05  ТОКТОМУ 
 
Ынтымак айылы        23.01.2023-жыл. 
Ынтымак айыл аймагын көрктөндүрүү, 
жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти 
сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө 
  
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу 
органдары жөнүндө”, 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 
“Мүлккө муниципалдык менчик 
жөнүндө”, 2001-жылдын 13-ноябрындагы  № 89 “Өндүрүш жана керектөө калдыктары 
жөнүндө”, 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” 
мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 
6- 
сентябрындагы ПЖ № 305  “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине 
тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-
аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын аткарууга алуу жана Ынтымак айыл аймагынын 
территориясын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чараларды эффективдүү 
уюштуруу максатында, Ынтымак айылдык кеңеши, 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
 
1. Ынтымак айылдык кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мамлекеттик 
органдар жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен өз ара аракеттенүү  
боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы-О.Абдулажан уулунун айыл аймагын 
“Көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүү 
жөнүндө” маалыматы эске алынсын. 
2. “Ынтымак айыл аймагын “көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана 
тартипти сактоо жөнүндө” эрежелери, 
№ 1 тиркемеге
 ылайык бекитилсин. 
3. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын. 
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар 
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. 
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат (билим берүү, 
маданият, саламаттыкты сактоо жана спорт) боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн. 
  
 
Төрага      Р. Исамов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ынтымак айылдык кеңешинин 
2023-жылдын 23-январындагы   
№18/05
 токтомуна №1-тиркеме
 
  
Ынтымак айыл
 
өкмөтүнүн
 
 аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты 
жана тартипти сактоо 
боюнча бекитилген   
типтүү эрежелер 
 
§1. Жалпы жоболор 
1.
 
Айыл аймактарынын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, 
жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары - 
Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Өндүрүш 
жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация 
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз 
Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар 
мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура 
тузүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 
Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу 
конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына 
талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук 
актыларына ылайык иштелип чыккан. 
2.
 
Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана 
милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык 
юридикалык жана жеке жактар үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын 
аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт. 
3.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул эрежелерде белгиленген 
көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди 
чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат. 
4.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өз ыйгарым укуктарынын чегинде 
көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт. 
 
§2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер 
5.
 
Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат: 
Абонент 
- тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча 
кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же 
юридикалык жак; 
Калктуу конуштун сырткы келбетнн көрктөндүрүү 
-калктуу конуштун 
айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү 
камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому; 
КТТК чыгаруу 
- атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды 
жайларын жана аларга кире бериш жерлерди төгүлгөн таштандылардан тазалоо, 
андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: жеткирүү; 
Газон 
- жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө 
жашылдандыруу элементи; 
Бекитилген аймак 
- юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында 
же пайдалануусунда имараттар, үй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер 
жайгашкан аймак; 
Жашылдандырылган жерлер 
- жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан 
бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;
 
Ири көлөмдүү таштандылар 
- керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн 
чоңдугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мүмкүн 
болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик 
техникасы, эмерек ж.б.); 
Контейнер аянтчасы 
- өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген 
буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана 
убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын 
жабдылган аянт; 
Таштанды 
- ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу турмуш- тиричилик 
калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары; 
Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар 
- чектелген аянтта 
көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө 
пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары, көлөмдүү таштандыларды, 
өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге 
(уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо. 
Парк 
- эс алууга жана көңүл ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө аркалган жалпы 
пайдалануудагы жашылдандырылган аймак; 
Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок 
кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү (Кызмат көрсөтүүчү) 
_
 катуу турмуш-
тиричилик калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу жана калктуу 
конуштун аймагын санитардык тазалоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу 
органы менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.
 
Курчап турган айланадагы аймак 
- юридикалык же жеке жактардын 
менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын, 
чарбалык курулуштун жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча 
тикелей чектеш, ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак; 
Коомдук келишим 
(ушул Эрежелер учун) кызмат көрсөтүүчү менен 
керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага 
кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн 
милдеттери белгиленген; 
Коомдук сунуш/оферта 
(ушул Эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчүнүн 
сунушу, андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн 
шарттарда келишим түзүү эрки байкалат; 
Аймакты санитардык жактан тазалоо 
- аймакты тазалоо, көчөдөгү 
таштандыларды, калдыктарды чогултуу; 
Көчөдөгү таштандылар 
- жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда 
жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (көчө

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: таштандылары), алар грунт, кум-таш, топурак, табигый өсүүчү бак дарактардын 
материалдары (жыгачтар, өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, 
айнек, чупурок, металл жана башка материалдардан турат. 
 Катуу турмуш – тиричилик калдыктары (мындан ары - КТТК) 
-
 
адамдар күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш 
азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы 
эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда үй жаныбарларын жана үй 
канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү 
пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары. 
§3. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана 
чыгаруу иштерин уюштуруу 
6.
 
Айыл аймакка караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн 
жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) жергиликтүү өз 
алдынча башкаруу органдары КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен 
КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдеттүү. 
7.
 
Жеке турак жайларда жана көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарга КР 
Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди же коомдук 
офертанын негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет. 
8.
 
Шаардын, айыл аймагынын жерлеринде КТТКны төмөнкү фракциялар 
боюнча милдеттүү түрдө сорттоо жүргүзүү киргизилет: 
1)
 
Пластик бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктар, кагаз-картон сыяктуу кайра 
иштетүүчү калдыктар; 
2)
 
Мөмө-жемиштер, жашылчалар түрүндөгү органикалык калдыктар; 
3)
 
Калдыктар, сөөк, айнек, темир тезек буюмдары, от жаккандан чыккан күл 
сыяктуу кайра иштетилбеген таштандылар. 
9.
 
Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды мүшөктөргө 
бөлүштүрүп иргейт. 
10.
 
Тургундар кварталдын/айылдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн 
калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат. 
11.
 
Кызмат көрсөтүүчү өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша тургундарды кайра 
иштетүүчү калдыктарды сорттоп салуу үчүн мүшөктөр менен камсыздайт. 
12.
 
Абонент кайра иштетилүүчү калдыктарды иргөө/сорттоо боюнча өзүнүн 
милдеттенмелерин адилеттүүлүк менен аткарган учурда, кызмат көрсөтүүчү андай 
кардар үчүн тарифтик бааны төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат. 
13.
 
Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар калдыктарды контейнерлерге 
чогултат. 
14.
 
Контейнер аянтчаларынын бети асфальтталып же бетон менен жабылып, 
кирип-чыгууга ыңгайлуу жолдун боюнда энкейиште жайгашууга тийиш. 
15.
 
Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар 
жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер 
аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке 
долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет. 
16.
 
Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: турушу керек. 
17.
 
Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик 
төмөнкүлөргө жүктөлөт: 
-
 
жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан 
 контейнер аянтчалары - кызмат көрсөтүүчүгө; 
-
 
ижарадагы, ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда 
 жайгашкандар боюнча - ведомстволордо, мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана 
башка чарба жүргүзүүчү субъекттерде, физикалык жана юридикалык тараптарда 
болот; 
18.
 
Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды 
жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат көрсөтүүчүгө 
жүктөлөт 
19.
 
Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын 
чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын 
жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат. 
20.
 
Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын же таштандылар 
салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып кетишине, контейнерлердеги 
таштандыларды өрттөөгө жол берилбейт. Таштандылар графиги боюнча өз 
убагында ташылып кетүүгө тийиш. 
21.
 
Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди эксплуатациялаган жана 
тейлеген мекеме-уюмдар өз убагында ремонттоп, оңдоо иштерин жүргүзүп, 
пайдалануудан чыккан контейнерлерди алмаштыруусу керек. 
22.
 
Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер жергиликтүү өз 
алдынча башкаруунун аткаруу органы, айыл башчылары, кварталдык комитеттер 
жана катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү 
менен макулдашуу боюнча атайын жабдылган аянтчаларга коюлат. 
23.
 
Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле 
ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган 
мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат. 
24.
 
Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден таштандыларды чыгаруу 
катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү 
тарабынан ишке ашырылат. 
25.
 
Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар 
таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына 
ташып чыгарышат. 
26.
 
Түзүлгөн келишимдерге ылайык, абоненттерден катуу турмуш-тиричилик 
калдыктарды ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр жергиликтүү кеңеш бекиткен тарифке 
ылайык алынат. 
27.
 
Юридикалык жана жеке жактар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды 
чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына 
жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өз убагында жана 
толук көлөмдө телөөгө милдеттүү. 
28.
 
27-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын 
укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат. 
29.
 
Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири 
өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга 
жүктөлөт. 
30.
 
Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) оңдоону жүзөгө ашыруучу 
жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын 
чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (таштанды чыгаруу 
келишимине ылайык) же таштанды чыгаруучу кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн 
келишим боюнча алып чыгууга милдеттүү. 
31.
 
Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бак-дарактарды санитардык 
кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка 
иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар катуу турмуш-тиричилик 
калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат. 
32.
 
Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча 
тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну катуу 
турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке 
ашырат. 
33.
 
Көчөлөргө, базарларга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга 
таштанды челектерин орнотуу зарыл. 
34.
 
Калк массалык түрдө баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 
50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки 
аралыкта болот. Таштанды челектер ар бир кире бериштеги көп кабаттуу турак 
жайлардын короолорунда болушу керек. Жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук 
транспорттун аялдамаларында жана мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды 
челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш. 
35.
 
Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу 
жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат. 
36.
 
Коңшу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер 
жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же катуу турмуш-тиричилик 
калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн бюджетинин эсебинен 
орнотулат. 
37.
 
Таштанды челектерди тазалоо иштери катуу турмуш-тиричилик 
калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан толтурулганына 
жараша, бирок күнүнө бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Таштанды челектер 
алардын кирдегенине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жуулат. 
38.
 
Бөлүнгөн жерге орнотулган таштанды челектерди объекттердин ээлери 
жана ижарачылары жууйт. 
39.
 
Таштандыларды уруксатсыз таштоого, өрттөөгө күнөөлүү адамдар укук 
бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат. 
40.
 
Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн 
болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды 
таштоочу жайларды рекультивациялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 
же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, 
белгиленген мөөнөттөрдө аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун 
каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: 41.
 
Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик 
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана таштандыларды 
чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.  
 
§4. Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу 
42.
 
Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды, 
калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону, кышында - карды, музду тазалоону, жолдун 
бөлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында - жолдун беттерин, 
тротуарларды, чакан архитектуралык формаларды жууп, сугаруу, газондорду 
чабуу, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт. 
43.
 
Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субьекттердин менчик ээлери, турак жайлардын 
жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, 
бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону 
өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 
менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен 
тиешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү. 
44.
 
Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге 
ылайык жүргүзүлөт. 
45.
 
Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык 
муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, 
сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана 
жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат. 
46.
 
Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын 
менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык 
жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык 
тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү, анын 
ичинде: 
-
 
узундугу боюнча - имараттарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша 
турган бүткүл аймак боюнча; 
-
 
туурасы боюнча - жолдун же сквердин жүрүүчү бөлүгүн бойлото, ал эми 
бир жактуу имаратта - жүрүүчү анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, 
бөлүгүн туурасын бойлой алганда. 
47.
 
Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан 
болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлөө үчүн жоопкерчилик 
имараттын менчик ээсине жүктөлөт.  
       Бул учурда жоопкерчилик чөйрөлөрүнүн чектерин аныктоо ижара келишими 
же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы 
мүмкүн. 
48.
 
Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, 
тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан 
тышкары) жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана 
ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди 
чачылып калган таштандыларын тазалайт. 
49.
 
Кызмат көрсөтүүчү коомдук дааратканаларды күтүүнү жана тейлөөнү 
камсыз кылат.

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: 50.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы көчөдөгү убактылуу 
соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода 
павильондору, курама соода борборлору, чатырлар, күрөөлөр ж.б.) тазалоо үчүн 
жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт. 
51.
 
Узак мөөнөткө пайдаланылбай жаткан жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, 
имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка 
бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктөлөт. 
52.
 
Көп кабаттуу үйлөрдүн чектеш аймактарынын тазалыгы үчүн турак жай 
ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет. 
53.
 
Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтөп коюуга, ошондой эле 
калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу 
салынат. 
 
§5. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу 
 
54.
 
Юридикалык жана жеке жактар айыл өкмөттөрүнүн бүткүл аймагында, 
анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндурүү 
элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, 
сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян 
тартышына жол бербөөгө, ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү. 
55.
 
Шаар/айыл аймактарында тиричилик жана курулуш таштандыларын, 
өндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, 
жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол 
берилбейт. 
56.
 
Таштанды челектерин, көчө чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана 
башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгө тыюу 
салынат. 
57.
 
Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер 
тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын 
дөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды 
көмүүгө тыюу салынат. 
58.
 
Газондорго, гүлзарларга, клумбаларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык 
жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди 
жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн 
тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат. 
§6. Жашылдандыруу 
59.
 
Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет: 
-
 
бак-дарактарды отургузуу; 
-
 
бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер – 
 жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, 
өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, 
жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү; куурап калган 
жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар; 
-
 
газонду багуу боюнча жумуштар - тырмоо,жумшартуу, жер семирт- 
кичтерди чачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкөн 
жалбырактарды жыйноо, тонуракка отургузуу, газондун капталындагы өсүм-
дүктөрдү  кыюу, чөптөрдү чабуу, пестициддер, гербициддер менен дарылоо; 
-
 
скверлерди жана бакчаларды тосуу; 
-
 
шаар, айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы 
 жумуштарды аткаруу. 
60.
 
Жашыл аймактарды талаптагыдай кутуу жана сактоо үчү
н жоопкерчилик        
төмөнкүлөргө жүктөлөт: 
-
 
   Жалпы пайдалануудагы аймактарда - парктарда, скверлерде, сейил  
бактарда, көчөлөрдө - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 
аныктаган тиешелүү кызматтарды/иштерди аткаруучуга; 
-
 
турак жайлар жайгашкан кичи райондордогу жана квартал ичиндеги  
участоктордо - үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин 
            
бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун 
ээлерине; 
-
 
уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын 
аймактарында ошол жердеги уюмдардын жетекчилерине; 
61.
 
 Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май 
айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек; 
62.
 
 Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртең менен 
саат 8.00-9.00дөн кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00 дөн кийин 
жүргүзүлөт. 
63.
 
 Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз 
убагында кыркууну камсыз кылат. 
64.
 
 Таажыны санитардык кыркуу иштерине - эскирген, илдетке чалдыккан, 
курап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн 
же бири-бирипе жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди 
аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде 
жүргүзүлөт. 
65.
 
 Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу - таажыга ылайыктуу түзүлүштү 
камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, жол белгилеринин, 
светофорлордун ж. б. көрүнүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Бак-
даракарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чаңдашып 
(ширелерин болуп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбөйт. 
66.
 
 Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын 
калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды 
жана курулмаларды төшөөдөн, жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, 
аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт. 
67.
 
Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир 
жактуу, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана 
илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат. 
68.
 
Шаар/айыл аймактарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: менчигинин түрүнө карабастап бирдиктүү жашыл фондду түзөт жана коргоого 
алынат. 
69.
 
Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар 
юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин 
жетекчилерине милдеттендирилет; жана ошондой эле жашыл аянтчаларды 
талаптагыдай кутуу жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү 
камсыздашат: 
70.
 
Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат: 
 
- жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген 
 учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга; 
-
 
  тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды 
 өз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке 
келтирүүгө; 
-
 
  бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган таза кардан 
 тышкары, таштандыларды, карларды жана муздарды төгүүчү жайларды 
уюштурууга; 
-
 
    калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго төгүүгө; 
-
 
    жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде 
 аларды арыктарга шыпырыи салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды 
көмүп салууга (аларды кочо бойлой жайылып кетпеши үчүн үймөктөргө чогултуу, 
компост салуу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерге алып салуу же таштанды жайларына 
алып баруу максатка ылайыктуу); 
-
 
    от жагууга жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга; 
-
 
бак-дарактарга мыктарды кагууга, бак-дарактарга зыян келтирүүчү 
илгичтерди, көрнөк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, 
белгилерди, электр зымдарын, лампалардын электр гирляндаларын, туу 
гирляндаларын чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга; 
-
 
дарактардан шире, чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды, 
 жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгө; 
-
 
белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик 
 коммуникацияларды төшөө үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө; 
-
 
газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянттарда 
транспорт каражаттарын өткөрөө жана токтотууга; 
-
 
гүлдөрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын 
сындырууга; 
 
71.
 
 Жашыл аймактарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо, калыбына 
келтирүү боюнча бардык иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же ал 
ыйгарым укук берген уюм менен белгиленген тартипте макулдашылып, иштелип 
чыккан жана бекитилген долбоордук докумепттерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш 
 
 §7. Тышкы жарыктандыруу 
72.
 
Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дайындалган кызмат

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт. 
73.
 
Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын 
Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 155 токтому менен бекитилген электр 
энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат. 
74.
 
Тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана өчүрүү жергиликтүү өз алдынча 
башкаруунун аткаруу органы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген 
графиктер боюнча жүргүзүлөт. 
75.
 
Жергиликтүү бийлик коомдук жайларда иштебей турган көчө 
чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт. 
76.
 
Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери таза, 
дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир 
жолудан кем болбоого тийиш. 
77.
 
Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган 
же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы 
абалда кармап турууга милдеттүү. 
78.
 
Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациянын жаңыдан 
киргизилген элементтерин жайгаштыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 
аткаруу органы менен макулдашылат. 
§8. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат 
адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги 
79.
 
Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын 
колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык 
тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет. 
80.
 
Бул Көрктөндүрүү эрежелерин бузууга кунөөлүү юридикалык жана жеке 
жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-
беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат. 
81.
 
Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык 
жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 
115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат. 
82.
 
Юридикалык жана жеке жактар көп батирлүү турак жайлардын жалпы 
пайдалануучу жайларындагы санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы 
үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 110-беренесине 
ылайык жоопкерчилик тартышат. 
83.
 
Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз 
алдынча башкаруу органдарынын атайын комиссиялары белгиленген тартипти 
бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодесине ылайык 
жаза чараларын көрөт. 
84.
 
Укук бузуулар боюнча комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын 
Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Жобо менен жонго салынат. 
 
 
 
Жооптуу катчы        Г. Балтабаева

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
        
 
 
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХVIII сессиясынын  
 
№
 
18/06  ТОКТОМУ 
 
Ынтымак айылы        23.01.2023-жыл. 
 
Ынтымак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 
6-октябрындагы №15/03 токтомуна өзгөртүү жана 
толуктоо киргизүү жөнүндө  
 
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги Ынтымак айылдык кеңешинин 2022-
жылдын 6-октябрындагы №15/03 токтомуна  өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча 
маселени карап жана талкуулап чыгып
 
Ынтымак айылдык кеңеши
 
 
     
Т о к т о м   к ы л а  т 
 
1.
 
Акшар айылынын тургуну Мундузов Муктардын арызына негиз Сары-Талаа 
участкасындагы жайыт жеринде жайгашкан жеңил  конструкцияда курулган тоок 
канасынын 1 га жер аянтынын категориясын айыл-чарба багытындагы жерлер 
котегориясынан ”Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана 
башкалардын жерлери” котегориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин. 
 
2.
 
Жогоруда аталган жер аянтынын котегориясын өзгөртүү жагы Ноокат райондук 
мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер боюнча комиссиясынан 
суралсын.  
 
3.
 
Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн 
башчысына тапшырылсын. 
 
4.
 
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин жер, 
суу жана электр энергия, жолдор боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 
 
 
 
 
Төрага        Р. Исамов