Описание: Автоматически созданный замещающий текст:                                                                    
 
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХX сессиясынын  
 
№
 
20/01  ТОКТОМУ 
 
08.06.2023.              Ынтымак айылы 
 
 
2023-жылдын 2-июнундагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн 
аймагындагы муниципалдык жер участокторуна менчик 
же ижара укуктарын берүү боюнча комиссиясынын 
“Ынтымак жайыт комитетинин Сары-Талаа тилкесинен 
40 гектар жайыт жерин трансформацияга берүү 
жөнүндөгү” №1 протоколун кароо тууралуу  
 
 
Ынтымак айылдык кеңеши 2023-жылдын 2-июнундагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн 
аймагындагы муниципалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү 
боюнча комиссиясынын “Ынтымак жайыт комитетинин Сары-Талаа тилкесинен 40 гектар 
жайыт жерин трансформацияга берүү жөнүндөгү” №1 протоколун кароо тууралуу
 
маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши:
 
 
     
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
 
1.
 
2023-жылдын 2-июнундагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы 
муниципалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү боюнча 
комиссиясынын “Ынтымак жайыт комитетинин Сары-Талаа тилкесинен 40 
гектар жайыт жерин трансформацияга берүү жөнүндөгү” №1 протоколу 
жактырылсын. 
 
2.
 
Ынтымак жайыт комитетинин Сары-Талаа тилкесинен 1073/2,1; 1072/3,5; 
1095/7,4; 1111/33,8; 1106/8,6; 1108/2,0; 1160/5,9 контрларынан 40 гектар жайыт 
жерин трансформацияга берүүгө макулдук берилсин. 
 
3.
 
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин 
“Жер, суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” 
туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 
 
 
 
Ынтымак айылдык 
кеңешинин төрагасы                                   Р.Исамов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:                                                                    
 
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХX сессиясынын  
 
№
 
20/02  ТОКТОМУ 
 
08.06.2023.              Ынтымак айылы 
 
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн Ничке-Суу 
айылындагы жаңы конушундагы көчөгө 
Заидов Шергазы агайдын атын коюп берүү 
боюнча айыл элинин билдирүүсү жөнүндө  
 
 
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн Ничке-Суу 
айылындагы жаңы конушундагы көчөгө Заидов Шергазы агайдын атын коюп берүү 
боюнча айыл элинин билдирүүсү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып 
Ынтымак айылдык кеңеши:
 
 
     
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
 
1.
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн
 
Ничке-Суу айылындагы жаңы конушундагы көчөгө 
Заидов Шергазы агайдын атын коюп берүү боюнча айыл элинин билдирүүсү 
жактырылсын. 
 
2.
 
Ничке-Суу айылынын жаңы конушундагы көчөгө Заидов Шергазы агайдын атын 
коюу боюнча макулдук берилсин.
 
 
3.
 
Бул маселе боюнча мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы   Ынтымак айыл 
өкмөтүнүн башчысы К. Салановко милдеттендирилсин. 
 
4.
 
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин “Жер, 
суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” туруктуу 
комиссиясына тапшырылсын. 
 
 
 
Ынтымак айылдык 
кеңешинин төрагасы                                   Р.Исамов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:                                                                    
 
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХX сессиясынын  
 
№
 
20/03  ТОКТОМУ 
 
08.06.2023.              Ынтымак айылы 
 
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы 
Бейиш нуру балдар бакчасына дагы бир 
кошумча тайпа ачуу тууралуу 
 
 
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн 
аймагындагы Бейиш нуру балдар бакчасына дагы бир кошумча тайпа ачуу тууралуу
 
маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши: 
 
     
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
 
1.
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бейиш нуру балдар бакчасына дагы бир 
кошумча тайпа ачууга
 
макулдук берилсин.
 
 
2.
 
Бул маселе боюнча мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы Ынтымак айыл 
өкмөтүнүн башчысы К. Салановко милдеттендирилсин. 
 
3.
 
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин “Жер, 
суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” туруктуу 
комиссиясына тапшырылсын. 
 
 
 
Ынтымак айылдык  
кеңешинин төрагасы                                    Р.Исамов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:                                                                    
 
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХX сессиясынын  
 
№
 
20/04  ТОКТОМУ 
 
08.06.2023.              Ынтымак айылы 
 
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы 
Салиха нур балдар бакчасына дагы бир 
кошумча тайпа ачуу тууралуу 
 
 
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн 
аймагындагы Салиха нур балдар бакчасына дагы бир кошумча тайпа ачуу тууралуу
 
маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши: 
 
     
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
 
1.
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Салиха нур балдар бакчасына дагы бир 
кошумча тайпа ачууга
 
макулдук берилсин.
 
 
2.
 
Бул маселе боюнча мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы Ынтымак айыл 
өкмөтүнүн башчысы К. Салановко милдеттендирилсин. 
 
3.
 
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин “Жер, 
суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” туруктуу 
комиссиясына тапшырылсын. 
 
 
 
Ынтымак айылдык  
кеңешинин төрагасы                                              Р.Исамов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:                                                                    
 
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХX сессиясынын  
 
№
 
20/05  ТОКТОМУ 
 
08.06.2023.              Ынтымак айылы 
 
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-
январына карата эсиптик счетундагы 
калдыкты бекитүү жөнүндө 
 
 
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2022-
жылдын 1-январына карата эсиптик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндөгү маселени 
карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши: 
 
     
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
 
1.
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджеттик счетунан калган калдык 
кирешелери жана чыгашалары 8330,7 миң сом жана атайын каражат эсеп счетунан 
калган калдык кирешелери жана чыгашалары 40,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.  
 
2.
 
2023-жылга айылдык бюджетине 1-январына каралган калдыктын эсебинен 
чыгашалар боюнча багыттар 1-тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык 
бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башында бекитилген суммага 2023-жылдын 1-
январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун Ынтымак айыл 
өкмөтүнүн башчысына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысына 
милдеттендирилсин.  
 
3.
 
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин 
“Экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына 
тапшырылсын. 
 
 
 
Ынтымак айылдык  
кеңешинин төрагасы                                     Р.Исамов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Ынтымак айылдык кеңешинин 2023-
жылдын 8-июнундагы  №20/05 токтомуна 
                                                                        №1 тиркеме 
 
2023-жылга айылдык бюджетине 1-январына каралган калдыктын эсебинен 
чыгашалар боюнча багыттар 
№ Аталышы Сумма 
1.
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн Беш-Буркан айылына суу сактагыч курууга 600,0 
2.
 
Арык-Бою айылына тратуар курууга  300,0 
3.
 
Ынтымак айылындагы спорт комплексине 2 000,0 
4.
 
Айыл өкмөтүнүн имаратын оңдоп-түзөөгө   300,0 
5.
 
Барчын-А балдар бакчасына ашканасынын ремонтуна, септик курууга 140,0 
6.
 
Нур-Жылдыз балдар бакчасына кошумча имарат курууга 180,0 
7.
 
Архитектуралык иш кагаздарга 62,1 
8.
 
Нур Жылдыз балдар бакчасындагы балдардын тамак ашына  99,0 
9.
 
Айыл өкмөтүнө компьютер, проектор сатып алууга 85,0 
10.
Акшар айылындагы сайды оңдоо үчүн 60,0 
11.
Айыл өкмөтүндөгү имараттарга акылдуу эсептегичтерди алууга 95,0 
12.
Шайыр апалар тобуна форма сатып алууга 100,0 
13.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майрамдарга  70,0 
14.
Майрамдарга 150,0 
15.
А.Самидинов атындагы маданият үйүнө 10*20 өлчөмүндөгү жеңил типтеги 
курулуш курууга (актовый зал) 
1500,0 
16.
Арык-Бою айылындагы ФАПты оңдоп түзөөгө 40,0 
17.
Кулатов атындагы орто мектебине видео көзөмөл 160,0 
18.
Беш-Буркан орто мектебине кайтарым байланыш 180,0 
19.
Тоо гүлдөрү балдар бакчасынын чатырын алмаштырууга 400,0 
20.
Арык-Бою о.м. 4 каанасына пол оңдоо, кондиционер орнотуу жана терескага 300,0 
21.
Арык-Бою айылына электр чубалгы 80,0 
22.
Мекеме-ишканаларга өрт өчүрүүчү шаймандар алуу үчүн 80,0 
23.
Т.Кулатов атындагы орто мектебине ремонт иштери үчүн 10,0 
24.
Телевидениеге 25,0 
25.
Ар кандай чыгымдарг 26,4 
26.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жол белгилерин орнотууга, көрнөк жарнактарга 
жана эстеликтин ремонтуна 
250,0 
27.
Салиха Нур балдар бакчасынын кошумча тайпанын тамак ашына 39,6 
28.
Бейиш Нуру балдар бакчасынын кошумча тайпанын тамак ашына 49,5 
29.
Айыл өкмөтүнүн кеңсесинен маданият үйүнө кеткен жолго тратуар 60,0 
30.
Дамба курууга 30,0 
31.
ГСВ-17 электрофикация стерилизация 50,0 
32.
Бүчүр гүл балдар бакчасына электрофикация 30,0 
33.
Кызыл-Кыя РЭТ баланска өткөрүү үчүн трансформаторлордун ремонтуна 150,0 
34.
Ничке-Суу айылынын Шамшидин көчөсүнө таза суу 39,1 
35.
Ведео көзөмөлдүн кызматы үчүн 52,0 
36.
Айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларга көмүр алууга  246,0 
37.
Археологко 32,0 
38.
Ничке-Суу айылына скважина казууга өздүк салым үчүн  160,0 
39.
Спорт комплекс курууга өздүк салым үчүн 100,0 
 
Бюджеттик эсептеги чыгашалар жыйынтыгы 8330,7 
1 Атайын каражат - балдардын тамак ашы үчүн 2,4 
2 Таш-Булак айылына таза суу үчүн 37,6 
3 ГОКЗ (депозит) 7,7 
 
Атайын каражат эсептеги чыгашалар жыйынтыгы 40,1 
 
Жалпы 8370,8 
 
 
Жооптуу катчы             Г.Балтабаева

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:                                                                        
 
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХX сессиясынын  
 
№
 
20/06  ТОКТОМУ 
 
08.06.2023.              Ынтымак айылы 
 
 
Ынтымак айыл өкмөтүндө  “Жергиликтүү 
маанидеги маселелерди башкаруунун  Типтүү 
тартибин бекитүү” жөнүндө 
 
Ынтымак
 
айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү 
боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, милдеттердин тизмесин 
бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация 
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын  27 жана 34-
беренелерине ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы К.Салановдун
 
жергиликтүү маанидеги 
маселени чечүү боюнча
 “
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун  Типтүү 
тартибин”  бекитүү
 
жөнүндөгү сунушуна негиз, Ынтымак айылдык кеңешинин 
депутаттарынын  сунуш-пикирлерин  угуп жана талкуулап Ынтымак айылдык  Кеңеши   
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
: 
1.
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын  27 жана 
34-беренелерине ылайык “Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун  
Типтүү тартибин»  бекитүүгө  №1 тиркемеге ылайык макулдук берилсин. 
 
2.
 
“Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун  Типтүү тартиби»
 
жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат 
көрсөтүүлөрдүн/иштердин, милдеттердин тизмеси 2-тиркемеге ылайык 
белгиленсин.
 
 
3.
 
Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү/жумуштарды уюштуруу 
жана милдеттерди аткаруу боюнча бул токтомдун аткарылышын  айыл өкмөтүнүн  
башчысынын орун басары Э.Таш уулуна милдеттендирилсин. 
 
4.
 
Ынтымак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-мартындагы №37-9  токтому 
облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн. 
 
 
Ынтымак айылдык  
кеңешинин төрагасы                                    Р.Исамов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Ынтымак айылдык кеңешинин 2023-
жылдын 8-июнундагы  №20/06 токтомуна 
                                                                        №1 тиркеме
 
 
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун  
Типтүү тартиби 
 
1.
 
Жалпы жоболор жана терминдер 
 
     
1
. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун бул типтүү тартиби (мындан 
ары- Типтүү тартип) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү 
боюнча жергиликтүү кеңештердин компетенциясын аныктоочу «Жергиликтүү 
мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелеринин 2-пунктунун 1-
бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан.
 
2.
 Типтүү тартип жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өзүнүн 
компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата 
талаптарды белгилейт.  
3. 
Бул типтүү тартипте төмөнкү терминдер колдонулат. 
      Жергиликтүү маанидеги маселелер-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу 
органдары жана аларды кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын түздөн-
түз эркин билдирүү жолу менен чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын турмуш-
тиричилик аракеттерин камсыз кылуу маселелери; 
       Компенетция-
 мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу 
органынын юридикалык жактан белгиленген укуктар менен милдеттердин жыйындысы; 
       Көзөмөл-ыйгарым
 укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна 
аткаруучуга жүктөлгөн тапшырманын аткарылышынын сапаты, белгиленген 
көрсөткүчтөргө ээ кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү процесси; 
       Мониторинг жана баалоо-
 башкаруу субъектине башкаруучу объектке 
эффектитүү таасир көрсөтүү максатында белгилүү бир объектинин ишине таасир этүүчү 
маалыматтарды системалуу чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана баалоо процесси; 
      Милдеттенме-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөчүлөргө 
(юридикалык же физикалык жактарга) белгилүү бир сумманы кызмат көрсөтүүчүлөр/ 
товарлар, жумуштар, жөлөкпултар, компенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө 
төлөп берүү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык 
техникалык камсыздоо маселелерин, келишим милдеттенмелеринин ченемдик укуктук 
актыларды аткаруунун алкагында чечүү; 
         Уюштуруу-
жергиликтүү маанидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым 
укуктардагы маселелерди чечүүдө натыйжаларга жетишүүгө багытталган жергиликтүү өз 
алдынча башкаруу органынын уюштуруучулук-укуктук, уюштуруу-техникалык 
чараларынын жана тескөөчүлүк иш-аракеттеринин комплекси; 
         Ыйгарым укук-
мамлекеттик бийлик органдарынын эе жергиликтүү өз алдынча 
башкаруу органдарынын белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн аларга жүктөлгөн 
функцияларды аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында 
каралган укугу;

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:         Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башкаруу функциясы-
бул 
уюмдардын, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнө 
жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча 
уюштуруучулук-укуктук, уюштуруучулук-техникалык, уюштуруучулук-тескөөчүлүк 
шарттарды түзүүгө байланышкан типтүү маселелерди чечүүдөн турган (пландаштыруу, 
жөнгө салуу контролдоо) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын туруктуу, 
циклдик түрдө кайталанып турган аракеттери; 
      Башкаруу-
 уюмдун максатына же конкренттүү маселени чечүүгө багытталган 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан божомолдоо (прогноздоо), 
пландаштыруу, уюштуруу, мотивациялоо, координациялоо жана контролдоо процесси; 
      Кызмат-
юридикалык жана жеке жактардын коомдук жыргалчылыкка 
муктаждыктарын канаттандырууга, алардын конституциялык укуктарын жана коом 
алдындагы милдеттерин ишке ашырууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу 
органдарынын иш-аракеттери. 
2.
 
Типтүү тартипти даярдоо жана ишке ашыруу этаптары: 
    4.Типтүү тартип жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз  
алдынча башкаруу органынын төмөнкү иш-аракеттерин камтыйт; 
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу; 
2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу; 
3) жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг;  
4) баалоо жана контролдоо жүргүзүү; 
5. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча милдеттерди жана 
чараларды пландаштыруу жергиликтүү жамааттын социялдык-экономикалык өнүктүрүү 
программаларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, ошондой эле 
анын мекемелеринин жана ишканаларынын жылдык иш пландарын иштен чыгуу 
алкагында ишке ашырылат. 
6. Жергиликтүү маанидеги өзүнчө маселени чечүүнү уюштуруу өзүнө жергиликтүү 
маанидеги маселени чечүү боюнча фунцияларды кызмат көрсөтүүлөрдү, 
милдеттенмелерди иштеп чыгуу жана белгилөө боюнча иш-аркеттерди камтыйт. 
7. Функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин түзүү үчүн 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй ырааттуу иш-чараларды жүзөөгө 
ашырат: 
№1 кадам. 
Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги 
тиешелүү маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 
жүктөлгөн функциялардын, кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз 
Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүлөт.  
№2 кадам. 
Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы талдоолордун 
жыйынтыгынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын болгон 
ыйгарым укуктарына жана анын материалдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө 
ылайык келген функциялар, кызматтар/иштер, милдеттенмелер тандалып алынат. 
№3 кадам. 
Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги 
тиешелүү маселени чечүүнүн планын иштеп чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени 
чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер Пландан бөлүнүп белгиленип

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, 
кызматтар, милдеттер пландан бөлүнүп белгиленет. 
№4 кадам. 
Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги 
тиешелүү маселени чечүү боюнча функциялар, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин 
тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгат. 
№5 кадам
. 
Жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык, жергиликтүү кеңештин токтомунун 
долбору жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү менен коомдук калкуудан 
өтөт. 
№6 кадам. 
  Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жергиликтүү 
маанидеги маселени чечүү боюнча иш-милдеттерин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, 
милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомун кабыл алат 
(жергиликтүү кеңештин типтүү токтомунун формасы 1-тиркемеде, жергиликтүү кеңештин 
токтомунун үлгүлөрү 2,3-тиркемелеринде келтирилген. 
8.Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги 
тиешелүү маселени чечүү боюнча тараптардын аракеттерин координациялоо жөнүндө 
чечим кабыл алат, ал көмөнкү чараларды камтыйт. 
- жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча милдеттерди, 
чараларды жана кызмат адамдарынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү. 
- кызмат көрсөтүүчүнү, иштерди аткаруу үчүн подрятчыны тандоо/ дайындоо жол-
жобосун/ процедурасына жүргүзүү; 
- көрсөтүлгөн кызматтын баасын аныктоо «зарыл болгон учурда); 
- жарандардын айрым категорияларын кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн 
жарым-жартылай же толук бошотуу боюнча компенцасиялык чараларды белгилөө (зарыл 
болгон учурда) 
- жергиликтүү маанидеги маселени чечүүдө каржылоо жана материалдык колдоо 
булактарын аныктоо; 
- жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүгө байланышкан башка чаралар. 
9.Ушул Типтүү эрежелеринин 8-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар жергиликтүү 
кеңеш тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук акт. 
3.
 
Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана 
башкаруу процесстерине катышуусу 
10
.Бул Типтүү тартиптин эрежелерин ишке ашыруунун бардык этаптарында 
жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча 
милдеттерди жана чараларды талкулоого кеңири тартылат. 
11. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамаатка 
жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселеге карата аткарылып жаткан милдеттер жана 
чаралар жөнүндө кеңири маалымат берет. Аны маалыматтык такталарды пайдалануу, 
шаар/айыл аймагынын веб-сайтына, социялдык тармактарга жана маалымат берүүнүн 
башка ыкмаларын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырат. 
12. Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча демилгелөө, млдеттерди жана 
иш-чараларды талкулоо процесстерине жарандарды тартуу максатында жергиликтүү өз 
алдынча башкруу органдарына жарандардын демилгелүү топторун, ошондой эле

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкруу 
органдарынын жумушчу топторун түзүү сунушталат. 
13. Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү жамааттын, 
коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен жергиликтүү маанидеги 
маселелерди чечүү процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп 
чыгат жана бекитет. 
14. Мониторинг жана баалоонун натыйжалары жергиликтүү кеңеш тарабынан 
жыйналыштарында каралат. 
 
 
Жооптуу катчы              Г.Балтабаева

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ынтымак айылдык кеңешинин 2023-
жылдын 8-июнундагы  №20/06 токтомуна 
                                                                        №2 тиркеме 
« Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун  Типтүү тартибин » 
жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча кызматтардын, функциялардын, 
милдеттердин тизмеси 
 
№ Кызматтын/функциянын/ милдеттин аталышы 
 
Аткаруу үчүн жооптуу 
 1.Кызматтар  
1 
Жергиликтүү маанидеги маселелерди 
пландаштыруу 
Айыл өкмөтү жана 
аймактагы мекеме 
жетекчилери 
2 
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү 
процессин уюштуруу эана жүзөгө ашыруу;
 
Айыл өкмөтү жана 
аймактагы мекеме 
жетекчилери 
3 
Жергиликтүү маанидеги маселелердин 
чечилишине мониторинг,
 
Айыл өкмөтү жана мекеме 
жетекчилери 
4 
Баалоо жана контролдоо жүргүзүү Айыл өкмөтү жана мекеме 
жетекчилери 
                               2. Функциялар  
1 
Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу 
органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү 
маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча 
башкаруу органдарына жүктөлгөн функциялардын, 
кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз 
Республикасынын мыйзамдарына талдоо 
жүргүзүлөт. 
Айыл өкмөтү 
2 
Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу 
органы  талдоолордун жыйынтыгынын негизинде 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын 
болгон ыйгарым укуктарына жана анын 
материалдык жана финансылык 
мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген функциялар, 
кызматтар/иштер, милдеттенмелер тандалып 
алынат. 
 
Айыл өкмөтү 
3 
Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу 
органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү 
маселени чечүүнүн планын иштеп чыгат. 
Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн 
зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер 
Пландан бөлүнүп белгиленет чыгат. Жергиликтүү 
маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон 
функциялар, кызматтар, милдеттер Пландан 
бөлүнүп белгиленет
 
Айыл өкмөтү 
4 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу 
органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү 
маселени чечүү боюнча функциялар, кызмат 
А/к туруктуу комиссиялары

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү 
үчүн жергиликтүү кеңештин токтомунун 
долбоорун иштеп чыгат
 
5 
Жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык, 
жергиликтүү кеңештин токтомунун долбору 
жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү 
менен коомдук талкуудан өтөт. 
А/К туруктуу 
комиссиялары 
6 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 
өкүлчүлүктүү органы жергиликтүү маанидеги 
маселени чечүү боюнча иш-милдеттерин, кызмат 
көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү 
үчүн жергиликтүү кеңештин токтомун кабыл алат 
(жергиликтүү кеңештин  типтүү токтомунун 
формасы 1-тиркемеде, жергиликтүү кеңештин 
токтомунун үлгүлөрү 2,3-тиркемелеринде 
келтирилген. 
а/к депутаттары
 
                             3.Милдеттенмелер  
1 
Жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү 
боюнча милдеттерди, чараларды жана кызмат 
адамдарынын ортосунда жоопкерчиликти 
бөлүштүрүү.
 
Айыл өкмөтү 
2 
Кызмат көрсөтүүчүнү, иштерди аткаруу үчүн 
подрятчыны тандоо/ дайындоо жол-жобосун/ 
процедурасына жүргүзүү; 
Айыл өкмөтү
 
3 
- көрсөтүлгөн кызматтын баасын аныктоо «зарыл 
болгон учурда); 
Айыл өкмөтү
 
4 
- жарандардын айрым категорияларын кызмат 
көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн жарым-жартылай 
же толук бошотуу боюнча компенцасиялык 
чараларды белгилөө (зарыл болгон учурда) 
Айыл өкмөтү
 
5 
Жергиликтүү маанидеги маселени чечүүдө 
каржылоо жана материалдык колдоо булактарын 
аныктоо; 
- жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени 
чечүүгө байланышкан башка чаралар. 
Айыл өкмөтү
 
 
 
Жооптуу катчы              Г.Балтабаева

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:                                                                     
 
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХX сессиясынын  
 
№
 
20/07  ТОКТОМУ 
 
08.06.2023.              Ынтымак айылы 
 
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-
жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү 
жөнүндө 
 
 
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2024-2025-
2026-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап 
чыгып Ынтымак айылдык кеңеши: 
 
     
Т о к т о м   к ы л а  т: 
 
1.
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга айылдык бюджетинин 
болжолунун негизги көрсөткүчтөрү 1-2-3-тиркемелерге ылайык колдоого алынсын.  
 
2.
 
Кирешенин болжолу 2024-жылга 13494,2 миң сомго, 2025-жылга 13899,2 миң 
сомго жана 2026-жылга 14694,4 миң сомго белгиленсин.  
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга айылдык бюджеттин негизги  
көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде 
кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.  
 
3.
 
Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык 
негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, 
сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-
экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.  
 
4.
 
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин 
“Экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына 
тапшырылсын. 
 
 
 
Ынтымак айылдык  
кеңешинин төрагасы                                    Р.Исамов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Ынтымак айылдык кеңешинин 2023-
жылдын 8-июнундагы  №20/07 токтомуна 
                                                                        №1 тиркеме 
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга айылдык бюджети. 
 
Салык агенти төлөгөн киреше салыгы 6287,8 
Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы   
Чакан ишкердиктин субьектилери учун бирдиктүү салык   
Милдеттүү патенттоо негизиндеги салык   
Ыктыярдуу негиздеги патенттөө салыгы 
                                             
191,0    
Ишкердик иш аракет жүргузүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк 
салыгы 40,7 
Жеке адамдардын транспорт каражатына салык 645,0 
Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы 231,3 
Айыл чарба багытындагы жер салыгы   
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 1038,0 
Сатуудан тушкон салык   
Роялти 35,0 
Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо учун акы төлөө 900,0 
Калктуу пунктардагы жерлерден алынуучу акы 12 
Жайыт ижарасы учун акы 501,4 
Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы 250,0 
Таштанды төлөму 150,0 
Мамлекеттик алымдар   
Атайын каражаттар 3192,0 
Административтик салым   
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана 
күтүүгө чегерүүлөр 
20,0 
Жалпы 13494,2 
 
 
Жооптуу катчы                Г.Балтабаева

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Ынтымак айылдык кеңешинин 2023-
жылдын 8-июнундагы  №20/07 токтомуна 
                                                                        №2 тиркеме 
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга айылдык бюджети
. 
 
Салык агенти төлөгөн киреше салыгы 
6287,8
 
Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы   
Чакан ишкердиктин субьектилери учун бирдиктүү салык   
Милдеттүү патенттоо негизиндеги салык   
Ыктыярдуу негиздеги патенттөө салыгы 191,0
 
Ишкердик иш аракет жүргузүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк 
салыгы 40,7
 
Жеке адамдардын транспорт каражатына салык 650,0
 
Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы 231,3
 
Айыл чарба багытындагы жер салыгы 400,0
 
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 1038,0
 
Сатуудан тушкон салык   
Роялти 35,0
 
Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо учун акы төлөө 900,0
 
Калктуу пунктардагы жерлерден алынуучу акы 12,0
 
Жайыт ижарасы учун акы 501,4
 
Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы 250,0
 
Таштанды төлөму 150,0
 
Мамлекеттик алымдар   
Атайын каражаттар 3192,0
 
Административтик салым   
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана 
күтүүгө чегерүүлөр 
20,0
 
Жалпы 
13899,2
 
 
 
Жооптуу катчы                Г.Балтабаева 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Ынтымак айылдык кеңешинин 2023-жылдын

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: 8-июнундагы  №20/07 токтомуна 
                                                                        №3 тиркеме 
 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга айылдык бюджети
. 
 
Салык агенти төлөгөн киреше салыгы 
7079,0 
Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы   
Чакан ишкердиктин субьектилери учун бирдиктүү салык   
Милдеттүү патенттоо негизиндеги салык   
Ыктыярдуу негиздеги патенттөө салыгы 191,0 
Ишкердик иш аракет жүргузүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк 
салыгы 40,7 
Жеке адамдардын транспорт каражатына салык 654,0 
Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы 231,3 
Айыл чарба багытындагы жер салыгы 400,0 
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 1038,0 
Сатуудан тушкон салык   
Роялти 35,0 
Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо учун акы төлөө 900,0 
Калктуу пунктардагы жерлерден алынуучу акы 12,0 
Жайыт ижарасы учун акы 501,4 
Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы 250,0 
Таштанды төлөму 150,0 
Мамлекеттик алымдар   
Атайын каражаттар 3192,0 
Административтик салым   
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана 
күтүүгө чегерүүлөр 
20,0 
Жалпы 
14694,4
 
 
 
Жооптуу катчы                                                                                   Г.Балтабаева

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:                                                                   
 
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХX сессиясынын  
 
№
 
20/08  ТОКТОМУ 
 
08.06.2023.              Ынтымак айылы 
 
 
2023-жылдын 28-апрелиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн турак-жай 
куруу жана жеке тамаркаларга жер аянтын ажыратып берүү боюнча 
комиссиясынын №6 протоколун, 2023-жылдын 5-июнундагы Ынтымак 
айылдык кеңешинин “Жер, суу, муниципалдык менчик жана электр 
энергия, жолдор боюнча” туруктуу комиссиясынын “Беш-Буркан 
айылынын тургуну К.Шарабидиновдун 0,12 га жер аянты тууралуу 
арызына негиз 2021-жылдын 16-мартындагы Ынтымак айылдык 
кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXXIII сессиясынын №6 
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” №6 
протоколун кароо тууралуу 
  
2023-жылдын 28-апрелиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн турак-жай куруу жана 
жеке тамаркаларга жер аянтын ажыратып берүү боюнча комиссиясынын №6 протоколун, 
2023-жылдын 5-июнундагы Ынтымак айылдык кеңешинин “Жер, суу, муниципалдык 
менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” туруктуу комиссиясынын “Беш-Буркан 
айылынын тургуну К.Шарабидиновдун 0,12 га жер аянты тууралуу арызына негиз 2021-
жылдын 16-мартындагы Ынтымак айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги 
XXXIII сессиясынын №6 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 
жөнүндөгү” №6 протоколун кароо тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып 
Ынтымак айылдык кеңеши  
        
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
 
1.
 
2023-жылдын 28-апрелиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн турак-жай куруу жана 
жеке тамаркаларга жер аянтын ажыратып берүү боюнча комиссиясынын №6 
протоколун, 2023-жылдын 5-июнундагы Ынтымак айылдык кеңешинин “Жер, 
суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” туруктуу 
комиссиясынын “Беш-Буркан айылынын тургуну К.Шарабидиновдун 0,12 га 
жер аянты тууралуу арызына негиз 2021-жылдын 16-мартындагы Ынтымак 
айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXXIII сессиясынын №6 
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” №6 
протоколу жактырылсын.
 
 
2.
 
Беш-Буркан айылынын тургуну Н.Джаляновдун күн чыгыш тарабындагы 0,12 
га жер аянтын К.Шарабидиновко турак жай салуу үчүн жеке менчигине 
бекитип берүүгө макулдук берилсин.

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: 3.
 
Бул токтомдун аткарылышы боюнча мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы 
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Салановко милдеттендирилсин. 
 
4.
 
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык 
кеңешинин “Жер, суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор 
боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 
 
 
Ынтымак айылдык  
кеңешинин төрагасы            Р.Исамов