Ынтымак айылдык кеңешинин  (7-чакырылышы) кезексиз  ХII- сессиясынын №1-токтомуна №1-тиркеме.        

 

 

           Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду узатуу, эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө

типтүү

                                                                          Ж О Б О

 

1.     Жалпы жоболор

2.     Жобону иштеп чыгуу, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби.

3.     үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби.

4.     Маркумду узатуу, эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби.

5.     үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду узатуу, эскерүү ырым жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары.

       5.1.  Жергиликтүү комиссия.

       5.2.  Райондук  комиссия.

       6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.

 

1.     Жалпы жоболор               

 

1.1     Бул жобо “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө”Кыргыз  Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ  №54 жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынтыгында кабыл алынган эрежелерди  камтыйт.

1.2     Жобонун максаты: Райондо, райондук маанидеги шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада салттарды, үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, этностук ырым-жырымдарды  жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарды өткөрүүдө убаракерчиликке, сөөк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын  тоготпоого, ашыкча ысырапкерчиликке, элдин салт санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.

 

2.   Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн       тартиби.

 

2.1   Айыл аймагында,бул жобону иштеп чыгууда айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен,айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен,айылдык кеңештин депутаттарынан. ардагерлердин жана аялдар кеңешинин, жаштардын өкүлдөрүнөн аксакалдар сотунан, дин кызматкерлеринен ,жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.

2.2   Ушул типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоорун айылдык жыйындарда талкууланат.жалпыга тааныштыруу үчүн тактайларга илинет, келип түшкөн сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.

2.3   Жобо ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.

 

 

 

3.     үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби.

 

3.1.үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, сүннөт той, үйлөнүү той, куда тосуу, кыз узатуу, юбилейлик тойлор, кичи жана чоң ажыларды тосуу ж.б. кирет.

3.2.үй-бүлөлүк салтанаттар калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

3.3.үйлөнүү той “Салттуу той”же банкеттик кече формасында өткөрүлөт. үйлөнүү тойго, сүннөт тойго 1-2 майда жандык же 2 жашар кара мал союулсун.  Ысырапкерчиликке жол берилбесин. Себет тартылбайт. Тойго себет көтөрүп келинбейт.  Пакетке 2ден ашыкча нан салынбайт..

       3.4.Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан бардык иш-чаралар эки куданын макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлөт. Калың 80000- 150000сомго чейин. 6 союш, 2тай пахтадан ашырылбайт. Кызга сеп берүүдө ашыкча жууркан- төшөк берилбейт. (6 көрпө, 10 төшөк, 10 жакандөз, 2 одеал, 10 жуп жаздык)  турмуш-тиричиликке керектүү зарыл буюмдар гана берилет. Сарыпай эки кудага жана эки жашка берилет. Бардык тойлор айылы жана тууган уругу менен өткөрүлөт.  

3.5. Күйөө жандоого 15 баладан ашпасын. Тогуз табак жок. ЗАГС ка 3 машина чыксын. Кафе жок. ЗАГСка чыккан балдар гана ойноп келсин. Кудалар үйдө сыйлансын. Кыз көчүрүүгө 15 адамдан ашыкча келбесин. Ажы тойлорго чакырылгандар гана барсын.  Ар кандай ойдон чыгарылган отуруштар токтотулсун.  3.6. Тойлорго аялдар материал, кытайдын материалынан жасалган калпактарды көтөрүү токтотулсун. Суннөт тойлор бир күндө өткөрүлүп бүтсүн. Бир күн мурун сыйламай жок. Алыс туугандарга 5 конок берилсин. Юбилейлик жаштарды белгилөө жакын туугандар арасында ашыкча чыгымдарсыз үй-бүлөлүк майрам катары белгиленсин.

 

4.     Маркумду узатуу, эскерүү ырым- жырымдарын өткөрүүнүн тартиби.

 

4.1.Маркум чыккан (азалуу үйдө) алгачкы үч күн ичинде эч кандай жандык союулуп, тамак аш тартылбайт. Келген конокторго кошуна колоңдун үйүндө  чай, тамак ашы берилсин жана бир майда жандык союулсун. Сөөк коюуга бодо мал, жылкы союуга тыйуу салынсын.  Аза 3 күн тутулсун.

 4.2.Маркумду узатууга айыл эли айтылган саатка келсин. Жыртыш , атир-упа ж.б. берүү токтотулсун. Маркумга атап үчтүк, бейшембилик, кыркылык, жылдык кылуу токтотулсун.

4.3.Сөөк коюуда кийит кийгизүүгө ( калпак, чепкен, желек) тыюу салынсын. Чай ичирди токтотулсун. Калпак, чепкен, желек, чай ичирди аза күтүп жаткан үйгө акчалай түрдө көңүлүдөн чыкканын берсин.

4.4. Маркумдун балдары, кыздары бир айыл өкмөттө  болсо маареке кылбасын. Маарекеге кеткен акча каражатты кайрымдуулук иштерине жумшасын.

4.5 Айттиктар ооз ачар (иптарлик) эсебинде өткөрүлсүн.

4.6. Аялдар батага маркум жайга чыккандан кийин барышсын.

 

5.     Диний иштерди жүргүзүү:

 

Диний иштерге жетекчиликти “Ынтымак” борбордук жана «Беш-Бурхан» жамьи мечиттеринин имамдары жүргүзөт. Башка жактан келген молдолорго мечиттерде, тойлордо, маркумду узаткан жерлерде маселе айтууга уруксат берилбейт. Айыл имамынын уруксаты менен башка жактан келген молдолор маселе айтууга болот. Элдин тынчтыгын бузууга багытталган, исламга жат  иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат. Балдарды окутуу Муфтият тарабынан белгиленген тартипте гана жүргүзүлөт.

Эгерде белгиленген тартип бузулса мечиттин имамдарына, мударистерге  жана уюштуруучуларга мыйзамга негиз чара көрүлөт.

 

                 

 

 

                       6.Эгиндерди жана дарактарды малдан асыроону уюштуруу:

 

Талаадагы жалпы эгиндерге жана дарактарга зыян келтирбөө, аларды малдан асыроо айыл өкмөтүнүн тургундарынын милдети. Эгерде талаадагы жалпы эгиндер жана дарактар малдарга жедирилип, эгин талааларына зыян келтирген болсо, анда келтирилген зыяндын көлөмүнөн сырткары малдардын ээлерине төмөндөгүдөй жазана салынат:

 

Малдын түрү:                                   Биринчи жолу:                      Экинчи жолу:

 

Жылкыга                                           1000 сом.                               2 эсе көбөйтүлөт

Ири мүйүздүү малга                                    500 сом                                  2 эсе көбөйтүлөт

Майда малга                                     100 сом                                  2 эсе көбөйтүлөт

Эшекке                                              1000 сом                                2 эсе көбөйтүлөт

Канаттууга                                       50 сом                                     2 эсе көбөйтүлөт

 

Эгинге жана даракка зыян келтирген малдын саны, келтирилген зыяндын көлөмү жана буга күнөөлүү адам комиссиянын актысынын негизинде аныкталат. Эгерде үчүнчү жолу  кайталанса жана жазана төлөөдөн баш тартса комиссия аркылуу тартип бузуучулардын иши укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

 

Түзулгөн комиссия алардын иштерине көзөмөл жүргүзөт жана алар үчүн толук жооптуу болуп эсептелет.

Айып пулду мал кайтарган бадачы, койчу же болбосо кезек менен малкезекке же койкезекке  чыккан адам төлөйт. Ошондо мал кайтарган бадачыны, койчунун жана малкезекке  чыккан адамдын жоопкерчилиги күчөтүлөт.

 

       7. үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү ,көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары .

 

     7.1.  Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын  өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга,жана кызмат адамдарына, айыл өкмөт башчысы, райондук комиссия жана жергиликтүү комиссия кирет.

     7.2. Ар бир айылда үй бүлөлүк салтанаттарды, маркумду узатуу, эскерүү боюнча көзөмөлдөөчү комиссиялар түзүлсүн. 

                    

                   8.  Жергиликтүү комиссия.

 

8.1. Жергиликтуу комиссия айыл өкмөтүндө түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери,жергиликтүү кеңештин депутаттары, аялдар жаштар, комитеттери, аксакалдар соту, мечиттердин имамдары жергиликтүү коомчулуктан лидерлери кирет. Жергиликтуу комиссия айыл өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.

 

8.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду эскерүү,  ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, сөөк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт ( же акт түзүлөт) ал тууралуу комиссиянын отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата тийиштүү чаралар көрүлөт.

 

 

 

 

 

               9. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.

 

Айыл аймагында, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарыны өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын жана айылдын уставында,  эрежелеринде каралган (элдик курултай,айылдык жана жергиликтуу кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.

 

           Элдик жыйында жободо жазылган эрежелерди бузган болсо 50000-100000 сомго чейин айып пул салынат деген жыйынтыкка келди.

 

 

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы                                                                    М.Мурзаканов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ынтымак айылдык кеңешинин  (7-чакырылышы) кезексиз ХII- сессиясынын №1-токтомуна №2-тиркеме.

 

 

             Ынтымак айыл аймагындагы улуттук –каада салтарды, үй-бүлөлүк үрп- адаттарды, этностук ырым-жырымдарды жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы.

 

1.Н.Жоробеков                -Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы.

 

2.Э.Таш уулу                    -Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссия                  

                                              төрагасынын орун басары

3.А.Матраимова               -Аялдар кеңешинин төрайымы,комиссиянын катчысы.

 

                                          Комиссиянын мүчөлөрү:

 

4.  М.Мурзаканов            -Акшар, Дөң-Маала айылдарынын айыл башчысы.

5.  М.Мурзаев                  -Ничке-Суу, Челекчи жана Таш-Булак айылдарынын айыл башчысы.

6.  М.Зулумов                  -Беш-Буркан айылынын айыл башчысы.

7.  Б.Мамашарипов         -Ынтымак, Арык-Бою айылдарынын айыл башчысы.

8.  А.Газыев                     -Аксакалдар сотунун төрагасы, айылдык кеңештин депутаты.

9.  С.Жамалдинова         -Айылдык кеңештин депутаты.

10.К.Балтабаева              -Айылдык кеңештин депутаты.

11.М.Жарматов              -Айылдык кеңештин депутаты.

12.А.Ботобаев                -Ынтымак айыл өкмөтүнүн башкы имам хатиби.

13.Аймактык  тескөөчү

 

 

 

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы                                                                    М. Мурзаканов