“Бейиш нуру” МЧББ мекемесинин алты айда аткарган            иштеринин     отчету.

 

         “Бейиш нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2021-жылдан бери иштеп келе жатат. Бакчада 13 киши иш менен камсыз болгон. Бакчада саат 8:00 дөн 18:00гө чейин иштейт. Ата-энелер балдардын тамак ашына айына 600 сом взнос төлөшөт. Ал эми Ынтымак айыл өкмөтүнүн бюджетинен күнүнө бир балага 15 сом каралган. Бакча баласынын бир күндүк тамагы 42 сомго туура келет.

           Бакчада окуу-тарбия иштеринин иши жакшы жолго коюлган, усулдук каана уюштурулган. 2021-2022-окуу жылында план боюнча бакчада иш-чаралар, ачык сабактар, салтанаттуу кечелер өткөрүлүп, санэпидстанциянын талаптарын аткарып, ата-энелерге тарбиялык сааттар, ачык сабактар, кечелер өткөрүлдү.

           2022-жылга иш-чаралар түзүлүп, бакчада төмөнкүдөй иш чаралар аткарылды:

1.     Бакча балдарынын арасында Санпинин эрежелерин жана өздүк гигиенаны сактоо боюнча түшүнүк берилүүдө.

2.     Бакчада кызматкерлер жана бакча балдары үчүн санитардык бурчтар түзүлгөн (Антисептик, айна-самын, хлор)

3.     15-февраль Ооган жоокерлеринин майрамына карата иш-чара өткөрүлдү.

4.     “21-февраль Эл аралык эне тил күнү” бакчада жогорку деңгээлде ата-энелер менен өткөрүлдү.

5.     Февраль айында Манас таануу интелектуалдык таймаш өткөрүү максатында бакча балдарына”Манас эпосун көркөм айтуу” боюнча жарыш уюштурулду.

6.     23-февраль -“Мекен коргоочулар күнүнө” карата уул балдар арасында жарыш сабак уюштурулду.

7.     8-март  - аялдардын эл аралык майрамына карата “Апама белек”конкурсун уюштуруп, балдар апаларына өз колу менен белек жасашты.

8.     “Нооруз-элдик майрам” деген темада сабак өтүлдү.

9.     9-май – Улуу Жеңиштин 77-жылдыгына карата Ынтымак айыл өкмөтүндөгү ардагер Маматкулов Ташбай ажи чоң атага балдар тарбиячылары менен барып, майрам менен куттуктап, белектерин беришти. Ташбай ажи чоң атанынын неберелери бакчада тарбияланып жатат.

10.  “1-июнь – Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө ” карата чоң программада майрамдык кече, эстафета уюштурулду. Майрамга ата-энелер, айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттары катышып, балдарды куттуктап кетишти.

11.  Бакчага Челекчи айылындагы элдердин кошкон салымы:

1.     Диван – 110000 сом

2.     Жууркан – 102000 сом

3.     Гилем, палас – 30000 сом

4.     Идиш аяк – 15000 сом

5.     Оюнчуктар – 12000 сом

Бардыгы:269000 сом

12.  Ноокат айонунун акими 10 тонна цемент алып берди, эшиктин алдына стяжка куйдук.

13.  Ынтымак айыл өкмөтүнөн 100000 акча каражаты бөлүнүп, ажааткана бүткөрүлдү.

14.  Ош облусунун губернаторунан 50000 акча бөлүнүп, суу жылыткыч түтүктөрү менен коюлду. 

15.  Ош облусунун губернаторунун буйругу менен “Өнүгүү” фондунан 5000000 сом акча бөлүнүп, азыркы кезде курулуш иштери жүрүп жатат.

16.  Курулуштун проэктисине Ынтымак айыл өкмөтүнөн 370000 сом акча каралды.

17.  CASA 1000 фондунан 17000 доллар бөлүнүп, ага балдар ойночу аянтча курулуп жатат.

 

 

 

 

 

“Бейиш нуру”МЧББМ дин башчысы                                         Жамалдинова С.