«Салиха Нур » МЧББМинин директору Боркошова Бүбүсалиха Муктаровнанын  2022- жылына  карата  6 айда аткарылган иштери   боюнча текстик отчету.

 

2022- жылдын январь айында 10 күн дем алуу болуп иш 10-январдан башталды. Кызматкерлер бир күндөн график менен нөөмөтчүлүгүн өткөрүп бакчага келип 3 сааттан туруп жатышты. Тамак ашка жергиликтүү бюджеттен ар бир балага бир күнүнө 15 сомдон каралып, ата энелер тарабынан төлөнүүчү взнос азык түлүктөр кымбаттап кеткендигине байланыштуу, ата энелер жыйналышынын  протоколунун  чечими менен  500 сомдон 600 сомго көтөрүлдү.Тамак ашка смета жаңыдан түзүлүп, тендерге берилип, тендер аркылуу алынып келип берилип жатты.Тамак аштын документтери өз убагында медайым аркылуу айыл өкмөттүн эсептөөчү бөлүмүнө тапшырылып турду.

 Февраль айындагы майрамдардан 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө жана 23-февраль Ата  мекенди коргоо күндөрүнө карата  сахна жасалып, майрамдык кече уюштурулуп жогорку деңгээлде өткөзүлүп,  видео монтаждалып ата энелер группасына жөнөтүлүп маалымат берилип турду. Ашканадагы раковинанын крайниктери  бузулуп жаңыдан 1000 сомго койдурдук.

Март айынан баштап айлана чөйрөнү көрктөндүрүүнүн  үч айлыгына карата иш план түзүлүп, эмгек жамаатынын жыйналышында жарыяланып аткарууга алынды. Жергиликтүү бюджеттен  2022 –жылга карата утурумдук  ремонт иштерине эч кандай акча каралбагандыктан кызматкерлер айлык майанадан 1 пайыздан  акча жыйнап гүлдөрдү жана памидор, бадыраң, укроп уруктарып сатып келип отургуздук жана септик.Өңу өчкөн балондорду да  түркүн түскө сырдоо иштерин ар ишембиде аткардык.

 

Апрель айында да тазалоо, көрктөндүү иштери уланып, 12-апрель космонавтар күнүнө карата ачык сабактарды тарбиячылар өтүп берди. Быйылкы жыл өзгөчөлөнүп балдарды кабыл алуу бир гана электрондук система аркылуу өтмөкчү. Биз өз алдыбызча буйрук чыгарып балдарды кабыл ала албайбыз. 11-апрелден жогорку органдардын  буйругу менен электрондук каттоо системасы башталды. Биз ата энелерге жыйналыш өткөрүп, түшүндүрүү иштерин гана жүргүзө алабыз.

Май айында көрктөндүрүү иштери аяктап, окуу программасы да май айы менен жыйынтыкталып, балдардын өсүп өнүгүүсү боюнча мониторинг жүргүзүлүп ата энелерге маалымат берилди. Май айында эң чоң майрам 9-май Жеңиш күнүнө карата да өтө жогорку даярдыктар көрүлүп, солдат  формалар толукталып  тиктирилип, концерттик программа уюштурулуп, эстелике гүл коюлуп,согуш ардагери Исак чоң атанын үйунө барып, бакча жетекчисинин атынан белек  берилип жагымдуу маанайда жүрүш болуп өттү. Бул иш чара да ютубка киргизилип, ата энелерге  видео сүрөттөр аркылуу маалымат жиберилди.Окуу жылдын жыйынтыгында ата энелер тарабынан 30 даана сүлгү, 1даана кир жайуучу сушилка, 1 даана  шейшеп салынган корзинка, 2 даана вентилятор алынып келди. Ар бир ата эне 1 же  2 даанадан түбөктө отургузулган гүлдөрдү беришти. Ажаатканадагы унитаз бузулуп балдар үчүн жаңы унитазды 8000 сомго орноттук.

Июнь айындагы балдар арзып күткөн 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө да кызыктуу оюндар, жерге өз өнөрүн көргөзүп, сүрөт тартуу конкурсу уюштурулуп, балдарга белектер берилди.Жайкы эс алууга карата ата энелер тарабынан кошумча витаминдүү азыктар уюштурулуп, графиги түзүлүп ата энелерге ватсап аркылуу маалымат жеткирилди.

 Мектеп жашына чыккан балдардан 9 бала бакчадан чыгарууга  тизмеси такталып, ИСУО дон  чыгарылды. “Кош бол бакчам” кечеси 30-июнда өткөрүлдү,  балдарга жолдомо берилбеди, себеби  жаңы балдар электрондук системадан өтмөйүнчө, бала бакчага кабыл алалбагандыктан, убактылуу кетүүчү балдар калып турулду. Кайсы айда өткөн болсо ошол айдан буйрук чыгарабыз жаңы келе турган балдарыбызга.

Июль айында жергиликтүү бюджеттен каралган 80 000 миң сомго тендер аркылуу 14-июль күнү бир даана автомат кир машина, генератор, 6кг дык миксер, 80 метрлик шланка, утюг, үтүк тактайчасы, сушилка кир жайуучу, филтр,винтиль ушул буюмдар алынып келинди. Июль айга  жайкы беседкага демөөрчү издеп курдуруу жана бассейн сатып алуу пландалган.

 

“Салиха Нур”МЧББМнин директору                                           Боркошова.Б.М