«Бүчүр гүл» МЧББ мекемесинин отчету.                                               

 «Бүчүр гул» мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2009-жылдан бери иштеп келет. Бакчада 2 тайпада 60 бала тарбияланып жатат. Бакчада 15 киши иш менен камсыз болгон. Бакча саат 8:00 дон 18:00 го чейин иштейт. Ата- энелер балдардын тамак ашына айына 600 сом взнос тѳлѳшѳт. Ал эми Ынтымак айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен бир балага күнүнѳ 15 сомдон каралган. Бакча баласынын бир күндүк тамагы 42 сомго туура келет.

Бакчада окуу-тарбия иши жакшы жолго коюлган, усулдук каана уюштурулган. 2021-2022- окуу жылында   план боюнча бакчада   иш-чаралар, ачык сабактар, салтанаттуу кечелер ѳткѳрүлүп, санэпидстанциянын талаптарын аткарып, ата-энелерге тарбиялык сааттар, ачык сабактар, кечелер өткөрүлдү.

 2022- жылга иш-чаралар түзүлүп, бакчада тѳмѳндѳгүдѳй иш-чаралар  аткарылды:

  1. Бакча балдарынын арасында Санпинин  эрежелерин жана ѳздүк гигиенаны сактоо жолдору жѳнүндѳ түшүнүк берилүүдѳ.
  2.  Бакчада кызматкерлер жана бакча балдары үчүн санитардык бурчтар түзүлгѳн (Антисептик, айна- самын, хлор)
  3. 15-февраль Ооган жоокерлеринин майрамына карата иш-чара өткөрүлдү. 
  4. “21-февраль- Эл аралык эне тил күнү ”бакчада жогорку денгээлде  ата-энелер менен өткөрүлдү.
  5. Февраль айында Манас таануу интеллектуалдык таймаш өткөрүү максатында бакча балдарына “Манас” эпосун көркөм айтуу боюнча жарыш уюштурулду.
  6. 23-февраль – Мекен коргоочулар күнүнө карата уул балдар арасында жарыш сабак уюштурулду.
  7. 8-март – аялдардын эл аралык майрамына карата  «Апама белек»  конкурсу уюштурулуп, балдар апаларына өз колу менен белек жасашты.
  8. «Нооруз – элдик майрам» деген темада   сабак ѳтүлдү.
  9. 9-май – Улуу Жеңиштин 77   жылдыгына карата Ынтымак айыл ѳкмѳтүндѳгү  ардагер Кубатов Исак  чоң атага  балдар тарбиячылары менен барып, майрамы менен куттуктап, белектерин беришти. Исак атанын неберелери бакчада тарбияланып жатышат.
  10. «1-июнь—Буткул дүйнѳлүк балдарды коргоо күнүнѳ» карата чоң программада майрамдык кече, эстафета уюштурулду. Майрамга ата-энелер, айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары катышып, балдарды куттуктап кетишти.
  11. Бакча жамааты демилге көтөрүп, бакчага 16 000 сомго бакчанын залынын занавескасын жалюзи   менен алмаштырышты. Буга ата-энелер 6000 сом салым кошушту.
  12. Бакчадагы көрсөтмө куралдарды   жасоо үчүн бакча жамааты 10 000 сом акча каражатын сарптады.
  13.  Көрктөндүрүү үчүн  ата-энелер 2000 сомдук, жамаат 3000 сомдук гүл көчөттөрүн отургузушту. Бакчанын   сыртын актап-сырдоо үчүн 10000 сомго краска, цемент алынып, балондор, стол – стулдар, беседкалар сырдалды.
  14. Ата-энелер тарабынан  бакчага 7500 сомго сахна үчүн занавеска тиктирилди. Бир ата-эне балдар үчүн 5000 сомдук оюнчук алып берди.

 

 

  1. Сыртта балдар ойноочу аянтчага 3000 сомго 10 даана отургуч (скамейка) жасатылып, орнотулду.
  2. Бакчанын сыртындагы көрнөк-жарнактар   6500 сомго жасатылды.
  3. Ынтымак айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен   2022-жылга бакчаны  оңдоп-түзөө үчүн жайкы ремонтуна жана кышка карата даярдыкка 50 000 акча бөлүнгөн.  Порталдык бухгалтер жок болгондугуна байланыштуу бул сумма бөлүнө элек. Смета түзүлгөн.

      Жалпысынан   Ынтымак айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен  жалпы 50 000 сом, бакча жамаатынан  42 500 сом, демөөрчү ата-энелер тарабынан 20 500 сом акча каражаты сарпталды.

 

 

 

 

 «Бүчүр гүл» МЧББМдин башчысы                                               Ж.Кошокова