“Барчын-А”МЧББМинде 2022-жылдын 1-январынан,

1-апрелине чейинки аткарылган иштин маалымдамасы.

 

2022-жылдын январь айында бала бакчалар да башка мамлекеттик ишканалар катары он күндүк  кышкы эс алууга чыгышты. Бирок кызматкерлер графиктин негизинде кезекке туруп, бакчага келип, утурумдук ремонт иштерин документациялар боюнча иштешти.

Ар жылы өтүүчү райондук бакчанын директорлорунун кышкы секциялык ишинде “Бакчадагы сабак өтүүнүн жаңы усулдары” деген темада семинар тренинг өттүм, ошондой эле райондогу бакчалардын жалпы жогорку тайпанын тарбиячыларынын секция жетекчиси катарында жогорку тайпанын тарбиячыларына документация, мыйзам, жобо тууралуу сабак өтүлдү. Мындан сырткары,  электрондук кезекке туруу боюнча окууларга катыштык . Жалпы бала бакчалар 2022-жылга жылдык иш планын кайталап иштеп чыгуу максатында бакчанын жылдык, айлык  иш планы үлгү катарында кайрадан  жазылып чыкты. Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тилди 2021-2025-жылдарга өнүктүрүү программасынын негизинде бакча турмушунун деңгээлинде 9 айлык иш план иштелип чыкты. Анын негизинде бакчада февраль айында  эне тил майрамынын иш чарасы жогорку деңгээлде өттү.

Бакчада 2022-жылдын январь айынан баштап “Энелер мектеби” уюшулуп ар ай сайын атайын программанын негизинде сабактар өтүлдү. үч айдын жыйынтыгында конкурс өтүп, анын жеңүүчүлөрү энелер метебинин эң активдүү катышуучусу  жаш апа Ахтаева Угулай жана көп балалуу апа  Маматкулова Жыпаралар баалуу белектер менен сыйланышты.

2020-жыл 29-июндагы Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу Мамлекеттик стандарттын негизинде бакчадагы балдардын тамак ашы үчүн  ата-энелерге жыйын өткөрүлүп,  тамак ашка берилүүчү взнос 600 сом, ал эми айыл өкмөт тарабынан  ар бир балага 15 сомдон акча каралды. Бакча жетекчиси жана медайым тарабынан каллориялуу смета түзүлүп, тендердик конкурста  Ош шаарынан ЧП  Мамажанов Актилек жана Нурдин кызы Мариямдар утушуп, сапаттуу азык түлүктү өз убагында алып келип  беришти. Бакча медайымы Мамасадык кызы Нуризат  ар бир күнгө меню (аш тизмекти) өз убагында  түзүп, бекиттирип, балдарга рационалдуу тамак аш берүүгө чоң салымын кошту жана айлык  отчетторду да кечиктирбей берет.

“Бардыгы үчүн билим” Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан берилген долбоордун негизинде  бакчада кыска мөөнөттүү  сабак берүү боюнча 1 млн. сомдук  проект өткөрүлдү, анда ойноо аянтчалары толугу менен оюнчуктар менен камсыз болуп жана  балдар окуучу бөлмө капиталдык ремонттон чыгат.

Февраль айында  райондогу  У.Салиева бала бакчасында өткөрүлгөн семинарга катышып, анда СЭС, прокуратура, юристин, музыкалык билим берүү, меню түзүүнүн бирдиктүү формасы жөнүндө маалыматтарды алып келдик жана “Медиа бурч” боюнча өткөрүлгөн оюнда активдүү катышып, жеңүүчү болдук.

Ошондой  эле, бакчабыздын ичи кыш мезгилинде ашыкча ным болгондуктан, балдардын ден-соолугуна кам көрүү максатында кааналарга абаны тазалоо үчүн ата-энелердин жардамы менен үч бөлмөгө 9000 сомдук аба соргуч (вытяжка) коюлду.

Бакчадагы тарбиячылар: Анарбаева Феруза, Абдрашитова Феруза, Ымамидин кызы Бегайым жана Джаланова Гулмира эжекелер балдарга тарбия–таалим берүүдө талыкпай,  эмгектенишип келүүдө. Март айындагы  5-март “Ак калпак күнү”, 8-март “Энелер майрамы”, 21-март “Нооруз күнүнө” арналган  иш чараларга балдарды чыгармачылык менен даярдашып өткөрүштү жана бардык иш чаралардын сценарийлери түзүлүп издери тиркелди.

 

 

 

 

“Барчын-А” МЧББМинин

директору                                                                   А.Матраимова

 

 

 

 

“Барчын-А” МЧББМ  жетечиси Г. Резаеванын  3 айлык отчету.

Бакчада ортоңку тайпада  4-5 жашка чейинки 30 бала тарбияланып жатат. Бүгункү күндө бакчада  жалпы жетекчи менен кошулуп 10 кызматкер иштейт. Балдарга  өз убагында  талаптагы билим берилип жатат. Тамак-аш да түзүлгөн менюнун негизинде берилет.       Жашылдандыруу жана көрктөндуруу иштери да кызуу журуп,  ар жумада ишембиликтер өткөрүлдү.  Бакчанын айлана -чөйрөсу тазаланып,  көчөттөр  жана ар турдуу гулдөр  эгилди. Бакчанын  сырткы  аянтында  краскалоо иштери болду.

Бакча негизинен демөөрчүлөргө , ата-энелердин жардамына муктаж.  Ата-энелердин жардамы менен май айында  жайкы беседкага балдарга отуруу үчүн 5000 сомдук стол жасалды.  Ошондой эле балдар ойноочу каанага  9600 сомго килем алынып салынды,  жергиликтүү кеңештин депутаты    А. Самидиновадан 5000 сомдук   стеляж  берди.  Жайкы мезгилде балдардын ден  соолугун чыңдоо  максатында  3000 сомго бассейн  демөөрчү ата-эненин эсебинен алынып келинди.  “Балдарды коргоо “ күнүндө  да энелер,  балдар  үчүн  4000 сомдук кийим сатып беришти.  Окуу каанасына тарбиячылар 2500 сомдук жасалгалоо иштерин жасады.

Бакчанын ички ремонттоо иштерине акча  каражаты бөлүнбөгөндүктөн, ремонт болгон жок.  Бакчанын жамааты краска алып, ойноо аянтчаларын краскалашты.

Билим жаатында  айыл өкмөттүн аймагындагы бала бакчаларга  семинар сабак  өтүп, тажрыйба жайылтылды. О.э  14 бүтүрүүчү балдарды мектептин даярдоо классына чыгарылды. Бүгүнкү күндө  кезектеги  каттоодо 21 бала бар.

Жайкы эс алуунун  үч айлыгы жарыяланып , балдар жайкы режимге өтүштү ата-энелер  тарабынан күнүнө экинчи витаминдүү тамак  үзгүлтүккө учурабай берилип   жатат.

 Арабдардын  фондунан  2022-жылдын  10– июлунда 1 600 000 жаңы бакчанын имаратынын курулушу башталды.  Жогорку кеңештин депутаты  Джусупов Эмилбек  Рамидинович  келип,  бакчанын алгачкы ишин баштап берип кетти. Айыл аксакалдары, тургундары  колдоп, өздүк салымдарын топтоого убада кылышты. Ал эми айыл өкмөт тарабынан бакчага бөлүнгөн 300000 сом акчаны да жаны бакчанын эшик-терезелерин сатып алууга жумшоону чечтик.                             

 

Көйгөй :1. Бакчанын имаратын жаңы окуу жылына  чейин бүтүрүү.  Бакчанын жаңы имаратынын тез убакытта бүтүшүнө,  элдик салымга жардам иретинде  демөөрчүлөрдү  тартуу.

2.  Бакчага  WI-FI киргизүү. Анткени, ар бир маалыматты электрондук варианттарын алып жиберүүдө кыйынчылыктар жаралууда.

3. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына  жергиликтүу бийликтин жардамы менен  айлык взноско  жардам алуу.

 

 

   “Барчын-А” МЧББМ жетекчиси                                      Г.Резаева