Ынтымак айыл  өкмөтүнө  караштуу  Беш-Буркан  айылындагы  “Тоо гүлдөрү”  балдар  бакчасынын  2021-2022  окуу  жылындагы  алты  айлык     отчету .

 

Беш-Буркан айылындагы  “Тоо  гулдөрү” балдар  бакчасы  2013-жылы  5- августа  ишке  кирген. Бакчада  жалпы  15 адам  эмгектенет. 4 жогорку  маалыматтуу,  2  атайын  орто  маалыматтуу  тарбиячылар  эмгектенет.

9 техперсонал  эмгектенет. Бакча  90 орунга  ылайыкташтырылган, азыркы  мезгилде  60 бала  тарбияланат.

    Бакчага  жылына  айыл өкмөтү  тарабынан  21 (жыйырма бир) тонна  көмүр  алынып  берилет. 2022-жылы  жашылдандыруунун үч  айлыгы  жариялангандан  баштап, ар ишемби  күнү  ишембиликтер  өткөрүлүп  турулду. Бакчанын айлана  чөйрөсү  таштандылардан  толугу  менен  тазаланды.  Бакчада  геран  гулу деп  жарыяланып, айланасына  80 туп  геран  отургузулду.  Ата-энелерден  Ташкенбаева  Сапура    хризантема  гүлүн  алып келип, отуругузуп  берди.    Ар бир даталуу  күндөргө  карата  ата –энелер  менен биргеликте  бакчада  кечелер, конкурстар  жана  иш чаралар  өткөрүлүп турду. Мисалы  “ Апам  жана  мен” аттуу тайпалар  арасында  конкурс  өткөрүлүп, даярдоо  тайпасынын  окуучусу  Зиявдинов  Нурислам  эжеси  Гулнура  менен  1-орунга  ээ болуп  громата  жана  белек  менен  сыйланды.

“Жомоктор  дүйнөсүндө”  аттуу  конкурс  өткөрүлүп, жомоктор  дүйнөсүндөгү  каармандарды  оргиналдуу  жасагандыгы  учун, жогорку  тайпа  ата –энелери  менен  жеңүүчү  деп табылып,  демөөрчүлөр  тарабынан  жаңы  үлгүдөгү  телевизор  белекке  берилди. Желек  куну жана  ак  калпак  куну да  салтанаттуу  өткөрүлдү. Айыл  өкмөт  ичинде  бакчалар  арасындагы  өз  ара тажрыйба  алмашуудагы  сабагы  үчүн, 5 бакчасынын  арасында  даярдоочу тайпа  тарбиячысы    Жолдошова  Гулбахар  эң  мыкты  тарбиячы  деп  табылды.  Билимин  өркүндөтүү  курсуна  барып  келген  жогорку  тайпанын тарбиячысы  Акынбек  кызы  Канзаданин  өткөн  сабагы , бакчалар  арасында  жайылтууга  сунушталды.

 

Бакчага  айыл өкмөтү  тарабынан  70 000 (жетимиш миң) сомго

1.     Кир  жуучу автомат  машина.

2.     Суу  насосу.

3. Кабинетке  жарык  беруучу  эконом  лампочкалар,  кабелоканалы  зымы менен.

4. Төрт  көздүү (эки көзу газ)  электр  печкасы.

5. Утюг  астыга  тактай  менен   алынып  берилди.

Текущий  ремонт  үчүн  үч  жылдан  бери  билдирүү  берилет, бирок  акча  бөлүнбөй  бакча  ремонттолбой  келе жатат.

     Быйыл  2022-жылы  бакчага  ата- энелер  демөөрчүлүгүндө  өтө  көп  жардамдар  берилди. Эки тайпанын  окуу каанасына  видео  көзөмөл  коюлуп  берилди.” Москва  фонд”  Абдыганы  ажы  баш болгон  айыл  жаштарынын  жардамында , узуну  12   метр    туурасы 5 метр  болгон  балдар  ойноочу  жазгы аянтчага  жашыл  газон , 2 портер кум  газондун  астына, 4 кап  резина  газондун  үстүнө  төшөлүп  берилди. Футбол  ойноо  үчүн 2 дарбаза  жасалып   берилди . Балдар  ойноочу  кум  дөбөгө  2 портер  кум  түшүрүлдү.  Бардыгы  болуп  80 000(сексен миң) сомдук  жумуш   аткарылды.

     Айылдык  кеңешинин  депутаты  Абдиллажан  уулу  Орозали  жана  Беш-Буркан  айылынын   айыл  башчысы  Зулумов  Медетбектин  демилгеси  менен  айылдагы  жигиттер , бакчанын  алдын  төрт  кун  ашар  жолу  менен  толук  цемент  менен  тегиздеп  беришти.  Аны  жасоо  учун  3 камаз  щебен  6 тонна  цемент  сарпталды. Бардыгы  болуп  100 000 (жуз мин)  сомдон  ашык  жумуш  аткарылды. 

      Май  айындагы  жыйынтыктоочу  ата-энелердин  чогулушунун  негизинде. Ата –энелер  комитет  башчысы  Абдыманапова  Нуркандын  сунушунун  негизинде. Бакчага  демөөрчүлүк  катары, азык  түлүк  сактоочу  кампага  стеляж (текче)  астын  пол  кылып  берүү  чечилди. Текущий  ремонт  үчүн  колдон  келгенче  краска  алып  бермей  болушту.  Бакчада  аткарылып  жаткан  иштерге  ыраазычылыгын  билдиришти.  Балдарды  жайкы  витаминдештирүү  мезгилин  бакчанын  багында  өстүрүлгөн  гиластан  компоттор  жасалып,  берилип  жатат. Алмадан  күнүнө  бир  маал балдарга  берилип  жатат. Ата-энелер  тарабынан  буйрукка  негиз  витаминдештирүү  төртүнчү  тамак  уюштурулуп, график  боюнча  берилүүдө. 

Балдардын  ден- соолугун  максатында  бассейнге  күнүнө  суу  толтурулуп, суу  ваннасы, аба ваннасы,  кум  ваннасы  жана  май  тамандуулукка  каршы  бастыруу  ванналары  өткөрүлүп  турат. Бакчада  уч  айлык  эс  алуудагы  күндөр  белгиленип,  иш  чаралар  күнүмдүк  өткөрүлүүдө.  Балдардын  өмүрүн  жана  ден-соолугун  коргоо  максатында  коопсуздук  эрежелерин  сактоо  жана  иш  алып  баруу  пландуу  жана  тутумдуу  өткөрүлүүдө.

Өрт  коопсуздук  чаралары  каралган. Балдардын  тамак  ашынын  күнүмдүк  сапатын  текшерип  туруу  күн  сайын  медайымдын  тыкыр  көзөмөлүндө. Бакчада  жыл  сайын  техникалык  жана  материалдык  базаны  чыңдоо, ата-энелердин , демөөрчүлөрдүн жана  айыл  өкмөтүнүн  жардамында  жүргүзүлүүдө.

 

 

 

“Тоо  гулдөру” МЧББМ  директору                                 С. Иризаева