2021-2022-окуу жылына карата Т.Кулатов атындагы орто мектебинде аткарылган иштер боюнча маалымат.

     2021-2022-окуу жылында төмөндөгүдөй иштер аткарылган:

  Мектептин материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн
 Ынтымак айыл өкмөтү тарабынан 200 000 сом акча бөлүндү.

Анын 125 000 сом акча мектептин кааналарынын электр жабдыктары алмаштырылып, плафондор коюлду жана 25 000 сом акча каражаты мектептин утурумдук ремонтуна жумшалды. Бул иштер тендер менен ишке ашырылды, калган 50 000 сому кышка карата даярдыкка, кааналарга интернет коюууга жана мектепке суу киргизүү үчүн сметалар түзүлүп , айыл өкмөткө тапшырылды .

1-4- класстардан 401 окуучу ысык тамак  ичишти, анын нанын ата- энелер камсыздашты.

Мектепте 2 интерактивдүү доска,40 компьютер, 5 принтер, 5 плазмалык  телевизор,  3 жѳнѳкѳй телевизор,   4 видео камера, 4 магниттик доскалар бар.

5 ийрим иштеди, алар: тигүүчүлүк, манас таануу, өздүк көркөм чыгармачылык, компютерди үйрөтүү, комуз ийримдери  болуп саналат.

               Окуу тарбия иштери боюнча:

2021-2022-окуу жылындагы окуу тарбия иштери боюнча жыйынтык отчету                   

      2021-2022-окуу жылында Ош 1де жалпы 1-4-класстарда 418 окуучу болуп алардын 186сын кыздар түзсө жыл жыйынтыгында    22 окуучу келип 38 окуучу кетип азыркы учурда 402 окуучу калды анын 178ин кыздар түзөт.Ал эми 5-11-класстарда Ош1де жалпы 536 окуучу болуп анын 276сын кыздар түзсө жыл жыйынтыгында 24окуучу келип, 45 окуучу кетип, 515 окуучу калды  анын 263үн кыздар түзөт.Ал эми жалпы мектеп боюнча 1-11-класстарда Ош1де 954 болуп анын 462син кыздар түзсө жыл жыйынтыгында 46 кызы 18 окуучу келип, 83 кызы           39 окуучу кетип, 917 окуучу калды анын 441ин кыздар түзөт. 480сааттык окууда 58окуучу окуп билим алып жатышат. 

          Билим сапатынын көрсөткүчү боюнча жыл жыйынтыгында  2-4 класстарда сапатка окугандар 163 окуучу болуп 53пайызды, 5-9-класстарда
166 болуп 39пайызды ,10-11-класстарда 36 окуучу болуп 40пайызды ал эми мектеп боюнча сапатка окугандар жалпы 365 окуучу болуп 44пайызды түздү.

  Журналдар боюнча  журналдарды текшерүүнүн жыйынтыгында Темирбердиева Гүлжамал, Кадыров Ташбалта, Алдаярова Манзура, Жороева Жазгүл, Айтматова Айнагүл,Мамашова Сейил, Абдурахманова Айхан, Мурзаканова Гулсана, Кошанова Алтынай, Жолчуева Динар,  Атаханов Камил, Заирова Карамат  журналдарды убагында толтурушкан дээрлик эскертүүлөр жазылган эмес. Ал эми Сыражидин кызы Махабат, Жумаева Тазагүл, Мурзаева Чынар,Ражапова Миргүл эжекелерге салыштырмалуу эскертүүлөр көп жазылган.

         Күндөлүк пландар боюнча көпчүлүк эле мугалимдерде даяр жылдык пландары бар бирок ошондой болсо да күнүгө жазып  утуру белгилетип жүргөн мугалимдер  Темирбердиева Гүлжамал, Бурханова Замира, Кадыров Ташбай, Нурали кызы Умида, тил илимдер усулдук бирикмесинде Ташбалта  агайдан башкасы баары, чет тилдер усулдук бирикмесинен Абдурахманова Айхан, Жолчуева Динар, Жумаева Тазагүл,Сыражидин кызы Махабат, так илимдерден Бурханова Замира  жакшы жазышып келүүдө.

           Олимпиадалык топтун иштери боюнча Темирбердиева Гүлжамал, Шамакова Г, Маматалиева Салия, Жороева Жазгүл,Жумаева Т,Алишер к Г Бурханова З, Матисакова Ж, Кошанова А олимпиадаларды убагында өткөрүшүп жыйынтыктарын чыгарышып келишүүдө.

Окуу жылы ичинде бардык предметтерден жумалыктар өткөрүлүп жыйынтыктары чыгарылды.

   Көк-Жар айыл аймагында өткөрүлгөн 40тан ашуун мектептер арасында өткөрүлгөн олимпиаданын аймактык турунан 11-акласстын окуучусу англис тил сабагынан Аманбай кызы Алина, окуткан мугалими Жолчуева Динара, 
11-бкласстын окуучусу география сабагынан Акжолов Бекзат, окуткан мугалими жапашова Айша биринчи орунду камсыз кылышып, олимпиаданын райондук турда бул окуучуларыбыз 3-4-орундарды ээлешти.

 Райондо Камбаралы Бобуловдун 85 жылдык мааракесине карата окуучулар сүрөт жана көркөм окуу сынактарына катышышты, мында көркөм окуу боюнча 10-б класстын окуучусу Абдужапар кызы Сонунбү 3-байгелүү орунду камсыз кылып акчалай жана мактоо баракчалары менен сыйланды, окуткан мугалими Карабекова Айкыз.

    Башталгыч класстар жумалыктары болуп өттү.1-6-класстар арасында өткөн “Окуйбуз изилдейбиз, жасайбыз ”долбооруна карата мектептин 1-4-класстардын жана 5-6-класстардын окуучулары жана мугалимдери активдүү уюшкандыкта катышышып райондо алдыңкы орундарга жетишишип ал эми                2-класстар арасында түзүлгөн топ жетектеген мугалимдер Ботобекова Н, Акжанова Г, Бакирова Н.Топчубаева Ч эң мыкты даярдыктары менен облуста биринчи орунду камсыз кылышып республикалык турда да активдүү катышышты.Бул ийгиликти багындырган мугалимдерибиз,окуучуларыбыз ОИнин жана Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары менен сыйланышты.                                  Аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча өткөн жазгы 7-спортакиадада 11-класстарынын окуучулары Курмушуев Актилек жана Шумкарбек уулу Нурсултан өздөрүнүн эң мыкты чеберчилик,жөндөмдөрү менен район, облус,республикада да биринчи орунду камсыз кылышты.Окутуп даярдаган мугалими Алымкулов Алмамат.Бул ийгиликтер үчүн район,облус жана республикалык куралдуу күчтөрү тарабынын бир нече ардак грамоталар менен сыйланышты.

 

     “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына карата мектептен 11-а классынан Ордонбекова Алина көрсөтүлүп бул окуучубуз сынактын 1-2-баскычтарынан  ийгиликтүү жогорку баллдар менен өтүп 3-негизги жыйынтык баскычта бир аз баллы жетпей калды бирок салыштырмалуу бул кызыбыздын билим деңгээли жакшы.

   Жалпы республикалык тестирлөө боюнча 11-класстарда жалпы 39 бүтүрүүчү болсо 15и тестке катталып 27-28-май күндөрү негизги тест сынактарын тапшырып өз билимдерин  сынап келишти. Акжолов Бекзат эң алдыңкы  154 баллга жетти. Мектеп боюнча орточо  111 баллды түздү.

   Мектепте аткарылган тарбиялык иштер боюнча

Мектепте КРнын эгемендүүлүгүн 31 жылдыгын белгилөө боюнча ар бир класс жетекчи дубал газеталарды чыгарышып, майрамга арналган иш-чаралар болуп өттү. 15-сентябрь “Билим күнүнө” карата  салтанаттуу линейка өткөрүлүп ар бир класс жетекчи “Мекеним менин – Кыргызстан” темасында тарбиялык сааттар  өтүштү.
23-сентябрь “Мамлекеттик тил күнүнө” 9-а,б,в  класстардын арасында конкурс,       1-октябрда “Кадырман карыяларым бар болуңуздар” аттуу карыялар менен жолугушуулар, мугалимдер күнүнө карата “Мугалим мөмөлүү дарак” аттуу окуучулар тарабынан даярдалган иш-чаралар өткөрүлдү.

    Кыргызстандын белгилүү новатор энелер мектебинин негиздөөчүсү, педагог, улуу инсан Гапир Мадаминов Т.Кулатов атындагы орто мектебинде 15-октябрь  “Мектебим-алтын бешигим, үй-бүлөм-ырыс  кешигим”  аттуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө ата-энелер менен биргеликте жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп өттү.

  Даталуу майрам күндөрүнө карата жана белгилүү инсандардын мааракелери өз убагында буйруктардын негизинде белгиленип өткөрүлүп жатты.

      Окуучулардын социалдык абалы боюнча мектепте 2 тоголок жетим, 26 жарым жетим, 77 ата-энелери ажырашкандар, 28 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары,
3 көйгөйлүү үй-бүлөлөрдүн балдары, 154 көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары,
3 тобокел топтогу балдар, 6 инклюзив үй  шартында окуган балдар,182 мигранттардын балдары бар. 8-в класстын окуучусу Мамалатиев Райымбектин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок.

 3-декабрь  Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коргоо күнүнө карата мектепте  “Биз биргебиз” аттуу акция уюштурулуп өткөрүлдү.

Мектеп китепканасы “Бир адамдан бир китеп” долбоору менен биргеликте иш-чара уюштурулуп 260 даана ар түрдүү китептер жыйналды. Бул долбоордун ачылышы жаңы окуу жылына калтырылып китептер дагы деле жыйналууда. 22-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата мектепте марафон болуп өттү. Марафондон окуу китептер, адабий китептер, 3100сом акча (бул акчага 14 адабий китеп сатылып алынды) жыйналды.

 

 

 

 

  Мектеп директору                                                                          М.Алдаярова