Кыргыз  Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги.                                                         
          

 

           Ынтымак айыл өкмөтү                                                   « Арык-Бою» орто мектеби

             Арык-Бою айылы                                                                телефон: 0778-74-92-61

 

 

 

             Арык-Бою орто мектеби                                                                    14.07.2022

 

 

“Арык-Бою” орто мектебинин директору Исамова Толгонайдын иштеринин бир жылдык тексттик отчету

 

                  Ноокат районундагы Ынтымак айыл аймагында жайгашкан “Арык-Бою” орто мектебинин 

2021-2022-окуу жылы ичинде аткарган ишмердүүлүгү жана 2022-2023- окуу жылына карата даярдоо.

Ноокат районундагы Ынтымак айыл аймагында жайгашкан “Арык-Бою” орто мектеби 1991-жылдын 1- сентябрын 120 балага ылайыкташтырылып курулуп ишке кирген. Азыркы убакта 25 мугалим 331 окуучуга 3 сменада сабак берип окутушат.

Мектеп директору:  Исамова Толгонай Артыковна,

Окуу бөлүм башчысы:   Алибаева Зарипа Жамалдиновна

Тарбиялык иштери боюнча директордун орун басары:   Абдуллаева Айчурөк Аширалиевна

Мектептин чарбалык иштери боюнча орун басары: Камбаров Рахман

Мектептин китепканачысы Жоробекова Наригул Абдумаликовна

 

Жыл ичинде келген окуучулардын саны:     8, анын ичинен кызы 3

Жыл ичинде кеткен окуучулардын саны:   23, анын ичинен кызы 10

Жыл аягында   306 окуучу калды.

Жыл ичинде 24 мугалим эмгектенип алардын ичинен  үч  мугалим декретке, бир мугалим үй шартына байланыштуу жумуштан бошотулду. Тех кызматкерлерге  эки жумушчу алынды.

Жыл башында окуучулардын билим сапаты:39%ды түзүп ал эми жыл аягында 45%га көтөрүлдү. Негизинен алганда башталгыч класстарда билим сапаты эң жакшы. Ал эми жогорку класстардан 9-11 –класстардын билим сапаты жакшы. Төмөн болгон 6-класс болду. 3-чейректин жыйынтыгы менен

6-класска  мектеп ичинде  фронталдык текшерүү жүргүзүп, билим сапаты  10% жогорулады. . ПISAга карата 4-5-6-класстардан тесттер   ар бир чейректе алынды. Жылдын жыйынтыгы менен

 4-класстардан жогорку класска көчкөндүгүнө байланыштуу кыргыз тили жана математикадан текшерүү иши жана жат жазуу тесттер алынды.Зоналдык олимпиада боюнча биология  предметинен 11-класстын окуучусу Момунова Нуркыз 1-орунду ээлеп, химия предмети боюнча 11-класс окуучусу  Сабырова Акмөөр 3-орунду алды.

 

 

           Ал эми  райондук турдан химия предмети боюнча 3-орунга ээ болду,биология боюнча

 4-орунду алды.  Ботобекова Ирискул эжеке жана окуучулары райондук грамота менен сыйланышты.

2021-2022-окуу жылында 11-классты 8 окуучу аяктап анын ичинен төртөө ОРТ тапшырып

1.Сабырова Акмөөр                               178  балл.

2. Момунова Нуркыз                              151  балл.

3. Шамин кызы Өмүргүл                       114  балл.

4. Амирбек кызы Жасмина                    83  балл

Орто балл 131.

 

2020-2021-окуу жылында 11-класста жалпы бүтүрүүчүлөрдүн саны:     28.

ЖРТга катышканы: 15

Жогорку баллы: 175

Орточо баллы: 111

 ОРТ жогорку балл 175, орто 111 болгон.

 

           Китепканачы  Жоробеква Наригүл Ноокат райондук “Бир адамдан бир китеп” уюму уюштурган “Палиана” китеп конкурсуна катышты.  Ынтымак айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештин депутаты Нурулла уулу Абдураимдин демилгеси менен уюштурулган жалпы элдин жана окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлгөн.

“Аруу –энелер” китеп конкурсунда  чет тили мугалими Тынычбек кызы Акбермет 2-орунду багындырып газ плита жана грамота менен сыйланды. Ал эми окуучулар арасында “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы”, “Палиана”, “Маржан аралы”  нын китептерин окуу конкурсу жүрүүдө.

 “Окуу керемет” долбоору жарыялаган конкурс боюнча колдо жасалган китептердин мукабасын жасоо боюнча  онлайн түрүндө мастер классты изилдөө долбооруна жөнөтүп, эки окуучу сыйлыкка ээ болду.

 Камбаралы Бобуловдун юбилейине карата райондук масштабда өткөрүлгөн мугалимдер арасындагы онлайн конкурста кыргыз тили мугалими Резаева Гулзада  “Мыкты сабак” наминациясына ээ болуп, диплом жана 1000 сом акчалай  сыйланды.

Жыл ичинде мугалимдер арасында конкурстар өткөрүлүп, мектеп ичинде “Мыкты класс жетекчи” конкурсунда 8 –класстын класс жетекчиси Алимкулова Темиркан жеңүүчү болуп чыкты.

“Жыл мугалими” конкурсунун  зоналдык турунда математика мугалими Абдуллаева Айчурөк экинчи орунду алды. Ал эми райондук турдан “Мыкты мастер класс”  наминациясын алды.

Жыл ичинде усулдук бирикмелер арасында көрсөтмөлүү санарип  сабак өтүүдө өз чеберчилигин көрсөткөн мугалимдер: Маматкулова Жыпаргүл,Резаева Гулзада, Алибаева Зарипа.Усулдук бирикмелер арасында   предметтик жумалыктар жогорку деңгээлде өткөрүлүп жатты.

 

 

        Алардын ичинен баса белгилеп кетсем  тил усулдук бирикмесинен кыргыз тили жумалыгы, табигый илимдер усулдук бирикмесинен тарых жана химия жумалыгы, так илимдер усулдук бирикмесинен физика жумалыгы, башталгыч класс усулдук бирикмесинен 1-4-классынын мугалимдери өздөрүнүн чыгармачылыгын кеңири көрсөтө алышты.

    Тарбиялык иштер боюнча  ар бир даталуу күндөргө, маарекелерге карата иш чаралар өткөрүлүп жатты. Иш чараларда орунга жетишкендер грамота, сыйлыктар менен сыйланышты.

Социалдык педагог Ботобекова Ирискул окуучуларга кайрымдуулук максатында кайрымдуу инсандарды таап кийим-кече, азык-түлүк менен аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарын камсыздады.

Өзүнүн жанынан 5 окуучуга 4000миң сомдук азык түлүктөрдү алып берди.Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн  балдары-20,жарым жетим-6, Инклюзив-1.

           Мектептин жанында курулган жайкы спорт площадкасынын валейбол ойноочу бөлүгүнүн аркасын тунике менен жабууда 200 миң сом акча каражаты кетти. Ал эми айланасын тосууга 187миң сом акча жумшалды. Эшик айнегине айыл өкмөтүнөн 200миң сом акча тендрге берилди. Мугалимдер жамааты усталардын тамак ашын жасап беришти. Биздин мектепке демөөрчүлүк кылгандар

Россияда иштеген балдар жана Арык-Бою айылынын тургундары болду.

Мектептин айланасындагы  гилас сатылып 12000 сом акча берилип ремонт иштерине жумшалды.

Мектептин ремонт иштерине тартылган каражаттары боюнча маалымат.

Мектептин ичи сырты акталып сырдалды.

Россиядагы кыз келиндер 13000 миң сомдук ашканага азык-түлүктөр сакталуучу бочкаларды алып, мектептин ичиндеги жарык берүүчү плафондорду алмаштырып беришти.

 Республикалык бюджеттен ремонт иштерине 25190 сомдук краска бөлүп берилди.

Демөөрчүлөрдөн 387миң сом спорт залды жабуу үчүн, биринчи  класстын ата-энелери өз балдары үчүн  15000 сомдук телевизор алып беришти.

Мектептин жаңы курулушуна жалпы жамаат аракет кылып, жогору жактарга каттарды жөнөтүк. 2023-жылга  жаңы мектеп курулушу каралат  деген жоопторун алдык.

Жалпы тартылган инвестициянын суммасы:    627миң сом.

 

 

 

 

 

 

 

Мектеп директору                                                         Толгонай Исамова