КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРүү ЖАНА   ИЛИМ     МИНИСТРЛИГИ

 

НООКАТ РАЙОНУНУН БИЛИМ БЕРүү   БӨЛүМү

 

Беш-Буркан

орто мектеби

МИНИСТЕРСТВО ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ

КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

 

НООКАТСКИЙ  РАЙОННЫЙ ОТДЕЛ ОБРАЗОВАНИЯ

 

Беш-Буркан орто мектеби

 

Беш-Буркан айылы Айти көчөсү 10

 

E-mail besh.burkan.@gmail. com

 

Беш-Буркан айылы Айти көчөсү 10

                                                                                              

 

Беш –Буркан айылы

“_12__”-____07___ 2022-жыл

  1. Мектеп жөнүндө маалымат

Беш-Буркан орто мектеби 275 орундуу 520окуучу 34 мугалим

Мектеп директору – Бөрүбаева Чынара Анарбаевна

Окуу бөлүм башчысы – Шарабидинова Апиза Кадыралиевна

Тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары -  Шамшиева Динара Пазыловна

Мектептин чарбалык иштер боюнча орун басары –Каримов Кадырали

Мектептин китепканачысы -  Акимова Мукадас

Окуу жылы ичиндеги окуучулардын кыймылы

Жыл башында 520 окуучу болуп анын  256 кыз, 264 уул, жыл жыйынтыгында  келген окуучу саны 28 анын 11 кыз, кеткен окуучу саны 34 анын 20 кыз .

жылдын аягында 514 окуучу калды, анын 247 кыз, 267 уул.

жыл башынан план программанын  негизинде мектеп админстрациясы, жана ар бир

предметтик мугалимдер иш алып барышты.

Окуу жылы ичиндеги мугалимдердин саны-34 мугалим

Окуу жылы ичиндеги билим сапаты

I чейрек 41%

II чейрек 44%

III чейрек 46 %

IV чейрек 48%

Окуу жылы ичиндеги окуучулардын жетишкендиктери

Олимпиада зоналдык

Манас таануу райондук

Акмо райондук

“тез окуу “окуу борборунан 35 окуучу,8 мугалим  окууну өздөштүрүүгө  жетишти

 

Валейболдон 2-окуучу райондун  атынан жаш  өспүрүмдөрдүн  кыздар арасындагы  Каракол шаардык БОСМ Ачык биринчилигинде  Республикалык  турдун биринчи  жеңүүчүсү.

Окуу жылы ичиндеги мугалимдердин жетишкендиктери

“Жыл мугалими-2022” кароо сынагында зоналдык турда мыкты сабак наминациясына ээ болду.

 

 

 

Окуу жылы ичиндеги окуу  тарбия  иштер боюнча эң маанилүү иш чаралар боюнча маалымат

“Эне тилим менин дилим” деген темада класстар арасында ачык сабактар жана окуучулар арасында эркин микрофон уюштурулду.

“СПИД” –өмүр коркунучу деген темада  ачык сабактарга катышуу уюштурулуп, тиешелуу адистер чакырылды.

“Биз сени менен биргебиз” –аттуу марафон уюштурулуп, түшкөн каражат (8миң 200сом) мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга таратылып берилди.

“Окуу керемет ” долбоору боюнча башталгыч класстар арасында  предметтик ачык сабактар өткөрүлүүдө, ошону менен бирге усулдук бирикмелердин арасында предметтер арасында жумалыктар өткөрүлүүдө, натыйжада чыгармачыл мугалимдердин   иш  тажрыйбалары  жайылтылуусу сунушталууда. ЖРТга даярдоо боюнча математика мугалими Алибаев Акылбек өз билимин өркүндөтүп окуучуларды  даярдоого  салымын кошууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-2030-жылдарга карата мектеп окуучулары жана жаштарды тарбиялоо концепциясын ишке ашыруу  максатында

“Биз дени сак балдарбыз” деген темада мугалимдер жана окуучулар арасында спорттук  мелдеш уюштурулду. “Биз мекенди коргойбуз” аттуу иш  чара уюштурулуп,  айылдын  Ооган жоокерлери чакырылды

        “Билимдүүгө дүйнө жарык” деген темада окуу конкурсу окуучулар арасында                                      жеңүүчүлөр сыйланды.8-9-класстар арасында бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата “Китеп дүйнөсүнүн кулпу жок” аттуу конкурс уюштурулуп, катышуучу класстарга  демөөрчү Атабекова тарабынан 4500 сомдук сыйлыктар тапшырылды,иш чарада 8-Б-класстар класс жетекчиси Шарабидинова жеңүүчү болуп сыйланды.Республикалык райондук китеп окуу жана “ Санарип мугалим” сынактарында мугалимдер катышып бир мугалим алдынкы орундан орун алып белекке ээ болду,үч мугалим “Санарип” мугалим төш белгисине  ээ болду.  Ынтымак айылдык кеңештин депутаты  Абдираимдин  жардамы менен “Ыйык Ата журт”коомдук жаштар фонду тарабынан уюштурулган китеп окуу сынагынын биринчи туруна 45 окуучу катышты,мугалимдерден 12  жана, 27 ата эне катышты.Ынтымак айыл өкмөтүнүн китепканасы областык денгээлде уюштурулган семинарда окуучулары  менен окуу бөлүмүнүн башчысы катышып келди жана ыраазычылык катка ээ болду.

  1. Жалпы Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы

-       Жалпы бүтүрүүчулөрдүн саны 22,

-        2021-2022-окуу жылындагы ЖРТга даярданып жаткан  окуучунун саны-10окучу,алардын 5 окуучусу биринчи турга барып, эң жогорку балл 137 балл менен орточо балл 111 балды түздү.экинчи турга 3 окуучу катышып алдынкы балл 106 болуп,эң  төмөнү 71 балл,орточо упай 87 болду.

  1. Окуу жылы ичиндеги мектепте өткөрүлгөн же мектеп катышкан семинарлар боюнча

“ Окуу керемет”

“Тез окуу”

Комуз

Кыргыз тили жана математика мектеп ичинде семинарлар өткөрүлүүдө.

  1. Окуу жылы ичиндеги мектептин окуу имаратына кошумча курулуштар :

Ашкана ысык тамак үчүн өкмөт тарабынан  капиталдык ремонттон чыкып,ВППООН тарабынан бүгүнкү күндө 237 окуучу ысык тамак ичүүдө

Окуу кааналарына каана башчылары тарабынан 9 даана смарт сыналгы коюлду

15 мугалим жеке ноутбук сатып алды

14 окуу каанага дары кутусу жана умывальник ата-энелер тарабынан коюлду.

4 шкаф демөөрчү тарабынан окуу кааналарына коюлду

Таза суу үчүн демөөрчү тарабынан атайын “Кулер” коюлду

Мектептин алдына склад үчүн контейнер коюлду.

  1. Окуу жылы ичиндеги мектептин түрдүү жергиликтүү же эл аралык долбоорлор менен кызматташуусу

Ысык тамак уюштуруу үчүн ВПП ООН долбору менен иш жүргүзүлүп ашкана ысык тамака даяр

“Окуу керемет”  долборунда 11 мугалим окуп жатышат

Секом окуу борбору менен биргеликте окуучулар даярданууда

Электрондук күндөлүк менен иш жүргүзүлдү,окуудагы жетишкен окуучулар  үчүн айылдык демөөрчүлөр стипендия каралууда. Жылдын жыйынтыгы стипендия демөөрчүсү Исанов Дөөлөт жана айылдык кенештин депутаты  Абдилажан уулу Орозали тарабынан окууда жетишкен 44   окуучуга берилди .

  1. Окуу жылы ичинде көмөкчү чарбаны уюштурууга жасалган аракеттер -
  2. Жыл башында окуу китептердин саны 4080,  окуу жылы ичинде алынган адабий окуу китептердин саны 300.

Жаңы окуу жылына карата мектеп толугу менен ремонттон чыкты, ремонттоодо мамлекет тарабынан 36300 сомго сырдоочу краскалар алынып 19 окуу кааналары мектептин сырты толугу  менен  ремонттолуп бүттү, ал эми спорт зал атайын ойноочулар тарабынан берилген аренданын эсебинен  10мин сом, мугалимдер тарабынан үч миң сом акча каражаты жумшалып, сапаттуу ремонттон чыкты. Натыйжада жаңы окуу жылына даяр. Жаңы окуу жылынан санарип боюнча окутуунун натыйжасында мектеп толугу менен электрондук системада иштөөгө даяр.

 

 

 

 

 

 

 

Мектеп директору                                                          Ч.Бөрүбаева