М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№9/1

09.02.2022

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл аймагынын Каримберди бөлүмүнө сугат суу каналы курулуп жаткандыгына байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу үч-Коргон айыл өкмөтүнүн тургундарынын үлүш жерлери аркылуу өткөндүгүнөн үлүш жерлерин Каримберди бөлүмүнө суулууга айланган жер аянтынан алмаштыруу жолуна макулдук берүү тууралуу.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

Т О К Т О М

09.02.2022

№9/1

Ынтымак айылы

 

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл аймагынын Каримберди бөлүмүнө сугат суу каналы курулуп жаткандыгына байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу үч-Коргон айыл өкмөтүнүн тургундарынын үлүш жерлери аркылуу өткөндүгүнөн үлүш жерлерин Каримберди бөлүмүнө суулууга айланган жер аянтынан алмаштыруу жолуна макулдук берүү тууралуу.

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл аймагынын Каримберди бөлүмүнө сугат суу каналы курулуп жаткандыгына байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу үч-Коргон айыл өкмөтүнүн тургундарынын үлүш жерлери аркылуу өткөндүгүнөн үлүш жерлерин Каримберди бөлүмүнө суулууга айланган жер аянтынан алмаштыруу жолуна макулдук берүү тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып, Ынтымак айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл аймагынын Каримберди бөлүмүнө сугат суу алып өтүү үчүн курулуучу канал өтүүчү жайдагы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу үч-Коргон айыл өкмөтүнүн тургундарынын үлүш жерлеринен өткөндүктөн Ынтымак айыл өкмөтүнүн Каримберди участкасынын сугат суусу барган жерден 0,01 га үлүш жерине 0,03 га жер аянтын алмашууга макулдук берилсин.

 

2. Жогоруда аталган маселени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Каримберди бөлүмүнө сугат суу каналы курулуп долбоор ишке ашкандан кийин ошол бөлүмдөгү жайыт аянттары жайыт аянттарынын категориясынан суулу айдоо жер аянттарынын категориясына которулгандан кийин аткарылшын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жоробековко милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылышын көзөмөлдөө жана Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясына мезгил-мезгили менен маалымат берип туруу жагы жер, суу жана электр энергия, жолдор боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Р. Исамов                    

 

 

Назад