М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 8/1

27.01.2022

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга бюджети, 2023-2024-жылдарга бюджетин бекитүү жөнүндө

2.

№8/2

27.01.2022

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө

3.

№8/3

27.01.2022

Каримберди калкттуу конуштун жашоочуларынын 2022-жылдын 17-январындагы Ынтымак айыл аймагына караштуу Каримберди калкттуу конушту айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү чечими тууралуу

4.

№8/4

27.01.2022

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдарга карата стратегиялык -экономикалык өнүгүү планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

27.01.2022

№ 8/1

Ынтымак айылы

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга бюджети, 2023-2024-жылдарга бюджетин бекитүү жөнүндө

Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга бюджети 2023-2024-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндөгү "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу" Мыйзамдын негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү айылдык мекеме ишканалардын жетекчилеринин жана депутаттардын катышуусунда Ынтымак айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" №101 Мыйзамынын 31-статьясынын 2-пунктунун 2-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык Ынтымак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы 12407,9 мин сомго жана чыгашалары 10107,5 мин сомго аткарылган.

 

2. 2022-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын 11951,4 миң сомго бекитилсин.

 Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2022-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,соц,фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

Кирешенин болжолу 2022- жылга 11951,4 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 3224,0 миң сом менен) жана 2023- жылга 12089,2 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 3224,0 миң сом менен белгиленсин.

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга айылдык бюджеттин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир керектүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

4. Ынтымак айыл өкмөтүнүн Челекчи айылында "Бейиш нуру" балдар бакчасынын ачылгандыгына байланыштуу 2022-жыл ичинде атайын каражат эсебине 360000 сом акча каражатын көбөйтүп берүү жагы Ноокат райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.

5. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнүн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.

6. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

7. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети 2023-2024- жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин.

 

7. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:

 

            - Ушул токтомдун 1- беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөр киргизүүгө;

            - ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;

            - киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

            9. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

            10. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү калдык менен кошулуп 13957,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү 10107,5 миң сомго, же кирешенин чыгашадан 3849,9 миң сомго артыкчылыгы менен менен аткарылгандыгы №4,5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

             11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Ынтымак айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Р. Исамов                    

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

27.01.2022

№8/2

Ынтымак айылы

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө

Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 3953,0 миң сом жана атайын каражат эсеп счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 71,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.         2022- жылга айылдык бюджетине 1-январына каралган калдыктын эсебинен чыгашалар боюнча багыттар №1- тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2022-жылдын 1- январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ынтымак айылдык кеңешинин "Экономика , бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Р. Исамов                    

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

27.01.2022

№8/3

Ынтымак айылы

 

Каримберди калкттуу конуштун жашоочуларынын 2022-жылдын 17-январындагы Ынтымак айыл аймагына караштуу Каримберди калкттуу конушту айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү чечими тууралуу

 Ынтымак айылдык кеңешинин депутаттары Ынтымак айыл аймагына караштуу Каримберди калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча Каримберди калктуу конуштун жашоочуларынын жыйынында кабыл алынган чечимин карап жана талкуулап чыгып,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл аймагына караштуу Каримберди калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча Каримберди калктуу конуштун жашоочуларынын чечими колдоого алынсын.

 

2.         Ынтымак айыл өкмөтү тарабынан Каримберди калкттуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча тиешелүү маалыматтар жана Каримберди калкттуу конуштун Схематикалык картасы, чек ара баяндамасы менен даярдалып, Каримберди калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча сунуш Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна киргизүү тапшырылсын.

 

3.         Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жоробековко тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Р. Исамов                    

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

27.01.2022

№8/4

Ынтымак айылы

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдарга карата стратегиялык -экономикалык өнүгүү планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу

 Ынтымак айылдык кеңешинин депутаттары Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдарга карата стратегиялык -экономикалык өнүгүү планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып,

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айылдык кеңешинин депутаттары Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдарга карата стратегиялык - экономикалык өнүгүү планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу маселеси колдоого алынсын.

 

2.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдарга карата стратегиялык - экономикалык өнүгүү планынын 1- пунктуна Ынтымак айыл өкмөтүнө таштанды ташуучу автоунаа алуу жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн Челекчи, Таш-Булак айылдарына сугат суу скважиналарын куруу киргизилсин.

 

3.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдарга карата стратегиялык - экономикалык өнүгүү планын өзгөртүп киргизүү жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн статистика боюнча кызматкери М. Абдуллаевке тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Р. Исамов                    

 

 

Назад