ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТИПТүү РЕГЛАМЕНТИ

 

Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, айылдык Кеңештин ишин жөнгө салган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутатарынын макамы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акттарынын негизинде иштелип чыккан.

 

I-БӨЛүК. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ.

 

1-бөлүм. Жалпы жоболор

 

 1.1. Ынтымак айылдык Кеңеш жашыруун добуш берүүдө жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган 21 депутаттан турган, өз ишин коллегиялуулук негизде жүргүзгөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.

 1.2. Айылдык Кеңеш юридикалык жак деп эсептелет. Айылдык Кеңештин өз мөөрү, штампы жана бланктары, банк мекемесинде эсеби, өз милдеттери боюнча жооп берген мүлкү бар, ал өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттемелерге ээ болуп жана ишке ашыра алат, сотто жоопкер жана доочу боло алат.

 1.3. Айылдык Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген маселелерди өз алдынча чечет өзү кабыл алган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 1.4. Айылдык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун жана айылдык кенештин ишин уюштуруунун тартибин жана жол жоболорун аныктайт.

 1.5. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы катары алардын сессиялары, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, ошондой элешайлоочулар менен иштери эсептелет.

 1.6. Айылдык кеңештин депутаттары өз ишин негизги ишинен ажырабастан акысыз негизде ишке ашырат.

 1.7. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулуктун, коллегиялуулуктун, тең салмактуулуктун, маселелерди эркин талкуулоонун жана чечим кабыл алуунун принциптерине негизделет.

 

2-бөлүм. Айылдык кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи сессиясы.

 

 2.1. Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктагандан кийин эки аптадан кеч эмес мөөнөттө кеңештин өткөн чакырылыштагы төрагасы тарабынан чакырылат.

 2.2. Айылдык кеңештин алгачкы сессиясын кеңештин депутатарынын жаш курагы боюнча улуусу ачат.

 2.3. Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймакта айылдык кеңештин алгачкы сессиясын жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталгандан кийин эки аптадан кеч эмес мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясы чакырат.

 2.4. Биринчи сессияга даярдыкты айыл өкмөт аппараты көрөт.

 2.5. Айылдык кеңештин алгачкы сессиясынын күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилет:

  - айылдык кеңештин төрагасын , төраганын орун басарын шайлоо тууралуу;

  - туруктуу жана убактылуу комиссиялардын тизмесин, алардын курамдарын жана төрагаларын  бекитүү;

 2.6. Төраганы шайлоо тууралуу токтомго сессияга төрагалык кылган Адам кол коет ( жаш курагы боюнча улусу). Анадан кийин кабыл алынган бардык токтомдорго жана протоколдорго жаңы шайланган төрага кол коет.

 

3-бөлүм. Айылдык кеңешке киргизилген маселелер.

 Айылдык кеңештин карамагына төмөнкү маселелер кирет:

 - жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин орнотуу;

 - жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

 - айылдык кеңештин Регламентин кабыл алуу, айылдык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

 - айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, кеңештин төрагасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу, алардын иши рууралуу маалыматты угуу;

 - айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү жана жоюу;

 - туруктуу жана убактылуу комиссиялардын персоналдык курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;

 - туруктуу жана убактылуу комиссиялардын иши тууралуу отчету угуу;

 - комиссиялардын төрагаларын кызматынан бошотуу;

 - мыйзамдарда көрсөтүлгөн учурларда депутуттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

 - айыл өкмөт башчысын шайлоо;

 - айыл өкмөт башчысына ишеним көрсөтпөө;

 - айыл өкмөт башчсынын ишин канагаттандыраарлык эмес деп таануу;

 - айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы тууралуу жарым жылда бирден кем эмес жолу айыл өкмөт башчысынын отчетун угуу;

 - жергиликтүү бюджетти бекитүү жана анын аткарылышы тууралуу отчету угуу ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду колдонуу тууралуу маалыматты угуу;

 - аймактын социлдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социлдык жактан колдоо программасынын аткарылышын бекитүү жана ага көзөмөл;

 - жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдырында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;

 - тиешелүү район үчүн мыйзамдарда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айылдык аймак үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө;

 - кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттырды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;

 - талап кылынбаган жана колдонулбаган жайыттарды пайдалануу;

 - жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөөнүн тартибин орнотуу, анын ичинде муниципалдык менчиктеги обөекттерди менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөл;

 - өкмөт аныктаган типтүү нормативдердин негизинде айыл өкмөтүнүн структурасын жана штаттык түзүмүн бекитүү;

 - айылдык аймактын территориясында көрктөндүрүү, соода, тышкы жаранактарды жана маалыматты жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү;

 - үй жаныбарларын кармоонун жана айылдык аймактын территориясында мал жайууну бекитүү;

 - ата-мекендик жана чет өлкөлүк жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуу;

 - жергиликтүү жамааттын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын мекемелерин өнүктүрүү тууралуу;

 - калктуу конуштардын аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалыгына көзөмөл, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чараларды уюштуруу тууралуу;

 - социалдык-маданий, турак жай жана тиричилик үчүн муниципалдык обөекттерди куруу;

 - муздак суну, (эгер бар болсо, канализацияны, жылуулук жабдууларын) пайдалануу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;

 - алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини сатуунун убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү орнотуу, аларга тыйуу салуу, жөрөлгө иш-чараларын өткөрүүнүн эрежелерин белгилөө;

 - ирригациялык түйүндөрдү, короолорду жана короо алдындагы участокторду кармоонун тартибин орнотуу;

 - калкка муниципалдык кызмат көрсөтүүдө тариф жана жеңилдик берүү саясатын аныктоо;

 - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, муниципалдык менчикте турган жерлерди ижарага берүүнүн тартибин орнотуу;

 - жергиликтүү кеңештин Уставындагы жоболордун жана өз чечимдердин аткарылышына көзөмөл тууралуу;

 - жершгиликтүү жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү тууралуу.

 

4-бөлүм. Айылдык кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби.

4.1. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңештин сессиясында айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен, депутатардын жалпы санын көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

4.2. Айылдык кеңештин төрага кызматына шайлануу үчүн талапкерди көрсөтүүгө төмөнкүлөр укуктуу:

 - депутат (өзүн өзү көрсөткөн, же талапкер катары башка депутаты көрсөтүү);

 - саны эки депутаттан кем эмес депутаттар тобу.

 Ар бир же депутаттар тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.

 4.3. Айылдык кеңештин төрагасы кызматына талапкер катары депутатты өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүү төрагалык кылуучуга талапкер болуу ниетин билдирген арыз берүу жолу менен ишке ашат.

 Депутаттын, депутаттар тобунун айылдык кеңештин төрагасы кызматына талапкерди көрсөтүүсү төрагалык кылуучуга көрсөтүлүп жаткан депутатты талапкер катары көрсөтүү тууралуу арызды берүү жолу менен ишке ашат.

 4.4. Өзүн көрсөтүү жана талапкерлерди көрсөтүү тууралуу арыздар төрагалык кылып жаткандын колу менен күбөлөндүрүп, жашыруун добуш берүу үчүн аларды бюллетенге кошу үчүн эсеп комиссиясына берилет.

 4.5. Айылдык кеңештин төрагалык кызматына талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын алдында өз программасы менен чыгып, суроолоруна жооп берет.

 Сөз сүйлөө үчүн ага ___ мүнөтүнө чейин, суроолорго жооп берүү үчүн ___ мүнөтүнө чейин, соңку сөз менен чыгууга ___ мүнөткө чейин убакыт берилет.

 4.6. Айылдык кеңештин төрагасы кызматына талапкерди колдоп же каршы чыккысы келген депутаттарга сөз сүйлөо үчүн ___ мүнөткө чейин убакыт берилет.

 4.7. Айылдык кеңештин төрагасы кызматына талапкер добуш берүү жол-жобосу башталганга чейин өз талапкерлигине каршы чыга алат. Бул добуш берүүсүз кабыл алынат.

 4.8. Талкуу токтогондон кийин эсеп комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге айылдык кеңештин төрагасы кызматына талапкерлердин аты-жөнүн киргизет.

 4.9. Айылдык кеңештин төрагасы кызматына айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушун алган талапкер шайланат.

 Эгерде:

 - жалпы депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун албай калган бир талапкер катталса, талапкерлер кайра жаңыдан көрсөтүлөт, добуш албай калган талапкер кайра көрсөтүлбөйт;

 - эки талапкер катталып жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун албай калса, эң көп добуш алган бир талапкер боюнча экинчи тур өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын тең добушуна ээ болсо талапкерлер кайра жаңыдан көрсөтүлөт;

 - эки же андан ашык талапкер катталып жана алардын бири да депутаттардын керектүү добушун ала албай калса, эң көп добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири эң көп добуш алса, ал эми андан кийинки талапкерлер бирдей добуш алышса, эң көп добуш алган бир талапкер боюнча дрбуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер эң көп добушка ээ болсо, ал эми кийинки талапкерлер азыраак добуш алса, эң көп добуш алган эки талапкер боюнча экинчи тур өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бары тең добуш алса, анда талапкерлер кайра жаңыдан көрсөтүлөт.

 4.10. Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо айылдык кеңештин чечимине ылайык же алгачкы сессия күнү, же болбосо кийинки күнү, бирок алгачкы сессия өткөн күндөн 5 күндөн кеч эмес убакытта өткөрүлөт.

 4.21. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айылдык кеңештин сессияларынын ишин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.

 

5-бөлүм. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укутары

  5.1. Айылдык кеңештин төрагасы:

 - айылдык кеңештин сессиясын чакырат жана алып барат;

 - айылдык кеңештин иш планын бекитүүгө алып чыгат;

 - айылдык кеңештин сессиясына даярдыкка жалпы жетекчиликти жүргүзөт, айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарыла турган маселелердин даярдыгын көзөмөлдөйт, айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибинин долбоорун түзөт;

 - айылдык кеңештин токтомдоруна кол коет жана анын аткарылышына көзөмөлдү уюштурат;

 - айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;

 - катталган депутаттык топтордун ишине көмөктөшөт, алардын ишин координациялайт;

 - айылдык кеңештин төрагасынын жана туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагаларынын алардын кызматтык милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйт;

 - депутаттарга алардын өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруусуна, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулар алдында отчет менен чыгуусуна көмөктөшөт, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууга байланыштуу маселелерди карайт;

 - айылдык кеңештин жана анын органдарынын иши тууралуу ачыктыкты камсыздайт;

 - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкару органдары, коомдук бирикмелер жарандар менен мамилелеринде айылдык кеңештин атынан чыгат;

 - айылдык кеңештин жергиликтүү жамаат, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана айылдык аймактын территориясында жайгашкан башка юридикалык жактар менен бирге аракеттешүүсүн уюштурат;

 - айылдык кеңештин, анын органдарынын ишке байланыштуу аброюн, депутаттардын абийирин жана намысын коруу жана сактоо боюнча чараларды көрөт;

 - айылдык кеңештин карамагында болгон жайлардын, имараттардын, жабдуулардын, транспорттун, аймактардын пайдалануусун көзөмөлдөйт;

 - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарды жана Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын берүү жөнүндө өтүнөт;

 - ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук акттарга ылайык башка маселелерди чечет.

  5.2. Төраганын буйруктары айылдык кеңештин токтому менен өзгөртүлүшү, толукталышы жана жокко чыгарылышы мүмкүн.

 

6-бөлүм. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары.

 6.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары айылдык кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен депутаттардын ичинен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин шайланат.

 6.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кызматына шайлоо үчүн талпкерди көрсөтүүгө төмөнкүлөр укуктуу:

  - депутат (өзүн өзү көрсөткөн, же талапкер катары башка депутатты көрсөтүү);

  - саны эки депутаттан кем эмес депутаттар тобу;

 Ар бир депутат же депутаттар тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.

 6.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кызматына талапкерди көрсөтүү жана шайлоо тартиби жана добуш берүүнүн башка процедуралык маселелери айылдык кеңештин төрагасы үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.

  6.4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук негизде ишке ашырат.

 

7-бөлүм. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктары

  Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:

  - айылдык кеңештин төрагасы белгиленген милдеттерди бөлүштүргөнүнө ылайык функцияларды аткарат;

  - айылдык кеңештин төрагасы жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда айылдык кеңештин төрагасынын функцияларын аткарат, ошондой эле айылдык кеңештин сессиясын алып бара алат;

  - айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштуратжана багыт берет, алардын аракеттешүүсүн координациялайт;

  - айылдык кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчилик кылат же ишмердүүлүгүн координациялайт;

  - айылдык аймактын территориясында жайгашкан жергиликтүү жамаат жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты кармап турат;

  - айылдык кенештин турктуу комиссияларынын төрагалары менен биргеликте айылдык кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү жамааттын Уставынын аткарылышына көзөмөлдү камсыздайт;

  - ушул Регламенте жана башка ченемдик укуктук акттарда белгиленген башка функцияларды.

 

8-бөлүм. Айылдык кеңештин төрагасынын жана айылдык кеңештин төрагасынын

орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу.

 

  8.1. Айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары өз ыйгарым укуктарын өздөрүнүн жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алардын өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтото алышат.

  8.2. Айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу маселе алардан жеке арыз түшкөндө, же депутаттардын жалпы санынын бери дегенде үчтөн биринин демилгеси боюнча айылдык кеңештин сессиясында каралат.

  8.3. Айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу токтом ачык добуш берүүдө айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

  8.4. Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотуу тууралуу арызын айылдык кеңеш канааттандырбаса, анда мындай арызды берген Жак өз кызматтык милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотууга укуктуу.

  8.5. Өз милдеттерин аткарбаган же талптагыдай аткарбаган учурда айылдык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары айылдык кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен өз кызматтарынан чакыртып алынышы мүмкүн. Аларды чакыртып алуу тууралуу маселе айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен киргизилишим мумкүн.

  8.6. Айылдык кеңештин төрагасын чакыртып алуу тууралуу чечим үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын бери дегенде үчтөн экисин алса, кабыл алынды деп эсептелет. Айылдык кеңештин төрагасын чакыртып алуу боюнча жашыруун добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

  8.7. Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын чакыртып алуу тууралуу чечим үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын чакыртып алуу боюнча жашыруун добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

9-бөлүм. Айылдык кеңештин катчысы

  9.1. Айылдык кеңештин катчысынын функцияларын жооптуу катчы аткарат.

  9.2. Айылдык кеңкштин жооптуу катчысы айылдык кенештин ишин уюштуруучулук камсыздоо боюнча иштерди координациялайт, туруктуу, убактылуу комиссияларга, депутаттар тобуна жана айылдык кеңештин депутаттарына жардам көрсөтөт.

  9.3. Айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыздоо бөлүгүндө жооптуу катчы төмөнкүлөргө милдеттүү:

 - материалдарды, айылдык кеңештин токтомдорунун долбоорлорун, туруктуу, убактылуу комиссиялардын бүтүмдөрүн жана чечимдерин даярдоо боюнча иштерди уюштурууга;

 - айылдык кеңештин, туруктуу, убактылуу комиссиялардын иш планын долбоорлорун иштеп чыгууга, бекиткенден кийин алардын аткарылышын көзөмөлдөөгө;

 - айылдык кеңештин депутаттарына сессиянын чакырылышы, туруктуу, убактылуу комиссиялардын жыйналыштары тууралуу, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн чакырылган адамдарды кабардар кылууга;

  - айылдык кеңештин сессияларынын, зарыл болгон учурда туруктуу, комиссиялардын протоколун жүргүзүүгө, кабыл алынган чечимдердин ишке ашыруу боюнча иштерди камсыздоого;

  - айылдык кеңештин сессияларынын токтомдорун бүткөн түргө келтирип,алардын жарыяланышын (күчүнө киришин), катталышын уюштуруп, айылдык кеңештин депутаттарына, тиешелүү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга жетишин камсыздоого;

  - айылдык кеңеш, туруктуу, убактылуу комиссиялар, депутаттык топтор кабыл алган чечимдер боюнча юридикалык талаптардын сакталышы үчүн укуктук жардам көрсөтүүгө;

  - айылдык кеңештин документациясынын, анын ичинде туруктуу, убактылуу комиссиялардын жана депутаттык топтордун документациясынын сакталышын, систематизациясын жана тийиштүү абалда болушун камсыздоого;

  - туруктуу, убактылуу комиссияларга жана депутаттык топторго уютуруучулук жардам көрсөтүүгө;

  - айылдык кеңештин иш өндүшүн жүруүзүүгө, анын ичинде айылдык кеңешке жарандардын даттануулары жана кайрылуулары мене ниш алып барууга;

  - башка ченемдик укуктук акттарга, айылдык кеңештин ушул Регламентине ылайык жана кеңештин жана айыл өкмөт башчысынын тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткарууга

 

10-бөлүм. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары

  10.1. Айылдык кеңеш кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, айылдык аймактын территориясында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ушул чечимдерди аткарылышына көзөмөл жүргүзүү үчүн туруктуу комиссияларды түзөт.

  10.2. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин структуралык бөлүмдөрү болуп эсептелет жана айылдык кеңештин токтому менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө түзүлөт.

  10.3.Туруктуу комиссиялардын тизмегин жана алардын сандык курамын айылдык кеңештин сандык курамын эсепке алуу менен айылдык кеңеш аныктайт жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитет.

  10.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы айылдык кеңештин депутаттарынан __ кем эмес, ___ көп эмес болуш керек.

  10.5. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуш менен депутаттар тарабынан тарабынан шайланат. Добуш берүү туруктуу комиссиялардын курамы боюнча жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыктары алардын курамын шайлоо тууралу4у айылдык кеңештин токтому менен бүткөн түргө келтирилет.

  10.6. Айылдык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.

Айрым бир гана учурларда курамында 21 депутат менен айылдык кеңештер депутаттын эки туруктуу комиссиясынын мүчөсү болууга укуктуу деген чечим кабыл алса болот.

  Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү тең укукка ээ. Туруктуу комиссиянын курамына айылдык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары кире албайт.

 10.7. Өз курамынын ичинен туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагалары айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

  10.8. Айылдык кеңеш комиссиянын мүчөлөрү шайлаган төраганы бекитпей койгон учурда комиссиянын мүчөлөрү туруктуу комиссиянын мүчөлөрү туруктуу комиссиянын төрагалыгына жаңы талапкерди шайлоого жана бекитүүгө киргизүүгө укуктуу.

  10.9. Комиссиянын төрагасы өз милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү өз чечими менен башка төраганы шайлай алат.

  10.10. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин сессиясында отчет берет жана алардын алдында жооптуу. Ишинин кезектеги жылы аяктаганда туруктуу комиссия айылдык кеңешке жазуу түрүндө отчет тапшырат.

  10.21. Айылдык кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу же убактылуу комиссияларды түзө алат, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.

  10.12. Айылдык кеңештин жаңы туруктуу комиссияларын түзүү, мурда түзүлгөндөрдү кайра уюштурүү, же жоюп жиберүү маселеси боюнча чечим айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

  10.13. Жаңы комиссияларды түзүү, мурда түзүлгөндөрдү жоюу, же кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынат.

  10.14. Айылдык кеңештин депутаттарынын курамын эсепке алуу менен айылдык кеңеште төмөнкү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар түзүлө алат:

  - регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча;

  - уюштуруучулук укутук иштер ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, массалык маалымат каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамаат менен байланыштар боюнча;

  - бюджет, экономика, муниципалдык менчик, жер, айыл чарбасы, инвестициялар, ишкерчилик иши жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча;

  - мыйзамдуулуктун, тартиптин сакталышы, жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоо архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча;

 - жаштар иштери, спорт жана маданият боюнча.

 

 21-бөлүм. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары

 

 21.1.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өз компетенциясынын чегинде:

 - айылдык аймактын экономикалык,социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди даярдоогожана алдын ала кароого катышат, аларды айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна тиешелүү бүтүм менен киргизет;

 - айылдык аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча маселелери боюнча айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна сунуштарды киргизет;

 - жергиликтүү бюджетти, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын пикирлерин даярдайт, жергиликтүү бюдеттин долбоорунун тиешелүү бөлүктөрү боюнча бүтүмдөрүн жана сунуштарын берет;

 - өз карамагындагы маселелер боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт;

 - өз ишин уюштуруу маселелерин чечет;

 - айылдык кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү жамааттын Уставындагы жоболордун аткарылышына көзөмөл жүрүзөт;

 - айылдык кеңештин төрагасына каралып жаткан маселени талкуу үчүн башка өткөрүп берүү тууралуу сунуш киргизет;

 - башка комиссия карап жаткан маселе боюнча өз пикирин берет;

 - ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук акттарга ылайык, башка ыйгарым укуктарды аткарат.

 21.2. Туруктуу коммиссиялар төмөнкүлөргө укуктуу:

 - өз ишине окумуштууларды, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башкаларды тартууга;

 - алардын карамагына кирген маселелер брюнча мамлкеттик бийликтин аймактык органдарынын , жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, айылдык аймактын территориясында жайгашкан, менчик формасына карабастан ишканаларды, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга;

 - каралып жаткан имаселелерди даярдоо үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын органдардын, айыл өкмөт аппаратынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле адистердин, көз карандысыз эксперттердин жана ичинен жумушчу топ түзүү тууралуусунушту киргизүүгө;

 - мамлекеттик жана коомдук органдардан жана уюмдардан, жергиликтүү өз башкаруунун аткаруу органынан, жооптуу адамдардан өз иши үчүн зарыл материалдарды жана документтерди суроого. Алар комиссияга бул материалдарды жана документтерди бир айдан кеч эмес убакытта беүүгө милдеттүү;

 - башка туруктуу комиссиялар менен биргелешкен жыйналыштарды өткөрүүгө;

 - өз карамагындагы маселелер боюнча коомдук (бюджеттик) угууларды өткөрүүгө. Бул угууларга жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, айылдык кеңештин Депутаттары, айыл өкмөт башчысы жана башка жооптуу адамдар, эксперттер, коомдук органдардын уюмдардын өкүлдөрү, уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын жетекчилери жана башка кызыкдар адамдар чакырылса болот.

 21.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын айылдык аймактын территориясында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдүү-чарбачылык ишине кийлигишүүгө укугу жок.

 

12-бөлүм. Туруктуу комиссиялардын жыйналыштары

 

 12.1. Туруктуу комиссиялардын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат. Туруктуу комиссиянын иши мыйзамдуулуктун, коллегиялуулуктун, тең салмактуулуктун, маселелерди эркин талкуулоо жана чечимкабыл алуу принциптерине негизделет.

 12.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди жана тыянактарды кабыл алат.

 12.3. Туруктуу комиссияларды жыйналыштары коомчулук үчүн ачык, бардык кызыкдар тараптар туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.

 12.4. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга кирсе, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жыйналышын жабык өткөрүү тууралуу чечим кабыл алса болот.

 12.5. Комиссиянын төрагасы жыйналышты өткөрүү датасы жана анда каралчу маселелер тууралуу эки күндөн кеч эмес убакытта комиссиянын мүчөлөрүнө, айылдык кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабар берет, ошондой эле жарандарга, чакырыла турган адамдарга алдын ала кабар берүү боюнча чараларды көрөт.

 12.6. Комиссиянын жыйналышына комиссиянын курамынын жарымдан ашыгы катышса, ал укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссинын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

 12.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы комиссиянын жыйналышын өз демилгеси менен да, айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, комиссия мүчөлөрүнүн бери дегенде үчтөн биринин талабы менен да чакырылат.

 12.8. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары, айыл өкмөт башчысы катышууга укуктуу. Алар талкууланып жткан маселе боюнча өз пикирин билдире алат.

 12.9. Комиссиянын чечимдерине жана бүтүмдөрүнө төрага кол коет, ал жок болгон учурда ага жыйналышка катышкан комиссинын бардык мүчөлөрү кол коет.

 

13-бөлүм. Туруктуу комиссиялардын биргелешкен жыйналыштары.

 

 13.1. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына киргизилген маселелер комиссиянын демилгеси боюнча, ошондой эле айылдык кеңештин тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргелешип даярдала алат жана каралса болот.

 13.2. Бир нече комиссиянын карамагына киргизилген маселелерди изилдөө жана карап чыгуу биргелешкен жыйналыштарда ишке ашат.

 13.3. Эгерде биргелешкен жыйналышка ар бир комиссинын курамынан жарымынан көбү катышса, ал укуктуу болуп эсептелет. Комиссиялардын биргелешкен жыйынын ушул комиссиялардын төрагалары ара макулдашуу боюнча алып барышат.

 13.4. Биргелешкен жыйындарда каралчу маселелер боюнча чечимдер көпчүлүктүн жөнөкөй добушу менен кабыл алынат жана ошол комиссиялардын төрагалары кол коет.

 

14-бөлүм. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укутар

  14.1. Комиссиянын төрагасы:

 - комиссинын дарегине түшкөн документтер тууралуу комиссиянын мүчөлөрүнө кабар берет;

 - комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте иш планын жана комиссиянын жыйналышынын күн тартибинин долбоорун түзөт;

 - комиссиянын жыйналышын чакырат жана зарыл болгон документтерди жана башка материалдарды даярдоону уюштурат;

 - комиссиянын чечими боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырма берет;

 - комиссия мүчөлөрүн комиссиянын ишине байланышкан материалдар жана документтер менен тааныштырат;

 - комиссия мүчөлөрүнө убактылуу жана жумушчу комиссичлардын ишине катышууну сунуштайт;

 - туруктуу комиссиянын жыйналыштарына катышууга жергиликтүү жамааттын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана окумуштууларды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аркылуу чакырат;

 - комиссиянын жыйналыштарында төрагалык кылат;

 - айылдык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары менен туруктуу байланышты кармап турат, комиссиянын жыйналыштарында каралган маселелер, ошондой эле комиссиянын чечимдерин жана сунуштамаларын ишке ашыруу үчүн чаралар тууралуу аларга маалымат берет;

 - комиссиянын чечимдерин аткаруу боюнча иштерди уюштурат, комиссия мүчөлөрүн аткарылган чечимдер жана алардын сунуштамаларын карап чыгуу тууралуу маалымдайт;

 - жыл сайын комиссиянын иши тууралуу айылдык кеңештин сессиясында отчет берип турат.

 14.2. Комиссиянын төрагасы мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында комиссия мүчөлөрү менен алдын ала макулдашылбаган маселелер боюнча комиссиянын атынан чыгууга укугу жок.

 

15-бөлүм. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү

 

 15.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү иөмөнкүлөргө укуктуу:

 - туруктуу комиссиянын жыйналыштарында кароо үчүн сунуш киргизүүгө;

 - комиссиянын жыйналышындагы күн тартиби, талкууланып жаткан маселелердин маңызы жана аларды кароонун тартиби боюнча сунуштарды жана ьэскертүулөрдү киргизүүгө;

 - комиссиянын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча кызматтык жактардын маалыматын угуу зарылдыгы тууралуу сунуш киргизүүгө;

 - комиссиянын чечимдеринин, бүтүмдөрүнүн долбоорлоруна сунуштарды жана эскертүүлөрдү киргизүүгө;

 - өз сунуштарына жүйө келтирүүгө, маалымат берүүгө;

 - комиссиянын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча маалымат алууга.

 15.2. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү милдеттүү:

 - ушул Регламенттин жоболорун карманууга;

 - өзү мүчө болгон туруктуу комиссиянын бардык жыйналыштарын катышууга.Комиссиянын жыйналышына жүйөлү себеп менен катыша албай калганда комиссиянын төрагасын бул тууралуу кабардар кылып коюуга;

 - өзү кабыл алган чечимдерди ишке ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.

 15.3. Комиссия караган бардык маселелерди чечүүгө активдүү катышу үчүн комиссиянын мүчөсүнө шарт түзүлүп, зарыл болгон материалдар берилет.

 15.4. Комиссия мүчөлөрү комиссиянын тапшырмасы боюнча өз карамагына кирген маселелерди жеринде изилдеп, өз тыянактарын жана сунуштарын комиссияга жеткиришет.

 15.5. Сунуш комиссияда кодоо таппаган комиссиянын мүчөсү бул маселени айыдык кеңештин сессиясына талкууга жазуу же оозеки түрүндө алып чыкса болот.

 

16-бөлүм. Убактылуу комиссиялар

 16.1. Зарыл болгон учурда айылдык кеңеш убактылуу комиссияларды түзө алат.

 16.2. Убактылуу комиссиялар айылдык кеңештин төрагасынын, анын орун басарынын туруктуу комиссиялардын төрагаларынын, депутаттык топтордун жетекчилеринин сунушу боюнча, ошондой эле айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча түзүлөт.

 16.3. Убактылуу комиссиялардын иши төмөнкүлөр менен чектелет:

 - убактылуу комиссия түзүлө турган белгилүү бир мезгил менен;

 - убактылуу комиссия чечсин деп түзүлгөн белгилүү бир маселе менен.

 16.4. Убактылуу комиссиянын түзүлүшү айылдык кеңештин токтому менен бүткөн түргө келтирилет. Анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

 - убактылуу комиссиянын аталышы;

 - убктылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн сандык жана персоналдык курамы;

 - убактылуу комиссиянын төрагасы;

 - убактылуу комиссия чечиш үчүн түзүлүп жаткан тапшырма;

 - убактылуу комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөонөтү.

 16.5. Убактылуу комиссиянын мүчөлөрүн айылдык кеңештин депутаттары өз санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алышат. Добуш берүү убактылуу комиссиянын курамы боюнча жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн натыйжалары алардын курамын шайлоо тууралуу айылдык кеңештин токтому менен бүткөн абалга келтирилет.

 16.6. Өз курамынын ичинен убактылуу комиссияынын мүчөлөрү алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат.

 16.7. Өз ишинин жыйынтыгы боюнча убактылуу комиссия өзү түзүлгөн маселенин өзөгү боюнча айылдык кеңешке отчет берет. Өзгөчө пикири бар комиссия мүчөлөрү анны айылдык кеңештин сессиясында айтууга укуктуу.

 16.8. Убактылуу комиссия өз ишин төмөнкү учурларда токтотот:

 - ал түзүлгөн мезгил аяктаганына байланыштуу;

 - ал чечүү үчүн түзүлгөн маселе чечилген учурда;

 - айылдык кеңештин чечими боюнча башка учурларда.

 16.9. Зарыл болгон учурда убактылуу комиссиянын ишине адистер, экспеттер, демилгелүү топтор жана башка кызыкдар адамдар тартылса болот.

 16.10 Каралып жаткан маселелер боюнча убактылуу комиссия өз мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечимдерди, сунуштарды жана бүтүмдөрдү кабыл алат.

 16.21. Бардык мүчөлөрү тең укукка ээ.

 16.12. Убактылуу комиссиянын жыйналышын өткөрүү тартиби туруктуу комиссия үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.

 

17-бөлүм.Депутаттык топтор

 17.1. Депутаттык топтор – айылдык кеңеш караган маселелер боюнча биргелешкен иш жана бирдиктүү турумду билдирүү үчүн таламдардын бирдейлигинин негизиндн айылдык кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча түзүлгөн, ошондой эле шайлоо округдарында депутаттык ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш жүргүзүү үчүн үч депутаттан кем турбаган ыктыярдуу бирикме.

 17.2.Депутаттык топ анын курамына кирүү ниетин билдирген депутаттардын чогулушунун чечими боюнча айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ичинде каалаган убакытта түзүлсө болот.

 17.3. Депутаттык топтун түзүлүшү уюштуруучулук чогулуштун протоколу менен бүткөн түргө келтирилет. Протоколдо депутаттык топтун максаттары жана тапшырмалары тууралуу маалымат, анын расмий аталышы, тизмедеги курамы, депутаттык топтун атынан чыгууга жана айылдык кеңештин сессияларында анын таламын талашууга ыйгарым укуктуу жетекчинин аты-жөнү көрсөтүлөт.

 17.4. Топтун жетекчисинин бергени боюнча депутаттык топ айылдык кеңеште катталат.

 17.5. Депутаттык топту каттоо айылдык кеңештин токтому менен төмөнкү негизде ишке ашырылат:

 - депутаттык топту түзүү тууралуу депутаттык топтун жетекчисинини жазуу түрүндөгү кабарламасынын;

 - депутаттык топтун уюштуруучулук чогулушунун протоколу;

 - депутаттык топко кирүү тууралуу депутаттардын кат жүзүндөгү арыздары.

 17.6. Айылдык кеңештин төрагасы депутаттарды депутаттык топ катталганы тууралуу маалымдайт, катталган депутаттык топтун ишине көмөктөшөт, алардын ишин координациялайт жана алардын иши тууралуу маалыматтарды уга алат.

 

18-бөлүм. Депутаттык топтун иши жана алардын ишин токтотуу үчүн негиз

 18.1. Депутаттык топтун ички ишин алар өз алдынча уюштурат жана ал ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук акттарга карама-каршы келбеш керек.

 18.2. Депутат бир гана депутаттык топто болууга укуктуу.

 18.3. Депутаттык топ түзүлүп жатканда ага кирбей калган депутат кат жүзүндө арыз жазып, ошонун негизинде депутаттык топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн чечими боюнча анын курамына кирүүгө укуктуу.

 18.4. Депутаттык топтор өз чечимдери тууралуу айылдык кеңешке маалымат берүүгө укуктуу.

 18.5. Депутаттык топтун курамына кирген депутаттар депутаттык топтун жетекчисин шайлашат.

 18.6. Депутаттык топтун иши төмөнкү негиздер боюнча токтотулат:

 - айылдык кеңештин ыйгарым укутары токтогондо;

 - депутаттык топ түзүлгөн мөөнөт cоңуна чыкканда;

 - депутаттык топтун өз ишин токтотуу тууралуу чечим кабыл алганда;

 - андан айрым депутаттар чыгып кеткенде, эгерде анын курамы үч депутаттан аз болуп калганда.

 18.7. Депутаттык топ төмөнкүлөргө укуктуу:

 - айылдык кеңеш караган маселелер боюнча турумун билдирүүгө;

 - башка депутаттык топтор менен биригүүгө;

 - айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн бири колдогон учурда айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу тууралуу айылдык кеңештин төрагасына сунуш киргизүүгө;

 -депутаттык топтун жетекчисин делегат катары жиберүүгө, же болбосо өкүлүн депутаттык топтун атынан арыз, доклад, кош доклад, маалымат жана сунуштарменен чыгарууга;

 - депутаттык топтун жыйналышына кызыкдар жактарды чакырууга, эксперттер адистер менен кеңешүүгө;

 - айылдык кеңештин ишинин жылдык планы боюнча сунуш киргизүүгө;

 - депутаттык топтун мүчөлөрүнүн талапкерлигин айылдык кеңештин төрагасынын, анын орун басарынын, айыл өкмөт башчысынын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагасынын кызматына, ошондой эле туруктуу жана убактылуу комиссиялардын курамына сунуштоого;

 - депутаттык топтун мүчөлөрүн делегациялардын курамына кошуу боюнча сунуш киргизүүгө;

 - айрым бир маселелерди изилдөө боюнча убактылуу, жумушчу комиссияларды түзүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;

 - тиги же бул маселелер боюнча коомдук угууларды өткөрүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;

 - айылдык кеңештин сессиясынын протоколдоруна киргизүү үчүн бардык эле талкууланган маселелер боюнча депутаттык топтун өзгөчө пикирин берүүгө;

 - шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана белгиленген маселелерди чечүү боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө.

 

 

II БӨЛүК. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ

 

19-Бөлүм. Айылдык кеңештин сессиясында даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн тартиби.

 

 19.1. Айылдык кеңештин сессиясы айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруулучу укуктук формасы болуп эсептелет, ал маселелерди жамааттык талкулоо жана алардын чечимдери боюнча токтомдорду кабыл алууну камсыздайт.

 19.2. Айылдык кеңештин сесисиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан аз эмес катышкан учурда укуктуу.

 Айыл өкмөт башчысын шайлоодо айылдык кеңештин сессиясы айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда укуктуу.

 19.3. Депутаттарды каттоо башталгандан 15 мүнөттүн ичинде кворум чогулбаган учурда төрагалык кылган 30 мүнөткө тыныгуу жарыялайт.

 19.4. Эгерде 30 мүнөттүн ичинде кворум чогулбаса, сессия өтпөй калды деп табылат.

 19.5. Айылдык кеңештин сессиясын айылдык кеңештин төрагасы чакырат:

  -өз демилгеси менен;

  -айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча;

  -акимдин сунушу боюнча.

 19.6. Айылдык кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Берилген мөөнөттө чакырылган айылдык кеңештин сесиясынан тышкары кезексиз сесиялар өткөрүлсө болот.

 19.7. Айылдык кеңештин сессияалары коомчулук үчүн ачык. Сессияга айыл өкмөт башчысы, анын орун басары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү , каралып жаткан маселелер боюнча чакырылган адамдар, ошондой эле айылдык кеңештин регламентине ылайык, бардык кызыкдар жактар катышууга укуктуу.

 Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сыр болуп эсептелсе, айылдык кеңеш өз сессиясын жабык өткөрүү тууралуу чечим кабыл алса болот.

 19.8. Айылдык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу маалымат сессия башталганга чейин 3 жумушчу күндөн кем эмес убакытта калкка жеткирилет.

 19.9. Сессияда мыйзам жана ушул Регламент менен бекитилген тартипте айылдык кеңештин карамагына киргизилген маселелер чечилет.

 19.10. Айылдык кеңештин депутаттарынын сессиясына катышкандардын саны табелдик каттоонун натыйжасы менен аныкталат. Депутаттарды табелдик каттоо ар бир сессиянын алдында башталат жана каттоонун убактысы көрсөтүлүп, ал аяктаганга чейин уланат. Депутаттарды табелдик каттоо барактары айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысында сакталат. Депутат өз каттоосун жокко чыгарууга укугу жок.

 19.21. Сессияда катталган катталган депутаттардын тизмеси сессияга төрагалык кылганга тапшырылат.

 19.12. Депутаттын айылдык кеңештин сессиясына катыша албай калганынын жүйөлүү себептери- ооруганын тастыктаган документ, иш сапары. Эргүүгө чыкканы жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык башка себептер боло алат.

 Мындай учурда депутат төраганын атына кат жүзүндө арыз жазып, анда сессияга жүйөлүү себептер менен катышууга мүмкүн болбогонун түшүндүрөт.

 19.13. Айылдык кеңештин сессиясынын чечими менен жүйөлүү себептерсиз катары менен төрттөн ашык сессияга катышпаган депутаттарга карата айылдык кеңеш аларды депуттык ыйгарым укуктардан ажыратуу тууралуу чечим кабыл алат.

 19.14. Арыздар жана кайрылуулар күн тартибиндеги «Башкалар» маселесинин алкагында каралат.

 Айылдык кеңештин сессиясынын же жыйналышка төрагалык кылгандын чечими менен күн тартибиндеги «Башкалар» маселесинин алкагына арыздар, маалыматтар, кайрылуулар жана протоколдук чечимдер үчүн 30 мүнөткө чейин убакыт бөлүнөт.

 19.15. Күн тартибиндеги кезектеги маселени кароого өтүү же мурдагылардын , бирок соңуна чыкпай калгандардын бирине кайрылуу, ошондой эле маселелерди кароонун кезегин өзгөртүү сессияга төрагалык кылган тарабынан ишке ашырылат.

 

 

20-бөлүм. Айылдык кеңештин кезексиз сессиялары.

 

 20.1. Чукул маселелерди чечүү үчүн айылдык кеңештин төрагасы өз демилгеси менен, жэ айыл өкмөт башчысынын, акимдин , айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.

 20.2. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясынын чакыруу тууралуу сунуш кат жүзүндө берилет, анда кезексиз сессияны чакыруу сунушталып, анны чакыруунун зарылчылыгы тууралуу кыскача жүйө келтирилет.

 20.3. Кезексиз сессиялар сунуш түшкөн күндөн беш күндөн кем эмес убакытта чакырылат.

 20.4. Айылдык кеңештин депутаттарынын кезектеги сессияны жылдыруу, жэ кезексиз сессия чакыруу кабарландыруусу чечим кабыл алынган убакыттан тарта 1 күндүн ичинде жүргшүзүлөт.

 20.5. Чукул кырдаалдар пайда болгон учурда айылдык кеңештин төрагасы мөөнөттөрдү жана депутаттарды кабардар кылуу тартибин милдеттүү карманбастан кезексиз сессия чакырууга укуктуу.

 20.6. Күн тартибинин добору жана кезексиз сессияда каралчу маселелер үчүн зарыл болгон материалдар депутаттарга жана чакырылган адамдарга айылдык кеңештин кезексиз сессиясына чейин эки күндөн кем эмес убакытта, калган башка катышуучуларга кезексиз сессия башталаар алдында таратылат.

 

 

21-бөлүм. Айылдык кеңештин сессиясынын иш убактысы

 

 21.1. Айылдык кеңештин сессиясынын иш убактысы 09 саат 00 мүнөттөн 18 саат 00 мүнөткө чейин болот. Иштин ар бир эки саатынан кийин 20 мүнөткө тыныгуу жарыяланып турат. Түштөнүүгө тыныгуу 1 саат.

 21.2. Айылдык кеңештин сесиясынын чечими боюнча сесиясын иши өзгөртүлө алат, же сесияда каралып жаткан маселелерге жараша узартыла алат.

 

22-бөлүм. Сессиянын күн тартиби

 

 22.1. Айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибинин долбоору сессияда каралат деп болжолдогон маселелердин тизмегинен турат. Анда аларды кароонун, ар бир маселе боюнча доклад жасоочулардын (кош баяндамачыларды) кезеги көрсөтүлөт.

 22.2. Кезектеги сессиянын күн тартибинин долбоорун айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңештин, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, айыл өкмөт башчылардын иш планынын негизинде жыйналышка 10 күн калганга чейин жана айылдык кеңештин кезексиз сессиясына 2 күн калганга чейин түзүлөт.

 22.3. Сессиянын күн тартибиндеги долбооруна маселелерди төрага айылдык кеңештин профилдик туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары менен алдын ала талкуулангандан кийин киргизет.

 Токтомдордун долбоорлору сессиянын күн тартибинин долбооруна аларды айылдык кеңештин профилдик туруктуу комиссиялары алдын ала карап чыккандан кийин киргизилет.

 22.4. Сессия өтчү күнү жана жери көрсөтүлгөн төрага түзгөн сессиянын күн тартибинин долбоору, токтомдордун долбоорлору жана жыйналыштын кароосуна киргизиле турган башка документтер менен материалдар депутаттарга. Чакырылгандарга сессия башталганга чейин күн мурда жолдонот жана айыл өкмөтүнүн маалымат тактасында бир жолу жайгаштырылат.

 22.5. Кызыкдар адамдарга айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибинин долбоору жалпы көрө турган жерге жайгаштырылып, ал башталаар алдында таратылат.

 22.6. Сессянын күн тартибинин долбоорун анны негиз катары кабыл алуу үчүн жыйналыштын төрагасы добушка коет.

 22.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүулөр жана толуктоолор киргизилсе болот.

 22.8. Сессиянын негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна кошумча киргизүү тууралуу сунуш эгерде сунушталган маселе мурда айылдык кеңештин туруктуу комиссиясында каралса, катышуучулардын санынын көпчүлүк добушу менен киргизилет.

 22.9. Күн тартибине киргизилген маселени алып салуу же сессиянын күн тартибиндеги маселени өзгөртүү (техникалык мүнөздөгү) чечими катышуучулардын санынын көпчүлүк добушу менен, айылдык кеңештин туруктуу комиссия алдын ала карабастан кабыл алынат.

 22.10. Жыйналыштын күн татибинин долбоору ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төрагалык кылып жаткан тарабынан сессиянын күн тартибин жалпысынан кабыл алуу үчүн добуш берүүгө коюлат. Сессиянын күн тартиби катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

 22.21. Айылдык кеңештин сессиясында кошумча материалдар айылдык кеңештин төрагасынын визасы болгон учурда таратылат.

 

 

23-бөлүм. Сессияга төрагалык кылуу

 

 23.1. Айылдык кеңештин сессиясына ага төрагалык кылуучу алып барат. Сессияда төрагалыкты айылдык кеңештин төрагасы ишке ашырат. Ал жокто сессияыны төраганын орун басары алып барат.

 23.2. Айылдык кеңештин сессиясында төрагалык кылуучу төмөнкүлөргө куктуу:

 -айлдык кеңештин сессиясын ачууга жана жабууга;

 -ушул Регламент менен белгиленген тартипте маселелерди кароого катышууга;

 -депутаттарга жана жооптуу адамдарга маалымат сурап кайрылууга;

 -эгерде баяндамачы ушул регламентти бузса, күн тартиби боюнча чыкпаса, абройго шек келтирген сөздөрдү колдонсо, сөз алуу укугунан ажыратууга;

 -протоколдук чечимдерди кабыл алууда көпчүлүк добуш бергенине көзү жетсе,

 -добуштарды бирден эсептебей коюуга;

 -пландаштырылбаган дебаттарды токтотууга;

 -сессияда пайда болчу пикир келишпестиктерди четтетүү жана талаштарды чечүү максатында депутаттар, адистер менен кеңешүүлөдү уюштурууга;

 -жыйналыш өЫнтымак жаткан залда тартипти бузган учурда депутат болбогон адамды жыйындар залынан чыгарып жиберүү сунушун киргизүүгө;

 -сессиянын жүрүшүн залда чукул кырдаал абалы түзүлгөн учурда, ошондой эле коомдук тартипти орой бузган учурда токтотууга.

 23.2. Айылдык кеңештин сессиясында төрагалык кылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

 -ушул Регламентти карманууга жана анны жыйналыштын бардык катышуучулары сакташын камсыздоого;

 -сөз алгандардын убакытты кармануусун камсыздап, баяндамачыга берилген убакыт соңуна чыгып баратканы тууралуу өз убагында эскертүүгө;

 - сессиянын күн тартибине ылайык түшкөн сунуштардын кезектүүлүгүнүн тартибине жараша сөз алуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө;

 - сессиянын күн тартибинде камтылган маселелерди добуш берүүгө коюуга;

 -депутаттардын сунушун алардын түшкөн кезектүулүгү тартибинде добуш берүүгө коюуга;

 - добуш берүүнү уюштурууга жана добуштарды саноого, добуш берүүнүн натыйжаларын жарыялоого;

  - депутаттардын кат жүзүндөгү суроолорун жана кайрылууларын аныктоого, сурап билүүлөр, алар боюнча суроо узатып, жооп алуу, маалыматтар, арыздар, жарандардын кайрылуулары, жарыялар, ошондой эле жыйналышты алып баруу боюнча эскертүүлөрүчүн сөз берүүгө, ошондой эле айылдык кеңештин токтомунун долбоорлору боюнча сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө, добуш берүүнүн себептери боюнча алуучуларга;

  - сессиянын протоколун жүргүзүүнү уюштурууга, сесиянын протоколуна жана айылдык кеңештин токтомдоруна кол коюуга;

  -сессиянын катышуучуларына сый урмат менен мамиле жасоого , жеке эскертүүлөрдөн жана сессиянын катышуучуларынын сөздөрүнө баа,

 комментарий берүүдөн оолак болууга;

  -сессияны өткөрүүнүн жол-жоболору жана эрежелери боюнча

 мааалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү көңүлгө алууга;

  -ар биринин аты аалган добуш берүүгө чыгарылып жаткан суроолорго

 редакцияны сунуштооого жана мындай добуш берүүдө бланктардын туура

  толтурулушуна көз салууга.

 - Эгерде каралып жаткаан маселе боюнча өзү баяндамачы болсо жана

 айылдык кеңеш аны айылдык кеңештин төрагасы кызматынан бошотуу

 тууралуу маселени карап жатса, сессияны алып барууну орун басарына

 өткөрүп берүүгө.

 

24-бөлүм. Айылдык кеңештин сессиясында депутаттын укуктары жана милдеттери

 24.1. Айылдык кеңештин депутаты төмөнкүлөргө укуктуу:

 - айылдык кеңештин органына шайлоого жана шайланууга;

 -айылдык кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуштоого;

 -айылдык кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарынын күн тартиби талкууланган маселелерди жана алардын маңызын кароо тартиби боюнча сунуштамаларды жана эскертүулөрдү киргизүүгө;

 -чечимдердин долбоорлорун, башка жергиликтүү кеңештер жана алардын органдары кабыл алган документтерди, аларга түзөтүүлөрдү кароо үчүн киргизүүгө;

 -түзүлүп жаткан айылдык кеңештин органдарынын персоналдык курамы жана айылдык кеңештер шайланган, дайындаган же бекиткен жооптуу адамдардын талапкерлери боюнча пикирин билдирүүгө;

 -түзүлүп жаткан айылдык кеңештердин органдарына, алардын курамына кирип жаткан адамдарга, ошондой эле айылдык кеңеш тарабынан шайланган, дайындалган же бекитилген адамдарга ишеним көрсөтпөө тууралуу маселени коюуга;

  - дебаттарга катышууга, суроолор менен кайрылууга, баяндамачыларга, кош баяндамачыларга, сессияга төрагачылык кылуучуга суроо узатууга;

  -айылдык кеңештин сесиясында айылдык кеңеш алдында жэооптуу же анын көзөмөлүндөгү каалаган органдын же жооптуу адамдын, ошондой эле айылдык кеңештин, айылдык аймактын территориясында иш алып барган башка органдардын жана жооптуу адамдардын компетенциясына кирген маселелер боюнча отчетун же маалыматын угуу тууралуу сунуш киргизүүгө;

  -өз чечимдерин жана шайлоодо добуш бергени боюнча жүйөлөрү менен чыгууга, маалымат берүүгө;

  -айылдык кеңештин сессиясында, анын органдарынын жыйналыштарында айылдык кеңеш белгилеген тартипте эгерде коомдук мааниге ээ болсо, айрылуулардын, билдирүүлөрдүн, резолюциялардын, жарандардын же алардын бирикмелеринин петицияларын угузууга;

  -ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Регламент берген башка укуктарын пайдаланууга;

  24.2. Айылдык кеңештин депутаты сесияда төмөнкүлөргө милдеттүү:

  - ар бир сессия башталаар алдында табелдик каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;

  -Регламентти, сессиянын күн тартибин жана сессияда төрагалык кылгандын укуктуулук талаптарын сактоого;

  - колун көтөрүү жолу менен сөз алууга уруксаат алууга;

  - сессияда төрагалык кылгандын уруксаты менен гана чыгууга;

  - жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;

  - сөз алууда жана суроону түзүүдө баяндамачыдан(кош докладчы) жана сессияга төрагалык кылгандан башка залда отургандарга жеке кайрылбоого;

  - залда отургандардын намысына жана абийирине доо кетире турган орой, кордогон сүйлөмдөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге үндөбөөгө , жалган маалымат бербөөгө, сессиянын катышуучуларына жана алардын айткандарына баа бербөөгө, кимдир бирөөнүн дарегине жүйөсүз айып сөздөрдү айтпооого;

  - төрагалык кылуучу уруксаат бербесе, сессиядагы жумушчу ордун таштап кетпөөгө.

 24.3.Өз милдеттерин аткарбаганы үчүн депутаттар ушул Регламенттин жоболоруна ылайык жоопкерчиликке тартылат.

 24.4. Айылдык кеңештин депутаты ал үчүн кызыкдар болгон, мисалы, ага, анын жубайына, балдарына, бир туугандарына материалдык пайда бериши мүмкүн маселе каралып жаткан (айыл өкмөт башчысын шайлоого тиешелүү маселеден тышкары) кеңештин сессияларына катышпаш керек жана добуш бере албайт.

 24.5. Айылдык кеңештин депутаттары айылдык кеңештин депутаттарынын

 жалпы санынын үчтөн бирин төмөнкү маселелерди көтөрүп чыгууга түртүүгө укуктуу:

 - айылдык кеңештин төрагасын, кеңештин төрагасын, кеңештин төрагасынын орун басарын алар өз милдеттерин аткарбаган же тиешелүү деңгээлде аткара албага учурда мөөнөтүнөн мурда бошотуу;

  - кезексиз тартипте айылдык кеңештин сессиясын чакыруу;

  - мурда кабыл алынган жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.

  24.6. Айылдык кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан айтылган жана төрагалык кылуучуга кат түрүндө берилген сунуштарды жана эскертүүлөрдү айылдык кеңеш же анын тапшырмасы менен айылдык кеңештин комиссиялары карайт же тиешелүү органдарга жана жооптуу адамдарга кароого жиберишет. Алар булл сунуштарды жана эскертүүлөрдү эгерде башка мөөнөт жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленбесе, бир айдан кеч эмес мөөнөттөкарап чыгууга жана карап чыккандын натыйжалары тууралуу сунуштарды жана эскертүүлү берген депутаттарга, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасына түздөн-тлаш керек.

 24.7. Сессияларда, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындарында депутттар маал-маалы менен айылдыку кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышынын жүрүшү, депутаттар киргизген, шайлоочуар табыштаган сунуштардын жаа эскертүүлөрдүн ишке шышы, ошондой эле айылдык кенештин жана анын органдарынын ишинин башка маанилүү маселелери боюнча маалымат алып турушат.

 

 

 

25-бөлүм. Айылдык кеңештин сессияларына, комиссиялардын

жыйналыштарына айылдык кеңештин депутаты болбогон

адамдардын катышуусунун тартиби.

 

  25.1. Айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, алардын орун басарлары , ошондой эле айылдык аймактын территориясында ишин жүргүзгөн башка жооптуу адамдар айылдык кеңештин ачык сессияларына жана алардын органдарынын ачык жыйналыштарына атайын уруксатсыз эле катышууга укуктуу.

  25.2. Айылдык кеңештин жана анын органдарынын ачык сессияларына жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катыша алат.

  25.3. Айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлери алардын карамагындагы маселелерди айылдык кеңеш карап жатканда айылдык кеңештин төрагасы менен алдын ала макулдашпасатан эле ачык жыйналыштарга катышууга укуктуу.

  25.4. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңештин сессиясынын ачылышы алдында катышуучуларга сессияда депутат болбогон адамдар отурганын кабарлайт.

  25.5. Сессияларга, комиссияардын жыйналыштарына катышып жаткандарга жыйналыш өЫнтымак жаткан залд өзүнчө орундар берилле. Эгерде сессиялар , комиссиялардын жыйналыштары өЫнтымак жаткан залга айылдык кеңештин сессияларына, комиссиянын жыйналыштарына катышууну каалаган бардык адамдар (жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү) батпай баратса, төрагалык кылуучунун тапшырмасы менен айылдык кеңештин сессиясына катышу үчүн ошол адамдардын өкүлдөрү киргизилсе болот. Өкүлдөр (бир же эки) бир көчөдөн, кварталдан, райондон, айылдан, уюмдан ж.б. тандалат.

 

26-бөлүм. Айылдык кеңештин сессиясына катышуунун дисциплинасы жана

этикасы.

 

 26.1. Айылдык кеңештин сессиясында сөз алган адамдар жүрүм-турум этикасын сактоого милдетүү, алар өз сөзүндө орой, кордогон сүйлөмдөрдү колдонбош керек, мыйзамсыз аракеттерге үндөбөш керек жана кимдир бирөнүн дарегине жүйөсүз айыптарды койбош керек.

  Эгерде ушул жоболор бузулган учурда төрагалык кылуучу алардн сөзүн эскертүүсүз токтотуп, талкууланып жаткан маселе боюнча кайра чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырата алат.

  26.2. Талкуу темасынан четтеген учурда сессияга төрагалык кылуучу сөз алганга эскертүү берет. Дагы бир жолу эскертүү берилгенден кийин сөз алган сүйлөө укугунан ажыратылышы мүмкүн.

  26.3. Айылдык кеңештин сессиясы учрунда депутаттар сөз алгандарга жана катышуучуларга сөзүн айтууга же анны кабыл алууга тоскоол боло тургандай өз аракеттери менен тоскоолдук жаратпашы керек (кыйкырып, кол чаап, тура калып, комментарийлеп ж.б.)

  26.4. Сессияга чакырылгандар жана анын катышуучулары айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишине сессияга, жыйналыштарга төрагалык кылуучунун уруксатысыз кийлигишүүгө укугу жок (сөз сүйлөөгө, билдирүү жасоого, өз пикирин билдирүүгө, комментарийлөөгө).

 26.5. Айылдык кеңештин сессиясы учурунда залдагы катышуучулардын бары уюлдук байланыш аппараттарын өчүрүп коюууга милдеттүү.

 26.6. Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузуп жатса, төрагалык кылуучу ага жекече кайрылып, анны тартипке чакырат.

 26.7. Айылдык кеңештин сессиясына катары менен төрт жолу эч жүйөлүү себепсиз катышпаган , ошондой эле туруктуу, убактылуу комиссиялардын ишине, айылдык кеңештин иш-чараларына катышпаган, шайлоочуларга отчет бербеген депутат тууралуу маалымат айылдык кеңештин сессиясында ачыкталат жана булл маалымат этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга тиешелүү чараларды көрүү үчүн берилет.

  26.8. Депутат төмөнкүлөрдү жасабаш керек:

  - жашыруун маалыматты саясий коньюнктура же жеке пайда табуу үчүн ачпаш керек;

  - айылдык кеңештин, туруктуу, убактылуу комиссиялардын жабык сессияларында ага белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле депутатка жашыруун сыр катары айткан шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тиешелүү маалыматты жарыялабаш керек;

  - өз сөзүндө чечими мыйзамдык күчкө ээ боло элек кылмыш жана жарандык иштердин фактылар тууралуу айташ керек;

  - айылдык кеңештин мүлкүн жеке максаттарга колдонбош керек;

  - физкалык жана юридикалык жактардан депутаттык милдеттерин аткарышына байланыштуу аракеттер же аракетсиздик үчүн белектерди, акча каражатын жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл албаш керек.

 

III. БӨЛүК. АЙЫЛДЫК КЕНЕШТИН ЧЕЧИМДЕРИН ЧЕЧИМДЕРИН

ТАЛКУЛООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

 

27-бөлүм. Айылдык кеңештин сессиялрында маселелерди кароонун жол-

жоболору

 

  27.1. Сессияда маселелерди кароонун жол-жобосуна төмөнкүлөр кирет:

 - негизги баяндамачы-демилгечинин доклады;

 - баяндамачыга суроолор жана аларга жооп;

 - жооптуу туруктуу комиссиянын же бактылуу комиссиянын өкүлүнүн кош доклады;

 - кош баяндамачыга суроолор жана аларга жооптор;

 - жарыш сөз (талкуу);

 - негизги баяндамачынын жана кош баяндамачынын жыйынтыктоочу сөз менен чыгышы;

 - добуш берүүнүн себеби боюнч сөз сүйлөөлөр;

 - токтомдун долбоорун «негиз катары» кабыл алуу үчүн добуш берүү;

 - эгерде ал негиз катары кабыл алынса, токтомдун долбоорунун тексти же анын тиркемелери боюнча сунуштарды жана эскертүүлөрдү киргизүү;

 - токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.

 27.2. Айылдык кеңеш төрагалык кылуучунун, туруктуу, убактылуу комиссиялардын төрагаларынын, же депутаттардын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча маселени кыскартылган жол-жобо боюнча кароо чечимн кабыл алса болот.

 27.3. Жол-жоболорду кыскартуу төмөнкүлөрдү камтыйт:

 - негизги баяндамачы-демилгечинин доклады;

 - жооптуу комиссиянын өкүлүнкош доклады;

 - ар бир депутаттан экиде суроо жана аларгаи жооптор;

 - негизги баяндамачынын жыйнтыктоочу сөз менен чыгышы;

 - добуш берүүнүн себеби боюнча сөз алуулар;

 - токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.

 

28-бөлүм. Айылдык кеңештин сессиясында жол-жобо маселелери.

 

 28.1. Жол-жобо маселелерине сессияны алып баруунун тартибине тиешелүү төмөнкү масеелер кирет:

 - сессияга тыныгуу, анны жылдыруу, жабу же ишин узартуу тууралуу;

 - добуш берүүнүн ыкмасынын өзгөрүшү тууралуу;

 - сөз алуучулардын кезегинин өзгөрүшү тууралуу;

 - кошумча табелдик каттоо жүргүзүү тууралуу;

 - кворумду жана добуштарды кайра саноону тастыктоо тууралуу;

 - талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздү жылдыруу же токтотуу тууралуу;

 - маселени профилдик туруктуу комиссиянын же убактылуу комиссиянын кароосуна өткөрүу тууралуу;

 - сөз алуучулардын убактысын чектөө же узартуу тууралуу;

 - күн тартибиндеги баша маселелерге өтүү (кайрылуу) тууралуу;

 - сессияда маселелерди кароонун жана талкуулонун кезеги тууралуу;

 - добуш берүүнү уюштуруу тууралуу;

 - маселени кароону кийинки сессияга которуу тууралуу;

 - күн тартибиндеги маселени талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө тууралуу;

 - маселени күн тартибине киргизүү же алып таштоо тууралуу;

 - суроолорго жооптор үчүн убакыттын узактыгы тууралуу;

 - сөз сүйлөөлөрдүн жана суроолордун санына чектөө киргизүү туурлуу;

 - суроолорго жана жооптрго убакытты чектөө же узартуу тууралуу;

 - каралып жаткан маселелер боюнча жыйналыштарга адамдарды чакыруу тууралуу;

 - чакырылган адамдарга сөз берүү тууралуу;

 - күн тартибиндеги маселеге байланыштуу аны талкуулабастан эле добуш берүүгө өтүү тууралуу;

 - добуштарды кайра саноо тууралуу;

 - жол-жоболорго киргизилген башка маселелер.

  28.2. Айылды кеңештин жол-жобоор тууралуу чечими катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат жана токтом менен түзүлбөйт.

 

29-бөлүм. Сөз алуулардын түрлөрү жана алардын узактыгы

 

  29.1. Сессияда сөз алуулардын төмөнкү түрлөрү каралган:

 - доклад;

 - кош доклад;

 - күн тартиби боюнча сөз алуу;

 - талкууланып жаткан маселе боюнча жыйынтыктоочу сөз;

 - шайланчу кызматка талапкердин сөз алышы;

 - такууланган талапкерик боюнча жарыш сөзгө чыгуу;

 - добуш берүү себептери боюнча докладдар;

 - жыйналышты алып баруунун тартиби боюнч сөздөр;

 - сунуштама;

 - справка;

 - билдирүү;

 - кайрылуу;

 - кайра чыгуу.

  29.2. Докладдар үчүн убакыт 15 мүнөткө чейин, кош докладдар үчүн 10 мүнөткө чейин белгиленет. Сөз алуулардын башка түрлөрүнүн узактыгы төмөнкүдөй белгиленет:

  - докладдарды жана кош докладдарды талкуулоо үчүн – 10 мүнөткө чейин;

  - күн тартибин талкууоо үчүн - 5 мүнөткө чейин;

  - талкууланып жаткан маселе боюнча жыйнтыктоочу сөз үчүн – 3 мүнөткө чейин;

  - шайланчу кызмата талапкерлердин сөз алуусу үчүн – 5 мүнөткө чейин;

  - талкууланып жаткан талапкер боюнча каяша пикирге чыгуу үчүн – 3 мүнөткө чейин;

  - добуш берүүнүн себеби боюнча сөз алуу үчүн – 3 мүнөткө чейин;

  - жыйнаылшты алып баруунун тартиби боюнч сөз алуу үчүн – 3 мүнөткө чейин;

 - сунуштамалар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн 3 мүнөткө чейин;

 - кайра чыгуулар үчүн – 3 мүнөткө чейин. 

 

  29.3. Катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен төрагалык кылуучу сөз алуучуларды узактыгын 3 мүнөткө чейин узарта алат.

  29.4. Бир эле маселе боюнча бир депутат эки жолудан ашык сүйлөй албайт.

  29.5. Доклад, кош доклад, шайланчу кызматка талапкерлердин сөз алышы трибунадан ишке ашырылат, калган чыгуулар трибунадан же ордунан.

  29.6. Депутат жыйналышта ага төрагалык кылуучу сөз берген учурда гана чыга алат.

  29.7. Сөз берүү өтүнүчү төрагалык кылуучунун атына кат түрүндө, же оозеки берилсе болот.

  29.8. Айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жана алардын орун басарлары каралып жаткан мселелер боюча сөздү кезексиз алса болот.

  29.9. Сессияны алып баруунун тартиби, добуш берүүнүн себептери, маалымат, суоолорго жооп, түшүндүрмө берүү үчүн сөздү сессияга төрагалык кылуучу кезексиз тартипте 1 мүнөто чейин убакыт менен берет.

  29.10. Сессияга төрагалык кылуучу сессинын ишинде 30 мүнөткө чейин кезексиз тыныгуу жарыялай алат (добуш берүүсүз).

  29.21. Башаламандык пайда болгондо жана аны токтотуу мүмкүн эмес учурда төрагаык кылуучу 40 мүнөткө чейи тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессиянын ишин кайра баштаган учурда башаламандык кайра уланса, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого укуктуу.

 

30 – бөлүм. Айылдык кеңештин сессиясында токтом длбоорун кароонун

жана аны кабыл алуунун тартиби.

 

  30.1. Сессияда токтом долбоорун кароодо анын негизги жоболору, аны кабыл алуунун зрылчылыгы тууралуу маселе талкууланып, токтом долбоорунун концепциясына жалпы баа берилет.

  30.2. Талкуулоо негизги баяндамачы-демилгечинин доклады жана айылдык кеңештин профилдик туруктуу комиссиясынын кош доклады менен башталат.

  30.3. Токтом долбоорун кароодо туруктуу комиссиялардын, айылдык кеңештин депутаттарынын , айы өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн, талкууга катышуу үчүн чакырылган башка адамдардын сунуштары жана эскертүүлөрү угулат.

  30.4. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылган чыгашаларды караштырган токтомдордун долбоорлорун кароодо милдетүү тартипте айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчисинин же райондук финанс башкармалыгынын жетекчисинин тыянагы угулат.

  30.5. Сөз сүйлөөлөрдүн кезегин сессияга төрагалык кылуучу белгилейт. Сөз сүйлөөлөрдүн кезеги белгилөөдө артыкчылык төрагаларга же профилдк комиссиялардын өкүлдөрүнө; айылдык кеңештин сессиясына чакырылган эксперттерге; жазуу түрүндө тыянагын тапшырган депутаттарга берилет.

  30.6. Кезексиз сөз сүйлөө укугуна айылдык кеңештин төрагасы, айыл өкмөт башчысы, мамлекеттик администрация башчысы жана алардын рун басарлары ээ.

  30.7. Сессияга төрагалык кылуучу сөз алуулар күн тартибиндеги маселеге шайкеш келишине, сөз алуулардын узактыгынын сакталышына көз салат. Зарыл болгон учурда бул тууралуу сөз алганга эскертилет.

 Төрагалык кылуучу сөз алуучуну тартипке келирүүгө, же эгерде ал төрагалык кылуучунун көрсөтмөлөрүнө көңүл бурбастан өз сөзүндө кордогон сөздөрдү колдонуп жатса, аны сүйлөө укугунан ажыратууга укуктуу.

  30.8. Талкуунун натыйжасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын сунушу менен айылдык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен токтомдун долбоорун кабыл алууну кийинкиге калтыруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

  30.9. Токтомдун долбоору негиз катары кабыл алынганга чейин (анын ичинде жарыш сөздүн жүрүшүндө) депутаттар, же болбосо аны кабыл алуу демилгесин көтөрүп чыккан токтом долбоорун жазуу же оозеки түрдөгү арыз менен (добуш берүү жолу менен)чакырып алууга укуктуу. Мындай учурда жарыш сөз токтотулат.

  30.10. Жарыш сөз аяктагандан кийин баяндамачы жана кош баяндамачы жыйынтыктоочу сөз менен чыгууга укуктуу. Андан соң токтм долбоорун негиз катары кабыл алуу тууралуу маселе добуш берүүгө коюлат.

  30.21. Сессияга төрагалык кылуучу токтомдун жана анын тиркемелеринин тексти боюнча толуктоолорду киргизүүнү сунуштайт.

  30.12. Токтм долбоорун анын жоболорун талкуулоо менен карап чыгууда жазуу жана оозеки түрдө түшкөн бардык сунуштар угулат, алар талкууланат жана добуш берүүгө коюлат.

  30.13. Төрагалык кылуучу добуш берүүгө биринчи кезекте туруктуу комиссиялардын сунушун коет. Эгерде айылдык кеңештин сессиясы сунуштардын бирин да колдобосо, пункт четке кагылды деп эсептелет.

  30.14. Токтомдун долбоорун талкуулоонун натыйжасы боюнча добуш берүү жүрүп, андан соң киргизилген сунуштарды жана эскертүүлөрдү эсепке алуу менен сессия токтомду жалпысынан, ошон6дой эле пофилдик комиссиянын тыянагын да кабыл алуу тууралуу чечим кабыл алат.

  30.15. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды депэсептелет. Четке кагылган токтомдун долбоорун айылдык кенеш 3 айдан эрте эмес мөөнөттө кайрадан карай алат.

 

31 – бөлүм. Жарыш сөз (талкуу)

 

  31.1. Айылдык кеңештин сессиясында эч ким төрагалык кылуучу уруксат бермейинче сөз алалбайт.

  31.2. Айылдык кеңештин сессиясында жооптуу комиссиянын төрагасы өкүлү), депутаттык топтун лидери, депутат ошол эле маселе боюнча эки жолудан ашык жарыш сөзгө чыга албайт.

  31.3. Жарыш сөзгө чыккан адам талкууланып жаткан маселенин темасын карманыш керек. Эгерде сөз алуучу темадан четтесе, төрагалык кылуучу эскертүү жасайт, талап аткарылбаган учурда сөз сүйлөө укугунан ажыратат.

  31.4. Төрагалык кылуучу жарыш сөздү токтотуу тууралуу сунуш алгандан кийин депутаттарга жазылган жана сөз алгадардын саны тууралуу маалымдайт, жазылгандардын ичинен сөз алууну абдан өтүнүп жатканын аныктап, ошону эсепке алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добуш берүүгө коет.

  31.5. Жрыш сөз аяктаганына байланыштуу соз албай калган депутаттык топтун өкүлү, депутаттар төрагалык кылуучуга колу коюлган сөздөрдүн текстин аларды сессиянын протоколуна киргизүү үчүн берүүгө укуктуу.

 

 

32-бөүм. Жыйналштын күн тартибиндеги маселеге кайтып келүү

 

 Айылдык кеңештин сессиясы учурунда четке кагылган токтом долбоорлорунан башка аралган маселеге бир жолу кайтып келуүго уруксат бар. Каралган маселеге кайтып келүү ал боюнча чечим кабыл алынышы керек болгон жол-жоболук маселе болуп эсептелет. Каралган маселеге кайтып келүү бул маселе боюнча мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу дегенди түшүндүрөт. Маселени кайра карап чыгууда кабыл алнган чечим айылдык кеңештин токтомунда бөн абалына келтирилет, ал эми баштапкы добуш берүунүн натыйжалары сессиянын протоколуна

киргизилет, ал эми баштапкы добуш берүүнүн натыйжалары сссиянын протоколуна киргизилет жана айылдык кеңештин токтому менен бүткөн абалына келтирилбейт.

 

33-бөлүм. Чечим кабыл алуу үчүн кворум

  33.1. Айылдык кеңештин чечими менен төмөнкүлөр кабыл алынат:

  - айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ;

  - айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен;

  - катышуучулардын санынын көпчүлүк добушу менен.

  33.2. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен төмөнкү маселелер чечимдер каыл алынат:

  - айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо;

  -айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;

  - айыл өкмөт башчысын шайлоо;

  - айыл өкмөт башчысын Президенттин жана өкмөттүн мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыны, прокуратура органдары

 тарабынан орнотулган, өткөрүлуп берилген мамлекеттик ыйгарым

 укуктарды аткарбаганы үчүн айыл өкмөт башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотууга айылдык кеңештин депутаттарына макулдук берүү;

  - жергиликтүу жамааттын уставын бекитүү.

 33.3. Депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу

 менен төмөнкү маселелер боюнча чечимдер каьыл алынат:

  -айылдык кеңештин торагасын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;

  - буга чейин кабыл алынган жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.

 33.4. Сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк

 добушу менен жол-жоболук процедуралар боюнча чечим кабыл алат.

 

34-бөлүм. Добуш берүү жана анын түрлөрү

 

  34.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн колдонулган төмөнкүдөй түшүктөр колдонулат:

 - айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны- ___ ;

 - жыйналышка катышкандардын саны – табелдик каттоодон өткөн айылдык кенештин депутаттарынын саны.

  34.2. Айылдык кеңеш ачык жана жашыруун добуш берүу жолу менен сессияларда чечим кабыл алат Добуш берүү айылдык кеңештин депутаттарынын колун көторүү жана сессиянын эсеп комиссиясынын же төрагалык кылчунун добуштарын эсептөө аркылуу жүрсө болот.

  34.3. Кворум чогулбай калган учурда сессиядагы төрагалык кылуучу кворум камсыздалганга чейин добуш берүүнү жылдыра турат.

  34.4.Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн натыйжалары айылдык

кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.

 34.5. Айылдык кеңештин депутаты добуш берүүгө жеке өз укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын башка депутатка добуш берүү укугун ишеним кагазы жана башка түрлөр боюнча өткөрүп берүүсүнө тыюу салынат.

 34.6. Бир маселе боюнча добуш беруудө айылдык кеңештин депутаты бир гана добушка ээ, анны чечим кабыл алууда «макул» же «каршы» берет, же болбосо булл чечимдерден баш тартат.

 34.7. Добуш берүүгөкатышпаган айылдык кеңештин депутаты добуш берүү аяктагандан кийин оз добушун берүүгө укугу жок.

 34.8. Добуш башталды деп жарыялангандан кийин эч ким анны үн катпай угат.

 

35-бөлүм. Ачык добуш берүү

 

 35.1. Ачык добуш берүү – добуш берүүнүн түрү, мында жооптордун варианттарынын бири («макул», «каршы», «калыс») боюнча ар бир депутаттын эркин билдирүүсү түзүлөт.

 35.2. Ачык добуш берүүдө добуштарды сессиянын эсеп комиссиясы же төрагалык кылуучу жүргүзөт.

 35.3. Добуштарды эсептеп чыккандан кийин сессияда төрагалык кылуучу чечим кабыл алынып-алынбаганын жарыялайт.

 35.4. Добуш берүүнүн процедуралык каталарын аныктагандан кийин ) же эсеп комиссиясынын, төрагалык кылуучунун катасы) айылдык кеңештин депутаттары кайра добуш берүунү өрүу тууралуу чечим кабыл алышы мүмкүн.

 

36- бөлүм. Жашыруун добуш берүү

 

 36.1. Жашыруун добуш берүү – добуш берүүнүн түрү, мында жооптордун

варианттарынын бири («макул», «каршы», «калыс») боюнча ар бир депутаттын эркин юилдирүүсү түзүлөт.

 36.2. Жашыруун добуш берүү ошону колдонуу милдетүү болгон маселелер боюнча, ошондой эле айылдые кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими боюнча жүргүзөт.

 36.3. Бюллетендерди колдонуу менен жашыруун добуш берүүнү ар бир депутат бюллетнди жеке өзү толтуруу жолу менен ишке ашырат.Бюллетень ар бир депутатка депутаттардын тизмесине ылайык берилет жана депутаттын эркин билдирүүсүнүн сырдуулугун камсыздаган атайын кабинада толтурулуп, эсеп комиссиясы жаап койгон добуш берүү үчүн урнага ташталат.

 36.4. Бюллетендерди колдонуу менен жашыруун добуш берүунүн натыйжалары кошумча бекитүүнү талап кылбайт. Айылдык кеңештин тиешелүү актысына сессияга төрагалык кылуучу кошумча добуш берүусүз эле ко коет.

 

37-бөлүм. Эсеп комиссиясынын иши

 

 37.1. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын натыйжаларын аныктоо үчүн айылдык кеңештин сессиясы ачык добуш берүудө эсеп комиссиясын шайлайт. Эсеп комиссиясынын мүчөрүнүн саны жуп болбош керек.

 37.2. Эсеп комиссиясы өз курамынын ичинен төраганы жана катчынын шайлайт. Оз чечимин комиссия анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат жана протокол түзүлөт.

 37.3. Жашыруун добуш берүу үчүн бюллетендерди эсеп комиссиясы ага сунушталган жана сессиянын чечими менен бекитилген форма боюнча айылдык кенештин депутаттарынын санына тура келген санда даярдалат.Добуш берүү үчүн бюллетенде жооптордун «макул», «каршы», «калыс» варианттары каралат. Эсеп комиссиясынын мүчөлөрү ар бир бюллетендин тескери бетине кол коет.

 37.4. Эсеп комиссиясы жашыруун добуш берүу үчүн кабиналарды орнотуу менен депутаттардын эркин жашыруун билдирүүсү үчүн шарт түзүп берет.

 37.5. Шайлоонун алдында эсеп комиссиясы айылдык кенештин бардык депутаттарынын катышуусу менен добуш берүү үчүн кутуну ачат.

 37.6. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетенди алып. жашыруун добуш беруү үчүн бюллетенди берүү үчүн ведомстто өз аты-жөнүнүн тушунда кол коет жана жашыруун добуш берүү үчүн кабинага кирет. Добуш бергенден кийин депутат бюллетенди добуш берүү үчүн кутуга таштайт.

 37.7. Добуш берүү аяктагандан кийин эсеп комиссиясында калган бюллетендер эсептелип чыгып, депутаттардын көз алдында эсеп комиссиясынын төрагасы бюллетендин он бурчун кыркып салат.

 37.8. Депутаттардын добушун эсептөөдө аныкталбаган формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттын эркин аныктоо мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды эсептөөдө эсепке алынбайт.

 37.9. жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары тууралуу эсеп комиссиясы протокол түзөт, агаэсеп комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол коет. 

 37.10. Эсеп комиссиясынын төрагасынын докладынын негизинде сессияга төрагалык кылуучу чечим кабыл алгандыбы же жокпу – ушуну жарыялайт. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары айылдык кеңештин токтому менен кошумча добуш берүүсүз түзүлөт.

 37.21. Добуш берүүнүн жүрүшүндөгү жол-жоболордо жана техникада каталар аныкталган учурда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими ьоюнча кайрадан жашыруун добуш берүү жүргүзүлөт.

 

38-бөлүм. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө кирүү тартиби

 

 38.1. Айыл өмөтүнүн жооптуу катчысы документинин долбоорун аткаруучу менен биргеликте сесиядан кийинки 5 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынган токтомдорду буткөн абалга келтирет.

 38.2. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кенеш кабыл алган токтом долбоорун четке кагууга укугу жок жана ал кабыл алынгандан кийинки 3 жумушчу күндүн ичинде кол коет.

 38.3. Документти даярдоодо ага грамматикалык мүнөздөгу түзөтүүлөрдөн тышкары башка тузөтүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилбейт.

 Айылдык кенештин сессиясында бекитилген документке түзөтүүлөрдү мыйзамсыз киргизгендер Кыргыз спубликасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.

 38.4. Айылдык кенештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийш: 

 - айылдык кеңеш айылдык аймактын территориясында эң көп таркатылган

 басыомалардын ичинен өзү аныктаган тиешелүү басылмаларда;

 - айылдык кеңештин расмий веь-сайтында.

 38.5. Расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде ишке ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскер сырын камтыган токтомдордон башка токтомдорду толук эмес мазмуну менен жарыялоого уруксат берилбейт.

 38.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланган күнү деп ошол акт жайгаштырылган басылма жарыкка чыккан күн эсептелет.

 38.7. Эгерде башкасы токтомдун озүндө каралбаса, токтомдор расмий жарыялангандан кийинки он беш кун соңуна чыкканда кучүнө кирет.

 38.8. Айылдык кеңештин токтомдорун айыл окмөт аппараты айылдык кеңештин токтомдорун катто тууралуу журналга томөнкү реквизиттерди көрсөЫнтымак жазуу менен каттайт:

 - актынын түрүн көрсөтүү;

 - ушул ченемдик укуктук актыны жөнгө салу предметин белгилеген аталышы;

  - кабыл алган жери жана күнү;

  - каттоо номуру.

 38.9. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсүн айыл өкмөт аппараты Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө ченемдик укуктук акттардын Мамлекеттик реесттерине кошу үчүн эки нуска менен, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электорндук варианттарда, жарыяланган булакты көрсөтүү менен, токтом жарыяланган күнү жиберет.

 

 39-бөлүм. Айылдык кеңештин жанан анын органдарынын сессиясынын протоколу

 

 39.1. Айылдык кенештин сессияларында, туруктуу, убактылуу комиссиялардын жыйналыштарында протокол жүргүзүлөт, ага чакырылыштын чегинде катар номур берилет.

 39.2. Сессиялардын жана жыйналыштардын протоколдорун түзүү протоколодрун жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жүргүзөт.

 39.3. Протоколдун тексти эки бөлүктөн турат: кириш жана негизги.

 Айылдык кеңештин сессиясынын жыйналышындагы протоколдун кириш

бөлүгүндө төмөнкүлөр чагылдырылат: номуру, күнү, өткөн убактысы жана жери;

айылдык кеңештин чакырылышынын жылы, айылдык кенештин депутаттарынын жалпы

саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде

чакырылгандар 10дон ашуун болсо, анда катышуучулардын тизмеси тиркелет,

баяндамачынын (кош докладчынын аты-жөнүн көрсөтүү менен күн татиби, эсеп

комиссиясынын курамы.

 Негизги бөлүктө төмөнкүлөр чагылдырылат: сессияны алып баруунун

жүрүшү, каралган маселелер, доклад жана жарыш сөз менен

чыккандар, добуш берүүгө коюлган суроолор жана сунуштар, аларды чечүү жолдору;

 добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сесиянын жүрүшүндө

берилген кошумча материалдар.

 Депутаттардын аты-жөнү алардын кызматын жана иштеген жерин көрсөтүү

менен коштолот. Жергиликтүү жамаатттын мүчөлөрү катышкан учурда алардын аты-жөнү

жана жашаган жери көрсөтүлөт.

 39.4. Сессиянын протоколу сессиянын иши бүткөндөн кийин 5 жумушчу

 күндөн кеч эмес убакытта бүткөн абалга келтирилет, ага айылдык кеңештин төрагасы

жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кол коет.

 39.5. Айылдык кенештин төрагасынын уруксаты менен жооптуу катчы айылдык кеңештин депутаттарына жана башка кызыкдар адамдарга протоколдордун жана токтомдордун көчүрмөсүн берет, алардын берилгени жазылат.

 39.6. Айылдык кеңештин сессияларында айылдык кеңештин депутаттары

үчүн жеткиликтүү болгон видео тасма көрсөтүлсө болот.

 39.7. Протоколдордун, видеотасмалардын асыл нускасы айыл өкмөтүнүн

жооптуу катчысында сакталат. Жыйналыштардын жана сессичлардын протоколдору,

алардын тиркемелери тиешелүү айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

бүткөнгө чейин сакталат. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары

 аяктагандан кийин жыйналыштардын, сессиялардын протоколдору жана алардын

тиркемелеритуруктуу сактоо үчүн архивге өткөрүлүп берилет.

 39.8. Айылдык кеңештин жабык сессиясынын материалдары жашырындуулук даражасы сессияда талкууланган маалыматтардын жашырындуулук даражасына шайкеш келген маалыматтар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип боюнча түзүлөт.

 

40-бөлүм. Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышына көзөмөл

 

 40.1. Токтом анны ишке ашыруунун тартибин белгилейт. Тагыраак

айтканда:

 - пункттарды же токтодорду жалпысынан аракетке келтирүүнүн конкретүү жана ыкмалары; 

 - токтомдорду ишке ашыруу боюнча органдарга жана жооптуу адамдарына жана анын структуралык бөлүмдөрүнө (зарыл болгондо) таасир көрсөтүү боюнча чараларды көрүү, айыл өкмөт башчыснын акттарын токтомдорго келтирүү;

 - аны аткаруу үчүн өт аныкталат.

 40.2. Айылдык кеңештин ар бир токтомунда анын аткарылышына көзөмөл хүргүзө алган адам же орган көрсөтүлөт.

 40.3. Көзөмөлдүн максаттары төмөнкүлөр:

  - токтомду ишке ашыруунун натыйжалуулугунун даражасын аныктоо;

  - анын аткарылышына бут тоскон адамдарды (органдарды) аныктоо, зарыл болгондо аларды жоопко тартуу, токтомдун аткарылышын соттук тартипте камсыздоо (эгерде ушундай зарылчылык жаралса).

 40.4. Айылдык кеңеш аткарат деп көзөмөлдү жүктөгөн адамга (органга) аталганыйгарым укуктарды аткаруу үчүн эч кандай атайын ишеним кагаздар зарыл эмес.

 40.5. Айылдык кеңештин сессиясынын токтомдорунун аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты уккандан кийин айылдык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

  - токтомду аткарылды деген негиз менен көзөмөлдөн алуу;

  - аткарылды деген негиз менен токтомдун айрым пункттарын көзөмөлдөн алуу;

  - ушул токтом боюнча аткарылышынын мөөнөтүн узартуу;

  - көзөмөл ыйгарым укуктарын башка адамга же болбосо органга жүктөө;

  - токтомду жокко чыгаруу;

  - токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

  - кошумча токтомду кабыл алуу.

 40.6. Токтомдун өзүндө белгиленген көзөмөл боюнча отчеттулуктун мөөнөтү. Айылдык кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышы үчүн көзөмөл милдетин жүктөгөн адамга (органга) анын аткарылышынын жүрүшү боюнча маалыматты айылдык кеңештин сессиясында беришин тапшырууга укуктуу.

 

IV. БӨЛУК. АЙЫЛДЫК КЕНЕШТИН ЧЕНЕМ ЧЫГАРУУ ИШИ

 

41-бөлүм. Ченем чыгаруу ишинин жалпы принциптери

 

 41.1. Айылдык кеңештин ченем чыгаруу иши төмөнкү принциптерге негизделет:

  - жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндигинин жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышы;

  - мыйзамдуулук;

  - негиздүүлүк;

  - максаттуулук;

  - адилеттүүлүк;

  - ачыктык.

 41.2. Айылдык кенеш өз компетенциясынын чегинде токтомду кабыл алат. Айылдык кеңештин төрагасы өз компетенциясынын чегинде буйрук чыгарат.

 41.3. Төраганын буйруктары айылдык кеңештин сессиясында жокко чыгарылса болот.

 41.4. Айылдык кенештин токтомдорун айыл өкмөтү, айылдык аймактын территориясында жайгашкан, менчик формасына карабастан бардык иш каналар, мекемелер, уюмдар, жооптуу адамдар жана жарандар аткарууга милдетүү.

 

42-бөлүм. Айылдык кеңештин токтомунун текстине жана түзүлүшүнө

жалпы талаптар

 

 42.1. Токтомдун жана анын тиркемелеринин тексти адабий тилдин жана юридикалык терминологиянын нормаларын сактоо менен баяндалат. Эскирген жана көп маанини туюндурган сөздөргө жана сүйломдөргө, эпитеттерге, метафораларга, сөздөрдүн кыскартылышына жол берилбейт. Пункттун тексти башка пункттарда кайталанбаш керек.

 42.2. Токтомдор иш чара макулдашылып, логикалуу түзүлүп, ченем чыгаруу техникасына шайкеш келиши керек.

 Токтомдун текстин баяндоодо адегенде жалпы, андан кийин конкретүү жоболор жайгаштырылат. Укуктук нормаларды баяндоодо ашкере жалпылаштырылган же болбосо ашкере деталдуу формилировкалардан качыш керек.

 42.3. Токтомдун, бөлүмдөрүнүн, бөлуктөрүнүн, бөлүк алдындагылардын, главалардын жана пункттардын аталышы кыска болуп, так түзүлүп, анын негизги мазмунун чагылдырыш керек. Ченемдик укуктук акта колдонулган терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарылчылыгы пайда болгондо анын маанисин чечмелеген пункт киргизилет.

 42.4. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештин негизги токтомуна гана киргизилет.

 42.5. Айылдык кеңештин токтомунун күчүнө киришинин тартиби тексттин аягында тыянак жобо түрүндө баяндалат.

 42.6. Айылдык кенештин токтому төмөнкү реквизиттерге ээ болуш керек:

 - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби;

 - актынын түрүн көрсөтүү;

 - ушул ченемдик укуктук актынын жөнгө салуунун предметин белгилеген аталыш;

 - кабыл алган жери жана күнү;

 - каттоо номуру;

 - тиешелүү ченемдик укуктук актыга кол койгон ыйгарым укуктуу адамдын колу;

 - айылдык кеңештин гербдик мөөрү.

 42.7. Айылдык кеңештин токтомунун текстин жана стуктуралык элементтерин түзүүнүн тартиби, айылдык кеңештин токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби, анын күчүн жоготконун таануу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары жөнүндө » Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21, 12 жана 17-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.

 

43-бөлүм. Айылдык кенештин токтомдорунун долбоорун

киргизүүнүн тартиби

 

 43.1. Айылдык кеңештин кароосуна киргизилген документтердин пакети төмөнкүлөрдү камтыш керек:

 - айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы даярдаган, айылдык кеңештин төрагасы айыл өкмөт башчысы, тиешелүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары менен макулдашып жактырган долбоорлору;

 - токтомдун долбооруна маалымат-жүйө;

 - салыштырмалуу таблица (иштеп жаткан токтомго өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизген учурда);

 - токтом долбоорунун мамлекеттик органдардын тиешелүү бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер, ишканалар, жергиликтүү жамаат менен макулдашылганы тууралуу маалыматты камтыган документтер (зарыл болгондо);

 43.2. Токтом долбоору бир эле учурда мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими боюнча, токтом долбоорун же мамлекеттик, же расмий тилдерде киргизүүго болот.

 43.3. Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузу менен кароого киргизилген токтом долбоору каралбастан кайтарылат. Каталар оңдолгондон кийин долбоор белгиленген тартипте киргизилет.

 43.4. Айылдык кеңештин кароосуна киргизилип жаткан токтом долбоорунун текстине төмөнкүлөр келтирилет:

  - барактын оң бурчунда «Долбоор» сөзү жазылат;

  - «Долбоор» сөзүнүн алдында документти киргизген демилгечи, долбоорду киргизүүнүн күнү көрсөтүлөт;

  - төмөн жагында, барактын борборунда «_________________ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ» деп, документтин аталышы жазылат;

  - андан ары – ченемдик укуктук актынын формасына жана стуктурасына көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен токтом долбоорунун тексти;

  - документтин долбоорунун текстинин алдында ушул документтин долбоору боюнча жооптуу аткаруучунун аты-жөнү көрсөтүлүп, төрагалык кылуучунун колу коюлат.

 43.5. Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет. Тагыраак айтканда:

  - мөөнөттөр конкреттештирилип, токтомду аракетке киргизүүнүн ыкмасы аныкталат;

  - органдарга жана жооптуу катчыларга конкреттүү тапшырмалар берилип, аларды аткаруу үчүн мөөнөттөр аныкталат.

 43.6. Токтом долбооруунун маалымат-жүйөөсү төмөнкүдөй маалыматтарды камтыш керек:

  - ушул токтомду кабыл алуунун натыйжасында болжол менен жетише турган же чечиле турган максаттар жана тапшырмалар;

  - кабыл алынып жаткан токтомдун аракеттеринен улам ыктымал социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттеринин божомолу;

  - коомдук талкуу жүргүзүлгөн учурда анын натыйжалары тууралуу маалымат;

  - токтом долбоорунун мыйзамдарга шайкеш келип-келбегенине анализ;

  - эгерде токтомду ишке ашырууда финансы каражаттары зарыл болсо, аны каржылоонун булактарын аныктоо.

 43.7. Жарандардын жана юридикалык жактардын таламдарын түздөн-түз тийген токтом долбоорлору, ошондой эле ишкерчилик ишмердүүлүктү жөнгө салган токтом долбоорлору айылдык кеңеш маалымат тактасына жайгаштыруу, же болбосо коомдук угууларды, чогулуштарды (жыйындарды) өткөрүү жолу аркылуу коомдук талкууга алынышы керек.

 Талкуунун жүрүшүндө коомдук угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштар тууралуу аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна кошуп-кошпоонун себептерин жүйө келтирүү менен жыйынтыктоочу маалымат даярдалат

  Жыйынтыктоочу маалымат токтом долбооруна тиркелген маалымат-жүйөөдө чагылдырылат.

  43.8. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча каржы чыгымдары жергиликтүү бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.

  43.9. Токтомдордун долбоорлорун коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем эмес убакытты түзөт.

  43.10. Айылдык кеңештин төрагасы токтом долбоору боюнча тиешелүү бүтүмдүү же чечимди даярдаган туруктуу профилдик комиссиянын кароосуна токтом долбоорун жиберет.

 43.21. Ишке ашыруусу жергиликтүү бюджеттен каржылоону болжолдоштурулган токтомдор аларды каржылай турган булак аныкталганга чейин кароого жана кабыл алууга жатпайт.

 

V. БӨЛүК. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН

ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ.

 

44-бөлүм. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн

тартиби.

 

 44.1. Айылдык кеңештин төрагасы жана туруктуу комиссиялардын төрагалары мамлекеттик салык кызматынан, айыл өкмөтүнөн жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапатуу түзүу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды суроого жана алууга, ушул органдардын жетекчилерин өз жыйындарына чакырууга жана аларды угууга укуктуу.

 44.2. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

 44.3. Айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясы бюджеттин долбоорун алдын ала карайт жана айыл өкмөтүнүн отчетун угат, айылдык кеңештин сессиясына бюджеттин долбоору боюнча өз бүтүмүн берет.

 44.4. Жергиликтүү бюджеттин ачык жана коом алдында каралат. Бюджеттин долбоору, ошондой эле бюджеттин аткарылышы боюнча сөзсүз түрдө коомдук угуулар өткөрүлөт.

 44.5. Айылдык кеңештин сессиясы жергиликтүү жамааттын жана бардык кызыкдар тараптардын эскертүүлөрүн жана сунуштарын эсепке алуу менен жергиликтүү бюджеттин алгачыкы жана такталган долбоорун карайт, бекитет, же бекитпейт.

  44.6. Бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин токтомдору жана айылдык кеңештин тиешелүү жылга жергиликтүү бюджет тууралуу айылдык кеңештин чечими ачыкталышы керек.

 

45-бөлүм. Жарандардын ченем чыгаруу демилгесин айылдык кеңеш

тарабынан каралышы

 

 45.1. Мыйзамга жана жергиликтүү жамааттын уставына ылайык, жарандар ченемдик укуктук демилгеге укуктуу.

 45.2. Жергиликтүү жамааттын айылдык кеңештин кароосуна киргизген жана ушул регламенттер белгиленген тартипте түзүлгон ченемдик укуктук актынын (токтом долбоорунун) долбоору демилгелүү топтун катышуусу менен тиешелүү туруктуу комиссия тарабынан каралат.

 45.3. Туруктуу комиссиянын эскертүүлөрүн эсепке алуу менен айылдык кеңешке киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору демилгелүү топтун катышуусу менен айылдык кеңештин кезектеги же кезексиз сессияларында каралат.

 45.4. Жергиликтүү жамаат демилге кылып көтөрүп чыккан ченемдик укуктук актынын долбоорун карап чыгуунун натыйжасы боюнча кабыл алынган айылдык кеңештин чечими анны көтөрүп чыккан демилгелүү топко, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жазуу түрүндө расмий жеткирилишш керек.

 

46-бөлүм. Айылдык кенештин прокуратуранын, соттордун жана башка ыйгарым

укуктуу органдардын актыларын карап чыгуусунун тартиби

 

 46.1. прокуратурага , сотторго жана башка ыйгарым укуктуу органдарга түшкөн документтерди каттагандан кийин үч күндүн ичинде айылдык кеңештин төрагасы аларды даярдоо жана сунуштарды көрсөтүү үчүн тиешелүү туруктуу комиссияга жиберет.

  46.2. Прокуратуранын, соттордун жана башка ыйгарым укуктуу органдардын акттарын айылдык кеңештин турукруу комиссияларында талкуулоо кызыкдар болгон жооптуу адамдарды чакыруу менен ачык жана айкын өЫнтымак келатат.

 46.3. Прокурордун каршылыгы жана көрсөтүүлөрү, соттук акттардын, башка мамлекеттик органдардын буйругу он күндүн ичинде каралат жана айылдык кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясына чыгарылат.

 46.4. Айылдык кеңештин сессиясында кабыл алынган чечими, ага айылдык кеңештин төрагасы кол койгондон кийин актыны, каршылыкты, буйрукту жиберген органга маалымдалат.

 

47-бөлүм. Айылдык кеңештин ишин пландоо

 

  47.1. Айылдык кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Айылдык кеңештин иш планы тууралуу маселе алгачкы сессияны өткөргөндөн кийин сессиянын күн тартибине кошулат.

  47.2. Айылдык кеңештин иш планына суроолорду киргизүүгө айылдык кеңештин төрагасы, анын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, депутаттык итоптордун жетекчилери, депутаттар жана айыл өкмөт башчысы укуктуу.

 47.3. Иш планына айылдык кеңештин сессиясына, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына чыгарылган маселелер камтылат.

 47.4. Айылдык кеңештин иш планын бекиткенден кийин иш планга киргизилген маселелер боюнча токтом долбоорлорун көрсөтүү талап кылынбайт.

 47.5. Айылдык кеңештин ишин пландоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пландан тышкары токтом долбоорлорун даярдоо жана киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн четке какпайт.

 

48-бөлүм. Депутаттык угууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби.

 

 48.1. Айылдык кенеш өз карамагындагы маселелер боюнча депутаттык угууларды өткөрөт.

 48.2. Депутаттык угуулар тууралуу материалдар депутаттарга угуулар башталаарына 3 күндөн кеч эмес убакыт ичинде берилиш керек.

 48.3. Депутаттык угууларда айылдык кеңештин курамына кирген бардык маселелер талкууланышы мүмкүн.

 48.4. Депутаттык угуулар айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин. Комиссиялардын ( жумушчу топтор), айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, депутаттык топтун жетекчисинин демилгеси боюнча өткөрүлөт.

 Депутаттык угуулар коомдук жана донор уюмдар менен өткөрүлө алат.

 48.5. депутаттык угууларды уюштуруу жана айыл өкмөт аппаратына жүктөлөт. Депутаттык угуулар жергиликтүү каражаттын эсебинен өткөрүлөт.

 48.6. Депутаттык угууларга чакырылган адамдардын курамын ушул угууларды уюштурауп жаткан демилгечи аныктайт. Айылдык кеңештин төрагасы чакырылган жактардын тизмесин толуктоого укуктуу.

 Депутаттык угууларга чакырылгандардын тизмесине кошулгандарга алдын ала расмий кабарландаруу жиберилет, ага ылайык алар депутаттык угууларга келүүгө милдетүү.

  48.7.Депутаттык угуулар массалык маалымат каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү үчүн ачык.

  48. 8. Депутаттык угууларга айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясынын төрагасы төрагалык кылат, ал эми ал жок болгон учурда депутаттык угууларды алып барат жана талкуунун тартибин көзөмөлдөйт.

  48.9. депутаттык угуулар төрагалык кылуучунун кыска кириш сөзү менен башталат, ал талкууланып жаткан маселенин маңызы, анын мааниси, угууларды өткөрүүнүн тартиби, чакырылгандардын курамы тууралуу айтат. Бардык каалоочулар депутаттык угууларда төрагалык кылуучунун уруксаты менен сөз алат.

  48.10. Депутаттык угууларга чакырылган адамдар сөз сүйлгөндөн кийин айылдык кеңештин депутаттарынын суроолору жана аларга жооптору башталат. Суроолор оозеки да, жазуу түрүндө да берилле алат.

  48.21. Депутаттык угуулар талкууланган маселе боюнча сунуштарды кабыл алуу менен бүтүшү ыктымал. Депутаттык угуулардагы сунуштар айылдык кеңештин депутаттарынын угууларына катышкан көпчүлүк жактыргандан кийин кабыл алынат.

  48.12. депутаттык угуулар протоколдоштурулат. Депутаттык угуулардын протоколуна төрагалык кылуучу кол коет. Депутаттык угуулардын сунуштары массалык маалымат каражаттарында жарыяланса болот.

 

49-бөлүм. Айыл өкмөт башчысын шайлоо жана айыл өкмөт

башчысына ишеним көрсөтпөө

 

 49.1. Айыл өкмөт башчысын шайлоонун жана айыл окмөт башчысынын кызматына талапкерди көрсөтүүнүн тартиби « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамы менен аныкталат.

 49.2. Мерге, айыл өкмөт башчысына ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санын үчтөн экисинин добушу менен жашыруун добуш берүү учурунда кабыл алынат.

 49.3. Айыл өкмөт башчысына ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы, депутаттык топ, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санын үчтон бир бөлүгү көтөрүп чыга алат.

 49.4. Айыл өкмөт башчысына айылдык кеңеш ишеним көрсөтпөй калган учурда аким аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим кабыл алууга, же айылдык кеңештин чечимине макул болбой коюуга укуктуу.

 Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөт башчысына кайрадан ишеним көрсөтпөгөн учурда аким анны 3 айдын ичинде ээлеген кызматынан бошотот.

 

  50-бөлүм. Айылдык кеңештин Регламентинин сакталышына жана анын

 бузулушу үчүн жоопкерчилик чарасын ишке ашыруунун тартиби

 

 50.1. АК Регламентинин жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештин сессиясында айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

 50.2. Айылдык кеңештин Регламентине туруктуу комиссиялар, депутаттык топтор же айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгү же депутаттык топтор киргизген өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу сунуштар айылдык кеңештин сессиясына күн тартибине киргизилет жана биринчи кезектеги тартипте каралат.

 50.3. Айылдык кеңештин Регламентинин жоболорун чечмелөө жана анын сакталышына көзөмөлү айылдык кеңештин комиссиясы регламент жана укуктук маселелер боюнча айылдык кеңештин комиссиясы ишке ашырат.

 Айылдык кеңештин Регламентинин жоболору айылдык кеңештин сессияларында чечмеленет жана зарыл болгон учурда айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.

 50.4. Айылдык кеңештин Регламенин бузуу менен кабыл алынган токтомдор аларды кабыл алуу учурунан тарта жараксыз.

  Ушундай кырдаал жаралган учурда туруктуу комиссиялар жана депутаттар регламент жана укуктук маселелер боюнча комиссияга кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу талабы менен кайрылса болот.

 50.5. Айылдык кеңештин сессиясында анын катышуучусу тартип бузган учурда ага карата төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулса болот:

 - тартипке чакыруу;

 - бул тууралуу протоколго киргизүү менен тартипке чакыруу;

 - сессия бүткөнгө чейин уяткаруу.

 50.6. Сессиянын катышуучуларын тартипке чакырууга сессияга төрагалык кылуучу гана укуктуу. Төрагалык кылуучу АК сессиясынын катышуучусун тартипке келтирет, эгерде ал:

 - сессияга төрагалык кылчунун уруксаты жок сөз алса;

 - жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактабайт.

 50.7. Төрага экинчи жолу кайталап тартипке чакырган сессиянын катышуучусу протоколдун жазуусуна киргизилет.

 50.8. Айылдык кенештин Регламентине көзөмөл айылдык кеңештин төрагасына жана регламент жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлөт. Айылдык кеңештин сессиясы учурунда сессиядагы тораганын мойнуна жүктөлөт.