М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

16.03.2021

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-декабрындагы кезектеги  31-сессиясынын №1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 2021-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө

2.

№2

16.03.2021

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Акшар айылында жайгашкан жаңыдан курулган ФАПтын багытын балдар бакчасына өзгөртүү жөнүндө

3.

№3

16.03.2021

Ынтымак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылдын 30-ноябрында өткөрүлгөн жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн жыйынынын №1 протоколун кароо жөнүндө

4.

№4

16.03.2021

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын ар бир кожолуктан таштандыларды чогултуп, Кулатов айыл өкмөтүнүн таштанды чогултуучу жайына жеткирүү жөнүндө

5.

№5

16.03.2021

Ынтымак айыл өкмөтүнүн "Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу тууралуу

6.

№6

16.03.2021

Ынтымак айыл өкмөтүнүн  Беш-Буркан айылынын тургуну Шарабидинов  Колдошалинин 0,15 га жеке менчигиндеги тамаркасынын күн батыш тарабындагы катталбай калган 0,12 га жер аянтын кароо жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXIII сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда калган калдыкты иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Ынтымак айылдык кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 - чакырылышы) кезектеги ХXXIII - сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 3794,5 с мин сом жана атайын каражат эсеп счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 221,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2.         2021-жылга айылдык бюджетине 1-январына каралган калдыктын эсебинен чыгашалар боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2021-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ынтымак айылдык кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

А. Абдикулов                 

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXIII сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№2

16.03.2021

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Акшар айылында жайгашкан жаңыдан курулган ФАПтын багытын балдар бакчасына өзгөртүү жөнүндө

Ынтымак айылдык кенешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Акшар айылында жайгашкан жаныдан курулган  ФАПтын багытын балдар бакчасына өзгөртүү тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 - чакырылышы) кезектеги ХXXIII - сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Акшар айылында жаңыдан курулган  ФАПтын багыты балдар бакчасына өзгөртүлсүн.

2.Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Акшар айылында жаныдан курулган ФАПтын багыты балдар бакчасына өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу иш кагаздарын жана документ иштерин бутүрүп берүү жагы Акшар айылынын айыл башчысы М. Мурзакановко жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

А. Абдикулов                  

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXIII сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№3

16.03.2021

Ынтымак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылдын 30-ноябрында өткөрүлгөн жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн жыйынынын №1 протоколун кароо жөнүндө

Ынтымак айылдык кенешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылдын 30-ноябрында өткөрүлгөн жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн жыйынынын №1 протоколун кароо тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 - чакырылышы) кезектеги ХXXIII - сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Ынтымак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга карата

аткарылган бюджети канааттандырарлык деп табылсын.

2.         Ынтымак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга түзүлгөн божомолдуу бюджети жөнүндөгү 2020-жылдын 30-ноябрында өткөрүлгөн жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн жыйынынын №1 протоколу каралсын.

3.         Ынтымак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын билдирүүсү боюнча Ынтымак айыл өкмөтүнүн бюджетинде калуучу 1/3 бөлүгүн Ынтымак жайыт комитетинин жайыт инфратүзүмүн оңдоого которуп берилсин.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

А. Абдикулов                 

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXIII сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№4

16.03.2021

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын ар бир кожолуктан таштандыларды чогултуп, Кулатов айыл өкмөтүнүн таштанды чогултуучу жайына жеткирүү жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын ар бир кожолуктан таштандыларды чогултуп, Кулатов айыл өкмөтүнүн таштанды чогултуучу жайына жеткирүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ынтымак айыл өкмөтү "Айыл Курулуш" муниципалдык ишканасы менен келишим түзүп, Кулатов айыл өкмөтүнүн таштанды таштоо жайына жеткирилген таштандынын баасы 1 метр кубу 50 сомдон келишим түзүлсүн.

2.Ынтымак айыл окмотунун ар бир кожолугу таштандыны чыгаруу үчүн ар бир айга таштанды ташуучуга 50 сомдон акы төлөп турсун.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жоробековго тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

А. Абдикулов                 

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXIII сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№5

16.03.2021

Ынтымак айыл өкмөтүнүн "Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу тууралуу

Ынтымак айылдык кенешинин сессиясынын күн тартибиндеги Ынтымак айыл аймагындагы эмгектин ардагери Ботобеков Сайдилла Сейдалиевичке Ынтымак айыл өкмөтүнүн "Ардактуу атуулу" наамын берүү тууралуу маселени карап талкуулап чыгып, Ынтымак айылдык Кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн "Ардактуу атуулу" наамы Арык-Бою айылынын тургуну Ботобеков Сайдилла Сейдалиевичке ыйгарылсын.

2.         Жогорудагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн тургуну "Ардактуу атуулу" наамынын күбөлүктөрүн даярдоо жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин уюштуруу, укуктук маселелер, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

А. Абдикулов                 

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXIII сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№6

16.03.2021

Ынтымак айыл өкмөтүнүн  Беш-Буркан айылынын тургуну Шарабидинов  Колдошалинин 0,15 га жеке менчигиндеги тамаркасынын күн батыш тарабындагы катталбай калган 0,12 га жер аянтын кароо жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн  Беш-Буркан айылынын тургуну Шарабидинов  Колдошалинин Беш-Буркан айылындагы азыркы күндө 0.27 га тосулган тамаркасынын ичинен 0,15 га жер аянты мамлекеттик каттоодон өткөн, калган 0.12 га ашыкча жерин карап жана талкуулап, Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн Беш-Буркан айылынын  тургуну Шарабидинов Колдошалинин 0,27 га тосулган тамаркасынын ичинен 0,15 га жеке менчигиндеги жер аянтынан сырткары калган ашыкча 0,12 га жерине төмөндөгү мамлекеттик ишканалардан коорутунду суралсын.  

2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянты боюнча Ноокат райондук шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан корутунду суралсын.

3. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянты боюнча "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынын башкармалыгынан корутунду суралсын.

4. Жогорудагы коорутундуларды алуу жагы арыз ээси К.Балтабаевага милдеттендирилсин.

5. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянты боюнча мамлекеттик мекеме ишканалардын коорутундуларынын негизинде 0,12 га жер аянты мыйзамдаштырылып берилсин.

6. Ушул токтомдун аткаруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жоробековго милдеттендирилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

А. Абдикулов                 

Назад